Пример HTML-страницы

«СУЙУУБУЗДУ КЕЧИРГИЛЕ»

https://kyrgyzcha.site/?p=46827&preview=true Кызыктуу окуялар.

«СУЙУУБУЗДУ КЕЧИРГИЛЕ»

 

 

«Сен бир аз бир аз өткүр болгонуңда,

Мен сага ак сандыктай ачылмакмын…»

Менин эсимде жок, бул саптарды кайдан окуганым, качан окуганым… Бирок дароо тил учумда калган. Бул саптар батына албаган, коркок, балким, өз жүрөгүнө үңүлгөндөн качкан адамга арналган экен. Туура таптың, мен дал сен тууралуу айтып жатам. Миң бир жолу кечирим сурайм, бирок бул сенсиң. Мен сен үчүн эч нерседен коркпойт элем, ата-энеме, бир туугандарыма, керек болсо ааламга туруштук берет элем. А сен…»

Бактияр ушул сөздөрдү жазды да, андан аркысын уланта албады. Анын сезимин кагазга жазуу мүмкүн эмес эле. Ордунан туруп сыртка чыкты. Буттары өзүнөн-өзү баягы аялдамага алып барды. Киев көчөсүндөгү ушул аялдамага ал дайыма келет. Келет да, кимдир бирөөнү күтүп жаткандай көпкө тура берет. Бүгүн да ошол жерге барып көпкө күтүп турду. Ары жакта майда-барат сатып отурган абышка анын жанына келди.

– Ээ, балам, күндө ушул жерге келесиң. Дайым байкап жүрөм. Эки саат ары-бери басып, анан шылкыйып жөнөп каласың. Деги кимди анчалык күтүп жүрөсүң?

– Эч кимди…- күңк этип коюп ары басты Бактияр.

Ызаланды окшойт. Эч кимге айтпаган, адам аттуудан жашырып келген сырын ушул абышка сезип калганына жаны ачыша түштү.

Бактияр күткөн адамы менен ушул аялдамадан таанышкан. Дайыма ушул жерден кездешчү. Анан эле түшкө киргис иш болуп, жоготуп алды. Каңгырап колунан иши түшүп калды. Эгерде кимдир бирөө ушундай абалга туш болгонун көрсө, каткырып күлүп «ой, досум, «крышаң» кыйшайып калган го…» деп шылдыңдамак. Азыр өзүнө күлө турган киши жок. Бактияр өзүнө-өзү нааразы болуп кетип баратты. Чөнтөгүндө барак…

– Ай, балам, ай… Же кейигени, же аяганы билинбей күңгүрөнгөн карыянын үнүн укпаганга тырышты. Ичинен «экинчи келбейм, экинчи келбейм» деп жатты. Бирок анткен менен эртең эле кайра ушул жерге келерин билет.

 

ххх

 

Көк асманда учуп жүргөн көгүчкөндөрдү көргөн кыз Бактиярын эстеди. Эсинде, бир жолу туулган күнүндө бир апакай көгүчкөн алып келген. «Эмне кармап келдиң?» десе, «бул менин сүйүүмдүн далили. Менин сезимим да ушул ак көгүчкөн сыяктуу таза» деген эле. Анан экөө ак көгүчкөндү бир аз кармап туруп учуруп жиберишкен. Оор улутунуп алды. Азыр так эле ушул ак көгүчкөндөй асманга кайкып учуп, сүйүүсүн издеп кеткиси келди. Аз эле убакытта Бактиярга көнүп калган экен. Апасы болбогондо…

Айылдан апасы келди да, Исабек деген киши куда түшүп келгенин, атасы ага сөз берип койгонун айтты. «Атаңдын шагын сындырба, чырагым» деди. Көнбөскө чарасы жок эле. Төрт эркектин арасында көкүлүнөн сылап өстүргөн жалгыз кыз. Апасынын сөзүн таштай албай макул болду. Жакында той болот. Бактиярдан башка адамга кантип көнүп кетерин билбей бушайман.

 

ххх

 

Асман туптунук. Бактияр канча өзүн тыйбасын, бир үмүт кайрадан баягы аялдамага жетелеп келди. Келди да, көргөн көзүнө ишенбей туруп калды. Асели… Баягы ордунда Асели турган экен. «Түшүм! Түшүм болуп калбагай эле» деп көзүн ушалап алды. Жок! Чын экен. Арыктай да түшүптүр.

Кыз:

– Бакти-яр…- деп кыйкырып кучагына бой таштады.

– Келдиңби, жарыгым?!

Кучагындагы кызды өпкүлөп жиберди.

– Келдим. Баары бир сенсиз жашай албайт экем. Ата-энем кечиришер бир кезде… Алар биздин ак тилегибизди, таза сүйүүбүздү түшүнсө керек. Мен баары бир башка менен бактылуу боло албасымды билип турам,- деген Асел Бактиярдын кучагында туруп дирилдеп ыйлап жатты.

– Ыйлаба, алтыным. Баары жакшы болот. Биздин турмушубуз ушул көк асмандай тунук болот.

Бактиярдын жаш толгон көздөрүнө майда-чүйдө саткан карыя урунду. Ал дагы бир нерсени билгендей ууртунан жылмая аларды карап турган экен…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE