Пример HTML-страницы

Жалгыз……

https://kyrgyzcha.site/?p=22300&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЖАЛГЫЗ…

” Сен ким элең, сенден мен кечирим сурагандай? Качан мен сени менен түбөлүккө биргемин деп айттым эле? Мен сени сүйөм деген сөзүмдү жок дегенде бир жолу уктуң беле? Жок! Анткени сен андай сөздөргө татыктуу эмессиң! Сен элдин ар дайым артында келгенсиң, мындан ары да эң арты болуп кете бересиң! Кайдагы бир оорукчан же, акылынан жабыркаган адам сенин теңиң болушу мүмкүн, бирок мен эмес. Менин жүрөгүмдө эмес, менден 100 чакырымдыктагы айланамда да сага окшогондорго орун жок! Мага эми эч качан жазба, айтпа, жада калса көзүмө көрүнбө. Себеби сенден жийиркенемин! ”

 

деп айтылган сөздөрүң жан дүйнөмдү аңтарып салды. Эмне жамандык кылдым эле сага, мынчалык мени жаман көрчүдөй? Бирок мен бул суроома жооп ала албадым. Анткени мени таштап чыгып кеттиң. Арман, кайгы, ыза, күйүт, азап, ый, баары келип ”жалгыз” менден орун алды. Себеби алар да билет. Мен бул Ааламда ата энемдин ”жалгыз” перзенти экенимди… Себеби алар да билет, жашоодо ”жалгыз” гана сени сүйгөнүмдү. .. Себеби алар да билет, сенин бал тамган сөздөрүңө ишенип, карыган кезде ата-энемди ”жалгыз” таштап, сени менен ушул каргыш тийген шаарга келгенимди. Себеби алар да билет, сенин ушунча жүрөк оорутар нерселерди айтып турсаң да ”жалгыз” жүрөк ”жалгыз” сени деп, катуу айтып көңүлүнө тийип аламбы деп коркуп турганымды. .. Бул ”жалгыз” деген сөздөн качан кутуларымды булар билет болду бекен? ”Жалгыздык” деген айыккыс дарттан арылар күн бар бекен менде да?…

 

”Жалгыз” тамда ”жалгыз” өзүм ”жалгыз” бөтөлкөнү кучактап ичиндеги ачуу, жагымсыз даамдуу аракты мүрөк суусундай жакшы көрүп ичип жатам. Арактын даамынан да менин ичимдеги күйүтүм ачуу… Бир күн ичтим, бир аз болсо да жардам берди. Сенин айткан ачуу сөздөрүңдү убактылуу унутканга жардам берди. Сени менен аз гана убакыт болсо да, өзүмдү бактылуу деп ойлогон күндөрүмдү эске салды.

Экинчи күн ичтим. Арактын күчү сени сагындыра баштады. Кусалыгым артты. Кайра келер деп үмүт кылып ордумдан араң козголуп, сыртка чыгып сен кеткен жолго көз салдым. Бирок сенин карраның көрүнбөйт.

Үчүнчү күнү ичип олтуруп, колумдагы арак куюлган чыныга карадым. Эмнегедир бозоруп көрүнгөнсүйт. Көздөрүмдү кир алаканым менен арчысам жаш толуп калыптыр. Ыйлап жатыптырмын. Эмне үчүн ыйлап жатканымды түшүнбөдүм. Түшүнүүгө аракет кылдым, бирок кудуретим жетпеди. Акылымды башарып бир жерге топтой албадым. Бурчта турган бир топ ачыла элек арактын бөтөлкөлөрү көзүмө урунду… Кубанып кеттим. Демек аты керемет ”арактарымды” издеп ыйлаган турбаймынбы. .. Алдым да чыныга толтура куюп жутуп жибердим. Оох. Мына жашоонун жыргалы! Мына бакыттын нурлары.

Кайсыл күн экени да, кайсыл ай кайсыл жыл экени да белгисиз… Аракты иче баштаганыма канча убакыт болгону да белгисиз… Кандай болуп өзүм билбеген жерде уктап жатканым да, айланамдагы сакал-муруттары өскөн жана кир болгон кийимдеринен жагымсыз сасык жыттары буруксуп турган бир топ эркек-аялдар да ким экени белгисиз… Мен кайдамын? Ары жактан күндүн шооласы көрүндү. Ошол тарапка карай жөнөдүм, бирок кубатым жок алсызмын. Эптеп жатып араңдан жеттим. Сыртты карасам асмандан башка эч нерсе көрүнбөйт. Бийик бир бузулуп жаткан же курулуп бүтпөй калган имараттын үстүндө экенмин. Буту колдорумдагы жараттар ириңдеп, кеткенин көрдүм. Жыландай болуп сойлоп атып бийик имараттын дубалынын учуна келип жерди карап турган кезде артымдан; ”ай жигит бери тур кулап кетесиң” деген үндү уктум. Булар менин атымды билбейт тура эгер билгенде атымды айтып чакырмак… ”ай жигит дейм бери тур деп жатам!” — менин атым ай жигит эмес! Атымды эле айткыла. ”макул. Атың ким болот?” -Менин атым… Менин атым… Ким эле?…

Ойлоно баштадым. Менин атым ким? Мен кайдамын? Мен өзү киммин? Жок. Такыр эстей албай койдум.

Бир күн эптеп жерге түштүм. Кыбырап араң бараткам. Кебетемди көргөн элдердин; бери тур БОМЖ өтүп кетсин, сасып кеткенин кара уфф- деп сүйлөгөн сөздөрүнөн улам жан жагымды карап, кайсыл сасыган БОМЖду сүйлөп жатышат экен деп издеп коём. Эмнегедир андай адам көрүнбөйт…

Бир жерге келип мени карап турган кийимдери тытылып жудөгөн бир адамды көрүп калдым. Эмннгедир анын көздөрү мага ушунчалык тааныштай көрүндү. Бирок тааный албадым. Ал да мен тааный албай жаткансып карап тура берди. Акырын баш ийкеп салам бердим. Ал да салам берейин деп ойлогон окшойт. Экөөбүз тең бир убакта бирде баш ийкешип саламдашыптырбыз. Ары бурулуп бастым. ал эмне кылды экен дегенсип акырыын артыма башымды буруп тигини карадым. Ал да мени ары карап бирок башын буруп мени карап туруптур. Кой эми барып саламдашып көңүлүн сурап койойун деп кайра бурулдум да тигиге карай кадам шилтедим. Ал да ушуну эле кутуп тургансып бери карай басып келатат…мен баратам. Жакындаган соң токтодум ал да токтоду. Жакшылаап карасам киши боюнан узунураак болгон чоон күзгүнүн жанында туруптурмун. Тигил жүдөө адам мен экенмин. Андан бери арадан 6жыл өттү. Спирт ичимдиктерин такыр ичпеймин. Бирок сенден дале кабар жок. Үйүмдү да сатып жибериптирмин. Батирде турам. Иштеген жумушум бар. Бирок сен жок. Дүйнөм жарды. Ошол кундон бери ”жаыздыктын” капканынан чыга албай келем. Балким эми биздин тагдыр кесилишпес. Ошондой болсо да келер деген үмүт менен гана жашап жатам…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE