Пример HTML-страницы

Уста кыз.

https://kyrgyzcha.site/?p=4282&preview=true Кызыктуу окуялар.

Адылбек тешесин которуп уйго кирип келди. Уч жашар кызы тамтандап чуркап келип атасын кучактайт . Адылда аны кучагына бекем алып:
-кызым аяай кийимдеринди кийип алыптырсынго ээ . Апан экоон бир жака бардынарбы?
-ооба.
-кайда ?
-билбейм бий байке байдык.
-байкеге? Апан кайда? э Айлаз! Айлазат!
Аялынын ысымы Айлазат. Алда кочого чыкчуу кийими менен уктоочу болмодон кийимдерин которуп чыгып:
-эмне бакырасын!? Деги эмнене бакырдын?
-эмне? Сен мусулманчылыкта аялы куйоосунун уруксатысыз эч кайда чыкпасын,босогодон бир карыш аттабасын унутуп калдынбы?
-иий олундугу коройун,мусулман боло калат тим эле. Ушу Гулназ кызын ооруп калганын догдурга алып бардым. Эмне отура беришим керек беле?
-эрте менен бир жакшына эле журбоду мен кетип жатканда.
-ал эрте менен болчу. Коп башымды оорутпай кийимдеринди как,мен сага качантан бери айтам ошо кир кийимин уйго кирбе,кагынып кир,кагынып кир дейминго!
-эмне бакырасын?
-эмне акым жок бекен?
-акын жок!
-эй эмне? Я эмне? Тилин чыгып калганбы? Азыркы заман башка аял менен эркек элууго элуу,тен укукта.
-бокту жепсин энендурайын! Адыл муштумун туйуп жанына жетип барды. Айлаз бир коркуп койбой,белин таянып:
-эмне урасынбы? Ур-ур. Ушул кунго чейин эптеп жакшынараак суйлой албагандан кийин урмак белен?
Адыл уруп жибергиси келди бирок Гулназ артынан келип атасынын бутунан кучактап жалооруп карап турду. Адыл Айлазатка тигиле карап бети чымырап:
-башкалардын аялы эринин барына шугур кылат. А сенчи?
-менби ахааха мен ,мен ахаха
-жаап оозунду!
-мына жаптым,бар эми кийиминди алмаштырып кел да тамагынды ич.
Айлаз кызын которуп ашканага кирип кетти.
Бул кундор экоондо коп кайталанды. Адыл канчалык ачуусу келбесин кызы учун озун кармайт,кызы учун апасын кечирет. Айлазат Адыл жумушка кетээри менен жасанып ,кызын которуп ,ойношунун уйун коздой жонойт. Ойношу бизнесмен ,эки унаасы занграган тамы бар.Биринчи аялына талагын берип эми Айлазатка жабышып журот. Бир куну Адыл устачылык кылып чатыр жаап журсо жамгыр ношорлоп жаап баарын суу кылып кетти. Жумуш токтоп уйуно эрте кайтты. Кожоюну берген акчага уйуно жегилик ,кызына момпосуй алып кубанычы койнуна батпай баратат. Уйуно жетээринде кошунасынын уйунон Гулназдын ыйы угулуп калды. Адыл эшиктен акырын андып карады. Гулназ ыйлап кошунасынын аялы аны чон кишилерче урушуп турду.
-акмак идишти да сындырасынбы? Ушу апан балээ болдуго! Кунуго сени аркимге таштайт. Мынабул тилин жокбу? Атана айтпайсынбы,чулдуруап балакеттей суйлойсун! Апан кайда барат озу,экинчи атана баратда аа! а ошондойбу!? Эмне атана тойбой жатыптырбы!? Аял деген кичине эркекти угуп …
Адыл жегиликтерди жерге так таштап ,дарбазаны такырата ачып кирип бардыда кечирим сурап кызын которуп келе берди. Жегилигин кошо ала келип канчалык кайгырсада ыйлап турган кызын сооротуш учун ,ар кайсы жаныбарды туурап ,итке окшоп уро калып,коёнго окшоп корко калып,акыры ат болуп кызын жонуна мингизип кулдурду. Гулназ сооронгону менен ыктытып жатты. Момпосуйду ары-бери басып жеп журду. Адыл уйлонуу тоюнда Айлазат менен бирге тушкон рамкадагы суротко копкоо карап ойлуу турду. Саат торт жарым. Жамгыр токтогон,кочолор ылай. Гулназды уктатып коюп Айлазат кочо ылайда кыйналбасын деп жол утурлай чыкты. Кошунасынын уйунон отуп баратып ,жанакы айткан создорун эстеп озунчо кара ойго батат.
-чын эле Айлазатдын ойношу бар болсочу? Жок андай болушу мумкун эмес. Акыркы кундору уйду турбачуу болуп калды. Гулназдын ооруканасын шылтап коюп мени алдап жататко. . . Озу Гулназдын каери ооруп жатат? мен дагы акмакмын. Каратып туруп жалганга ишенген акмакмын. Менде ошол уйго тамак таап келсем башка ишке аралашмай жок. Тапкан акчамды Айлазат алат,эмне кылат башымда оорубаптыр. Ошол акчага жегилик алса уйдо кунуго тамак алат элего? жок! Мейличи эми кантседа менин аялымго. Эми ага берген акчамды милдет кылат белем. Кызым экоонун курсагы тойсо болдуда. Ошонун озуно шугурчулук келтирем. Акыры мен жакшы атамын,жакшы ,жакшы атамын.

Шамал согуп турат башын жерге салып Адылбек эчнерсеге карабай чон жол тарапка баратты. Бир унаа колчуктогу сууну чачыратып, ылай чачыратып отуп кетти. Адыл жылмайып гана артынан карап койду. Айдоочу ортонку колун чыгарып жанында аялы менен каткырып шылдындап отту. Адылбек дароо аларды кечирип таштап,кийимин какканча чон жолго жетип келди. Арадан жарым саат откондо жанакы унаа кайрылып келип анын жанына токтоп тиги бай ,коз айнегин башына которуп коюп:
-а жетим турасын анан?
-эмне? Эмне дейсиз?
-турасын аялынды кутуп дейм.
-аа ооба келер убакты болуп калды кутуп жатам.
-каяка кетти эле?
Адылбек айласы куруп,он жак ,сол жагын каранып:
-тиги торкунуно кетти ,болуш керек.
-ахахаха болуш керек де хаха,торкунунобу? Мейли анда кутуп тура бер.
Саат алты жарым кун кечтеп калган. Адыл аялын кутуп-кутуп акыры уйуно кетти. Жанагы кошунасынын уйунун алдынан отуп баратса ээси чыгып:
-а кошуна кайдан шашып эле?
-аа чон жолго чыкгам,Айлазаттын жолун карап. Гулназ ойгонуп ыйлап калбасын деп келебергемда.
-ээ досум сен аялынды жакшылап карап алышын керек экен.
-эмнеге бирдемке дедиби?
-жоок ал качан эле уйго келген.
Адыл кулуп:
-о! кургур башым уйго келди беле? Мен болсо тиякта кутуп хаха,кантип корбой калдым экен десен,мен баягы эле башымды жерге салып …
-Адылбек ,ал жоо басып келген жок. Тээ алыскы айылда Тологон деген байды уктун беле?
-жок,жоок уккан эмесмин.
-ошол Тологон унаасы менен таштап кетти.
-эми бир соопко жарайын деп уйго алып келип койсо керекда.
-Адыл! Бул биринчиси эмес,аялын акыркы эки айда уйдо отурбай калды. Мен бир канча жолу Тологон унаасы менен жеткиргенин кордум. Биринчи тээ айылдын башына таштап кетчуу эле,эми уйундун ичине чейин кирип келе баштады.
Адыл созго жооп таба албай айласы кетип,тили менен илебин нымдап,бир-бир жутунуп:
-мунун чындыкпы?
-ой жалган,жалган унут баарын. Сени эмне дейт экен деп эле айтып койдум. Колун шилтеп кирип кетти. Адыл башын жерге салып уйуно кирип ,терезеден карап апасынын алдында чай ичип отурган кызын коруп,босогого келип отуруп калды.
-ээх,кошунамдын айтканы чыныкпы? Балким жанакы ылай чачыратып откон ,кайра кайтып келип мени шылдындаган Тологон болуп журбосун.
Копко ойлонуп отуруп уйго кирди. Айлазат ага карап :
-мм келдин анан? Каякта журосун?
-озунчу?
-ой биз журобузда талаалап жыргап. Ушу сен тойгуза албаган курсакты тойгузуп журдумда.
-уйдо картошка ,сабиз,пияз эт десен турат,май турат тамак кылбайсынбы?
-колумду коо кылып от жагышым калды эле,жегин келсе озун кылып жей бер. Ошо сен берген акчага арзан болсода ресторандан кичине тамак ооз тийип келатам. Элдин аялдары мейманканаларда жатып,чет олколорго саякат жасап ,куйоолору билет алып берип,озуно жок болсода аялдарын жиберет экен. Адыл озун куноолоп ,керебетине барып жатып алды. Ошентип тан атып багымдат намазын окуп ,кызынын жузунон бир ооп алдыда жумушка кетти. Ишке байланыштуу багымдат намазын гана окуп жатат. Иште тердеп бышып устачылык кылып ,кунго куйуп чатырдын жардамчылары менен жаап бутурушту. Уйдун ичи калып калганын озу бутурмой болду. Ошентип кундор кундун артынан ээрчип отуп журуп,Адыл пол кагып бутуп уйуно эрте барды. Уйунун алдында унаа токтоп турду. Кошунасы Керим анын келгенин коруп эшике чыкты. Адыл тешесин бекем мыкчый кармап уйго кирди. Кызы таттуу уйкуда уктап жатат,колунда шоколад бар. Ооздору шире болуп калган. Уктоочу болмо жактан аялынын каткырыгы,андан сон эркектин каткырыгы жанырып чыкты. Эшикти ачса кулптануу. Ушунчалык ачуусу келип эшикти тешеси менен болушунча тарс!тарс уруп жарып кирди. Ошол Тологон деген бай шымын шаша-бушо кийип жатты. Эшиктин тарсылдаганы Керимгеда угулуп Адылдын уйуно кирип келди. Айлазат менен Тологон бурчка такалып калган ,Адыл тешесин сындырып жибергидей кармап Тологонго ташталды. Ангыча Керим келип аны кармап калып басып кулады. Айлазат сыртка чуркап чыкты. Кызы ыйлап апасынын артынан чуркайт. Айлаз кийимдерин кийип шаштысы кетти. Тологон Адыл жыгаалы менен колундагы тешени алып Адылды башка карай бир чапты. ..

Арадан он уч жыл отту. Адыл колунда балка ,башын жерге салып кундогудой кулкусуз,кайгылуу келетат. Жудонкуу,чачтарын жыгычтан пыры ээлеген. Жолдо эки ичкичтер отуруп алып аны созго алышты.
-ээ ушу Адылга кыйын болду. Кунуго эрте менен кечинде,эрте менен кечинде. Ээ-э элестет бир эле убак эрте менен кечинде.
-айтпайсынбы эмне эрте менен,эмне кечинде.
-балкасын которуп алып ишине жонойт. Бирда суйлобойт,дудук жанга айланган. Ичпейт дагы,чекпейтдагы.
-олумун кутуп жашап калыптырда аа. Озу неболгон буга?
-оо баякы аялы таштап кеткенден бери башы айлан баш болуп калган дешет. Туруп-туруп кылган ишин таштап ар кайсы жактарга кетип калат экен.
-ии де?
-ооба,мунун кызыда барда.
-койчу ээ кызы да бар беле?
-байкушка боорум ооруйт. Ээ элдин баары бизди алкаш деп жаман корушот туурабы. Бизде журок жок деп ойлошот. Бирок биздеда журок бар,биздагы адамбыз.
-ээ Адыл жакындап калды.
-карап тур азыр биз менен учурашат.
-кундогудойбу?
-кундогудой.
Алар айткандай Адылбек башын ийкеп учурашып уйун коздой жоноп кетти.
Уйуно барып кузгусуно кадала карап ,сакалдарын бир сылап устарасын алып сакалып жууп ,тегиздеп алып койду. Устундогу жаман кийимин чечип жуунуп,гусул алып,жаны кийимин кийип ,чачын алдыртып келди. Эртеси жумушка барбай базарга тушту. Кийим кечек кылып ,жегилик алып уйуно кайтты. Эски кийимдерин орттоп,жаны алган шыпыргысы менен уйун шыпырып,полдорун жууп,тамак кылып тамактанды. Тамактанып болгон сон Аллага шугурчулук келтирип бата кылып,дасторкунун кайра жыйнап койду. Сыртка чыгып жылдыздарга карап –карап уйуно кайра кирип жатты. Эрте менен ойгонуп он уч жылдан бери жайылбаган жайнамазын алып,ачылбаган намаз китебин алып намазга турду. Унутуп калган келмелерин ,суроолорун кайра жаттап намазын окуп,чай ичип жумушка жоноду. Кочодон коргон адамдар ага танкала карап ,корунбой калганга чейин карашты. Бир кыйла жолду басып откон сон,кочонун бурулуш жерине келип ,ун катпай жаткан итке карап кечеги кунун эстеди. Кече балкасын которуп алып келатканда азыркы жаткан ит,кичинекей каап киргенде барып идти айдап,шымынын пайчасы тытылап кеткен эле. Ал кыздын апасы рахмат айтып:
-рахмат сизге кызымды куткарып калдыныз. Сиздинда кызыныз бардыр,бул момпосуйду кызынызга берип коёсузбу. Адыл башын онго-солго кылып жок дегендей белги берди.
-а сиз суйлобойсузбу?
Адыл башын ийкеди.
-анда бул момпосуйду алып коёсузбу?
Адылбек алдыда кулумсуроп анын кызына кайра берип койду. Кыздын апасы бир ушкуруп алдыда:
-сиз Адылбек деген устасызда ээ?
Адылбек башын ийкеди.
-мен сизди таныйт экем,элдин баары сиз жонундо жаман айтышат. Кочодо мас келетат десе балдарын ала качышчуу эле,эми сиз келатсаныз балдарын ала качышат. Аларга тушунбойсун,ушундай жакшы адамдар арабызда бар,биз аларды байкабайбыз. Угушумча аялыныз кеткенден бери ,сиз такыр суйлобой калгансыз. Мага сиз атайын кылып жаткандай туюлат. Байке сиз билесизби кызыныз аялынызда эмес экенин?
Адылбек тушунбой карап калды.
-эми кандай айтсам экен,балким кереги жокдур. Бирок бул чындыкты билишиниз керек,бугун болбосо албетте билиничуу нерсе бул. Кызыныздын аты ким билбедимго бирок ал сиздин бир тууган ининизде.
Адыл кабагы буркуло тушуп ,тыншап калды.
-мен аны уккам десем ушак болот,бул чындык нерсе анткени оз козум менен кордум. Шаарда жургондо бир тууганыныз он алты жашаар кызынызды ээрчитип журушту. Кызыныз чон болуп калыптыр,татынакай экен. Кудум сизге окшош. Коздору жайнап,эчкимге жамандыгы жок момун жан.
Адылбек маанайы чогунку болуп басып кетти. Тиги аял артынан суйлоп:
-булар чындык ! бир тууганыныз менин аяштарым болот.. ар шеринеде жолугуп турабыз акыры. Сиз кайгарбаныз кызыныз баарибир кайтып келет,кайтат!

Адылбек ушул окуясын эстеп башы жарылып догдурда жатканда бир тууганы келгенин эстеди. Бир тууганы баласыз ,бала жытын жыттай элек. Иштин чоо жайын билген сон чет олкого коп жылдарга кетип жатканын айткан. Адыл эми аны тушундуу. Четке кетпей эле кызын тартып алыш учун ойлоп табылган айла экенин сезди. Ошентип жумушуна барып ун катпай устачылыгын баштады.

Гулназ Адылбектин кызы. Калыбекти озунун атасы экенин билбейт. Калыбек аялы Барчын экоо анын козун карап турушат. Барчын Гулназды жакшы тарбиялаган. Бийге бар деп бийге апарган ,бирок андан майнап чыккан жок . Гулназ эки уч жолу барып барбай койду. Мектепте жакшы коргон сабагы кол эмгек. Кол эмгектен мектептин атынан,областтын атынан ар кандай сынактарга барып журот . Керексиз буюмдарды иштетип ,керектуу гана эмес баалуу буюм кылып коёт. Кагаздан жасаган канаттулары баарын танкалдырат. Уйундода толгон –токой жасалмары бар. Барчын ар сайын уйду бир сыйра жыйганда Гулназдын жасагандарын орттоп турат. Болбосо уй кагазга же башка жасалмаларга толот. Калыбек бир иштин башын кармап уй-булоосун жакшы багат. Жаманы жападан жалгыз агасы Адылбекти карабай кеткени. Аны алдап чет олкого кеттим деп кызын тартып алганы. Бугун мамлекеттик сынак. Алдынкы орунда Гулназ келатат. Жонокой кагаздан буркут жасап ичине ток киргизип уча турган,сайрай турган кылып койгон. Андан башка коргозмолоруда толтура . Аз саз суйлойт. Оз оюн ачык айта бербейт. Конулуно жаккан адам менен суйлошот. Ар ай сайын сынактан уткан акчаларын тен болуп самсы алып,же жон эле акча кылып ар кайсы базарга барып,кочо кыдырып тилемчилерге тенме-тен кылып таратып келет. Бир куну ошентип базар аралап журуп Адылбекти кезиктирди. Адылбек колуна балка которуп озуно керектуу буюмдарды сатып алып журот. Гулназ негедир ушул киши менен суйлошкусу келип анын жанына барды.
-байке сиз устасызбы?
Адылбек ага карап ,кайра жерди карап ишин кыла берди. Ары жактан соодагер:
-кызым ооба бул уста,бул ушундай дудук сени менен суйлошо албайт. Ишин болсо атана айтда,атан суйлошуп колуна акчасын берип бутпогун жаматсын.Мунун колу женилда,жакшы уста. Ишти майын чыгара иштейт.
Гулназ козун ирмеп сумкасындагы кагаздан жасаган ак кушун алып Адылбеке сундуда:
-эмнегедир муну сизге бергим келди,оз ээсин тапбай жургон. Суранам алынызчы,мен муну туну менен уктабай жасап чыкгам байке. Адылбек колуна алдыда, куштун ийилип калган башын которуп туздоп койду. Гулназ озунчо башкача болуп уйуно жоноп кетти. Ата кыз жолугушканы менен бири-бирин сезишкен жок.Кечкисин Гулназ акчаларын самсыларын таратып келатты. Жолдо кочо балдары учоо отурду. Гулназды коруп тийишмекчи болушуп жолун торошту.
Гулназ коркуп кетип:
-байкелер эмне болду? жолдон качкылачы.
-келе акчаны берда каалаган жагына кетебер.
Гулназ кайра кулуп:
-силер эмне ГАИсинери жолдон тосуп акча алгыдай.
-э сен бизди шылдындаба жаман болот болбосо.
-акча бермекмин бирок бирда акчам калбады. Ошого озум жоо келатып кечда кирип кетти. Аа менде уч самсы калган мына учоону буюруптур ,мынакей алгыла.
Учоо танкалып эле карап турушат. Гулназ жылмайып самсыларды карматты да:
-аш болсун байкелер.
-бул самсы кайдан чон кыз?
-мм тилемчилерге бир айда бир кайрымдуулук кылып турам. Ошолордон ашканы эле. Гулназ кулуп коюп кетип калды.
Учоо танкалышканын токтоткон жок.
-ээ тилемчилерден ашкан самсы дейби?
-э жей берчи.

Гулназ тун киргенине карабай уйундо отуруп жыгачты ойгулап ,бугун коргон кишинин элесин тушундурду . Тунку саат торт. Апасы Барчын кирип келип:
-кызым дагы уктабай отурасынбы?
-ооба…
-болду кылчы,элдин кыздарына окшоп бийге барып,концерттерге катышып,алып баруучулук кылсан боло.
-апа болдуучу. Мага жакпайт алар,андан коро бирдеке жасаганым он.
-атанды тартпай ка… ой мейли кызым некылсанда оз убак-убагы менен уктада.
-азыр бутуп калдым апа.
-бул эмне озу кандай куш? Кушка окшобойт,же гул эмес?
-бугун бир кишини кордум колунда балкабы которуп алган. Аны коруп илхомум ашып тушту. Уйкум качып отуруп ошол кишинин элесин тушургум келди. Мен дагы аны коруп калсам муну белек кылам.
-ким экен озу ал?
-билбейм уста дештиго озу дудук экен.
Барчын журогу сезип анын Адылбек экенин сездида кызынын башынан сылап чыгып кетти. Барып ордуна жатып Калыбекти ойготту.
-эмне болду тун жарымда?
-байкениз ,Адылбек Гулназга жолугуптур.
-эмне? Жолугуптур?
Барчын козуно жаш алып:
-убагында атын озгортуп коёлу десем болбой койгонсуз. Эми Адылбек атынан таанып калса эмне кылабыз?
-эй мен эчнерсе тушунбой турам,качан,кантип жолугуптур?
-бугун базарда тилемчилерге садака кылып журуп Адылбекти коруп калыптыр.
-эмне Адылбекти кордум деп айттыбы?
-жоок, аны суроттоп айтып берди .
-аа ошондой эле болсун ошогода ыйлайсынбы? Эми сен туура эмес ойлоп алыптырсында. Мурдакы Адылбек жок,ал жудомуш азыр.
-ошоо,ошол Адылбек акыры ошонун балка кармап турганын жасап жататко.
-эмне ? Калыбек ордунан туруп Гулназдын болмосуно барды. Чырак куйук,Гулназ жыгачтан жасаган Адылбегин кучактаган бойдон уктап жатат. Калыбек кудум Адылбектин элесин жыгачтан коруп турду. Барчын келип алда коруп акырын дабыш чыгарып ыйлап кирди. Калыбек тошок алып Гулназды жаап ,Барчынды баштап сыртка чыкты. Тамекесин алып сыртта чегип отурду. Барчын артында ый-аралаш суйлоп:
-мен ушундай болоорун билгем.
-билсен алдына ала чарасын корбойт белен?
-акыры сиз болбой койбодунузбу?
-эмне атын озгортсон эле бирнерсе озгоробу? Журогу сезип жапайбы барибир.
-баарына сиз куноолусуз.
-эмнеге мен куноолу. Акыры бейтапканада жатканын угуп болгондода бир жумадан кийин бардык. Сенин планын менен иш жургузуп женемден кызды коркутуп тартып албадык беле?
-анан эмне кылыш керек? Жон сурасак бербесе.
-бироонун кызын тартып алып мактанганча торобойт белен анан!
-эмне бакырас! Ооба жаман иш болсо эле мен куноолу ,мен жаман. Э Сиздей эркекти.
Барчын болмосуно кирип кетти. Калыбек экинчи тамексин щаша –бушо куйгузуп керээ-керээ тартып булугуп тутунду чыгарып ыйлай баштады. Бир тууганына кылган жамандыгы учун,кызын тартып алгандыгы учун ыйлап жатты. Козу кызарып тамексин колуна басып-басып жанын кыйнады.
Башын кармап озун-озу жек коруп турду.

Эрте мененки тамакта учоо отурат. Калыбек менен Барчын улам-улам Гулназга тигиле карап туруп калышат. Гулназ аларды байкап кумшекерин аралаштырып:
-апа,ата эмне болду силерге?
Барчын:
-аа жок кел чай ич кызым.
-чайым бар ,ата сизге неболду?
-эхх,сени коруп откон кундорду эстеп турам.
Барчын буту менен бир туртту.
Гулназ:
-кайсы кундор ата?
-аа тиги убакыттын отконун айтып жатамда, мына он жетиге чыкканы калдын. Сенда бой жетип окууга тапшырасын,куйоого чыгасын.
-жоок куйоого чыкпайм ,мен силерди таштап эч кайда кетпейм.
Барчын:
-кызым бул эмне дегенин?
Калыбек:
-ахаха ха анда куйоону ич куйоо кылып алалы ээ.
Барчында кулуп:
-ошентелиби кызым?
-мм,ойлонуп коруш керек а айтмакчы мен кече сонун нерсе жасадым дейсинер ,азыр алып келем.
Гулназ болмосуно чыгып кетти. Калыбек ушкурунуп:
-Барчын эми эмне кылабыз?
-мунун айласын тапса болот, мен азыр бироого чалып коройунда.
-кимге ? дагы эмнени баштаганы турасын?
-ало Жанетта , кандайсын?
-жакшы Барчын дос сенби?
-ооба мен,Жаннетта шашылыш иштер менен чалып жатам. Кызымды да сенин кызын окууган университетке жонотсок болобу?
-Германиягабы?
-ооба ошол жака шашылыш жардам бербесен болбойт?
-ал жака он жети жаштан алат да.
-ай мейли,биздин кызда он жетиге чыгып калды.
-мейли документтерин бутургуло анда.
-рахмат досум.

Гулназ кечеки Адылбектин элесин тушургон жыгачын алып келди.
Барчын Калыбек экоо калп эле суктанып коюшту.
Барчын:
-кызым аябай сонун айтмакчы сага кубанычтуу капарыбыз бар.
-эмне кабар?
-биз атан экообуз сени,сенин кыялын болгон Германияга жоноткону турабыз .
-оо-оо! Чындапбы? Качан кетсем болот?
Калыбек:
-документтерин бутоору менен кетесин,эки жыл окуп кайра кайтасын.
-мен жыл сайын келип турамда.
Барчын:
-жол кире кетирип не кыласын эки жыл отот кететда кызым. Кийимдеринди даярдай бер.Гулназ ата-энесин кучактап суйунгон бойдон чыгып кетти.

Адылбек уйундо Гулназ берген ак кушка карап отурат. Андан сон кузгуго бир карап кызын жонуна отургузуп ойноткон кундорун эстеп турду. Кызы ушул кузгуго келип кызы озун коп карачуу . Гулназдан калган жалгыз белек ушул.
Кундор отуп Гулназ базарга тушту. Аны бут тилемчилер таанып бутушкон. Бугунда аны коруп кубанып турушту. Бирок Гулназ аларга карабай отуп Адылбекти коргон жерге барды. Сатуучу аны коруп дароо таныды. Анткени ал Адылбектин баягы кошунасы Керим эле.
-ой чон кыз сен дагы келдинби?
-байке саламатсызбы мага отконку уста киши керек болуп жатты эле.
-кайсы?
-откон куну келгенде бир киши соода кылып жатпадыбы ?
-ой бизге туркун –туркун адам келетда. Керим атайлап аны сынап билмексенге салды.
-мен кагаздан жасалган куш бербедим беле?
-аты ким эле?
-оой билбейм байке уста деп жатпадыныз беле,озу дудукчуу.
-аа дудук уста дебейсинби хехе,ал бироолордун ишин кылып журотда.
-байке сиз аны жакшы таныйсызда ээ.
-ооба менин кошунам болот,аты Адыл.
-Адыл? Гулназ бул ысымды кайбир жерден уккансып кайра-кайра кайталап:
-Адыл? Адыл,Адыл байке мен бул ысымды бир жерден уккандаймын.
-эсте ,эсте каерден уктун эле?
-эмнегедир тааныштай.
-кичинекей канча бир,уч жашындагыны эстей аласынбы?
-жоок,эсимде жок.
-толук аты Адылбек эми Адыл дейбизда. Эстесен жакшылап. Керим болгон аракетин жумшап жатты.
Гулназ токтонуп :
-мейли эми окшош ысымдар копго. Мен ошол байкенин элесин тушургомда,мынакей окшоптурбу?
Керим курчакты колуна алып Адылбектин элесин коруп турдуда:
-ооба бул анын дал озу,дал сенин атан.
-атан? Жоок атам эмес,бул устачы откондо коргон.
-аа кызым канчага чыгып калдын?
-он алтыга жакында он жетиге чыгам.
-бой жетип калыпсын .
-байке эгер ошол устаны корсонуз ушуну менден белек кылып берип коюнузчу ээ.
-макул кызым,макул.
-мен эртен Германияга учуп кетем ошого ал байкени куто албайм.
-эмне ал жака эмнеге?
-мм бул жагы сыр болсун ээ,жакшы калыныз байке.
Гулназ чуркаган бойдон кетип калды.
Керим дароо соодасын жаап уйуно кетти. Аялына барып суйлошуп Адылбекти аны менен жолуктурмай болушту. Бирок Адылбек бугун келген жок. Жумушта бутуна кирпич тушуп баса албай калды. Анын каерде иштеп жатканында билишпейт. Керимдин аялы Мастура болгон чындыкты катка тушуруп чонтогуно салып койду.
Эртесида Адылбек келген жок. Акыры Керимдер ачык эле Гулназга айтмай болуп алардын уйун таап барышты. Уй жабык ,алар аэропортко кетишкен. Керим ушкурунуп:
-ушу сен боёнбой келгенде жетишмекбиз э.
-озунуз эртерек турбайсбы?
-э бирдеке десе эле ооздон ала каласында.
-тээтиги чуркап келаткан кыз ошол эмесби?
-кана ии ошол,ошол. Гулназ чуркап келип:
-ой байке кандайс? Саламатсызбы эже. Кайдан бул жерде?
Керим:
-а биз тиги жакта жашайбыз,эмне чуркап алгансын?
-аэропортко кетип жатканбыз,паспортум калып кетиптир. Узак сапарга чыкканда артка кайтпайт дешти эле озум чуркап келе бердим.
Гулназ уйуно кирип паспортун алып чыгып:
-мейли жакшы калыныздар.
Мастура:
-Гулназ токтой турчу. Биз шаар четинде турабыз чынында. А биз сага келгенбиз.
Ангыча Калыбек унаасы менен жетип келди. Мастура жазган дароо Гулназга карматтыда:
-бул кат сага жардам берет,ким экенинди унутпа.
Барчын:
-кызым ким экен алар?
-менин таныштарым,мейли жакшы калыныздар.

Керим:
-мына ,Гулназда кетти. А сен эмне кат бердин ага?
-мен болгон окуяларды ошол кагазга тушургом.
-ээй сен акылдуусун,азамат ,азамат . Керим Мастураны кучактап айланта которуп алды. Мастурада кулуп:
-эми сиздей акылдууга татыктуу болуп журобузда.
-кеттикби ,Адылбек келди бекен десен.

Гулназ унаанын артында баратат. Алдыда Калыбек менен Барчын:
-кызым алар ким эле?
-а мындай эле таныштарым ,мени менен коштошкону келишиптир.
-аа алдын ээ паспортунду ,эчнерсе унутпадынбы ?
-жоок апа.

Гулназ акырын байкатпай катты ачып окуй баштады.

-Гулназ бул катта болгон чындык жазылган. Бир жерин бурмалап ,бир жерин алып же кошуп койгон жокмун. Кандай корсом,кандай окуя болсо ошондоюнча баяндалган. Мен сенин аяш энен Мастура болом. Сен чон кыз болуп калдын эми чындыкты билишин керек. Бир кун болбосо баарибир бул чындыкты билесин. Кыныр иш кырк жылда билинет эмесби. Эсине жакшылап туйуп ал Калыбек менен Барчын сенин ата-энен эмес.

Гулназдын коздору жалындай жанып кетти. Ыссык жашы бетин суруп отту. Ата-энесине бир карап алдыда,кайра катты окуй баштады.

Гулназ сен уч жашында ата-энен урушуп кетип ажыращып кетишкен. Апан кыянаттык кылып ,башкага куйоого турмушка чыкты. Атан башынан оор жаракат алып бейтапканага жатып калган эле. Сенин азыркы атан Калыбек сенин оз атандын бир тууган иниси. Аялы Барчын экоо балалуу болбой сени апандан тартып алышкан. Атан бейтапканада жаткан кезде алар сени алып кайып болушкан. Атандын аты Адылбек . Сен аны базарда коргонсун. Анын элесин жыгачка тушуруп жолдошумдан бердириптирсин. Бирок Адылбек уйуно келген жок.
Билесинби ал ошол он уч жылдан бери такыр суйлобойт. Дудук жанга айланган. Ал сени издебейт бирок сени кутот,кутуп журот кызым. Сен атанды бул туйшуктон куткар. Мен ишенем, качандыр бир мезгилде болсода сен атанды издеп келесин. Болгону эртерек кел,кеч болуп калбасын Гулназ.
Ушул дарек боюнча издеп келээрсин.

Гулназ козунон тамган жашын улам-улам аарчып баратты. Катты бырыштыра кармап чонтогуно салды. Барчын анын ыйлаганын коруп:
-кызым эмне болду сага?
-апа ,кетким келбей жатат.
Калыбек:
-э эмне болуп кетти? Мына аэропорткода жетип калдык. Убактында болуп калды ,эч капа болбо кызым баары жакшы болот. Конушуп кетесин.
Гулназ ага карабай эле козунон жашы сызып Адылбектин базардагы элеси,кулумсуроп жылуу караганы коз алдына келип турду. Калыбек унааны токтотоору менен Гулназ унаадан тез тушуп таксиге отуруп :
-байке тезирээк айданыз сураныч,бул дарек боюнча.
Калыбек таксиге жеткенче журуп кетти. Айнектен Гулназдын колундагы кат учуп барып Барчындын алдына тушту. Калыбек таксинин артынан чуркап жетпей кала берди. Кайтып келсе Барчын шолоктоп ыйлап козун арчып:
-акмактар! Менин кызымды тартып алды.
-эмне болду? эмне ыйлайсын?
-бул кат,бул катты жанакылар беришкен. Кызым атасына кетти.
-кана берчи.
Калыбек катты окуп :
-эхх Мастура сени олтуром. Олтуруш керек сени. Отур унаага, артынан жетип барабыз.

Мастура менен Керим уйго келсе чолондоп Адыл келе жатты. Экоо алдынан тосуп чыгып учурашышты. Керим курчакты алып чыгып:
-муну сага кече откондо сага жолуккан кыз берди. Карачы кудум эле сени жыгачка айландырып койгондой. Адылбек курчакты айланта карап жылмайды.
Мастура:
-кошуна бутунузга эмне болду?
Адылбек кирпич тушуп кеткенин колу менен тушундуруп берди.
-аа тушунуктуу азыр жакшыбы баары?
Адыл башын ийкедида уйуно жоноду. Керим артынан карап:
-карачы колунан коору тогулгон уста . Уста кызы уста болуптурда ээ. Кичинекей жыгачтан атасынын элесин чагылдырган кандай талант.
-мунун кызыго уста чыгыптыр,сиздин балдар соодагер чыкпай эле неболуп баратат?
-э жашта алар эми чыгаар бирдеке.

Адылбек чолондоп уйуно кирип бутунун ооруганын чыдабай кучактап отурду. Колундагы куурчакты бооруна кысып кызын эстеп ,бир да жолу издеп барбаганына окунуп кетти.
Керимдер эми эле уйго кирейин дегенде Гулназ жетип келди.
Керим:
-кара Мастура тигине Гулназ ,ал кайтып келди. Керим Гулназ унаадан тушкончо чуркап Адылбектин уйуно кирип :
-э эмне бутунду кучактап алгансын? Тур кызын келди!
Адыл акырын башын которуп кайра башын жерге салды.
Мастура Гулназдын колунан жетелеп уйго карай келатат. Адылбек жашоодон умутун узгон жандай кайгылуу отуруп козун жума баштады. Керим тургазганга аракет жасап:
-Адылбек досум турчу,мен жалган айткан жокмун. Кызын сени издеп келди. Адылбек былк этпей отурат. Ангыча Гулназдын ый аралаш «ата!»деген дабышы жанырды. Адылбектин жумулган коздору чоон-чон болуп ачылып дароо ордунан турду. Гулназ эшиктен кирип келип:
-сиз менин атамсызда ээ бул чындыкпы? Мен сизди алгач коргондо ушунчалык башкача болгом. Журогум таанып озум таныбапмын. Ата,атамсыз ээ.
Адылбек козунон молт-молт жашы тамып акырын гана:
-Гулназ,Гулназ ,Гулназ. Барган сайын дабышы жогоруулай баштады. Анын суйлогонуно учоо тен тан кала карашты.
Гулназ:
-ата ,ата сизз суйлойсузда ээ. Мен билгем,мен сезгем аны.
-кызым…
Эркек башы менен Керим ата кыздын кучакташып ыйлагынын коруп жаштанып кетти . Мастура эшике жолонуп ыйлап жатат. Керим анын жанына келип ый аралаш:
-ээй эмне ыйлайсын артистерге окшоп? Бас чык эшике.
-сиз эмне ыйлайс?
-ээ ата кыз табыштыго,ыйлаймда бул кубанычтын коз жашы.
-меники деле.
-э бас уйго коп суйлобой. Алар сыртка чыгып кетишти.
Адылбек кызын бекем кучактап:
-ошол он уч жыл мурун,он уч жыл мурун мен сени жоготконмун. Мен сени издеп барбаганым учун кечирчи.
-жоок ата,мына мен издеп келдимго. Сизди сагындым ата… апамды сагындым…
-апан ,апандын башка балдары бар,кааласан жолугуп келсен болот бирок сени эчкимге бербейм.

Керим Мастура экоо сыртка чыгаары менен Калыбектер жетип келди.
Калыбек:
-кызым кайда!? кызым кайда!?
Керим анын жолун тосуп:
-ал сенин кызын эмес,Адылбектин кызы.
Барчын:
-менин кызым!
Мастура:
-Адылбектин кызы уялбайсынарбы бироонун кызын кызым дештен!
Булардын урушунан Адылбек кызы менен сыртка чыкты. Бири-бирин жакалашып турган Керим менен Калыбекти коруп :
-токтоткула! Керим жолду ач! Калыбек а сен мага эчким эмессин,кет!
Адылбек кайра уйуно карай кайырылды. Гулназ анын колунан тартып:
-ата! Ата ,менин атамды кечирип коюнузчу. Бир тууганызды кечирип коюнузчу. Мен алардан нааразы эмесмин,мен учун кечирип коюнузчу.
Калыбек башын жерге салып:
-кылгын куноолорум учун окунуп жашайм. Мени кечирчи байке.
Барчын:
-кайын ага,бизди кечириниз.
Гулназ:
-ата ,сизда менин атамсыз буларда менин ата-энем ,мен силерди боло албайм . Сураныч сизден. Гулназдын создору Адылдын журогундогу таарынычты жууй тушту.
Туугандар бири-бирин кечирим сурап кайрадан биригищти.

Ал кундорда отту. Адылбек эшиктин алдында отурат… Гулназ кочо жактан басып келип Адылдын жанына отурду.
-эмне барып келдинби?
-ооба…
-жолугуп суйлоштунбу?
-жок.
-эмне учун?
-апамдын балдары бар экен,ал бактылуу. Куйоосу да жакшы адам окшойт, баласын ойнотуп керебетте жатты. Апам тамак жасап журот. Мен сырттан карап эле кайра кайттым.
-кызым жанакы куурчагын мага аябай жакты.
-рахмаат и баса бутунуз жакшы болуп калдыбы?
-ооба жакшы.
-ата жакында сынак болот мага бирнерсе жасаганга жардам бересизби.
-кантип жардам бербейин ,берем албетте. Ангыча уйдон Барчын чыгып:
-эй ата кыз,жургуло тамак бышты,кызым бар экинчи атандыда чакыр…

Аягы…

 

Сайтыбыздын ссылкасы менен бөлүшүп коюнуздар! 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE