Пример HTML-страницы

Өчкөн сүйүүм 10 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

Өчкөн сүйүүм, бүтпөс арман.
……10-бөлүм…..
—Атаааа, атооу, тайтаа деейм турчу..
—Эмне кызым, эмне ыйлайсың?
—Тайата эшике чыгыңызчы, Актилек мени жетим деп жатат..
—Уук атаңоозурайын десе шайтандын баласы го бул. Кызым сен аларды укпа э..
—Сиз мага ата эмес тайата болот турбайсызбы. Мени эмнеге алдайсыңар? Ошол үчүн мени баары жаман көрөт экен да э. Тайенем өз апамдын апасы болсо, мени эмнеге жаман көрөт анда?
—Сени баары жакшы көрөт кызым, апаң сени эрке болбосун дейт да.
—Жок мен баарын көрүп, билип турам мен үчүн тайенем экөөңөр сүйлөшпөй жүрөсүңөр. Мага баягы күнү Санжар авам таарынып кеткенде Манас авам баарын айтып берген. Мен үчүн баарыңар урушуп жатыптырсыңар го. Актилек барго ата, ошол менин атам бар экенин айтты. Мени атама берип койбойсузбу, тайенем да ошондо ыйлабай жашайт. Мени көрбөй…
—Копурай де, тыкылдаганын мунун. Азыр барып Актилектин мурдун жарып келем. Сен мага өз кызымдайсың, эл эмне десе ошол десин.
—Сен өлбөйсүңбү?
—Атаңоозурайын муну сага ким айтты?
—Актилеке атасы айтыптыр, жер тартып калыптыр дептир. Жер сизди тартып алып алабы э? Апамды да уктап жатса тартып алып алганбы?
—-Кызым койчу, басылчы болду!-деп Чыңгыз чал небересин кучактап ыйлап жиберди.
—Тайата сени апам менен көрүшөт деди го, ошол чынбы?
—Чын кызым чын, мени да кудай бейишке ыраа көрсө көрүшөбүз.
—Омей ыраа көрөт, мен сизге кат жазып берем. Кудайга Даниса кызыма Сайкалдын катын берем десеңиз өткөрүп жиберет, анан сиз чыкпай койсоңуз сиз жөнүндө унутуп калат. Анан силер апам менен чогу болосуңар. Менин сагынганымды айтып барыңызчы. Кудай жиберсе келсе болобу?
—Болбойт кызым, жиберген күндө да ал сенин түшүңө эле келиши мүмкүн.
—Түшүмө келсе мен анда апамды тааныбай жаткан турбаймынбы. Мага апамдын сүрөтүн көрсөткүлө. Мен апам келсе тааныбай койсом таарынып кетет..
—Алда шордуум аай, алда жетимим аай. Кантеер экенсиң эми…
Балдарынан мурун Сайкал Чыңгыз чалдын ооруп жатканын сезип, тынчсызданып жатканына ыраазы болуп кетти. Ошондон көп өтпөй Чыңгыз чал каза болуп калды. Баары Сайкалды аңдып карашат, алты жаштагы кыздын эмне деп ыйлаарын аңдыган, тууган кейпин кийген душмандар ичтеринен жымыңдап турушту.» Иий мына одураңдап ашыкча күйгөн арам небереси тамчы жашсыз туруп берди го»-деп күбүр-шыбыр кылышты. А Сайкал болсо тайатасына ыйлабайм!-деп сөз берген. Эгер ыйласа эле жазган катын апасына жеткирбей коймок. Берген сөзүнө бекем тургандыгы, өзүн бирөөгө таарынтпагандыгы Данисаны тарткан. Кайраттуу кыз намыс деп жүрүп кара жерди кучактап, түбөлүк уктап калбадыбы. Чыңгыз дагы небересинен Данисанын кээбир мүнөздөрүн таанып, чочулап турчу. Ошол үчүн кызын жумшактык, боорукерлик жана баарына эле ишене бербей турган тарбия берчү. Атасы каза болгондон кийин Сайкалды баары унутуп койгондой эле. Чындыгында андай эмес, болгону чалдын өлүмү менен алаксып эчкимдин Сайкалды басынтып калууга мүмкүнчүлүк таппай жүрүшөт.
-Өлүңгөрөйүн куужетим, мунун аты эле башкача дагы. Тиги Казакта Сайкал!-деп көчө кызын айтат экен. Сенин ошолордон айрымаң бар? Тексиз десе. Карамүртөз адам жуткуч, тайатаңыда да жутуп тындың. Ушуну эмне кылса болот?
—Апа жетимдер үйү бар го ошол жака алпарып таштап келиңиз.
—Ой кокууй кой, элдин баары айтышпайбы. Атаң дагы бойго жеткиче кара деп аманат кылып кеткен. Аманаттын жообу да бар.
—Өзүң билчи эк…
Санжарды өлгөнүмдө келбе дегени менен баласы да кантип келбей коймок эле. Санжар өзү эле келбей аялын эрчитип келди. Беш-алты ай мурун Батма менен жүрүп, боюнда болуп калып үйлөнүшкөн эле. Батманын ата-энеси кызынын шерменде болбогонуна ыраазы болуп эле, кудалары менен таанышканды талап кылышкан эмес. Чолпон куда-сөөгү менен мынтип жамандыкта таанышып турганына жинденди. Ичинен Чыңгызды каргап алды. «Өлүңгөрөйүн десе, өлүп оңой кутулуп кеттиң э. Бир куу баштын айынан баламдын жакшылыгын көрбөй калдым, балам жетимдей кайын-журтунун алдында башын шылпыйтып турса керек. Ушул кызды көкөлөтпөсөң баары жакшы болмок беле»-деп сөөгү жерге сиңе элек Чыңгызды каргап алды.Чындыгында жүрөгүнүн түпкүрүндө баардыгына Сайкал эмес Сайкалдын зөөкүр атасы күнөөлү экенин мыкты билет. Зөөкүрдөн күчүн чыгара албаган үчүн асылганы ушул кыз. Түндө дайыма тайатасы менен жатып жүргөн кыз, кампада жалгыз калып коркуп баштады. Дасторкон жайылса да «чай ич»-деп чакырган жан адам жок. Бечара кыз дасторконду жыйнаганда эле эки үзүм нанды сугунуп албаса ысык тамак көрбөйт деле. Ыйлайт, сыздайт бирок, кимге таарынып, эмнеге ыйлап жатканын өзү деле жакшы түшүнбөйт. Анан кайдан билсин, алты жаштагы кыз ичиндеги уйгу-туйгуну түшүндүрүп бере алмак беле. Кичинекей кыз эмес жадакалса чоң эле биз кээде сезимдерибиз чатышып кеткенде өзүбүз түшүнбөй калат эмеспизби.
—Жамандыктан пайда болгон араам, тур жеңеңе жардам бер. Келини Батма бүгүн болбосо эртең төрөйм деп турган чагы болчу. Батма дагы Сайкалды жаман көрөт, Санжар далай жолу мас болуп алып арманын айтып ыйлап калчу. Ошондо дал ушул Сайкал үчүн күйөөсүн кайнатасы үйдөн кууп чыкканын билип калган.
—Жеңе эмне кылайын? Сиз олтура бериңиз, кыйналбай мен кылам.
—Жөн кой кыз, ойной бер.
Кыз деп тергеп койгону Чолпонго катуу тийди. Батма деле тергемек эмес болгону келгенине бир жума болду анын үстүнө боюнда болуп келгени үчүн эптеп өзүн жакшы көрсөтүп жаткан.
—Батма, тырнактай кызды да тергейсиңби, жөн кой ал азыр муну билбейт. Андан көрө оор жумушту ушуга кылдыр, өзүң кыйналып калба. Аман-эсен төрөп ал…
Кайненесинин бул сөзү Батмага майдай жакты, Чолпон өз колу менен келинин бузуп жатканы башына келген жок. Өзү ыргыткан таш эртең келип өзүнүн башына таяк болоорун эч ойлонбоду. Күндөр өтө берди, Сайкал мектепке да барбай калды. Тайкесинин жаңы төрөлгөн баласынын жалаяктарын жууйт, тамак жасайт, ал турсун жеңеси ооруп жатам демиш болуп ич кийимдерин да жууп жаткан кирине кошуп коёт. Бир жолу үй жыйнап жатып эски сандыктын ичинен сүрөттөрдү таап алган. Бирөөсүндө болсо «тойго чакыруу»-деп туруптур. Сулуу кыз менен жаш уландын күлүп түшкөн сүрөтү анан алдына аттары жазылып туруптур. Канимет менен Данисанын баш кошуу аземине чакыруу экен. Апасынын аты Даниса экенин билет, сүрөтүн таап алып аябай кубанып жатты. Демек бул атам экен да.. Чыныгы окуяны билбейт, айткан адам жок. Өзү болсо окуганды билбейт. Мурун апам болсо!-деп тиленгенде апасын элестете да албайт болчу. Эми жок дегенде кыялдарында, түшүндө апасы жашайт экенине ыраазы. Бул сүрөттү Чолпон Сайкалдын колунан көрүп калып, жини башына чыгып кетти. Кызын эле эмес сүрөтүн да Сайкалга ыраа көрбөй колунан жулуп алды. Баягы эле ыйдан күчүн чыгарган Сайкал эми күчтүү болууну чечти. Тайкелери урушуп жумшаса качып кетет, тайенесин болсо каргап-шилегенине карабай кучактап өөп алат..
—Тайнеее, тайенее дейм эмне эле мени уруша бересиңер. Тиги Батма жеңемди урушпайсыңарбы, төрөгөнүнө эки жыл болсо да жаңы туугандай эле төшөгүнөн тура элек.
—Капыраай де, сен эми жеңеңе теңеле турган болуп калдыңбы? Ал баласын карап жатат.
—Баласын артыма асып алып эле тамак кылып, суу ташып жүрөм го.
Чындыкты балп эте айтып койгондо Санжардын жаны чыгып кетти, муштумун түйүп тишин кычыратып алды. Тайенеси жилкип-жулкуган менен ичинен баарыбир жакшы көрүп кетет кээде. Баарыбир кызынан калган жалгыз тумар эмеспи. Сайкал ысыбаган эски кампада коркуп, үшүп кеткенде тайенесинин койнуна шуу эте кирип кетет. Муздап калган небересине ичи ачышып, билмексенге салып койот көбүнчө. Мындайда кымыңдап сүйүнүп, чоп эттире апа деп тааныган тайенесин өөп алат. Мышыктай бырылдап уктаган небересинен келген жагымдуу наристе жытын Даниса кызынын жытындай элестетет. Кээде кызы түшүнө киргенде жанындагы Сайкалдын жыты коштоп, кадимкидей сагынычын таратып алат. Шаар жеринде кыйналып, Чолпон кенже баласын, Сайкалды алып айылдагы үйүнө көчүп кетишти. Санжар энесинен заңгыраган шаардын ортосунан үй калганына кубанып, минип жүргөн машинасын сатып айылдагы үйдү оңдоп-түзөп, ашкан акчасына мал кылып берди. Айылга көчүп келишкен соң Манасты үйлөнтүп коюшту. Кудай жалгап бул келин эпилдек, уяттуу. Кантсе да айылдын кыздарынан уят, намыс кете элек эмеспи. Сайкалдын жакасы агарып, жеңесинин эскисин кийип оңуп калды. Көгөрүп, эркелеп жүрүп мектепке бара баштады. Аракетчил болгон үчүн өз теңдүүлөргө жетишип алды. Чолпон болсо мектептин мүдүрү менен сүйлөшүп, Сайкалды үчүнчү класска көчүрүп койду. Тайенеси тымызын мээрим төккөнү менен Сайкалдын атасынын артынан эки кызы тең өлгөнүн эстегенде кайра жинденип кетет. Канчалык унчукпайын десе да, өзүнөн өзү эле тиши кайралып сөздөр чууруй берет. Баарын күлүп, тамашага салып кээде жалтаңдап жүрүп жеңип кетет. Ошондо куу болуунун бул жашоого жардамы тийет экенин аңдап билди.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE