Көп ооруга даба болгон бий алма

Көп ооруга даба болгон бий алма Пайдалуу кеңештер.

Көп ооруга даба болгон бий алма

 

Эл арасында бий алманын «Сыртымды түк каптагандыктан менден көбү жийиркенишет. Болбосо менин өлгөн адамды тирилте турган касиетим бар» деп арман кылганы айтылып жүрөт. Өзү мактангандай, бул мөмөнүн кандай пайдасы бар, чогуу таанышалы.

 

Бий алма протеин, шекер, органикалык кычкыл заттар, А, В2, С витаминдери жана темир, жез, калий сыяктуу минералдарга бай. Ал нерв системин бекемдеп, тамак сиӊирүүнү жакшыртат. Тери менен тырмакты жылмакай жана жалтырак кылат. Сасык тумоого да жакшы жардам берүү менен тезирээк айыгууга шарт түзөт. Жүрөк, боор, тамак, ашказан, көз, ичеги ооруларына жакшы жардам берет. Кандагы холестериндин өлчөмүн азайтат. Курамында шекердин өлчөмү аз болгондуктан, кант диабети менен жабыркагандарга да пайдалуу.

Жалбырагы ооздогу жараларга, тамак оорусуна пайда жана чачтын эрте агарышынын алдын алат. Бул үчүн бий алманын өзүн же жалбырагын кайнатып, суусу менен оозду чайкоо керек. Ошондой эле жалбырагынан демделген чай өзгөчө тынчтандыруучу касиетке ээ жана уйкусуздукка даба.

Элдик медицинада ортосу оюлуп, сары май же койдун куйругу салынып бууга бышырылган бий алма какырыкты чыгарууда жана дем алуу системиндеги өнөкөт илдеттерде колдонулат. Эскертүү! Дарыланардан мурун дарыгерден же элдик табыптардан кеӊеш алыӊыз.

Ширеси ич өткөккө жакшы жардам берет. Мындан сырткары чарчоону жазып, маанайды көтөрөт. Ооз көӊдөйүнүн жагымсыз жытын алдын алат.

 

Данеги боёк жасоодо, косметологияда жана медицинада дары-дармек жасоодо колдонулат. Эриндин жарылып кетүүсүнөн алдын алуу жана айыктыруу үчүн данегин кайнатып, суусу менен жууш керек.

Кагы ооздогу жаралардын тез айыгуусуна жардам берет.

 

Кабыгын кайнатып ичүү заара каналдарындагы сезгенүүнүн жакшыруусун тездетет.

Гүлүн кайнатып ичүү бала эмизген энелердин сүтүн көбөйтөт. Жүрөккө жана баш ооруга жакшы.

 

Эскертүү! Бий алманы өнөкөт ич катуу, плеврит оорусу барлар жегенге болбойт. Ошондой эле бул мөмө үн каналдарын жаап, тамакты бууп коюу касиетине ээ болгондуктан, ырчылар, мугалимдер жана ораторлор эл алдына чыгарда жегенден абайлоосу керек. Сыртындагы түгү аллергия жаратышы мүмкүн.

 

БИЙ АЛМА КЫЯМЫ

Керектелүүчү азыктар:

 

• Бий алма – 1 килограмм

• Кумшекер – 1 килограмм

• Суу – 1 стакан

• Лимон кислотасы – жарым чай кашык

 

Даярдоо ыкмасы:

 

1. Бий алманы жууп, уругун тазалап, каалагандай формада туурап алабыз. Үстүнө лимон кислотасын себелеп, 1 стакан сууну куябыз. 30 мүнөттөн соӊ суусун бөлүп алып, ага кумшекерди салып сироп даярдайбыз.

2. Кайнап жаткан сироптун үстүнө бий алманы салып, 5-7 мүнөт кайнатабыз. Эми муну 10-12 саат тыныктырып коёбуз. Андан соӊ кайрадан 10-12 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга куюп жаап коёбуз.

Бул бий алма кыямынын классикалык түрү. Кыямга табитиӊизге жараша грек жаӊгагын, апельсин, лимон кошуп жасасаӊыз да болот.

 

БИЙ АЛМА КОШУЛГАН ШОРПО

Керектелүүчү азыктар:

 

• Койдун кабыргасы – 500 грамм

• Пияз – 1 баш

• Сабиз – 1 даана

• Картошка – 2 даана

• Бий алма – 2 даана

• Помидор – 2 даана

• Сарымсак – 2 тишче

• Өсүмдүк майы – 100 грамм

• Укроп – 1 боо

• Лавр жалбырагы – 1 даана

• Татымына жараша туз

 

Даярдоо ыкмасы:

 

1. Кабыргаларды 3кө бөлүп, казанда кызып турган майга 5 мүнөттөй кууруйбуз.

2. Эттин үстүнө тууралган пиязды, сабизди жана помидорду салабыз да, дагы 5 мүнөттөй кууруп, 1,5 литр сууну куябыз.

3. Шорпо кайнап чыккандан кийин чоӊ-чоӊ тууралган картошканы жана бий алманы салып бышканча жай отто 25 мүнөт кайнатабыз. Тамак бышарга 5 мүнөт калганда лавр жалбырагын, тууралган укропту жана сарымсакты салабыз. Шорпобуз даяр! Шорпону өзүн же болбосо кам каймак кошуп берсеӊиз болот.

 

БИЙ АЛМА КОШУЛГАН ПАЛОО

Бий алма кошулуп жасалган палоо ширелүү болуп, жыты аӊкып турат. Палоонун мындай түрүн даярдагыӊыз келсе, алгач бий алманы жууп-тазалап, 4кө бөлүп, майга кызарта кууруп аласыз. Кийин аштын суусун куйган кезде аны саласыз. Палоону даярдоо ыкмасынын калган бөлүгү кадимкидей эле жүрөт.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️