Пример HTML-страницы

Жашоодо нелер гана болбойт..

https://kyrgyzcha.site/?p=39261&preview=true Кызыктуу окуялар.

БОЛГОН ОКУЯ. 

(Жашоодо нелер гана болбойт..)

 

Айнура: “Жолдошумдун көзүнө чөп салып, ал тургай Арманга күйөөгө чыгып алдым”

 

Москвада 15 жылдан бери жашап жүргөн Айнура аттуу жаран , өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын айтып берди.

«Мен эл дүрбөгөндө кошо дүрбөп, эл катары Москвага эки баламды күйөөмө таштап, келе бердим. Чыны менен жолдошум жалкоо болчу. Кыйынчылыктын азабын мен моюнга илип, “Дордой” базарында чай сатып, оокат кылып жүрдүм. Күнүмдүк оокатка тапкан акчама жолдошумду, эки баламды бакчумун. Жолдошум Марат иштемек тургай, күндүн суугуна же ысыгына чыдабайт. Оокат кылайын деген түрү жок. Ал үчүн эки баламды багып, үйдө олтурган ыңгайлуу болчу. Кыйналдым.

Акыркы күндөрү жолдошумду жек көрө баштадым. Анткени мойнума минип алганы мени ушунчалык тажатты. Бир күнү жакын курбум СМС жазып Москвада даяр жумуш бар, айлык-акысы жакшы, кел деп чакырып калды. Ал айткан маянаны укканда көлдөн алтын балык кармап алгандай кубанып, үйгө келип жолдошума айтсам, сөзүмдүн жарымын угуп бүтө электе макулдугун берип салды. Жолдошумдун бул кылыгына бир чети таң калсам, бир чети терең ойго баттым.

—Марат, мени курбум Москвага чакырып жатат. Айлык маянасы абдан жогору экен, анан…

—Бар, Айнура, тез кет. Сен бизге акча жөнөтүп турсаң болду, -деди.

Ошентип, Бишкектен Москвага учуп кеттим. Курбум тосуп алды. Ал айткан жумушка кирдим. Бай үй-бүлөнүн майыптар арабасында олтурган апасын багам. Кежирлигине кеп жок. Бирок баарына чыдашым керек, анткени мага берилген маяна өтө жогору. Иштеп жүрүп болгон акчамды жолдошума жиберем, ал балдарды карайт. Үй дагы алдык, ичин заманбап кылып оңдодук. Тилекке каршы, жолдошум мени бир жолу да көзөмөлгө албайт, сураганы акча. Бир күнү менин жолдошума мен эмес акча эле керек турбайбы?- деген ой дагы кетти.

3 жыл дегенде Кыргызстанга келдим. Келсем, балдарым өзү менен өзү, уулум 8 жашта, кызым 6 жашта болуп калыптыр. Кубанычым койнума батпай кирип келсем, уулум “мага машина алып келген жоксуңбу?”, — деп ары карай таарынып басып кетти. Кызым өзү менен өзү алек. Жолдошум болсо менин сагынычым таркай электе, ичкен чайым муздай электе “жаным, жөө басып кыйналдым, эртерээк кайтып машина алып берсең жакшы болот эле”, дегенде бирөө үстүмө келип суу куюп жибергендей болду. Жолдошум машина тууралуу уктоочу бөлмөгө барганыбызча бир нече жолу айтканда балдарыма жана жолдошума мен эмес, акча эле керек экендигин түшүнүп жеттим. А мен суука тоңуп, ысыкка күйүп үй-бүлөмдү багып жүргөнүмдү алар эске да алган жок.

Кайра Москвага кайттым. Мени ой басып кетти. Ушундай абалымды курбум гана эмес, үйдүн ээси да байкады. Ой баскан сезимдеримди жокко чыгаруу үчүн курбум эс алуучу жайга алып барды. Ал жактан ичимдик ичтик, көңүл ачтык, ал тургай Арман аттуу бизнесмен жигит менен таанышканга үлгүрдүм.

Мага жашоонун кызыгы ошол күндөн башталды. Кыз-жигиттей болуп күнү-түнү СМС жазышабыз. Ал мага көп өтпөй кучак толгон гүлдөрүн жөнөтө баштады. Майрам күндөрү белегин берип, кафеге чакырып, акыркы күндөрү мени таң калтырган белектерин тартуулады. Өзүмдүн жолдошум болсо, менден акча гана талап кылат, жок дегенде ден соолугумду сурап койгонго жарабайт.

Арадан бир жыл өттү. Менин жылуу сөз укпаган жаным Арманды гана ойлонуп баштадым. Ал мага тирек болгондой сезилип, жашоомду бардык тараптан өзүнө буруп алды. Бир күнү ал мени туулган күнүн майрамдаганга үйүнө чакырды. Үйүнө барсам менден бөлөк эч ким жок. Үйү укмуш, жасалгасын сөз менен айтып жеткире албайсың… Чакан үстөлдө кымбат баалуу ичимдиктер тизилип турат.

Ичимдикке бир аз кызып алгандан кийин ал мени сүйүп калгандыгын айтты. Жалгыздыктан тажап, мээримге куса болуп жүргөн жаным Армандын койнуна ошол күнү кирип, жолдошумдун көзүнө чөп салдым… Арман экөөбүздүн жолугушуубуз күн сайын күчөдү. Акыркы күндөрү жумушка барбай калдым. Арман мага акча берип коёт, акчаны мен жолдошума салып коёмун.

Ошентип, жүрүп боюма бүтүп калды. Арманга айттым, ал менин сөзүмдү укканда көзүнө жаш алып, “төрөйсүң”, — деди. Убакыт мындайда тез өтөт эмеспи, уул төрөдүм. Арман менин көз алдымдан чарк айланат. Уулубуз 1 жаштан ашып калганда Арман жолдошум менен биротоло ажырашып келүү үчүн Бишкекке үй кызматкери менен чогуу жөнөттү. Аларды мен шаардагы батирлердин бирине калтырып, үйгө келдим. Уулум менен кызым сырттан кирип келээрим менен эмне белек алып келгенимди сурады. Жолдошум адатынча эле жымыйып күлүп, “машинага жеткидей акча алып келдиңби, машина алабызбы?” – деди. Жолдошума “мен көпкө келдим”, десем, “жок, эрте кете бер, машина алышым керек”, дегенде, менин ага акчам эле керек экендигин түшүндүм.

Күндүзү эч ким билбеген Армандын уулунун жанында болом, кечке жуук үйгө келемин. Жолдошумдун мени менен иши деле жок, чырт сүйлөп олтурат. Акыры чындыкты айтууга туура келди. Жолдошумдун апасын чакырып, болгон окуяны айтып, эки баламды таштап, үйдөн чыгып кеттим.

Учурда Арман менен жашаймын, баары жайында. Уулубуз чоңоюп калды, дагы боюмда бар. Турмуштун азабынан качканда тапкан Арманым мени бактылуу кылды. Мени окуп жаткандардын мага кыжыры келиши мүмкүн, бирок мен бактылуумун”, — деди каарманыбыз Айнура.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE