ЖОГОЛГОН КУЙОО.
(биринчи болум)
Уйдо козумду кол кылып,башымды балышка коюп,ыйлап жаттым. Эрке кыз болгондугум учунбу,бул корунуш мага оор тийди. Аркаман эч ким кирип соороткон жок. Нурланды кирип,кечир мени дээр бекен десем,капарына да албады.
Эшикте агасынын баласы менен ойноп жатты. Нурланды ал бала Малик :—Ата,ата… атоо —деди.
—Оо,уулум,садагасы,атан сенден айлансын,айланып садага болуп жатты…Уккан кулагыма ишенбей туруп калдым…эмне бу баласыбы?Баласы да барбы?Мен билбеген дагы кимдери бар,оо кудай кимге турмушка чыктым…
Эшикке чыгып,Нурланга балага карасам ,экоо куюп койгондой окшош экен. Баланын кичинекей Маликтин жанына барып,атан кана десем?
—Атам, мына…кичинекей колдору менен корсотту.
—Чынбы?Нурланга карадым,козумду албай жиним келип,аа…
— Оа,ал да мени козун албай табалагансып,заардуу тиктеди. Эмне мени коркутайын деп жатасынбы?Колундан келгенин кыл,уктунбу?
—Менин,колумдан эч нерсе келбейт,сага окшоп адам алдоо да келбейт,мен сага окшош эмесмин…
—Туталанып,озумду кармай албадым…Бу сапар ыйлабадым,озумду каттуу кармадым…Болор иш болду,жанындагы омур шеригинден ишенич кеткенден кийин,эмне дээримди, эмне кыларымды билбей калдым…
Экообуз бир тошокто жаткан менен ойлорубуз,жан дуйнобуз эки болок,эки башка болуп жаттык…Кетип калган менен,атамдан корком…Элге уят кылдын бар жаша деп,айтары айдан ачык,не болсо да чыдайын дедим. Коздорум ой менен уктап кеттим.
Уй алдында бутпогон тиригилик менен алп урушуп журсом,дарбазаны ачып бир келин кирип келди. Кайненем кулуп жайнап,тосуп алды. Мен ойлодум туугандардан окшойт деп,алдынан тосуп :
—Келиниз…десем,мени бир башымдан аягыма чейин тиктеп,унчукпай тоготмоксонго салып ,мурдун чуйруду. Уйдон Нурлан Маликти колуна которуп чыга калды эле,колунан бошонуп:
—Апа,апа…апа,деп келинге чуркады…Кучагын жайып,баласын жыттап ,учурашып туруп калышты…Мен тушундум ,ал биринчи аялы экенин,бул уйдо ашыкча адамдай сездим озумду…Бир гана кайнатам ачууланып,жанагы келген келинди жактырбады калганы баары конулдору жайдары…Корсо ,огой кайненемин синдиси болот экен,Нурландын биринчи аялы,ачуу устундо жообун берип салып,кайра алуу учун никесин жаныламакка мени алган булардын пландарында,бирок ,бир гана кайнатам бул учоонун оюн билбей,чын дилинен куда тушуп,ак дилден калын тогуп ,атам экоо ишти бутургондору мага ачык айкын билинди…
Озумо жаккан кийимдерди алдым да жоноп калдым,баарын жыйыштырдым…Эшикте чарпаяда отурган огой кайнене,Нурлан анын аялы мени карап,туруп калышты. Ары жактан даарат алып келе жаткан кайнатам жолумдан тосуп: —Кайда,кызым,эч жакка кетпейсин…!
—Жок,ата ,мен бул уйдо ашыкча адаммын,эми билдим…кала албайм,баланыз бактылуу болсун,баласы да бар экен…
—Мен,бул келинди,киргизбейм,сен менин келинимсин,булардын кебине кирбегин…
—Мени,эч ким эч нерсе деген жок,болгону мен чындыкты билбей турмушка чыкканым ,пешенеме ушул кун да жазылган экен,жакшы калын…
Нурлан жаныма басып келип:
—Сени ким кет деп жатат…Эгер макул болсон,экоон менен тен жашайм…
—Жок,жашай бер тигин менен…Анын созун укпастан,коз жашым агып кетти ,буулугуп чыктым…Мен ыйлап келе жаттым,жолдогулар мени коргондор карап калып жатышты,баарын жек кордум,озумду да,бул ааламга батпай ичим жык толду,унумду чыгарбасам да жаштарым тоголонуп ылдый тушуп жатты…Кочонун башындагы аялдамага келип,бир айдоочуга мени жеткизип коюн дедим…
—Карындашым тынчылыкпы,эмне ыйлайсын,каякка?
—Уйго айдан,барганда акчасын аласыз,азыр эч нерсем жок…
—Болуптур…мени кузгудон карап коет: —Эмне ыйлайсын? Бул суроосу жоопсуз калтырганыма,оз алдымча суроосун бербей тынч койду…
Мына чоноюп оскон уйумо да кирип келдим…Агам ат сугарып,бараткан жерден дарбазадан учурашып карап туруп ,айдоочуга жол кирени берип коюнчу деп чуркаган бойдон ,уйго кирдим…Атам,женем балдары менен дасторкон устундо экен…Мени корушуп агамдын балдары туура калышып,учурашып калышты…Жузумду коруп,атам жон келбегендигимди билди:Кана балдарым,чайынарды ичип бутунорбу,ойной бергиле деди. Бул соз женеме да тиешелуудой чайын коюп туруп кетти.
—Атам,мени карап,мээримдуу коздору менен айт,кызым ,эмне болду?
—Ата,сиздин кебинизди эки кылбай турмушка чыктым…буулугуп кеттим…козумо жашым тегеренип,анын аялы баласы бар экен,эмне учун билип туруп бердиниз?
—Ооба,айткан,уйлонгон деп,тойдон кийин абийири жок экен деп айдап жибергенбиз,жашаган эмес дешкен,бир ооздон баары…
—Анын баласы бар экен,эки жарым жашар,алар келди ,мен келе бердим…
—Алдыман отуп,айткан калынды берсе,озумдой коруп,ишендимда…эхей,убалында калгырлар,мен куноолумун ,кызым мейли…
—Атаман бул создорду угуп,озумду соротуп калдым…
Артымдан эч ким басып келбеди,мен да ал жакты ойлобоого арекет кылдым,бирок эрден чыгып келиптир деген мен учун ото оор азап болду… Кошуналардан ,туугандардан, баарынан уялам,айып иш кылгандай,эркин кыз мезгилдегидей боло албай чунчуп,арыктап жудоп кеттим…
Башым ооруп,козум карангылайт,уйкум келет,такыр ал кучум жок…Боюмда бар экенин кумондоп калдым,женелерим эжелерим менен бирге журуп ,боюнда барда кандай болоорун алар суйлошкондо,унчукпай отуруп тыншаар элем…алар айткандай абалда журдум… Уйдогу Айтыгул женем жакшы эле сырдашмын,ага бир болсо,боюмда бар окшойт десем,ал:—Кыз,ооруканага барып корунуп коюн ,балким болгондур деп койду.
Чын эле кош бойлуу экенмин. Бара бара курсагым чыга баштады,мен озумдон уялып эшикке чыкбай короонун ичинде гана кун откоздум…
(уландысы бар)










