Уйгу-туйгу сезимдер 12-бөлүм (АЯГЫ)

https://kyrgyzcha.site/?p=69630&preview=true Кызыктуу окуялар.

12- БӨЛҮМ..

 

– Ошону менен балдар үйүндө мен күчтүүлөрдүн катарында жүрүп бой жеттим,- деп сөзүн улантты… – Андан кийинки жашоомдо деле ошондой болду. Аскерден кайтып келген соң мени сыйлап турган балдарды топтодум да, ар кимди тоноп, уурдап жан багып баштадым. Бул мен билген жакшы жашоо жолу болчу. Жакшы кийим көрсөм бирөөнүн жонунан коркутуп-үркүтүп чечип алуу, бербесе күчкө салып, кыйнап тартып алуу мага түккө арзыбаган иш болчу. Курсагым ток, кийимим бүтүн, баары мени сыйлашат. 90-жылдар мендей акмактар үчүн гүлдөгөн маал болду. Ошол тапта Алматынын чок ортосунан батир алып, байларча жашап баштадым. Алдымда ал кезде чанда келген немистердин унаасы. Өзүм жапжашмын. Эч кимди көзгө илбеген, анча-мынчаны туура эмес көз карашы үчүн өлөрчө сабап салчу, баары сыйлаган мыкаачымын. Ошентип жүргөн тапта, бир ирет мен көчөдөн Маржанды көрүп калдым. Апакай көйнөк кийип алып сабагынан кайтып келе жаткан экен. Мен мурда мындай сулуулукту көргөн эмесмин. Апкаарып эле туруп калдым. Анан күнүгө ошол Маржан өтчү көчөгө эки маал келчү болдум. Эртең менен сабагына баратканда бир, кечинде сабагынан чыкканда дагы бир көрөм. Ошого эле ичимден канаат кылып, кубанып калам.

Бир ирет Маржан келер маалды күтүп отуруп унаамда уктап кеткен экенмин. Терезем тыкылдаганынан ойгонуп кетсем, бажырая күлүп Маржан турат.

– Эмне, бүгүн уктап калдыңызбы?- дейт. Түшүнбөй эле калдым.

– Мен сизди байкап жүрөм, сиз дайыма мени көздөрүңүз менен сабагыма, сабагымдан үйүмө чейин узатчу эмес белеңиз,- деди кыткылыктап. Ыңгайсыз болуп кеттим. Уялганымдан кызарып алгам.

– Узатасызбы?- деди анан күлүп жаткан калыбында. Мен өмүрүмдө биринчи жолу ошондо кыз жандап, аны үйүнө чейин узатып көрдүм. Баягы эч кимди аябаган мыкаачыдан заматта алсыз, уялчаак бир жигитке айландым.

Мен жашоодо ак-кара түстөрдөн башка да түстөр бар экенин сезе баштадым. Маржанды жан дүйнөм менен берилип сүйүп, тагдырыма ыраазы боло түштүм. Бирок мен ким элем? Мен ата-энесиз өскөн, ар кимди тоноп, ар кимге салык салып жашаган мыкаачы болчумун. Ал эми Маржандын ата-энеси жогорку кызматтагы адамдар эле. Алар мага кызын бермек эмес. Мен Маржан үчүн өзгөрүлөйүн деп чечтим. Ошентсе да анын ата-энеси биздин бактыбызга каршы болду. Акыры Маржан экөөбүз келиштик да, Москвага бирге качып кеттик. “Ата-энем акыры кечиришет. Мен сенсиз жашай албайм…” деди Маржан.

 

ххх

 

Өмүрүмдө биринчи ирет мени башка бирөө, болгондо да мага периштедей сезилген Маржан жакшы көрдү. Мен чексиз бактылуу элем. Маржаным менин эл катары жашап башташыма шарт түздү. Өзүм ак эмгек кылып, үй-бүлөмдү багып баштадым. Оор жүк ташуучу унаа айдачумун. Кыргызстан, Казакстан, Орусияны түрө кыдырып жүрөм. Үйдөн алыска кеткен маалда Маржанымды сагынып, ага жетсем деп элеп-желеп болуп кетер элем. Кудайдын буйругу экен, Маржан экөөбүз балалуу боло албай койдук. Мага бирок баланын деле кереги жок болчу. Ай чырайлуу, адамдык мыкты сапаттары бар келинчегим болсо эле дүйнө тегиз сезилер эле. Бирок Маржан балалуу болбой жатканыбызга бушайман боло берди. Күнөөнүн баары менде экен. Кандай болсо да мен тукумсуз өтмөкмүн. Маржан мени таштап кеткен жок. Мага да айып такпады… Болгону күндөн-күнгө соолуй берди.

Узак жолго чыкканда мен Маржанды бактылуу кылуу үчүн бала багып алуу керек го деп ойлой берер элем. Бирок заматта эле Маржандын болгон сүйүүсү балага өтүп кетсечи, мага көңүл бурбай калсачы деп кызганып чыкчумун.

Бир жолу кыштын күнү Кыргызстанга жүк таштап, унаам менен кайра Москваны көздөй жөнөгөм. Казакстанга кетчү жолдо жалгыз бараткам. Түн. Бир убакта жол жээкте оодарылып жаткан жеңил унааны көрүп калдым. Мен адатта жолдон далай жол кырсыктарын көрчүмүн, бирок токточу эмесмин. Андайда Маржаныма барчу жол узарып кетпесин дейт элем. Бирок бул жолу токтоюн деп чечтим. Кыязы айдоочу тайгак жолго рулун алдатып жиберген окшойт. Унаа төбөсү менен түшүп жатат. Ичинен чыркырап ыйлаган үн угулат. Шашып-бушуп эле унаага жетсем канга боёлуп бир жигит, жаш келин, анан эки кичинекей наристе жатыптыр. Наристелердин бири жансыз, бири чыркырап ыйлап жатат. Ата-энеси эбак дүйнө менен кош айтышыптыр. Эшиктин суугу чучукка жетет. Мен ошондо бир гана нерсени ойлодум. Өлүп жаткандарга боорум ооруган жок, болгону ушул тирүү калган наристени мага Кудай өзү берди деп ишендим да, аны алып унаама чуркадым. Заматта көз алдыма бактылуулуктан көзү жайнай түшкөн Маржанымды элестеттим. Экинчи наристе жансыз жаткан болчу. Аны өлдү деп эле ойлодум. Шашып калдым. Унаанын ичинен чачылып жаткан сумканы карап упчулуу бөтөлкөнү таптым. Анан ошондо сумкада эки наристенин жана анын ата-энесинин документтерин көрүп калдым. Ойлонгонго убакыт жок болчу. Документтерди өрттөп жибердим. Унаама болгон күчүмдү салып, катуу ылдамдыкта жөнөп кеттим. Азыр бул окуя ушунчалык таң калычтуу угулат, бирок дээрлик Кыргызстандан Орусияга чейин ашып барса 5-6 айлык кызды ороп-чулгап отуруп жетип алдым. Ар кайсы жерден токтоп, ага тамак берип, алдын тазалап келе бердим. Ооба, буга ишениш кыйын…

– Ошону менен балдар үйүндө мен күчтүүлөрдүн катарында жүрүп бой жеттим,- деп сөзүн улантты… – Андан кийинки жашоомдо деле ошондой болду. Аскерден кайтып келген соң мени сыйлап турган балдарды топтодум да, ар кимди тоноп, уурдап жан багып баштадым. Бул мен билген жакшы жашоо жолу болчу. Жакшы кийим көрсөм бирөөнүн жонунан коркутуп-үркүтүп чечип алуу, бербесе күчкө салып, кыйнап тартып алуу мага түккө арзыбаган иш болчу. Курсагым ток, кийимим бүтүн, баары мени сыйлашат. 90-жылдар мендей акмактар үчүн гүлдөгөн маал болду. Ошол тапта Алматынын чок ортосунан батир алып, байларча жашап баштадым. Алдымда ал кезде чанда келген немистердин унаасы. Өзүм жапжашмын. Эч кимди көзгө илбеген, анча-мынчаны туура эмес көз карашы үчүн өлөрчө сабап салчу, баары сыйлаган мыкаачымын. Ошентип жүргөн тапта, бир ирет мен көчөдөн Маржанды көрүп калдым. Апакай көйнөк кийип алып сабагынан кайтып келе жаткан экен. Мен мурда мындай сулуулукту көргөн эмесмин. Апкаарып эле туруп калдым. Анан күнүгө ошол Маржан өтчү көчөгө эки маал келчү болдум. Эртең менен сабагына баратканда бир, кечинде сабагынан чыкканда дагы бир көрөм. Ошого эле ичимден канаат кылып, кубанып калам.

Бир ирет Маржан келер маалды күтүп отуруп унаамда уктап кеткен экенмин. Терезем тыкылдаганынан ойгонуп кетсем, бажырая күлүп Маржан турат.

– Эмне, бүгүн уктап калдыңызбы?- дейт. Түшүнбөй эле калдым.

– Мен сизди байкап жүрөм, сиз дайыма мени көздөрүңүз менен сабагыма, сабагымдан үйүмө чейин узатчу эмес белеңиз,- деди кыткылыктап. Ыңгайсыз болуп кеттим. Уялганымдан кызарып алгам.

– Узатасызбы?- деди анан күлүп жаткан калыбында. Мен өмүрүмдө биринчи жолу ошондо кыз жандап, аны үйүнө чейин узатып көрдүм. Баягы эч кимди аябаган мыкаачыдан заматта алсыз, уялчаак бир жигитке айландым.

Мен жашоодо ак-кара түстөрдөн башка да түстөр бар экенин сезе баштадым. Маржанды жан дүйнөм менен берилип сүйүп, тагдырыма ыраазы боло түштүм. Бирок мен ким элем? Мен ата-энесиз өскөн, ар кимди тоноп, ар кимге салык салып жашаган мыкаачы болчумун. Ал эми Маржандын ата-энеси жогорку кызматтагы адамдар эле. Алар мага кызын бермек эмес. Мен Маржан үчүн өзгөрүлөйүн деп чечтим. Ошентсе да анын ата-энеси биздин бактыбызга каршы болду. Акыры Маржан экөөбүз келиштик да, Москвага бирге качып кеттик. “Ата-энем акыры кечиришет. Мен сенсиз жашай албайм…” деди Маржан.

 

– Акыры мен үйгө Маржаныма колума бала көтөрүп кирип келдим. Ага баарын айтып бердим. Болгону унаадагы экинчи жансыз наристе тууралуу ооз ачпадым. Ал аны укса бушайман болмок.

«Үйүбүздүн алдына таштап кетиптир» деген болдук да, кызды өзүбүзгө каттатып багып алдык. Кызга Жанна деген ысым ыйгардык.

Жанна чоңоё берди. Маржандын жашоосунун маңызы ошол кыз болчу. Мен аларды кем кылбай багуу үчүн болгон аракетимди жумшап, ишкерликти үйрөндүм. Абдан жакшы жашап баштадык. Маржан ар убак Жаннага кийимдин жакшысын кийгизчү, тамактын мыктысын берчү. Анын айтканы менен болуп, көзүнүн агы менен тең айланар эле.

Жаннаны жалаң байдын балдары окуучу мектепте окуттук. Ал дайыма ээн-эркин жүргөндү жакшы көргөн, айтканынан кайтпаган көк бет, мүнөзү татаал кыз болуп чоңойду. Кыязы жетиштүү жашоо, чөйрөсү аны азгырып кетти окшойт. Кыскасы, бир ирет ал менин капчыгымдан акча уурдап жатканда кармап алдым. Маржандын айтканы менен болуп Жаннага Москвадан өзүнчө батир белек кылган элем. Буга эмне жетишпейт деп жиндендим. Көрсө, ал баңги болуп кеткен экен. Биз байкабай жүрө бериптирбиз… Жанна Маржанды аяп да койгон жок. Байкуш Маржаным көз алдымда алсырап, санаа тартып чөгүп жатты.

