Кыргыз агайыңдылардан чыккан мыкты режиссер Дооронбек Садырбаевге таандык «Акбаранын көз жашы» кинофилимин көрбөй калган адамдар жокко эсе болсо керек,андагы Ташчайнар менен Акбараны ким билбейт?Ооба, дал сиз ойлоп,көз алдыңызга келтирген,жаштайынан ээрчишип,үйүр таап,бөлтүрүктөрдү жаратып,ажырагыс болгон эки карышкыр.Бүгүнкү жазуумдун каармандары болгон адамдарга карата,темасын «Ташчайнар менен Акбара»деп атадым.
Анда мен кичине 1-2-класс окуган тентек бала болсом керек эле.Чоң атамдын жанынан чыкпай,ал кайда барса ошол жакта мен болчумун.Сакалын куу басып,бакылдап, айылдагы кептерди талкуу кылып,же болбосо «тээ биз бала чакта…»деп айтып берген аксакалдардын окуялары мен үчүн аябай кызык болчу.Балким, ошондо эле,адам баласынын тагдырын угууга болгон кызыгуум артса керек.
Бир күнү,ошол аксакалдардын жанына келип,чоң атам экөөбүз жаңы гана олтурганыбызда, сөз баштап калышты.
-Ээ,Сабит,бул сенин таекең уулуна жакшы тарбия бербеди…
-Ошону айтсаң,качан эле уулу атанын сөзүн эки кылып калышты эле-деп экинчи аксакал коштой кетти.
-А тигичи,Сапарбайдын кызы…биздин кездеги кыздар ийменип турушчу эле,аруулук, назиктикти билишчү эле.
-Ок,ата-энесин куураткан Ташчайнар менен Акбара…деген сөздөрдү угуп,»алар кимдер?»деп таң бердим.Кечинде чоң атамдын жанында жатканда,» Атаке,Ташчайнар менен Акбара деген ким?»дедим. Анда чоң атам,сакалын сылай «Ал тиги Турдубай таекеңдин уулу менен Сапарбайдын кызы»,» Кайсы,Талант акеби?Анын аты Ташчайнар эмес да?»деп чыканактай калып,чоң атамдын жүзүнө үңүлдүм.» Ай,Илясым,сен баласың да,түшүнө элексиң.Илгери. ….»деп Ташчайнар менен Акбаранын баянын,андан кийин түгөйү менен бөлтүрүктөрүнөн ажырап калган Акбаранын көз жашын айтып берди.Бүткөн соң,»Кел эми,укта» деп көз жумганында, кайра ойготтум.» Чоң ата..чоң ата дейм…анан Талант аке да Ташчайнардай өлүп калабы?А Сапарбай атанын кызы ыйлайбы анан Акбарадай» десем,корс-корс этип күлгөн чоң атам «Жок,кулунум. Аларды тек ошол карышкырлардай сүйүшүп калып,эрте ээрчишип,кетип калганы үчүн ошентип атап коюшкан тура.Укта эми»деп ары бурула,уйкуга кетти.
Ошондон кийин мен 5-классты окуп жүргөнүмдө, «Оо баягы,Ташчайнар менен Акбара келиптир.Ата- энеси той берип жатышыптыр» деген кептер тарап калды.Чоң атамды ээрчип алып,мен да бардым.Кийин мектепти бүтүп,окуу жайга тапшырып,дал ошол Ташчайнар атка конгон Талант акем менен Чолпон жеңемдин үйүндө жүрүп,окуп калдым.Жашмынбы, же өтүмүм жок беле анда,билбедим го,алардын сүйүү баянын батынып сурай албаган элем.3-курсту аяктап,досторум менен бөлүнүп,аралыгыбыз деле алыстап,жамандык жакшылыкта жолугуп калчубуз.Андан кийин эле журналист болуп иштеп,мындай баяндарды.жаза. баштаганымда, акем менен жеңем чакырып калышты.Алардын окуясы дале эсимде жок эле,»тынчылык эле болду бекен?»деп үйүнө жетип бардым.Тамак ичилип,жаңылыктардан кобурап өткөндөн кийин эле,акем сөз баштап калды.
-Ээ,баурым,мына сени бул жерге чакырганыбыз, алдагы жазып жаткан баяндарыңа да,биздин баяныбызды кошо алат белең деп сурайлы дегенбиз-деп мени суроолуу карап калды.
-Аке,мына мен Ташчайнар менен Акбарадай деп экөөңдү тээ балалыктан бери угуп жүрсөм да,баарын билбейт элем.Батынып сиздерден да сурай албадым.Болбосо, сиздердикин биринчи жазбайт белем.
-Аа болуптур,болуптур. Айтса айтып берели.
Кичинебизден эле Чолпон экөөбүздүн ата-энелерибиз кошуна жашап,чогуу ойноп,чогуу өстүк.Бир куракта болсок дагы,Чолпон кичинекей,назик, үлпүлдөгөн кыз болчу.Мурун чогуу ойногон,кошуна кыздай көрсөм,жашым жетилген сайын ага болгон башкача сезимдер ойгоно баштады.Кичине болсок деле,көчөнүн балдары,же болбосо мектептен балдар тийишип,капа кылып койсо,таламын талашып,алар менен мушташып кетчүмүн.Балалык сүйүү менен,мектептен үйгө чейин,портфелин көтөрүп алып,экөөбүз ойноп келчүбүз.Үйгө келгенде болсо,сууга барса,чакасын көтөрө калып,мал-жанын таппай калса,тызылдатып, өзүмдүкүнөн биринчи Чолпондордукун карачумун.Жогорку класстарга барганда,жигиттер кат жазып менден бере башташты.Экөөбүздү кошуна эле деп ойлочу да.А мен болсо каттарын алып,ичин окубастан жоготчумун. Бир күнү олтуруп,өзүм кат жаздым.
«Сүйдүм сенин карагаттай көздөрүңдү
Жаркып жанган,күндөй болгон күлкүңдү
Тизе бүгүп,башымды ийип алдыңда
Сунам сага,алоолонгон оттой ысык сүйүүмдү» Аягына колумду коюп койдум.
Анан ал катты өзүнө бербейм.Адаттагыдай, мектептен сумкасын көтөрүп келе жатканында, салып койдум.Эртеси таң эрте сабакка барайын деп,сыртка чыксам,мени менен кошо кетчү Чолпон жок.Эбак эле кетип калыптыр.Мектептен менден качып,анан калса үйгө келээрде да башка кыздар менен кетип калды.Мындай көрүнүш,бир аптага чейин кайталанды. Демек,бул «жок» дегени турбайбы деп жүрсөм,бир күнү сабактан чыккандан кийин,портфелин мага карматып коюп,өзү алдыга басып кетти.Мен кудуңдап сүйүнүп алып,аркасынан жетип бардым.
-Чолпон?
-……..
-Эй,Чолпон?
-Ии эмне?
-Менин катымды окудуңбу?Эмне деп жооп айтасың?
-Окудум-деп эле койду,башка сөз айтпай.
Бир аз баскандан кийин,кайра үн каттым.
-Чолпон?
-Ии?
-Бир нерсе десеңчи..-десем, күлүп жиберди.Мага ошол эле керек болчу да.Мектепти бүтөбүз деп калсак да,кубалашып ойнодук экөөбүз.
Биздин сүйүү ысык болду.Эркелешип, айыл эли уйкуга кеткенде,экөөбүз айлуу түндө далай сүйлөшүп олтурган түндөрдү көпкө өткөрдүк.Анан эле биз окууну бүтөөр күн келип калды.Үйдүн уулусу болгондуктан, мектепти бүтөөрүм менен үйлөнөм деп жатканбыз.Акыркы экзамендерди тапшырып бүткөн күну эле,Чолпон экөөбүз жетелешип алып,атам менен апамдын алдына келдик.»Биз үйлөнөбүз» дедим.Атам аябай сүрдүү киши эле,ыраматылык «Сапарбай билеби?»деди. Баш чайкадык.» Кемпири билеби?»деди, анда да баш чайкадык.Бизди көпкө карап туруп,Чолпонго кайрылды.» Кызым,бара гой.Анан биз барабыз үйгө»деп, узатып койду.
Көрсө,атакем мени улуу балам,чоң окуу жайга окутам деп жүргөн тура.Аны мен билбейм да.Каршы болуп туруп алды.Аз өтпөй эле,Чолпондун ата-энеси да билди.Билгенден кийин эле «түнкү жолугушууга» чыкпай калды.Кабатыр болуп,эртеси күнү,эптеп бир айласын таап көрөйүн деп жатсам,синдиси, эки бүктөм кат көтөрүп келди.»Мени алып кет.Түнү чыгам.Күт» деп жазылуу экен.Ал кезде машиналар саал азыркыдай эмес.Бир классташымдын агасына барып,»түнү менен шаарга жеткир»деп жалбардым.Ал макул болгондон кийин эле,түндү күтө баштадым.Аябай каттуу толкунданып алгам,бир жагынан коркунуч,чыга албай калсачы деген.Түн кирип,болжошкон убакытта,Чолпонум чыгып келди.Жүзүн көрүп эле,жүрөгүм оозума такалды.Көрсө, Сапарбай аке ыраматылык, биздин сүйүүбүздү укканда кызына колу тийиптир.Экөөбүз түн менен ээрчишип алып шаарга качып келдик.Келгенден кийин эле,сокур тыйыныбыз жок,туугандардыкына да барбай,бир орус кемпирдин үйүн таап,ошол жерге кирип,экөөбүз иштей баштадык.Бир айлыгыбызды алгандан кийин,ээрчишип алып,ЗАГСка барып,үйлөнүп алдык.Ал жылы окууга кире албай калып,кийинки жылы экөөбүз тең окууга тапшырып,бир жагынан окуп,бир жагынан иштеп,көнүшүп кеттик.Бир жылдан кийин уулду болдук.Анан уулубузду көтөрүп алып ата-энебизге бардык.Баары бир ата-эне баласы үчүн баарын кечирет тура.Эми,азыр көрүп турасың,эки уул,бир кызым бар.Кудайга шүгүр,ушул бир келген бактыбызга ыраазы болуп,жашап жатабыз.А баса,тиги Ташчайнар менен Акбарадай болуп да бөлүнгөн жокпуз.Аны тиги айылдын эли эле,окшотуп чыгарышты да-деп күлүп,сөзүн аяктады.
Ал түнү алардын үйүнө конуп калып,эртеси күнү Алматыга жол тарттым.Акем менен жеңем элүүгө таяп калышса да,азыркыга чейин бири-бирин сыйлап,сүйүп, баалап жатышканын көрүп,мындай бактылуулуктун ар бир адам баласына насип кылуусун кааладым…