ЖОГОЛГОН КУЙОО. 2-болум

ЖОГОЛГОН КУЙОО. Кызыктуу окуялар.

ЖОГОЛГОН КУЙОО.

 

(экинчи болум)

 

Куйутум ичимде болуп,ай кунумо жетип калдым. Ичим ооруп,толгоом башталды. Аял затына берилчуу бир олуп тирилчуу азап менен алпурушуп жаттым. Женем озунун билген ырым жырымын кылып,ооруканага айдоочу заказ кылып алып жоноду. Апамдын мени да ушул оор кыйноо, толгоо менен торогонун ,апамдын кадырын бир билдим,апаа,апаа,деп кыйкырып алдым. Кайсы адам болбосун,жаны аябай кыйналганда» апа» деп,чакырат эмеспи. Мен дагы апамдын арбагы карап тураар деп,бир созум»Алла,жардам бер» десем,экинчи созум «Апа» деп жаттым. Олум менен беттешип жатып,кыз тородум…Торогондон кийин бул оор азапка салган оору кайда кеткенин билбей,жаным жай ала тушту. Кызымды кокурогумо кысып,эне болдум ээ,менин кызым журогум элжиреп,озунчо соз менен жеткире алгыс,бакытта балкып турдум. Ошентип тортт уйунон чыгар кун келди,эжелерим женемдер чыгарып,баары эле кичинекей наристени колмо кол алышып,баарыбыз уйго келдик. Нурлан бир да басып келбеди,агам барып,кыздуу болдун куболук алып ьер десе,болуптур деген менен кадам таштап койбоду. Ушунчалык мерез адамдык сапаты жок адам экендигине козум жетти.Озубуздун фамилияга жаздырдык,айласыздан,мындан башка жол жок эле .

 

***

 

Кызым Айдай бир жарым жашар,кылыктары чыгып,чыйрак болуп басып калды.Атам каралашып,бирге чонойтук. Мен кызым менен алаксып калган кундорумдо,бир кошунабыз мага куйоо таап келиптир. Куйоодон конул калган жаным,биринчи уккум келбеди Бирок,женем кондурду:

—Ай ,кыз,антпен,биринчи суйлошуп корун,баары эле Нурлан эмес,жакшысы да бар,менин айтканымы жаман корбон,баарыбир турмушка чыгасыз да,ушул бойдон омурунузотот беле?

—Билбейм,жене корком баарынан ,мейли корсом коройун дедим…

Кошунам уйуно чакырып,ал адам менен мени тааныштырды менден сегиз жаш улуу Акмат деген киши экен.Аялы каза болуп,бир кыз,бир уулу бар ,турмуштан коп кыйналганын айтып отурду.

Тушунгон адам эле окшойт деп,ага турмушка чыгууга макул болдум. Менин кызым анын эки баласы болуп жашап калдык.Жетишбеген турмуш менен алпурушуп калдым.Базарга жууркан тигип,колумдан келген буюмдарды жасап,сатып кун откоро баштадым.Уйдо кийиз кылам,эжемин кыздарын жардамга чакырып,анан базарга жонойм.Куйоом анча-мынча ичип коет.Анын эки баласын да ,болоктобой ,оз балдарымдай карап жаттым,уйдо эмне бар, эмне жок,багышым керек балдарды деген ой жок,ар кимге мандикер болуп иштеп,ичип коюп жатты.Мейли онолор,дегег умутто журдум.Жакшысы ичкен менен келип уктап калат.Чан тополон салып,уруш чыгарбайт.

 

Ошентип андан эки уул тородум.Уйдун ичи этек толо бала болуп калды.Алардын деп ичкенине жеткизе албай жудоп калдык.Акмат досторум менен суйлоштум,Россияга барып иштеп келейин деп жоноду.

Мен макул болуп,балдарды карап калдым.Акматтын туугандары келип кетип кабар алып турушат,себеби анын кызы менен уулуна каттуу тийип койбосун деп,менин козумчо эле сурашат:—Силерди,урушпайьы Гулнара?Эгер каттуу тийсе айтып,койгула ,деп кетишет.Апага зар болгонду мен эн жакшы билем,оз башымдан откоргондугум учун,аларды да оз балдарымдай мээрим тогуп карадым…

Кундор отуп ,жылдарга алмашып жатты.Акматтын чон кызы мектепти буткондо эле,куйоого алып качып кетти.…Акмат Россияда,кел кызындын тоюна деп ,туугандары баарыбыз чакыртып алдык .Ал келди,мурункудан да ичкинчиликке берилип кетиптир,козу ачылбай ичет.

Бир озумо балдарды багуу ,аларга жеткируу кыйынга туруп,бир жагына тартсам,экинчи жагы жетпей кыйналдым…

 

Бир куну базарда тиккендерими сатып жатсам,кызым тез келин,уйдо атам каттуу ооруп калды деди.Айдай кызым Акматты ата деп чонойду .Шашылып келсем,Акмат калтырап,титиреп колу буту муздап,оозунан шилекейи агып ,солкулдап жатыптыр…Коркуп кетип,медсестра кайнежеми чакырдым. Ал келип,дукондон бир ботолко арак ала келген экен,ичирип жиберди…Солкулдаганы басылып,бир аз озуно келгенде,ооруканага алып жонодук. Врач коруп,журокко оор куч келген коп ичкендиктен,дарылануу керек тезинен деди. Бирок Акмат бир система алгандан кийин,уйго кетем деп,биз менен бирге жоноду.

Келе жатып жолдон,айылдын молдосуна тийип,окутуруп алдык Ал молдо,ичпегин,арак жакшы жолго алпарбайт,тубуно жетет,адам болбойсун,деп каттуу эскертти…

—Макул,ичпейм …убадасын берди.

Ичпеген ичкинчилик болбогон уйго береке кирет деген чын соз экен,кыйла тамак- аштан кыйналбай жашап жаттык…

 

(уландысы бар)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️