Мен бардыгын ачык айтып берейин деп чечкем силерге. Ачык эле айтайын, акыры бир күн Жанна өлөт деп билип жүргөм. Баңгилер көп жашабайт… Бирок Жанна өлүп калса, Маржаным биротоло жок болуп кетет го дегенде көзүм тумандап, жашагым келбей кетчү. Маржан жашоосун Жаннага, а мен бүт өмүрүмдү Маржанга арнап койгон болчумун. Бирок Жанна башкалар үчүн жоопкерчиликте экенин сезип койгон жок.

Бир ирет жумушумдан чыгып, ресторанга бардым. Билбейм, жалгыз тамеки түтөтүп, коньяк жутуп отургум келди. Мына ошол жерден мен кереметтүү нерсеге кабылдым. Ресторанда Жаннага куюп койгондой окшош официант кыз жүргөн экен. Мен адегенде аны Джи экен деп ойлоп, бирок кыздын жүзүнөн баңгизат аттуу нерсеге жакындабаганын байкап, анан калса улам бир сөздү кыргызча сүйлөп курбусу менен баарлашканын көрдүм. А Жанна орусча гана билчү… Мен үчүн мунун жандырмагы оңой эле болчу.

Өткөндү эстеп дароо түшүндүм. Көп жылдар мурун оодарылып жаткан унаанын ичинде мен жардамсыз калтырып кеткен, мен жансыз деген наристе тирүү болгон экен, жашап жатыптыр. Билбейм, аны кимдер таап алганын, бирок ал кайсы бир күнү бир дозанын айынан өлүп кала турган Жаннанын ордун баса алмак. Мен ушундай өзүмчүл, ушундай мыкаачымын… Ушуну ойлонуп жибердим. Себеби Маржан баягыдай бактылуу боло алмак. Маржан жашамак. Бул сырды эч кимге айтпастан, Жанна өлүп калса, анын ордун кантип тиги кыз менен алмаштырам деп бушайман боло баштадым. Керек болсо Жаннаны өзүм эле жок кылдырып, тиги кыз менен алмаштырып коюунун да жолун издедим.

Андрей Николаевич – ал адамдын баш мээсин ачып, жумулган көздөрү менен кайсы жерде кайсы нерв, кайсы булчуң бар экенин айтып бере алчу мыкты врач болчу. Ал мен куруп жаткан үйлөрдүн биринен батир алып жатканда таанышкам. Оюма ошол келди. Бир ирет аны кечки тамакка чакырып, мас кылдым. Кызыккан кишидей эле «башка адамды «сен андай эмессиң, сен ал эмессиң, сен мындайсың, сен булсуң» деп таптакыр башка адам экендигине ишендирип мээсин буруп коюуга болобу?» деп сурадым. Ала көөдөн Андрей Николаевич андай нерсе болорун, бардыгы психологияга байланыштуу экенин айтып мактанды. «Жасай алам» деди. Аны кантип жасайт, башымды ооруткан жокмун.

 

ххх

 

Ал күн да келди. Маржан акыркы убакта санаадан уктай албай калган. Мен анын тамагына уктатуучу дары кошуп койчумун. Бир аз эс алып алсын деген ой менен ошентем. Адаттагыдай тамагына дары кошуп уктаткан соң Жанна чалып калды. Алсам:

– Апа, жардамга, күйүп жатам!- деп кырылдады. Аны телефон номуру аркылуу эле таап бардым. Бир нече гастарбайтер Жаннаны сойку катары сатып алышыптыр. Алардын батирине мен жетип барганча эле кыз каза тааптыр. Тигилер көздөрүн алайтып коркуп калышкан экен.

Мага көп адамдар карыз. Алардын кээ бири карыздарын бергиси келбейт. Ошондойлорго жибериш үчүн менде бөрк ал десе баш алган 4-5 жигит кызмат кылышат. Мына ошол жигиттердин бири Калыс аттуу кыргыз жигит болчу. Мен аны түрмөдөн сууруп чыккам.

Жаннанын өлгөнүн мына ушул Калыс экөөбүз гана билдик. Ага болгонун түшүндүрүп бердим да, Москванын четиндеги бир үйдүн жер төлөсүндөгү муздаткычка Жаннанын сөөгүн салдырттым.

Ойлорду ишке ашырыш керек болчу. Калыс Жаннага окшош кыздын артынан түштү. Андрей Николаевичке мен ал түшүндө да көрбөгөн акча сунуштадым. Ал баш тарта алмак эмес. Баш тартса аны өлтүрүп деле коюуга мүмкүн болчу. Кыскасы, Андрей Николаевич кыз башынан катуу жаракат алышы керектигин, калганы анын жумушу экенин айтты. Ал тиги кызды түз мааниде айтканда, Жанна кылып жасап чыкмак болду…

Кыздын аты Арууке экен. Мен Калыска ишенгем. Ал өзүнүн достору менен барыптыр да, кызды кайсы бир батирге кыйнап алып келиптир. Мына ошол жерден ал көзүнөн айрылган. Кыз аны калем менен оюп алган экен. Азыр Калыстын Циклоп аталып жүргөнү ошондон. Көзүнөн айрылган Циклоп аз жерден кызды өлтүрө жаздаптыр. Ал өлтүрбөй, болгону башына катуу чаап залал келтириши керек болчу. Кызды араң сактап калдык.

Кыскасы, биз муздаткычтагы Жаннанын денесин Аруукеники кылып көрсөтүп койдук. Бул оңой эле болду… Арууке жашаган аймакка эле тоңуп турган Жаннанын сөөгүн полиция тапкыдай кылып таштап кеттик. Анын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Ал арада «Джи табылды» деп Аруукени алып келип ооруканага жаткырдык. Мына ошол жерден Андрей Николаевич мени таң калтырды. Ал эмне кылганын билбейм, бирок кыз жадакалса өз атын да унутуп коюптур.

Кандай ойлойсуңар билбейм… Бирок мунун баары Маржан үчүн жасалды. Силер бул жакка качкандан кийин мен арга жок Маржанга баарын айтып бердим. Ал менин Маржаным да, менин жинди сүйүүмдү, акылсыз, өзүмчүл сүйүүмдү түшүнө алды. А силер мени псих деп ойлоп жатасыңар. Түшүнөм. Соо киши минтпейт.

Канчалык оор болбосун, Маржанга убада берген үчүн, Арууке, мен сенден кечирим сурайм. Мен Жаннаны өлтүргөн жокмун. Ал өз жиндилигинен эле каза тапты. Ал эми сени өлтүрбөгөнүм менен, сенин өмүрүңдүн бир учурун уурдаганга аракет кылдым. Мына ушул үчүн кечирип кой! Мунун баары жакшы көргөн адамым үчүн жасалган!

Мурат жеңилдей түшкөндөй болду. Анын бет маңдайында отурган Арууке көз жашын көлдөтүп, эмне деп сүйлөөрүн билбей жатты. А Жанардын муштумдары чыңалып, Мураттын кылган кылыктарына бир чети жини келип, бир эсе таң калып бүтө албай турду.

– Мен сизди кечирем!- деди анан бир убакта Арууке Муратка тике карап.

– Аруш?! Эмне дейсиң?!- Жанар түшүнбөй калды. Мурат болсо көздөрүн чакчайта оозун ачып туруп калды. Ал мындайды күтпөсө керек.

– Кечирем, Маржан апам үчүн кечирем!

– Арууке, токтосоң, биз аны түрмөнүн түбүндө чиритип коё алабыз,- Жанар шашып калды.

– Анан? Анан эмне болот? Бул түрмөдө чирийт. А Маржан апачы? Жалгыз калабы? Өмүр бою «Мурат менин айымдан ушинтти» деп өзүн жеп өтпөйбү?! Ал байкушта эмне күнөө? Күнөөсү – эне болуп баласын жакшы көргөнүндөбү? Ал мындай азапка татыксыз. Мен ошон үчүн кечирем. Менин бир тууганым Жанна, канчалык ачуу угулбасын, туура эмес кадам жасаган. Анын туура эмес кадамынын азабын баарыбыз тарттык. Болбосо бизде акыры бир убакта жолугуп калуу мүмкүнчүлүгү бар эле го. Мурат Адамбаевич, мага болгону бир нерсени айтыңызчы, сиз өрттөп жиберген документтерде менин чыныгы апам менен атамдын ысымдары кандай эле? Окудуңузбу?

– Азамат жана Нургүл. Мен өз булактарым аркылуу алардын Казакстанда жерге берилгенин аныктадым. Кааласаң бейиттерин көрсөтүп бере алам. Сенин ата-энең мен сыяктуу балдар үйүндө тарбияланган адамдар болгон экен…

Арууке шалдая түштү. Азыр ал чыныгы ата-энесинин бейишин гана тилеши керек. Ал муну түшүндү.

Чындык айтылып бүттү. Ортодо жымжырттык пайда болду. Ушул маалда бөлмөгө Маржан кирип келди.

– Апа!- көз жашы тыйыла элек Арууке анын кучагына жыгылды.

– Кызым! Апа деп койгонуңдан сенин! Суранам, мени жерибе… Апаң болуп эле жүрөйүнчү. Сага аябай көнгөн экенмин. Колуңдан келсе Муратты кечир! Мени кечир! Сени болгон энелик мээримим менен жакшы көрөм!- Маржан да ыйлап жиберди.

– Кечирдим, апа! Сенин күнөөң жок. Энелик кылып баласын жакшы көргөн да күнөө бекен? Кечирим сураба,- деди Арууке жооткотуп.

 

ххх

 

Гүлкайырлуу бейиттеги сүрөт өзгөрүлүп, эстеликке Жанна Муратова деген ысым жазылган таш орнотулду. Колдорун жая отурган Маржан менен Арууке дилинде Кудайдан Жаннанын күнөөлөрүнүн кечирилишин, бейиштен орун алышын тилеп отурушту.

– А бул гүлдөрдү ким эккен?- деди Маржан бир убакта бурулуп.

– Жанар…

– Аа…- Маржан баарын түшүндү. Жигитке ыраазы болуп кетти.

 

ххх

 

Бишкектин чок ортосундагы төрөт үйлөрүнүн биринин алдында өздөрүнчө эле кубанып, чечекейи чеч болуп алган топ адам жүрөт. Алар Калия, Кадыр, Маржан, Мурат, Зуура жана Жанар…

– Кудагый, небереңиздин ысымын ойлонуп турасызбы? Ким коёсуз?- Маржан Зуурага суроо салды.

– Ысымы даяр, кудагый. Уулум менен келиним эбак мага айтып дайындап коюшкан.

– Аа, жакшы. Ким коёсуз ошондо?- Калия да күлүп-жайнап сөзгө аралашты.

– Жанна. Ушинтип коёбуз деп жаштар чечишкен. Мага да жакты…

Баары үндөбөй туруп калышты. Аппак көйнөк кийген, колуна кооз гүлдөрдү, түркүн түстүү шарларды кармап турган Жанар баарын күлө карап: – Арууке ушинтип каалады. Мен колдодум. Менимче, абдан туура. «Кандай болгон күндө да бир өмүр бул дүйнөдөн өтүп, башка соолуп бараткан өмүргө мүмкүнчүлүк бериптир. Мүмкүнчүлүк алган өмүр жаңы өмүр жаратып отурат. Жаңы өмүрдүн аты Жанна болуш керек» деп түшүндүрдү Арууке.

Баары унчукпай турганы менен, ичтеринде мындан бир жыл мурун Кыргызстанга келип, эми бүгүн эне деген ыйык наамга ээ болуп отурган Арууке аттуу жакшы адамга ыраазы болуп турушту.

Бир убакта эшик ачылып, колуна апакай оромол көтөргөн Арууке чыга келди.

– Ураа-а, мен атамын!

Жанар менен Аруукенин кубанычында чек жок болчу!

 

(Аягы)

 

Биз менен бирге болуп күтүп ОКУГАНЫНЫЗДАР ҮЧҮН ЧООҢ РАХМАТ!

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️