Пример HTML-страницы

Жашагым келет 6 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=6541&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ!!! 6-БӨЛҮМ.
♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡♡
—Үйдү таштап кантип кетем апа, уят эмеспи. Турат менин актыгымды билет, аны нараазы кылбай отун күйгүзүп олтурушум керек да.
—Дарика, сен акылдуусуң. Болгону сен кайгыга өзүңдү алдырып койдуң, ошол үчүн анча-мынча туура эмес иш кылып жатасың. Өткөн өттү, болгон ишти артка кайрып, оңдоп-түзөй албайсың. Азыр балдарыңды алып кеткениң оң болуп турат. Мыкыны таштап койсоң деле болот дечи, бирок силерди ким карайт.
—Мейли апа, атамдын кыркы өтө берсинчи.
—Атаң сени ашыкча жакшы көрчү эле, акыркы мүнөттөрүндө оозунан түшкөн жоксуң. Жетишпей калбадыңбы аттиң. Айтчы эмнеге ыйлай албай жатасың? Же атаңды жаман көрүп жатасыңбы?
—Жок апа, атамдай асыл адам бул дүйнөдө жоктур. Жарык дүйнөгө келгенимден баштап мага камкор болду. Нанды бир тиштеп чайнаса, жарымын менин оозума салып тойгузду. Баардыгы уктап жатканда атам мени мойнуна көтөрүп алып, мал айдаганча тоонун керемет жерлерин көрсөттү. Индия киносунан көргөндөй атам мага тоонун башынан гүл терип берди. Атам мага жашоонун кандай керемет экенин көрсөттү. Мен үчүн атамдай ыйык адам жок болсо керек. Апа, менин жүрөгүм таш болуп калыптыр, көзүмдөн жаш чыкпаганы менен ичим өрттөнүп жатат. Оттун табына чыдабай жатам, ыйласам баары өтүп кетчүдөй. Бирок жаш чыкпайт, жаш калбаптыр, соолуптур апа. Азыр күйүттөн өлгөнү турам апа. Туратты көмгөндө жанына ыкталып бекингендей эле атамдын да жанына жаткым келип жатат, бирок ата-кыз бир гөрдө кантип жатсын. Мени сурака алышканда атамдын кыйналышын каалабайм. Эл түшүнбөй чыгарган бул ушака катуу уялып жүргөн элем, атамдын алдынан чыкканча өлүп калсам экен деген элем. Атам ошону сезгенби, алдынан чыгарбай, мени өзүнүн алдында уяттан өлбөсүн!-деп өзү кетти. Атам менин актыгымды билди, атам сезди. Мени эчкачан эчким атамдай жакшы көрбөйт, көргөн да эмес. Эми айтыңызчы мен атамды жаман көрөт экенминби апа?
—Болду кызым, баарын түшүндүм. Акылсыз мени кечир. Болгону бала кезиңден доолу элең, бир ыйласаң токтотуу кыйын эле. Ошондо эле жашыңдын баарын төгүп салсаң керек. Өзүңдү көп жей бербе.
—Апа мына бул жерде олтуруп эле эшиктин оозунда айтып жатышкан ушактарды угуп жатам. Атамдын түбүнө жеткен деп мени айтып жатышат, келиндериң айтып жатат.
—Ит үрө берет, кербен жүрө берет.

Кеч кирип баштаган экен кичине тынчып калды тегерек. Мен болсо апамдын бутуна башымды коюп жаттым. Ушунчалык буту ыссык, бүт денеме жагып турду. Мейли атамдын жаны эгесине кеткен болсо да азырынча денеси болсо да жанымда. Ушунча болгон окуядан кийин мен бир нерсени түшүндүм.

