Пример HTML-страницы

ТАГДЫР

https://kyrgyzcha.site/?p=43598&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТАГДЫР

Назираны ушундай тагдырга кабылат деп ким ойлоптур. Билим десе билими бар, иш десе жакшынакай иши бар бул кыздын мындай оор күнгө туш келгени жаман эле болду. Ошентсе да Назира кургур эрдин кырча тиштеп тагдырдын башка салганынан кача албай, караңгыда жол таба албай, туңгуюкка кептелди да калды. Сүйүү, сүйүү деп жүрүп ушу күнгө туш келбедиби. Өз ичинен «сүйүүм менен сүмүрөң калсамчы» деп өзүн жектеп коет. Бирок, жектегенде эмне пайда чыкмак. Бул нерсе учурдагы абалына эч кандай жардам бербейт эмеспи. Ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, акыры өзү тааныган оорукананын башкы догдуруна телефон чалды. Минтпеске аргасы жок эле. Эмне деп жооп берер экен деп телефондун номерлерин терип жатты. «Ту-ут, ту-ут» эткен телефондун узун үнү кетти. Телефондун трубкасы көптө барып көтөрүлдү.

 

-Алло!

-Алло саламатсызбы?

-Саламатчылык.

-Майрам Алымбаевнаны мүмкүн бекен?

-Мен угуп жатам. Бул ким болду экен?

-А-а, сизби, Майрам Алымбаевна? Ден-соолуктарыңыз, иштериңиз жакшыбы? Мен салык инспекциясында иштеген Назирамын.

-Аа, тааныдым, тааныдым. Назира, угуп жатам сени. Кандай иштер менен?

-Майрам Алымбаевна, мен сизге тезинен жеке иштерим менен жолугушум керек. Бул жумушту телефон менен сүйлөшүүгө болбойт.

-Аа, түшүндүм, Назира. Бүгүн саат туптуура үчкө менин кабинетиме кел. Кенен отуруп сүйлөшүп, маселеңди чечебиз.

-Макул, Майрам Алымбаевна, көрүшкөнчө саламатта калыңыз.

 

Чынында Назира үчүн үмүттүн шооласы чачырагандай сезилди.

Майрам Алымбаевнанын телефондон жылуу сүйлөшкөнүнө жүрөгү жылый түштү. Заматта дивандан атып туруп, көзүнүн жашы салаалап аккан жүзүн чайкоону көздөп ваннага бет алды. Күзгүдөн кебетесин көрүп, чоочуп кетти. Көптөн бери күзгүгө көрүнө элек болчу. Кадимкидей өңүнөн азып кетиптир. Бул да болсо кош бойлуулуктун кесепети эмеспи. Анын үстүнө жалындап сүйгөн жигити Назиранын кош бойлуу экенин билгенден баштап ага үйлөнүүдөн ачык эле баш тартып жаткан кези. Сүйүктүү жигитинен мындайды күтпөгөн Назира турмуштан ачуу сокку алып, жан-дүйнөсү жабыркап, жашоону жек көрүп, жалгыздыктын кучагында санаанын деңизине чөгүп баратты…

 

Бир жумадай көзүнүн жашын көл кылып, тамак ичпей, күн менен түнгө маани бербей, жаздыгын кучактап батиринде жалгыз жатты. Башына түшкөн алаамат күндү жада калса жакын курбусу менен бөлүшкүсү келбеди. Жөн гана өзү менен өзү болуп, эмне болуп кеткенин, эртеңки күнү эмне болоорун аңдап түшүнгүсү келди. Бир четинен бир аял акын жазгандай «жүрөгүмдүн астына жүрөк бүттү» деп курсагындагы наристесин алаканы менен сылай сүйүнсө, бир чети сүйгөн жигитинин «мен сага үйлөнө албайм. Баланы эмне кылсаң өзүң бил» дегенин эстеп күйүнүп жатты.Назиранын башы маң. Эч нерсеге карабай, каада-салтты көзгө илбей төрөп алайын дейт, ата-энесинин эл караган жүзүн жер караткысы келбейт, төрөбөйүн дейт, баланын убалынан коркот. Кыскасы, оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң дегендин кейпин кийип турду.

Чындыгында күйөөсү жок төрөдү атка конгусу келбейт. Андыктан, тобокелге салып боюнан алдырууну чечкенден соң Майрам Алымбаевнага телефон чалган эле. Назира жардам берет деп бөркүндөй ишенип жаткан Майрам Алымбаевнанын чакан менчик эмканасы бар.Жүзүнөн мээрим төгүлгөн тажрыйбалуу доктур эже учурунда Назиранын салык жаатындагы көп жардамын көргөн эле. Эми Назиранын кезеги келип, догдур эжекесинен жакшылык күтүп турду.

Назира айтылган сааттан кечикпей Майрам Алымбаевнанын иш бөлмөсүндө отурду. Бая телефондон сүйлөшкөндөгүдөн да жылуу кабыл алды доктур эжеке.

-Кандай, Назира, ден-соолугуң, иштериң жакшыбы?-деп сөз баштады Майрам Алымбаевна. Назира ушу сөздү эле күтүп тургансып доктурдун суроосуна жооп бере албай, тамагы буулуп, үнү чыкпай калды да, анан барып буркурап ыйлап жиберди. Салыкчы таанышынын бул жоругу Майрам Алымбаевнаны бир топ бейпайга салып ыңгайсыз абалда отурду. Унчукпады. Назира ыйлап-ыйлап анан басылды.

-Эжеке, сиңдиңиздин абалы оор. Шоктук кылдымбы, жаштык кылдымбы, же тагдырдын буйругу болдубу, боюма бүтүп калыптыр. Алгач укканда өзүм аябай сүйүнгөм. Кийин жигитиме сүйүнчүлөдүм да түптүз санаага чөктүм. Ал мага үйлөнүүдөн баш тарөөы. Эмне кылаар айламды таппай сизге кайрылдым.

-Түшүнүктүү… Түшүнүктүү… Абалың оор экен чынында.

Туңгуюкта турупсуң сиңдим. Айтчы эмне үчүн жигитиңди сотко бербейсиң?

-Сотко бергендин эмне кереги бар? Күйөөгө тийүүнү каалабайм. Анын мага көңүлү жок. Мени менен жашайын деген ою жок. Билесизби? Ал мени сүйөм дечү. Мен анын сөздөрүнө ишенипмин. Көрсө баары… Канчалык сүйөөрүн боюма бүткөндө билип отурбаймынбы. курган жаным,-деп кайрадан шолоктоп ыйлап ийди.Майрам Алымбаевнанын иш бөлмөсүнө жымжырттык өкүм сүрдү. Ошол жымжырттыкты Назиранын бышактап ыйлаган үнү бузуп жатты. Көптөн кийин доктур кайрадан сөз учугун чыгарып:

-Анан эмне боюңдан алдырайын деп чечтиңби?

-Ооба, Майрам Алымбаевна. Эптеп бир жардам кылыңыз. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дешет. Бир ирет жаңылдым, жаздым. Бул мага чоң турмуштук сабак болду. Өзүңүз бир жакшылык кылыңыз. Мени аял катары туура түшүнүңүз, өтүнөм,-деди жалооруй.

-Назира мен сени түшүнүп жатам. Баарыбыз эле жаш болгонбуз. Жаштык кылып жаңылыпсың. Мындан ары турмуштун миң кырдуу, миң сырдуу жолдорунан чалынба. Бирок, өмүр сакчысы катары баланы бойдон алдырууга каршы экенимди билдирем. Эми сенин шартыңды түшүнөйүн. Сен үчүн бир жакшылык кылайын. Эскертээрим аборт кылдыруу оңой эмес. Өзгөчө биринчи баланы алдыруу өтө опурталдуу. Кийин төрөбөй калышың мүмкүн. Аборт кылуунун ушундай коркунучтуу жагы бар. Экөөбүз бүгүн күндү гана ойлобой, эртеңкини да эске алалы, сиңдим кандай дейсиң?

-Эжеке, сиз кандай десеңиз баарына макулмун. Сиздин бардык шартыңызга көнөйүн.

 

-Болуптур сиңдим, анда ачыгын айтайын. Назира сенин далай жакшылыктарыңды көргөм. Алардын баары эсимде. Менин сага кылган жакшылыгым ушул болсун, сөзүмө көнсөң баланы аборт кылдыртпа. Жасалма жол менен төрөгүн. Ушул жол сенин кийинкиң үчүн пайдалуу. Сен жакшынакай аялзатысың. «Ургаачынын чырагы кырк» дейт эмеспи.. Эртеңки күнү бирөөгө бүлөө болосуң, төрөшүң керек, бактылуу эне болушуң керек. Биринчиден мен сенин төрөөгө жөндөмсүз болуп калууңду каалабайм. Экинчиден сенин мурдагы анализдериңден улам билем бөйрөгүң начар. Аборттун залакасы тийбей койбойт. Андыктан, сага аборт кылууга караганда, жасалма жол менен төрөө оңой болот. Макул болсоң ушундай кылалы.

*Назира Майрам Алымбаевнанын сөздөрүн кунт коюп угуп алып, айтканына макул болду. Бирок, курсагындагы баланын мөөнөтү кичине болгондугуна байланыштуу кичине күтө турууну чечишти. Себеби, кичинекей мөөнөттөгү баланы жасалма жол менен төрөтүүгө медицинада жол берилбейт экен.

 

Ошол ошол болду. Экөө сөздөрүн бекитип, туптуура бир айдан кийин кезигишүүгө бири-бирине убада беришип, кош айтышты. Назира Майрам Алымбаевнанын иш бөлмөсүнөн башын бийик көтөрүп кайраттуу чыкканы менен ооруканадан бир аз узагандан кийин көзүнөн жашы салаалап куюлуп, өзү жалгыз көчөнүн четинде ыйлап кетип баратты. Анын учурдагы абалын ким түшүнмөк? Мындай чечимге келүү Назирага деле оңой болгон жок. Жүрөгү канчалык мыкчылып ооруп жатканы, жүлүнүнүн зыркырап атканы бир Назирага, анан бир Кудайга маалым эле. Анын оюна койсо ушу жүрөк дарттан алеки заматта кутулууну каалап турду. Бирок антүүгө чамасы жетпейт. Дагы тозоктуу бир айды башынан өткөрүшү керек. Отуз күн, отуз түн өмүрүндөгү эң оор мезгил күтүп атты, Назираны.

Жолдо ыйлап келатып университетте таалим-тарбия берген бир агайынын философиясы терең акыл сөзүн эстеди. «Адам баласы турмуштун бардык жагдайына баягы пионерлердин девизиндей «дайым даяр» турушу керек. Турмуш деген турмуш. Турмуш деген сөздүн өзү эле «тур» анан «муш» эки сөздөн түзүлүп атпайбы.» Капырай десең, ушул кимдин эле оюна келиптир деп ойлоду Назира.Чын эле турсаң эле муш жейсиң. Эми муш дегениң жашоодон алган сокку деген мааниде деп өзүнчө ой терметип, чоң көчөнүн жээгинде бирде ыйлап, бирде өзүн-өзү сооротуп келе жатып батирине кантип келип калганын да сезбептир.

 

Айлана күүгүм тарта, караңгы түндүн бийлиги башталарына аз калыптыр. Сумкесинен ачкычын эптеп таап, үйүнө кирип, жарыкты да жандыргысы келбей диванына «күп» кулады. Анын чакан эки бөлмөлүү батиринде жалгыздык менен жымжырттык өкүмүн жүргүзүп, караңгы бөлмөдө тунжурап жаткан Назиранын кенен ойлонушуна шарт түзүшкөн өңдүү. Назира шыпты тиктеп жатып, ушу азыр өзү жалгыз жаткан диванда, сүйгөнү Марс менен бирге далай кереметтүү түндөрдү өткөрүп, далай ак таңдарды тосушпады беле? Сонун-сонун таттуу тилектерди тилек кылышып, аруу ойлордон курулган кыялдын кемесин минип алышып түбөлүккө бир болууга убадалашпады беле? Бүгүнчү? Анын бири жок. Кана ошол аруу тилектер, канакей ошол бактылуу мүнөттөр, каякта Марстын сүйүүгө толгон жалындуу көздөрү, мээримдүү сөздөрү каякта? Бу кайталангыс кымбат күндөр Назиранын жашоосунан жылан сыйпагандай жоголду.

 

Ошондо Марстын кучагында махабатка балкып жатканда ушундай күнгө туш келээрин эмне үчүн ойлонбоду экен? Чынында андай бактылуу жамандык кимдин оюна келсин. Анын үстүнө Назира Марстын сүйөрүнө жүрөгү менен ишенчү. Марс менен бактылуу, бакубат жашайбыз деген ой менен ушу күнгө чейин жашап келген. Бирок анын ушундай аруу тилектери бир күндө бырын-чырыны чыгып, быркырап, миң сан бөлүккө бөлүнүп талкаланды. Себеи бардыгын мезгил таразалайт дегендей Марстын Назираны кандай сүйөөрүн убакыт дапдаана көргөзүп койбодубу. Дал ошол ачуу чындыкты билген мүнөттө «мезгилден өткөн сот жок» деген сөзүн тегин жерден айтылбаганына түшүндү көрүнөт. Анан болгон окуянын баарын

ашынан кайра эстеди. Марс экөөнүн алгачкы таанышканы, экөөнүн ортосундагы ысык мамиленин башталышы, жаштыктын жалындуу күндөрү, Марс менен болгон күндөр-түндөр Назиранын көз алдында ирээти менен кино тасмадай тартылып өтүп атты. Назира, кургур, уйку бетин унутуп бир түнүн эскерүү менен өткөрүүнү чечти.Балээнин баары студенттик жатаканадан башталбадыбы. Назира анда төртүнчү курста окуп жаткан. Ошого чейин деле далай жигиттер сөз айтып артынан жүгүрүшкөн. Далай жигиттер кат аркылуу сүйүүлөрүн билдиришкен. Окууну гана ойлогон, биринчи кезекке окуусун койгон Назирага ал кезде жигит менен сүйлөшүү, же мамиле түзүү түшүнб да кирген эмес. Эртеңден кечке сабак, китепкана, сабакка даярдануу деген гана нерселер менен алек болчу. Башка кыздарчылап шарактап киного, дискотекага, отуруштарга барып көргөн жан эмес эле. Анын мындай мүнөзүнө чогуу жашаган кыздары да көнүп бүткөн. Ал тургай «чилистен» деп ат коюшуп, Назираны тамашалап калышчу. Мыкты окуган кыз ага деле терикчү эмес. Өзү менен өзү болуп, сабакка тиешелүү адабияттарды окуп, илим жаатындагы кызматкер болууну көксөчү. Ушул ойлору менен алпурушуп, тогуз кабаттуу жатакананын уядай болгон бөлмөсүндө отура берчү.

 

Жатакана түшүнгөнгө бу бир керемет дүйнө да. Өзгөчө майрамдарда ал жерде жашоо көркүнө чыга түшөт. Кызыл-тазыл гүлдөрдү анан ар түркүн сүрөттүү пакеттерди көтөрүп жигиттер кыздарга ачылып келишет го чиркин. Кыдардын да көркүнө көрк кошуп, жасанышып, чүпүрөк жана боёктун керемети менен сулуу-сулуу болуп чыга келишет десең. Назира менен Марс таанышкан күнү да жатакана да көркүнө чыгып, студенттердин майрамы болуп аткан. Адатынча бөлмөдө жалгыз калган болчу Назира. Жанындагы шок кыздар жасанып алышып, күүгүм талаш жигиттери майрамдап келишкен. Алардын «жүрү биз менен, эй Назира ушул күндөр да өтөт. Андан кийин студенттик күндөрдү эстегенде сөзсүз өкүнөсүң» деп таарынышкан кыязда эшикти тарс жаап чыгып кетишкен.

 

Назира шашпай жайында апасы ак койдун жүнүнөн ийрип берген жип менен жүн байпак токуп отурду. Ал эми коңшу Марапттын бөлмөсүнө кыздар менен жигиттер шаракташып, майрамдын шаанисин жасап атышта көрүнөт. Бир убакта кимдир бирөө Назиранын эшигин чертти. Эч нерсе оюнда жок кыз эшикти ачып эле таң калды. Босогонун нары жагында сулууча келген бейтааныш жигит туруптур.

 

-Саламатсызбы чоң кыз?

-Саламатчылык.

-Майрамыңыз менен куттуктайм!

-Чоң рахмат. Сизге ким керек?

-Билесизби мага сиз керексиз!

-Сиз кимсиз? Мен сизди тааныбайм.

-А мен сизди таайныйм. Чынында көптөн бери билемин. Атыңыз Назирабы?

-Ооба.

-Анда таанышып албайлыбы?

-Кечиресиз чоң жигит. Мен сиз менен таанышууга убактым жок,-деп туруп күтүлбөгөн жерден эшикти шарт жаап алды. Ошол жигит Марс болчу.

 

Кыздан мындайды күтпөгөн неме эшиктин сыртында калып калганына аябай кыжыры келди. Назирага көптөн бери көз салып акмалап жүрөт. Далай кыздар аркасынан жүгүргөн бу жигит өмүрүндө кыздан кагуу жейм деп ойлобосо керек. Мунусу чын. Анткени каерде болбосун кыздар ашык болушуп, өздөрү жабышып жүрүшүп, Марстын мындай ойду ойлобошуна шарт түзүшкөн окшобойбу. Бу саам жүрөгү каалап жүргөн кыздан кагуу жегени Марс үчүн чокуга чапкандай эле болду. Назиранын эшигинин алдында туруп, жигиттик намысы ойгонуп «шашпа Назира, сен сөзсүз меники болосуң, сага жетпесем жигит атым өчсүн» деп өзүнө-өзү катуу сөз берип, анан эч нерсе болбогондой кайра Марапаттын бөлмөсүнө кирип кетти.

 

Анын боз ала болуп кирип келгенде жердештери «кана Назираң? Эмне сени теңсинбей койдубу?» деп чолуп-чоркуй суроо узатышты. Марс унчукпады, кенен жазылган дасторкондун четине отуруп, «куйгулачы арактан» деди. Шыпылдаган бир досу Марстын айтканын кыла стаканга толтуа арак куюп берди. Ызаланган Марс лам дебестен шарт көтөрүп стакан бошотту да, үстөлдү түйүлгөн муштуму менен бир муштады. «Мен сага баары бир жетем, уктуңарбы Назира меники болот» деп бакырып алды. Баягы майрамдык маанайга бөлөнгөн Марапаттын бөлмөсү бир паска дымый түштү.

 

Мындай абалды оңдоп кетүүгө көнүп калган Марапат акырын ордунан туруп, Марстын жанына келди, анан анын моюнуна асылып «Марс сен ошого да ачууланасыңбы? Биз түштүктүк

болобуз. Ал кыз түндүктүк, бизче айтканда аркалык. Жаныңда канча түштүктүн сулуу кыздары отурат. Сен бизди көзгө илбей жатасың. Арабызда сен сүйүп жүргөндөр да жок эмес. Кел андан көрө майрамда бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпай, көңүлдүү кечибизди уланталы. Биз сени эч кимге бербейбиз, туурабы кыздар» дегенде «албетте туура» дешип чурулдаша кетишти. Кыздардын минтип чурулдашканы аракка кызый түшкөн Марска жага бербей заматта жүрөгү жибий түштү. Марапаттын майрамы кайрадан өз нугун улады. Назира болсо кошуналарынын ызы-чуусуна карабай көпкө чейин байпак түйүп отуруп, түн ортолоп калганда гана уйкуга кетти.

 

Эртеси таң атпай туруп жуунуп, чыкыйа кийинип алып, китепканага жөнөдү. Кыскасы ошол бойдон Марсты көргөн жок. Көрөйүн деген деле ою жок эле. Бирок турмуш сен каалагандай ойлогон оюң менен боло бербейт турбайбы. Назира бу жалган жашоонун жазылбаган ушул мыйзамын аңдабаптыр деле. Келечекте аны Марстын түрдүү окуялары күтүп атканын бечара кыз сезген да, туйган да жок…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE