ЖОГОЛГОН КУЙОО.
(учунчу болум)
Акмат ичпей бир аз да болсо,конулум жай алып калганымда,суук кабар келди,атан кайтыш болду деген,журогум тарс жарылып,асманым карангы боло калды…Тез абысын ,кайнежемдер мага кайрат айтышып ,жоноп калдык,Акмат жок…Ары бери чуркап,балдар издеди,табышкан жок. Биз жоноп кеттик ,бир туугандарым баары топтолуп мени кутуп калышыптыр…Бакырып …бакырып ыйлап алдым…ушул убакка чейин атама эмне кылдым…Болгону туйшук жараттымбы ?Же тез -тез келип абалын сурадымбы, акыркы кундору,кайда кор тиригилик деп,келе албай жаттым…Ыйлай берип,озумду жоготуп салдым…Эсиме келсем,атамы алып жоношуптур…Менин медер туткан,таянган тоом атамы жоктоп,оксуп оксуп,эшикке чыксак, коп адамдардын арасында Акмат мас бутунда туралбай,темтендеп ары бери тенселип,бирдемелерди булдурап,тили чайналып,суйлой албай турат … Бир туугандарым,келген адамдар баары аны коруп кыжырланышты…Олбогон торт шыйрагым калды,бир жактан куйут, бир жактан алкаш эримден намыстанып,жерге киргидей болдум…
Балдарым учун баарын кечирдим,жашап жаттым…Жакшы , жаштайыман чеберчиликти уйронгон экенмин,оз тиригилигимди башкалардан суранбай откоруп жаттым. Бир куну Акмат Россияга барып иштеп келейин, сен да кыйналдын,куну -туну чуркап,досторум чакырып жатат деп,кадыресе уй турмушуна куйгон адам болуп, даярдык коруп калды. Медсестра кайнежеме звонок кылып,дагы Россиясына жоноду,десем,ал байкуш жумуш таап келиптир…Бир байдын тоодо бир короо коюн кайтарасын,сага айына жыйырма минден толойт,кайра- кайра айтып жатып кондурду. Ал жакка барсан,балдарына келип кетип кабар алып турасын,кыйналбайсын,акыл насаатын айтып кетти.
Койчу болуп иштеп,уч ай дегенде келди…Колунда эч нерсе жок,балдарга шириндик да албаптыр…Аталап чуркап, моюнуна асылышып,колун да эч нерсе жок экенин корушуп,унчукпай туруп калышты,байкуш балдарым…Унчукбай кабыл алдым,кирдеген кийимдерин жууп жолго салдым…Эрин барбы бар,деген соз эле болбосо,эри жоктон беш бетер кыйынчылыкта, аларды тойгозом кийгизем деп, иштеп жаттым.
Арадан торт ай отту,Акмат келбеди…Журогум тынч албай, адресин сурап ,иштеткен байдын уйуно бардым. Аялы жакшы кабыл алып уйго киргизди…Жашоосу эшиктен киргенде эле,зынк жашоо, чынында эле бай экендиги корунуп турат. Куйоосу чыкты устуно баркыт халат жамынган,каадаланып басып:
—Ким экен,бу?Менин козумчо аялынан сурады
—Акмат койчунуздун аялымын дейт…
—Мм,Акмат неге келбей койду ,ыя, же сен жонотпой койдунбу,аялдар жоош болуп корунуп туруп,каап эркектерди башкарып аласынар… —деди . Журогум шуулдап кетти…Ал уйдон сиздикине келем деп чыкканына торт айдын жузу болду,го,келбегенинен кабар алып сураганы келдим,
кандайча?
—Ошондой де…Мен учиай мурун айлыгын бергенимде балдарымдан кабар алып келейин деп, ордуна бала коюп жоноп кеткен ишенбесен,азыркы койчуман сура…
Жон жерден журогум туйлап,кыжаалатка батпаптыр да… Нес болуп,койчусунан тактап сурасам,ал да иштегениме уч ай болду,Акмат кеткен деп койду бейкапар…
Туугандарына кабарлап,милицияга берип,шаар айыл эч жерди койбой издедик,эч жерден дайыны чыкбады.
Же коргон ,же билген адам жок…Уйдо издейм деп,тапкан,тутканым эчнерсем калбады …
Кайгы башыма тушуп,умутум узулбой,акыл -эстуу адам болсо,дарегин билгизбейби деп,ойлорум ар жакка алып учат… Мына ошондон бери беш жыл отту дайыны жок…
Турмуштун айынан мен да Москвага келип иштеп журом…Иштерим жакшы балдарымы агам менен женем карап жатышат…
Балдарды сагынып,эл журтту,туугандарды сагынып,копчулуктун катарында журом.
Аягы.
Урматтуу окурмандарым,менин жакындарым,сиздердин ой пикириниздерди,сунуштарыныздарды (каармандын аты озгортулду)Гулнара кутот.
Сиздерди терен урматтоо менен ыраазычылыгымды билдирем!