Ар бир адам бул жашоого сыноо үчүн келет экен. Кээ бири жакшы болсо, кээ бири жаман адам болот. Бул жарык дүнүйөдө ар кандай дин көп, аларды санасак сан жетпейт. Кээде ойлочу элем:-кудай колунан баардык жок келген, өтө кудуреттүү болсо, эмне үчүн жер жүзүндөгү инсандын баардыгын мусулман кылган эмес.? Эмнеге анда жашоодо жакшылык менен жамандык кошо жүрөт? Эмнеге жакшы адамдар дайыма кордук, адилетсиздикте жашайт? Эмнеге адам сулуу анан өңү сертке бөлүнөт? Эмнеге жашоодо өлүм бар? Эмнеге адам ата-энеге балдарына берген мээримди бере албайт!-деп.
Бул суроолор менин башымда далай жыл жоопсуз жүрдү. Атам динчил болгондуктан сурагандан коркот элем. Балким менин суроом туура эмес, балким бул суроо динге туура келбейт!-деп. Кичине чоңойгон соң сурагам. Атам өзүң түшүнүп аласың убагы келип деген.
Азыр түшүндүм окшойт, толук болбосо да түшүнгөндөй болдум.

Бул жашоодо башка диндердин болгондугу, бул мусулман болуп жаралган инсандарга сыноо болсо керек. Кудайдын жалгыз, динибиз Ислам экенин ошол адашып же билбей жүргөн башка дин адамына жеткирүү бизге милдет болсо керек дедим. Түк динсиз адамдар дагы бар го. Аларчы? Алар кудайдын ким экенин тааныбайт, сыйынбайт, дини жок болот. Ал адамдарга маалымат жеткирген адам жок. Мен ишенем кудай ырайымын төксө мерез динсиз адам дагы куранды колуна алган соң, мусулманчылыкты кабыл алмак. Жашоодогу жакшы менен жамандык чогу жүрбөсө жакшынын кадырын билбей калбайбызбы. Жакшы адамдар көп кордук көрүп, адамдар тарабынан адилетсиздике кабылганы бул кудай тарабынан сыноо болсо керек. Ошол адамдарды себепкер кылып жакшы көргөн пендесине сыноо берип жатат. Биз ошону көтөрө билсек албетте акыретте чоң сыйлыка ээ болобуз. Адамдын баардыгы сулуу болсо жер үстүндө зынаа мындан да көбөймөк, кээ бир адамзат азыр эле өз келбетине нараазы. Ошолорду карасаң татынакай эле. Келбетине нараазылар канчасы бычак астына жатып оңдотуп жатат. Кудай таалам мен берген келбетке нараазы болобу жокпу десе керек.

Өлүм!!Ушунча суроомдун арасынан жалгыз ушул суроо жоопсуз калат болуш керек өмүр өткөнчө. Ушул суроого жооп таппадым, балким өлүм болбосо адам адам баркын билбей калмак. Дал ошол үчүн кудай баардыгы бирин-бири барктай билсин!-деп өлүмдү баарыбыздын башыбызга жазгандыр. Ал суроого эң илимдүү адамдар жооп бербесе мен жооп бере албайт экенмин. Балким менин оюм туура эместир, балким күнөөдүр.

Ата-энени биз эчкачан өз балдарыбызды баккандай бакпайт экенбиз. Албетте сөз менен баарыбыз эле мен балдарымдан ата-энемди артык көрөм дешибиз мүмкүн. Бирок ал калп. Калп. Жада калса калп экенин мойнубузга да ала албайбыз. Жүрөктөгү сезимди мээ кабыл алгысы келбейт. Карап көрсөңүз, биз балдарыбызды колубузга көтөрүп жүрөбүз, өзүбүз жебей балдарыбызга беребиз, балдардын биринчи кадамына кубанабыз, балдарды кийинтсек төбөбүз көккө жетет, күнү-түнү балдарды ойлоп кабатырланабыз, балдарыбыздын ден-соолугун, өмүрүн, ыйманын кудайдан токтобой чексиз сурай беребиз. Ал турсун балаңыз кулап тизеси канап калсынчы жүрөк жарылып кете жаздайт. Ооруса уктабай жанында болобуз, кубанса алардан өтүп кубанабыз. Ар-бир ийгилигине ыйлайбыз, балдарга деп үй курабыз, балдар үчүн иштейбиз. Балдар үчүн баарына даярбыз, керек болсо жаныбызды берүүгө. Анан ата-энең картайып өлсө эмне кылам!-деп ойлоно аласың. А балдарыңды ойлой дагы албайсыз, ойлогуң, элестеткиң да келбейт. Элестетип жатканда эле жүрөк титиреп көзүң тунара түшөт.
Ата-энебизчи? Биз аларды жесин дебей, дайым биз жегенбиз. Бизди ата-эне жейм эмес же деп, кийем эмес кий деп, оорудум эмес ооруган жоксуңбу деп, үшүдүм эмес үшүдүңбү деп, кыйналдым эмес кыйналган жоксуңбу деп, кыл эмес кылайын!-деп баккан. Алар ооруп калса өлбөйт, ал күчтүү деп ойлойбуз. Өздөрү кийбей кийим алып берсе сүйүнүп кийебиз. Жок бул биз жаманбыз дегендик эмес. Биз эле эмес ата-энебиз, алардын дагы ата-энеси, алардыкы да ошондой болгон. Бул кудай тарабынан жазылган мыйзам. Себебин атам мага Адам атабыздын ата-энеси жок болгон!-деп түшүндүргөн. А мен болсо башкача!-деп ойлойм. Эгер адам ата-энесин баласынан жакшы көрсө анда тукум уланбай калмак. Бала таттуу болбосо эчким балдарын үргүлүп карамак эмес. Көп адам баланын баркына жетпей, баласыз деле өтүшмөк. Балага кош көңүл болгон болсок чын эле эчак тукум уланбай, адамзат кыйрап калса керек.
__________________________________
Жашоо!!! Жашоо татаал тура жыгыласың, турасың. Экинчи жыгылбайм дегениң менен кайсы жерде кандай аң бар экенин билбейсиң. Үйүбүзгө кайтаарда дайым бир жолдо бассак, өмүрдүн жолу андай эмес экен. Өмүр жолу узунбу кыскабы айрымасы жок тура. Күндө жаңы жол. Сен көрбөгөн жаңы жолдорду көрөсүң күн сайын. Кээде жол тегиз болсо, кээде таштак, кээде тикенек, кээде ыссык, кээде суук. Тикенектер бутту эле эмес кээде жүрөктү да сайат, ыссык болгондо суусап алың курса, суукта тоңуп каласың. Баарына чыдаш керек. Айла жок чыдайбыз. Качан чыдабай жыгылганда ошол жерден сенин «өмүр» деген саякатың аягына чыгат. Бул жашоо түбөлүк эмес, бул жашоодо биз болгону конокпуз. Арабызда дүйнөгө тойбогон, тамака тойбогон, акчага, бийлике тойбогондор бар. Бул адамдардын жүрөгүн кудай өзүнө караган жолду жаап салган. Бул адамдар өмүр бою ыйман, ынсап эмне экенин билбей өтүшү мүмкүн. Арабызда жарды жашаса да кичи пейил, ак көңүл, берешен, боорукер адамдар бар. Бул адамдар биринчи өзгөнү ойлоп жүрүп өзү эчкачан жарыбайт. Жарыбайт деген байыбайт дегендик. Себеби бирөө ачка олтурса өзү бекитип жебейт. Бир сындырым нанын эртең эмне кылам дебей, жарымын бөлүп берет. Бул адамдарга кудай өз ырайымын төккөн, ыйманын ашырган.
А менчи? Мен кандай адаммын? Түшүнө албасмын. Кичинемден эчнерседен камырабай чоңойдум, кийин Туратка турмушка чыгып бактылуу гана жашадым. Байлыка, бийлике жетпесем да бажырайган балдарыма жеттим. Арам деп чектегениңе жолободум, улууларды сыйладым, балдарыма туура жол көрсөттүм. Жакшымынбы же жаманмынбы ошондо? Жыл айлантпай жакындарымды катардан ала береби? Мейли сыноо дейли баарын, бирок сөзсүз жакындарымды алып сынаш керекпи? Бузуку атка кондуруп сынаш керекпи мени. Түшүнбөй калдым, түшүнбөдүм..

Таң атканча өзүм менен өзүм алышып чыктым. Миң суроо берсем өзүмө кайра жооп издеп убарамын. Чарчап кеттим.. Бир жыл ичинде чачым кадимкидей ак аралап кетти. Эптеп чыдасам бул айылга келбес болуп кетмей болдум. Балдарыма эчкачан «энең бузуку»-деген сөздү угузбай турган болдум. Туугандарым мени өздөрү барып көрүп турат. Жаңы жашоо баштайм, баардыгын унутам.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE