Пример HTML-страницы

«СИҢДИМ ЭКӨӨБҮЗ БИР ЖИГИТТИ СҮЙДҮК»

https://kyrgyzcha.site/?p=54187&preview=true Кызыктуу окуялар.

«СИҢДИМ ЭКӨӨБҮЗ БИР ЖИГИТТИ СҮЙДҮК»

 

 

 

 

«Түйүнчөктөй орун алып денеден,

Сырдуу келип, океандай кең экен.

Азап, кайгы, сүйүүгө да чыдаган,

Биздин жүрөк абдан эле эр экен!» деген ыр саптары мага аябай жагат. Анткени жер көтөрө алгыс азап-тозокту адам баласы башына түшсө «кыңк» этпей эле көтөрөт экен» деп кеп баштады менин каарманым сырын ачып отуруп. Эмесе, анын сөзүнө кезек берели…

 

«ШИРЕЛИШКЕН КОШ ЖҮРӨК»

Мират экөөбүз жаркыраган жаздын май айында тааныштык. Ал күнү мен жумуштан чыгып, үйдү көздөй шашыла баратсам, чөнтөк телефонумдан Омардын «ширелишкен кош жүрөк, шарт бөлүнүп кетеби» деген ыр жаңырып калды. Ушу ырды да аябай жакшы көрөм. Алсам эле курбу кызым группалашыбыз Айдинанын туулган күнү экендигин айтып, «даяр тур, азыр сага барам» деди. Ошентип, баарыбыз чогулуп Талас шаарындагы кафелердин бирине бардык. Бир кезде бардыгы келип бүттү, бирок «дагы бир-эки жигит келмек эле, бир аз кармалып жатышат» деп күтүп отурдук. Ошентип, туулган күн да башталды. Белектер, каалоо-тилектер Айдинанын дарегине жаады. Бир кезде менин чөнтөк телефонума бейтааныш номерден СМС келди. Көнүп калган адат менен ошол замат эле окуй коёюн деп ачтым.

– Сен жомоктон келген турбайсыңбы…- деген кыска эле билдирүү.

– А сен кимсиң?- деп жаздым мен.

– Сени жактырып калдым,- деген жооп тез эле келди.

– Сол жагыңды карасаң, маданияттуу болуп этти да вилка менен жеп жатам,- деген СМС келди бир кезде. Күлүп, сол жагымды карасам, кечигип келген эки жигиттин бири экен. Мен тарапты карабастан эле вилкага сайылган этти жылмайып туруп оозуна салып койду. Ошондон тарта күлкүлүү билдирүүлөрдү ал жигиттен көп ала баштадым. Күндөрдүн биринде көчөнүн ары жагына өтүп жатканымды билем. Андан аркысы эсимде жок. Көзүмдү ачсам, ак халатчандар жанымда жүрүшөт.

– Мага эмне болду, мен кайдамын?- дедим.

– Сиз ооруканадасыз,- деген кыска жооп айтышты. Көрсө, машина уруп кеткен экен. Бир топ убакыттан кийин гана тулку боюм бүт ооруп, этим ысып чыкты. Эртеси көзүмдү ачсам, мени тиктеп жанымда баягы «этти вилка менен жеген маданияттуу» жигит отурат. Мени сүзүп кеткен автоунаанын ээси ушул экендигин түшүндүм. Башымдан алган жаракат, сол бутумдун сынышы мени көп эле кыйнады. Кыскасы, оорукананын жыты мурдума сиңип калгыча жаттым. Ал эми баягы жигит күндө эки маал мен жаткан жерге гүл көтөрүп келгенди адатка айлантып алды. Ошентип жатып ооруканадан да чыктым.

Эртеси ден соолугумду сурамыш этип дагы келди. Башында сиңдимдин «оо, эже, жездем болобу?» деген сөзүнө теригип, ал берген гүлдү ыргытып салган күндөрүм да болду. Сиңдим «андан көрө ушул гүлдөрдү мага берсе го, сизге кор болгон байкуш гүлдөр» деп вазага салып койчу. Бара-бара мен да ага көнүп, телефон «чырр» десе эле аны күтүп жашап калдым. Арадан эки жыл өттү. Бир күнү жумуштан келсем, сиңдим Жазгүл ыйлап отурат. Кандай сурасам да айтпай, буркурап эле ыйлай берди.

 

«СИЗ СҮЙГӨН ЖИГИТТИ МЕН ДА СҮЙӨМ…»

Аргам түгөнүп Миратка телефон чалып, баарын айтып бердим. Ал шашылып келип, эмне болгондугун экөөлөп сурадык. Бир кезде «Мират байке, мен сизди сүйөм, кандай түшүнбөйсүңөр?» деп ыйлаган бойдон чуркап сыртка чыгып кетти. Мират экөөбүз тең ордубуздан козголо албай тиктешип гана туруп калдык. Ошол күндөн тарта сиңдим мага сүйлөбөйт, мен ага сүйлөй албайм. Кээде кучакташып алып ыйласак, кээде өз бөлмөлөрүбүзгө камалып, бири-бирибизди бир нече күн көрбөй да жашап калдык. Эч кимге алмаштыргыс Миратым болсо саат сайын чалат, экөөбүз бири-бирибиздин дем алганыбызды тыңшагандай эле үн-сөзсүз отура берчү болдук. Менин иштеген ишим калды, сиңдимдин окуусу калды. Эки бир туугандын сүйүүсүнө арзып алып Мират өзүн күнөөлүү сезип жүргөнүн байкап жүрдүм. Кээде өз бир тууганымды жек көрүп кетем. Бир күнү болгон күчүмдү жыйып, сиңдим жаткан бөлмөгө кирсем, ал мени көрө коюп эле терс бурулуп жатып алды. Жанына басып бардым да «эмне кылабыз?» деп кыска гана сурадым.

– Эже, Миратты сиз кандай сүйсөңүз, мен андан миң эсе катуу сүйөм.

– Кантип сүйүп калдың?

– Сен кантип сүйүп калсаң, мен да ошентип сүйүп калдым!

Анын «сен» деген сөзү кулагымды жарып өттү. Оозума келмем келбей бурулдум да, чыгып кеттим. Бир күнү мага жумуштан «арызың менен келип, директорго кол койдуруп ал» дешти. Ошентип, жумуштан да чыгып калдым. Жашоом астын-үстүн болуп калды. «Эмнеге менин сүйүүмдү талашат?» деп сиңдиме болгон жек көрүү сезими күндөн-күнгө күчөп барат. Бир-эки айдан бери бир үйдө отуруп, бирок жарытарлык жүз көрүшпөгөн сиңдим «жиндидей түш көрдүм, эже» деп калды. Түшүндө экөөбүздүн тең гороскоп белгилери менен чай ичип жүргөн кружкаларыбыз сынып калыптыр.

 

«АВТОКЫРСЫККА УЧУРАП, ООРУКАНАДА…»

Кырсык кийинки күнү айттырбай каптады. «Мират автокырсыкка учурап, ооруканада» деген кабарга ишенбей, дендароо болуп туруп калдым. Ооруканага барсак, Мират оор абалда экен, бизди киргизбей коюшту. 3 күн эсине келе албай жатты. Ал күндөрү Жазгүл экөөбүздүн абалыбызды түшүнүү кыйын эле. Мираттын кырсыкка учураганына ар кимибиз өз ичибизде бири-бирибизди күнөөлөп жаттык. Ошентип,Мират үч күндөн кийин ооруканадан чыкпай жатып 27 жаш курагында кете берди. Бул суук кабарды мен телефондон уктум. Өмүрдөгү бул жоготуу жүрөгүмдүн жарымын кесип кеткендей эле болду. Сиңдимдин абалы андан да оор эле. Окуусун таштап, айылга кетип калды.

Мираттан айрылганыма 2 жылдын жүзү болсо да, жалгыздыкка көнө албай жабыркап келем. Ал эми сиңдим кийинки жылы эле турмушка чыгып, азыр бала-бакыралуу. Бирок ортобузду суук аралагандай бири-бирибизге сузбуз.

Мират, сендей адамды сүйүп, ушундай улуу «махабат» деген сыноону жүрөгүмдөн, жан дүйнөмдөн өткөрүп, ошол «сүйүү» деген кең дайрада калагы жок кайыкта жалгыз сүзүп жүргөнүм үчүн өзүмдү бактылуу сезем. Махабатты даңазалап, аны жашоонун ыйык туусу катары бийик көтөрүп, өмүрүм өткөнчө «сен» деген арзуунун азабына чыдайт окшойм.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE