Пример HTML-страницы

Туткун кыз 6 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

6-БОЛУМ

 

САУНАДА

 

Сыртта турган машинени Диана өзүлөрүн бул жакка жеткирип келген чүмкөмө машине болуш керек деп ойлогон. Аларды чет элдик болгондо да мерседес машинеси күтүп туруптур. Бешөөнү тең арткы отургучка шыкап отургузушту дагы каяккадыр жөнөп кетишти. Диана дагы бир кыздан башкаларынын бардыгы кайсыл жакка баратышканын эң жакшы билишчү. Бардыгы үн-сөз жок унчукпай кетип бара жатышты. Мерседес көп өтпөй эле чоң, эки кабаттуу үйдүн короосуна кирип барып токтоду.

— Келдик чыккыла! — алиги буйрук бери сүйлөгөн киши бардыгынан мурун чыгып тигилерге кайрадан буйрук бере сүйлөдү. Ары жактан курсагы салаңдаган толмочунан келген киши басып келди.

— Кана, алып келдиңби?

— Ооба, мынакей.

— Ада жүргүлө тияк жакка.

Бешөөнү бир бөлмөгө алып келишти да катарга тизип, буттарынан баштап баштарына чейин сынай карап бир сыйра көз жүгүртүп алды.

— Та-ак кыскасы мындай… бул жерде экөөңөр жаңы экенсиңер. Уставды, эрежени жакшы билесиңер да, ошону катуу

сакташыңар керек. Артык баш сүйлөп, же качып кетебиз деп ойлобогула. Бул бир, экинчи… Тияк жакта саунада жуунуп атышкандар үчөө тең чет элдик кишилер же так айтканда француздар. Алар эмне талап кылышса кың дебей аткарышыңар керек. Эгерде каршылык көрсөтүп, моюн толгочу болсоңор анда өз убалыңар өзүңөргө. Түнкүсүн уктабаганыңар аз келгенсип, күндүзү да уктабайсыңар, биздин токмой жейсиңер, бул жак силерге Бишкек эмес, эч кимиңерди аябайбыз. Уктуңарбы, кана ким түшүнгөн жок?

Бардыгы унчукпай мелтиреп турушту.

— Анда баскыла кеттик, дагы бир жолу эскертип коёюн, өзүңөрдү жакшы алып жүргүлө. Алиги акыл айтып жаткан киши бешөөнү тең кууш коридор менен алып жүрүп отуруп кандайдыр бөлмөгө алып келди. Анча бийик эмес столду тегеректей жумшак отургучта ак шейшеп оронушкан үч адам отурушуптур.  Стол үстүндө пиво, арак, шампан, түркүн тамак-аштар жайнайт. Үчөө тең чоң, калың тамекини бурулдатыша биринин артынан бири ээрчише киришкен кыздарды сынай карашты. Алиги алдына түшүп кыздарды ээрчитип келген киши бешөөнү тигилердин астына бир катар кылып тизип койду. Алар бешөө көпкө сынай карап турушту, анан бирөөсү француз тилинде алиги кишиге карап бир нерселерди айтты эле тигил

түшүндүм дегендей башын ийкегиледи. Анан кыздарга карап үнүн өктөм чыгара буйрук бере сүйлөдү.

— Кана чечингиле, эмчек тарткычыңар менен турсийиңер гана калсын.

Бешөө тең унчукпастан көйнөктөрүн чечип тигинин айтканын жасашты. Француздар өз ара бир нерселерди сүйлөшө

кыздарды бир топко сынай карап турушту. Бирөөсү ордунан козголо кыздарга жай басып келди да бой- мүчөлөрүн бир сыйра сынай карап чыкты. Анан четте турган кызга сөөмөйүн көрсөттү. Алиги киши аны өзүнчө жетелеп барып бурчка тургузуп койду. Экинчиси ордунан козголбой эле тамекисин тарткан боюнча сөөмөйү менен жаңы кошулган кыздардын бирөөсүн көрсөттү. Аны да өзүнчө бөлөк бурчта турган кызга кошту. Үчүнчүсү болсо Диананы көрсөттү. Ал дагы тигил экөөнө кошулду. Калган экөөнү болсо ээрчитип кайрадан сыртка чыгып кетти. Бир аз убакыттан кийин ал кайра келди да тигилер менен француз тилинде бир нерселерди сүйлөп бир топко турду. Анан ордунан козголо сыртка чыгып баратып бурчта турган үч кызга эскертип өттү.

— Болду, силер эми таң атканча булардын карамагында болосуңар. Дагы бир жолу эскертип коёюн, булар биздин кишилерге караганда өтө орой эмес, маданияттуу кишилер, силерди көп деле кыйнабайт.Так что кың дебей айтканы менен болуп тургула. Баары бир ар бир кыймылыңар биздин көзөмөлдө. Болуптур, кеттим анда мен. Таңкы саат сегиздерди силерди келип алып кетем. Отурушту тынч өткөргүлө, — ал акырын чыгып кетип калды. Бурчта жалдырап турушкан жаш кыздарга француздар келгиле, жакын мындай отургула дегендей өздөрүнүн жанында турган диванды көрсөтүштү. Үчөөнүн экөөсү жаңы келгендиктен чочулай акырын басып келишип дивандын четине отурушту. Үчүнчүсү болсо мындайды далай башынан

өткөргөндүктөн тартынбай эле чет элдиктердин жанына жакыныраак келип отурду. Алар стол үстүндөгү жайнап турган тамактарды көрсөтө өз тилдеринде бирдеме деп сүйлөдү эле тигилер эч нерсе түшүнүшкөн жок. Мурун мындайды башынан өткөргөн алиги кыз гана бир нерсени түшүнгөндөй болду.

— Ичкиликтин кайсысынан ичесиңер деп сурап жатышат Тартынбай эле ичип, жей бергиле, булардай болуп силерди эч ким

сыйлабайт. Ал өзү тура калып ары жактагы коньякты алып кыздарга бөлө куйду. Беркилер аны азамат дегендей кол чапкылап бул кыймыл-аракетин жактары карап калышты. Бирөөсү орусча чала- моңол билет экен, колунан келишинче түшүндүрүүгө аракет кылып жатты.

— Нестесняйтесь, кушайте, пейте. Все ваши, все для вас. Алиги кыз стол үстүндөгү тамактарды тартынбай эле алып өзүнүн тарелкасына салып алды да унчукпай жеп баштады. Француздардын бирөөсү ордунан тура калып тигил экөөнүн тарелкасына тамак салып берди да французча бир нерселерди айтты. Алиги кыз түшүнбөсө да экөөнө котормочу болуп берди.

— Булар эмне десе унчукпай айткандарын жасагыла, болбосо эртең бул жактын шефинен токмок жейсиңер. Экөө унчукпастан тарелкадагы тамакты алып жеп киришти. Тигилер коньяктан ичкиле деп сунуш кылышты эле алиги кыз унчукпастан тартып жиберди. Ал эми экөө болсо эмне кылышарын билбей, бири-бирин карап туруп калышты. Француздар экөөнө карап бир нерсе деп сүйлөштү эле Диана стаканды колуна алды да тартып жиберди. Тигил кыз болсо башын чайкап ичпей койду. Өздөрү коньяктан улам куюп ичип коюшуп, өз ара бир нерселерди сүйлөшүп атышты. Бирөөсү бир куту тамекини күйгүзгүчү менен тигилердин алдына таштап койду. Алиги кыз бирди алып, бурулдатып тарта баштады. Дагы бир аз отурушкан соң бирөөсү өзүнчө сүйлөнө ордунан турду да тамеки тартып отурган кызды жүрү кеттик дегендей башы менен тигил жакты көргөзүп, өзү алдыга түшүп аркы бөлмөгө кирип кетти. Тигил кыз да ордунан тура анын артынан кошо

кирип кетти. Жумшак креслодо отургандардын бирөөсү ары жакта бөтөлкөдөгү аракты бузуп, төрт стаканга бөлүштүрө куйду, анан алгыла деп экөөнө алаканын жая көрсөтө сунуштады. Диана акырын стаканды кармады, алиги кыз болсо көгөрүп ичпей койду. Тигилер өзүң бил дегендей аракты тартып жиберишип ордуларынан козголушту. Бирөөсү Диананы аркы бөлмөгө ээрчитип кетти… Өмүрү көрбөгөн тозокту ал ошол жактан көрдү. Жыпжылаңач болуп чечинип алган француз Диананы да чечинтип ар кандай ыкмада туруп берүүгө мажбурлады. Диана бардыгына чыдап, көздү жумуп айткандарын аткарууга аракет жасады. Кээде өзүн куурчактай кылып ары-бери томолотуп, эрмектеп атканына чыдай албай эшикке качып чыккысы келип атты. Качып чыккандан эч майнап чыкпайт болчу. Сыртта көзөмөлчүлөр кайтарып турушат, «ар бир бөлмөнүн ичинде кандайдыр бир тигил жактан көргөзүп туруучу аппараттар бар, силердин ар бир кыймылыңарды көрүп турабыз» деп айткандарын эстеди. Артыкбаш кыймыл жасагандан коркту. Түн ортосунда эки жолу суранып ажаатканага

барып келди. Ошол мезгилде качып чыкканга кандайдыр бир ыңгайлуу кырдаалды издеп жүрдү. Терезелери өтө эле бийик экен, качып чыкканга эч мүмкүн эмес. Ажаатканада отурганда башын көтөрүп терезесин карады. Айнектелүү болгону менен ал жакта темир тору жок экен. Ажааткананын раковинасына чыгып терезесине колун созуп көрдү. Айнектерге жетти, акырын тартынып чыгып сыртты карады. Сырт жак караңгы эч нерсе көрүнбөйт. Кайра төмөн түштү. Айнектерин ачса, бир киши сойлоп чыкса болот экен, бирок кантип адегенде айнектерин ачыш керек… Аңгыча эшик такылдап калды эле «азыр» деп шаша-буша тигил жактын суусун коё бере сыртка чыкты, француз аны күтүп туруптур. Таңкы саат сегиздерди Диана өлөөрчө чарчап араң эле бутуна турган эле. Кечөөкү киши келип бардыгын өзүнүн Мерседесине салып алып кетти. Үйгө келгенде аянычтуу көрүнүштү өз көзү менен көрө жүрөгү ооруп чыкты. Анткени кечөөкү арак ичпей жаткан кызды эки жигит залга алып келип, кыздардын көзүнчө дырдай жылаңач кылып чечинтип ичке чыбык менен салышып өлөөрчө сабашты. Жалынып, жалбарганына,  ботодой боздогонуна, ыйлаганыа да карашкан жок. Диана аны эмне себептен сабап жатышканына адегенде түшүнгөн эмес. Көрсө түндөсү француз өнөгүнүн айткан талаптарын аткарбай, качып болбой коюптур. Аппак денелерине кыпкызыл чыбык тактары түшүп, мөлтүрөп чыкканча сабашты. Таптакыр кыймылдай албай сулк

жатып калганда гана жайына коюшту. Түндөгү киши бери жакта турган кыздарга тигини көрсөтө ачууланып жатты.

— Көрдүңөрбү бизди укпагандын, уставды, эрежени бузгандын кесепети кандай экенин. Силер да ушунун кейпин кийип каласыңар, керек болсо мындан да жаман болосуңар. Бар эми өз бөлмөңөргө тарап, эс алгыла. Түндөсү кайра чыгасыңар охотага.

Булар түнкү чыкканды «охота» деп коюшат экен. Кыздар үчүн кордук болгону менен, тигилер үчүн чын эле охота болчу. Кыздарды кээ бир түндө бир эмес эки-үч кишиге да салып жиберишчү. Аларды ары айдаса ары кеткен, бери айдаса бери кеткен, бардыгын кың дебей аткарган мал катары пайдаланышчу. Көбүнесе аябай бай кишилерге, же чет элдик кишилер

менен соодалашууга аракет кылышчу. Алардан доллар менен алышчу. Чет элдиктерге жагып калган кыздарын дароо эле

соодалап жиберишчү. Диана бөлмөгө киргенде жанындагы кроваттагы кыздар эбакта эле уктап калыптыр. Түндөсү алар да аябай чарчашса керек. Терезе тордолуу, эшикти болсо сырттарынан кулпулап кетишет. Ар бир бөлмөнүн өздөрүнүн туалети бар. Түшкө жакын бир маал ысык шорпо, нан алып келип беришет да кайра бекитип салышат. Ошолбоюнча кечке чейин бөлмөнү ачышпайт. Кез-кез гана жалдырап сурагандарга барышып, жүздүн биринин өтүнүчүн аткарышат. Диана аябай чарчаса да бир топко уктай албай жатты. Бир маалда кимдир бирөөлөр эшиктин кулпусун бурап ачып атканын угуп, уктамыш болуп көзүн жумуп калды. Эшик ачылып эки киши сырттан алиги кызды өлүк сүйрөгөндөй кылып дырдай жылаңач боюнча бутунан сүйрөп келип, кроватка ыргытып салышты да үстүнө одеял жаап кайра сыртка чыгып кетип калышты.

Эшик сыртынан кулпуланып баары тынчып калышканда Диана акырын ордунан туруп, кыздын ал ахывалын билгени жанына жылып барды. Кыз араң эле дем алып, көзүнүн жашын көлдөтүп ыйлап жатыптыр. Акырын одеялды ачып бетине үңүлгөндө кыз болор-болбос үн менен чаңкылдап коё берди.

— Жолобо жаныма, жогол ары жакка! Жашагым келбейт, мындан көрө өлгөнүм артык!

Диана көңүл айтып, жооткотоюн деди эле тигил таптакыр албууттанып аны укмак турсун жин даарып, өзүн-өзү башка ургулап, өзүнчө сүйлөнүп жатты. Диана унчуккан жок, акырын кроватына барып жатып калды. Кечөө жол жүргөндүктөнбү, же

түндөсү уктабай француздардын уйпаландысы болуп калгандыкыбы бир аз жаткандан кийин көзү илинип кетиптир.

Кичинесинен эле аябай сак кулак болчу. Шырп эткен дабышка ойгонуп кетти. Акырын башын көтөрүп караса алиги таяк жеген кыз көйнөктөрүн айрып бири-бирине байлаштырып, бир жагын кроваттын башына байлап, экинчи жагын өзүнүн мойнуна байлап муунганы жатыптыр.

— Ээй эмне кылганы жатасың?! — Диана төшөктөн атып турду. Анын үнүнө беркилер да ойгонуп кетишти. Бөлмөдөгү ызы-чууда сырттагылар кирип келишти да кыздын муунуп өлгөнгө аракет жасап жатканын билишип, кайрадан сабашып, эки колун, эки бутун кроватка таңып ташташты. Кечки саат сегиз чендерде келип карашса анын эки көзү аңтарыла, оозунан ак көбүк ага жин даарыган эмедей башкалардын сүйлөгөн сөздөрүнө эч маани бербей өзүнчө эле сүйлөнүп калыптыр. Колун

чечкенде акыл-эсинен айныган эмедей, бөлмөнү жаңырта кыйкырып күлө баштады. Чын эле нервине доо кеткенби же

атайын арамзаланып жатабы бөлмөдөгүлөр эч нерсе түшүнүшкөн жок. Көп өтпөй эле эки-үч эркек кирип келип аны сыртка жетелеп алып кетишти. Каякка алып кетишкенин ошол боюнча эч кимиси көрүшкөн жок. Күүгүм кире баштаганда кайрадан

кечки охотага даярдыктар көрүлө баштады.

 

У.б

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE