Пример HTML-страницы

«Тумчуккан сүйүү» 3-бөлум. Аягы

https://kyrgyzcha.site/?p=37887&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Тумчуккан сүйүү» 3-бөлум

 

 

Чын айтыптырсың, сенин айтканың келди. Бир жылга барбай экинчи турмушумда бузулуп, ортолукта аз болбогон кыйгыл- кычкыл иштер жүз берип, чынында бир эмес бир канча адамдын жүрөгү канталап, жаман аттуу болгонум болуп, акыры өкүнүч менен ажырашып тындым.

 

Балдардын күйүтү кыйын экен. Кайда жүрбөйүн аларды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай карегимдей асырап чоңойтом деп ойлогон экенмин. Ѳзүнүн энесинен айрып, аларды ыраазы кылмак мүмкүн эмес экен. Ташбоорлук кылып карабай басып кетсе биртаң…бирок, мендей бир боорукер адам үчүн ал колдон келээр иш эмес экендигин бир билдим ошондо.

 

Кийинки турмушум соңуна чыгып апта- он күн өтпөй эле, жакын өткөн дос- аяштарым ортого түшүп, мени балдардын энеси менен эптештирип коюшту. Биз эмне демек элек?…Жалооруп карап турган балдарыбыздын бозоргон беттерине кызыл жүгүрүп, көздөрүнөн күлкү төгүлүп турганын көрүп, эриксизден биздин да көзүбүздөн жаш кетти… Мына ошентип башта эле башкалардын «эптешип калгыла» дегенине көнбөй, ортолукта мен бир аял алып коё берип, ал жесирликтин азабын жеткинче тартып, башыбыздан аз болбогон ысык- сууктар өткөндө анан эптештык…

 

Биздин кайта эптешкенибиз балдар үчүн сонун эле иш болду. Алардын кубанычы койундарына батпай бирде апасынын бирде менин моюнума асыла кетишип, чексиз бакытка бѳлѳнүштү да калышты. Бирок, балдарды деп эптешип, бир үйгө кирген менен эле «эрды-катын» болголу болбойт экен. Канчалык жакындашсак да өчүп калган сүйүү отубуз кайра тутанган жок, жүрөктөгү каткан муз эч бир эричүдөй эмес…

 

Биздин кайрадан эптешип эки баланы ээрчитип жүргөнүбүздөн улам тууган- туушкан,эл- журттун баары кубанып, бизге «куттуу болсун» айтып жүрүштү. Сыртыбыздан эч кимге билиндирбей кайда барсак бирге барып күлүп- жайнап жүргөндөй болгонубуз менен, үйгө келгенде үңкүйүшүп тетир карашып олтурганыбызды ким билсин?…

 

Балким сен дагы мага сырттай ыраазы болуп, ичиңен жылмайып жүргөн чыгарсың. Балдар үчүн зор «курмандык бериш» сенин менден күткөн үмүтүң эмес беле? Ошондой эле болду… Балдардын энеси экөөбүз эрды- катын болуп жарытпаганыбыз менен, сыртка сыныгыбызды чыгарбайбыз. Эки балам бактылуу, мен балдардын атасы ал балдардын апасы, төртөөбүз окшош эле айрылгыс жакын кишилерденбиз, эч нерседен тарыкпай бир үйдө чогуу жашап жүрөбүз.

 

Балдарымдын аман-эсен чоңоюп, жакшы окуп кызматка чыгып, коомдон бир кишилик ордун таап, бактылуу үй- бүлө курушун төрт көзүм менен күтөм. Мүмкүн алардын баласын багып, небере күтүп өмүр бою кызматын кылармын. Ошондо алар менин жаштыгымдын күл болуп, көңүлүмдүн зил болуп, жашоомдун шорлуу туз болуп өткөнүн билишер бекен? Эмне үчүн мынча зор курмандык бергенимдитүшүнүшөр бекен? Же чоң болушканда менин бул акмактыгыман кайра күлүшөр болду бекен?…

 

Мейли, мен эч кимден орунбайм. Балдарым өз ата- энесинен айрылбай бактылуу жашап, соо денелүү өсүп- жетилип, болочокто эл- журттун керегине жараган адам болсо эле болгону. Аялым менын айтканыма көнбөй өз билгенин жасап жүрсө да, анын каалаганы ошол болсо ага деле болуптур, өзүнүн көөнүн өзү жубатып, балдарына жакшы апа болуп, оорубай жүрө берсин. Кайсы бир улуу окумуштуунун колунан эч бир иш келбеген, тажаал аялын «коё берсең болбойбу?» деп башкалар ага боор оорутса, «ал байкушту менден бөлөк ким алмак еле ?» деп, ал кайра аялына боор ооруткан имиш. Мен ага караандай албасам да, «аялымдын жакшылыгынан, бир катынды экы алдым» деп коём, башкаларга…

 

Менин жеке турмушуман бөлөк, сыртта каржылыгымды казык кылып иштешимди күтүп турган аябагандай көп жумуштарым бар. Эң оболу мен партия менен элдин атайын ишеним көрсөтүп милдет тапшырган бир жетекчи кадрымын. Ѳз кызматымды тынгылыктуу аткарып, адил- калыс болуп, эл- журт үчүн талыкпай эмгектенип, улуу ата мекендин өнүгүп- өсүшү үчүн бир кишилик салым кошуу- менин баш тарткыс ыйык жана бийик милдетим.

 

Кызматыма байланыштуу төмөнгө түшүп, айыл- кыштактарды аралап жүрүп, эл- журттун, калайык- калктын күндөн- күнгө алдыга басып, дыйкан- малчыларыбыздын турмушунун күн санап жакшыланып баратканын көрүп, эмнегедыр эбегейсиз кубанам. Илгери биз балакай кезибизде, элдер бири- биринен «бүгүн үйүңөрдө эмне тамак жедиңер» деп, сурашар эле. Көрсө, ал кездерде эли- журт жакшы тамак жеп курсагынын тойгонунан, бүтүн кийим кийип үстүнүн бүтүн болгонунан кубанат экен. Эми көрсөк, айылдаштар олтурган үй- жайынын кандайлыгынан, үйүндө электрондук жабдуулардын бар- жоктугунан, короодогу мал- чарбасынын аз- көптүгүнөн, банкеге койгон аманат акчасынын канчага жеткенинен басакелешчү болуптур.

 

Жакында эле оодандык өкмөт уюштурган, ички өлкөлөргө барып экскурсия кылуу, саякаттоо тобундагы кадрлардын бири катары, мамлекетибиздин өнүккөн райондорун кыдырып келдим. Экскурсия барышында, мекенибиздин дүркүрөп өнүгүп жаткан келбетин, мамелекетибиздин күн санап кудуреттенип, элибиздин бай- ырашкер, ынтымак, биримдүүлүктө жашап жатканын өз көзүм менен көрүп, өзүмдү улуу жуңхуа улуттарынын бири катарында санап, эбегейсиз сыймыктандым.

 

Ыракмат сага, белгисиз кыз. Менин болочок турмушума көөн буруп жазган «белгисыз» катыңа ушундайынча агыман жарылып « жооп кат» жазып коюшум керек болуп калды. Санагың туура болсо сенин мага көз салып жүргөнүңө жыйырма жыл болуп калгансыды. Ыраазымын сага, сен да болсоң мени сыртыман жактырып сүйүп жүрүптүрсүң. Кудай алдында чын сөзүмдү айтсам, сен жөнүндө менде эч кандай элес жок. Мүмкүн таанышарбыз, мүмкүн ушул эле жерде күндө көрүшүп жүрө тургандырбыз. Сенин өзүңдү менден качырып ачыкка чыкпай жүргөнүң туурадыр, ушунчалык ааламча сүйүүңдү ичиңе катып «курмандык» берип жашаганың, өзүң айткандай бүгүнкү коом жактаган адеп- аклактын жемишидир…

 

Болуптур эмы, бактылуу жаша ! Ылайым менин бул ачык катым сенин турмушуңа кесирин тийгизбесе экен, мага ушундан башка арга да болбоду, күнөѳлүү болсом кечиргин!

 

«Катты окуп бүтүп чыгарманын авторуна карасам башкача ат колдонупсуз, бул сырды эмнеге тордо жарыялаганыңызды анан түшүндүм. Тегинде мени өз жагдайыңыздан кабардар кылууну көздөп, андан калса экөөбүздүн башыбыздан өткөн окуялар аркылуу окурмандарга тарбия берүүнү максат кылыптырсыз. Ойлогон оюңузга, жасаган аракетиңизге алкыш айтам. Менин турмушуман кабатыр болбоңуз, күйөөм менин мынчалык жеке кечирмишимди түшүнбөгөн болсо, мени менен той жасабаган болот эле…

 

Сиздин тордон жазган жооп катыңызды көргөндөн кийин, менин сизге болгон көз карашымда түптөн өзгөрүү болуп, сиздин турмушуңузга кайрадан үңүлүп, сизди башкача бир өңүттөн байкай баштадым. Көрсө, сиздин азыркы башыңыздан өткөзүп жаткан турмушуңуз мен ойлогондой турмуш эмес экен. Мен сизди аялыңыз менен кайра эптешип, бирин бири кечиришип, өткөн иштерди болдуга чыгарып, балдары менен бактылуу жашап жатат деп ойлопмун. Үйүңүзгө кирип- чыгып жүрсөңүз үйүнө кайра караан болуп жүрөт деп катын, балдарыңызды ээрчитип анда- санда көчөдөн кылактап көрүнүп калсаңыз сизден өткөн бактылуу киши жок деп ойлопмун.

 

Ошондон кийин, мен башкалар аркылуу сиздин ички турмушуңузду түшүнүүгө аракеттенип көрдүм. Уксам, аялыңыз сиздин өздүгүңүздөн келип эптешкениңизден кош болмок турсун кайра сизди мүңкүрөтүп «ары түртсө араба сынды, беры тартса өгүз өлдү» кылып, сизди айласыз абалга түшүрүптүр. Турмуштун оор жүгүн сизге жүктөп коюп, өзү оюна келген оокатын жасап жүрөт дейт. Жада калса тамак жасаганды, кир- кок жууганды да оорлоп, сизге өз жумушуңду өзүң жаса деп басып кетет экен. Жөн айтып, тарбия берсеңиз укпай «каалабасаң бөлөк жаан тутуп, айрылып тур»деп, сизди аябай тажатыптыр. Сиздин коомдогу ордуңуздун жогорулугун, алдыдагы жаман таасириңиздин эми эле жоюлуп образыңыздын араң калыбына келип, кайрадан элдин оозуна алынып калганыңыздан улам, сизди «эми басып кете албайт» деп ойлосо керек. Анын үстүнө балдарыңыз да чоңоюп калган, силер дагы жамандашсаңар «үйдөн мен чыгып кетем»деп, кызыңыз чын эле экы- үч күн үйгө кирбей сизди ансайын коркутуптур. Бул айтканым ушак сөз эмес, аялыңыздын бир сорунда олтуруп досторуна мактанып, саймедиреп айтып берген чын сөзү экен…

 

Сиздин жан дүйнөңүздүн ушунчалык тазалыгына, ынсап- пейилиңиздин кенен, кечиримчил ак жүрөк, бооруңуздун ошончолук жумшактыгына айран- таң калам! Чачыңызды жаркыратып артына кайрып тарап, жакаңызга кир кондурбай костюм-шымды катырып кийип, көзүңүздөн күлкү төгүлүп, беттериңизден нур жаап турса турмушуңузду бактылуу, аялыңызды күйүмдүү, ууз- ишмер ургаачы болсо керек деп ойлопмун. Кырык жаштан эмы эле ашкан бир эркек киши үчүн турмуштан көөнү суу ичпей, жада галса бир үйдө жашап жаткан аялы менен бир жастыкка баш койбой экөө эки жакта үңкүйүшүп тетир карашып жатса, ал эркекин жүрөгүндө эр- аялдык мээр- махабаттан башка жашоого, өмүргө деген дагы кандай ыйык махабаты бардыр?!…

 

Сиздин сүйүүгө, бакытка берген аныктамаңызга эми түшүндүм, айтканыңыздын бирөө да болбой, жаш эле туруп турмушта ошончо оор соккуга учурап, өзүңүз айткандай жаштыгыңыз күл болуп, жашооңуз шорлуу туз болуп өтсө да ошонун баарысына чыдап жашап келатканыңызга, жашаганда да турмуштагы анчейын адамдардын колунан келбей турган чыныгы адамдык касиетиңиз менен жашап жатканыңызга мен чын жүрөгүмөн терең урмат билдирем!

 

Сыймык ага, бул дүнүйөдө нукура эркек менен аял ортосундагы махабаттан бөлөк , адам баласы үчүн урпак улап, аларды жогору жоопкерчилик менен тарбиялап адам кылуу, талыкпай эмгектенип улут үчүн, мекен үчүн өз салымын кошуу, эл- журттун бейпил куунактыгынан, мекендин ынтымак-биримдигинен, байкер, куунак, ырашкер турмуштан үзүрлөнүүдөй ата-энеге, балага, эл-журтка, улуу ата мекенге деген, салмагын эч нерсеге теңегис ыйык махабат бар. Мындай ыйык махабатты кадырлоо сизге окшош керек болсо жанын кыюуга даяр турган эр жүрөк азаматтардын гана колунан келет деп ойлойм!

 

Сизге бир топ жылдардын алдында бир белгисиз катты жазып, өз турмушуңузду туура жолго салууга үндөп, тымызын далалат жасаганмын. Мына эми бир далай жылдан кийин сизден ачык- ашкере жооп кат алып, сиздин көйгөйлүү турмушуңуздан кабардар болуп, сизге болгон таанымым өзгөрүп, сизди кайрадан түшүнүп, сиздин чыныгы адамдык касиетиңизге таазим кылып бул катты жазып олтурам. Менин дагы эле өзүмдү ашкерелегим келбеди. Менин тумчуккан сүйүүм ошол бойдон тумчугуп кала берсин (эгер аны чын эле сүйүү деп эсептегели болсо). Мен бул катты тордо жарыялагым келбеди, сизге да купуя салып жибергим келбеди. Бул катты мен калем курбаты жогору, көзгө көрүнүп келаткан бир жазуучу сабакташыма берип, мазмунун өзгөртпөгөн негизде тил жагынан, эмила жагынан көркөмдөп өз атында журналга берип, же болбосо китеп кылып чыгарып коюшун сурандым. Менин тумчуккан сүйүүмдү, сиздин адамдык ыйык махабатыңызды элдин баары билсин, кийинки урпактарга өрнөк болуп калсын дедим.

 

Кечириңиз Сыймык агай, сизден бир ооз макулдук албай өз билгенимды жасадым, сизди түшүнөт го деп ойлойм. Ылайым менин бул тентектигим сиздин турмушуңузга, кызматыңызга, жаркын болочогуңузга залакасын тийгизбесе экен, иштериңиз оңунан келип, кызматтын бийигинен көрүнүп, болочокто жасаган акыйдеңиздин жемишин татып, балдарыңыздын күнү- күчүн көрүшүңүздү теңирден тилейм !

 

Соңунда, сизге деген чексиз урматым менен, мына бул анчейин гана жүрөк тамчымды, гүл десте катарында сизге сунмакчымын:

 

Түркүгүн тиреп турмуштун,

Түтөгөн, түткөн адам бар.

«Тумчуккан сүйүү»жомогу,

Жүрөктө калган жара ал.

 

Ѳкүттө өттү өмүрлөр,

Тушалган турмуш, тумандар.

Элестер кетпейт сезимден,

Кеменгер,кенен ойлор бар.

 

Ѳмүргө өрнөк болуучу,

Сүйүүдөн ыйык сүйүү бар.

Эстешип эсен жүрөлү,

Жүрөккө түйгөн тумар бар…

 

 

Аягы

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE