Пример HTML-страницы

Шариатка баш ийсен эки дуйнодо тен бактылуусун

https://kyrgyzcha.site/?p=51568&preview=true Кызыктуу окуялар.

Аялым биринчи перзентимди төрөгөндө отуз жашта элем. Ошол түн алигүнчө эсимен кетпейт…Досторум менен түн жарымга чейин чайканада сөз жарыштырып отурдук. Маанилүү бир нерсе болгонун эстей албаймын, бирок пайдасыз гайбат ʺөрдөк учурмайʺ сөздөр менен түндү өткөрдүк. Башынан тапан болгонум үчүн, сөздүн жылоосу менин колумда болуп, ар кандай анекдоттор менен курдаштарымдын боорун эздим… Эсимде. ..Ошол түнү чайкананын жанындагы кичинекей базарчада отурган көзү азиз карыяны абдан маскара кылдым: ал кандай аракет жасаган болсо, мен дагы анын дал ошондой аракетин кайталап жасай бердим, досторум күлө берип көздөрүнөн жаш агып кетти.Бул аздык кылгансып, ордунан туруп кетип жатканда бутунан чалып жибердим.Гүпп. Каткырыгыбыз көчөнү жаңыртты…Адаттагыдай үйгө түн бир оокумда бардым…Аялым курсагын чандайтып, аянычтуу абалда күтүп отурган экен, муңдуу үн менен: -Рашид, кайда жүрөсүз, менин дарманым кетип турат. Көз жаруу убактым келип калган окшойт-деди. Ушул сөздөрдү айтканда көзүнөн аккан чолок жаш бетинен ылдый тоголонду… Бечара аялыма көңүл бөлбөй көчөдө, чайканада пайдасыз сөз жарыштырып жүргөнүмө өкүнүп кеттим, тогуз айлык боюнда бар болсо, мен эч ишим жок көчөдө жүрсөм деп өзүмдү өзүм жемеледим. Дароо төрөт үйүнө алып барып жаткырдым.Медсестралардын айтуусунда ʺбышып калыптырʺ , күтүп туруумду өтүнүштү. Бир нече саат күттүм, эч ким чыгып сүйүнчүлөбөдү. Акыры медсестрага телефон номеримди таштап, үйгө кеттим. Бир сааттан кийин телефон чырылдап, төрөт үйүнө чакырышты. Врачтын алдына кирдим. Ал мага Аллахтын тагдыры экен, тагдырга ыраазы болуш керек деген сыяктуу насааттарын айтып : -Уулдуу болдуңуз! Бирок, көзү…сабыр кылыңыз эми деди. Ошол замат базарда шылдыңдаган сокур карыя көзүмө элестей түштү. Тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду…. Я, Раббим! Эккениңди оросуң дегени ушулбу ? Шордуу аялым ай! Ушундай кайгыны көрүп турса да билдирбегенге тырышат. Тагдырдын жазмышына тан берип , ыраазы болуп жаткан экен. Адамдарды кемсинтип маскара кылганымда мага : „Кишилерди кайбат кылбасаныз жакшы болоор беле“ деп насаат айтчу аялым бул ирет дагы кайраттулугу менен мени таң калтырды. Үйгө келдик. Эми үйдө үчөө болдук. Кичинекей Батыр,апасы жана мен. Чынын айтсам балама эч бир көңүлүм жылыбады. Жадагалса үйдө бар же жок экени мени кызыктырбайт. Көп ыйлай баштаган кезде бөлмөдөн чыгып, башка бөлмөгө чыгып жатып алчу болдум. Айлар өтүп, чоңое баштады. Бир жашка чыгып, там-туңдап баса баштаганда, бир буту кыска экени билинди. Чолок да экен! Балага болгон мамилем андан бетер сууп кетти. Арадан жылдар өтүп, дагы эки уулдуу болдук: Омар жана Осмон. Жылдар өтө берди. Балдар дагы чоңое берди…Эми мен Батыр жөнүндө таптакыр ойлонбой калдым. Мурунку ыр-күлкү кайрадан өз нугу менен кете баштады. Бирок, аялым менин оңолуп кетишимден үмүт үзбөй, менин кер какшык азилдериме сабыр кылып, ар дайым (көбүнчө өз алдынча калганда) дуба кылаар эле !!! Бирок башка балдарымды эркелетип Батырды четке сүрүп койгонумду көрүп ичинен сызып, билгизбей ыйлап алат курганым. Батыр мектеп жашына жетти. Майыптардын мектебине окууга бердик. Убакыттын өтүшүн анчалык деле байкабайт элем. Күндөрүм коендой окшош таризде – жумуш, уйку, тамак, досторум менен көңүл ачып сайрандоо,эртеси, бүрсүгүнү, кийинкиси… күн ушинтип өтүп жатты. Бир күнү…Жума болчу…саат он бирлерде Бешимге жакын ойгондум. Саат экиде бир жерге тойго барышым керек.Шашылбай жуунуп – таранып, кийинип, жыпар жыттуу атырлардан себинип көчөгө жөнөп калдым. Эшикке жакын калганда Батырдын буулугуп ыйлаганын көрүп көңүлсүз алдына бардым. Көзүнөн куюлган мөлт-мөлт жашы бетин жууп, бөйтөйгөн колдору менен азиз көзүн аарчып үлгүрбөйт! Бул менин ага ымыркай кезинен бери биринчи көңүл буруум эле! Он жыл аралыгында! Бул жолу дагы ички бир шум туйгу карабай кетүүгө үндөдү. Балам болсо, менин бар экенимди билген жок. Муңдуу ый аралаш үн менен „ апаке – ее, кайдасыз! Апаке-е-е кайдасыз! “ – деп ыкылдайт. Батыр, эмнеге ыйлап жатасын ? – деп сурадым. Доошумду угуп ыйлабай калды. Сокур көздөрү коркуудан чоң-чоң ачылды. Жакындаганымды сезгенде, менден өзүн алып качууга далаалат жасады жана айланасын кармалап, кагылып – сүрүлүп бөлмөсүнө житип кетти! Ох!!! Бул өксүктү эч качан унута албасам керек! Анын баскан аракеттери, бөлмөсүндөгү нерселеринин баары тилге кирип: „Он жылдан бери кайда элең!“ – деп айтып жаткандай болду! Артынан акырын басып бөлмөсүнө кирдим. Оболу эмне үчүн ыйлап жатканын айткан жок. Анан…өмүрүмдө биринчи ирет эркелетип,башынан сылап сурадым. Ошондон кийин гана шолоктоп ыйлап, капаланганынын себебин айтып берди. Көрсө, бүгүн аны ар дайым мечитке жетелеп алып барып келүүчү иниси Омар үйдө жок экен. Жума намазы жакындап калгандыктан, биринчи саптан орун алалбай калам деп ыйлап жатканы экен. Батыр ушул арманын айтып улутунуп алды…Сокур көздөрүнөн дагы жаш куюла баштады. Он жаштагы сокур баламдан бул сөздөрүн укканда апкаарып, тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду. Батырымдын бетин колум менен сылап, өзүмдү кармай албай, ый аралаш: — Ушул үчүн ыйладыңбы Батырбек ? – дедим. -Ооба, хык… Ошол маалда мен бир нерсени унуттум….досторумду, убада кылынган тойду, баарын…Анан балама кайрылдым: — Батыр уулум, сени мечитке бүгүн ким алып барат билесиңби ? -Омар алып барса керек, хык…бирок кечигип жатат.. -Жо-ок. ..Бүгүн сени мечитке мен алып барамын балам, ме-ен! Батыр айран таң болуп калды. Ишенгиси келген жок. Кантип эле! Башкаларды мазактап, келекелеп жүргөн атасы эми өзүнүн майып перзентин да мазактап жатат деп ойлоду окшойт. Бирок, ниетим чын экенин эптеп билдиргенимден кийин гана мойнума асылып, дагы ыйлап жиберди. Бирок бул Батырдын сүйүнүч жаштары эле. Көздөрүн колум менен аарчып, колунан кармап, машинага отургузууга камынганымда : — Ата, мечит жакын го – мечитке кадамдарымды санап баргым келет-деди. Биз жетелешип алып, жөө жөнөдүк. Мечит адамдарга толо баштаган экен. Ошентсе да, Батыр экөөбүз биринчи саптан орун таба алдык. Жанаша отуруп жума хутпасын уктук, ал менин эмес мен анын жанында намаз окудум. Намаздан кийин Батыр текчеден Кураани Карим алып беришимди суранды. Кызык!!! Көзү азиз болсо кантип окуйт? Укпагандай болуп отура берейин дедим бирок, капа болуп калышынан коркуп, колуна Кураани Каримди карматтым. — „Кахф“сүрөсүн ачып бериңизчи?.. . Ары ачып, бери ачып, таба албай кыйналып, акыры мазмунунан карап араң таап бердим. Кураанды колуман алып, алдындагы жапыз столго коюп, азиз көздөрүн жумган бойдон окуй баштады: „Алхамду лиллаах иллазии…“ Оо, Раббим! Оо Жараткан! Уулум Кахф сүрөсүн толук жаттап алган экен! Өзүмөн- өзүм уялып кеттим. Мен дагы колума Кураанды алдым.Ошондо дене боюм титиреп кетти. Уулумдай шатырата албасам да эжелеп окуй бердим…Жасаган күнөөлөрүмдү, акмакчылыктарымды кечиришин Аллахтан суранып…Бир, эки тамчы менен башталган көз жаш, шолоктогон ыйга айланды. Мечиттин ар кайсыл жеринде намаз окуп жаткан адамдардан уялып, ыйымды ичиме жуттум. Ушу бойдон үнсүз ыйлап канча отурганымды билбейм. Бир маалда назик, ичке, алсыз колдор бетимди кармалап таап, селдей агып жаткан көз жашымды аарчый баштады. Бул менин сокур уулумдун колу эле. Уулум! Жүрөгүм толуп — ташып Батырымды кучагыма алдым, боорума узак кысып, ушуларды ойлодум: ʺСен сокур эмессин! Чыныгы сокур мен экенмин! Тозокко сүйрөп жаткан бузуку дейдилерге кошулуп алып, суудай ысырап болгон өмүр жолума бир да кылчайып карап койбогон атаң сокур экен!!! ʺ Жетелешип үйгө келдик. …Ушул күндөн баштап намазды ар дайым мечиттен окуй турган болдум.Эски үлпөттөрүм менен кош айтышып, мечиттен , айылдан жаңы досторду таптым. Мен алар менен жүрүп көп нерселерди үйрөндүм: эч бир намазды калтырбай турган, Кураанды бир айда бир жолу баштан -аяк кайталап (хатм кылып) окуп чыга турган болдум. Үй- бүлөм, бала- чакама болгон илгерки суук мамилем жоголуп, анын ордун мээрбандык, камкордук ээледи. Өмүрлүк жолдошумдун кабагындагы муңдуулук да жоголуп, көңүлү куунак болуп, чырайына чыгып, чыныгы маанисинде он жашка жашарып кеткендей болду. Айрыкча уулум Батырдын жүзүнөн жылмаюу кетпейт. Көргөн адам бул дүйнөдөгү бардык казыналарды таап алган экен деп ойлойт эле……Бир нече күндөрдөн кийин досторум узак мөөнөткө даваатка бара турган болушуп, мага да сунуш кылышты. Батырдын алдына барып, сапарга кетип жатканымды билдирдим. Ал ичке, назик колдору менен мойнума асылып мени менен коштошту…. Сапарыбыз үч жарым айга созулду…Убакыт тапкан мезгилде дароо үйгө телефон чалып, аялым, балдарым менен сүйлөшүп турдум, аларды абдан сагынган элем, айрыкча Батырды…Кызык, качан телефон чалсам Батыр мечитке же мектепке кеткен болот. Аялымдан анын абалын сурасам, менин ага мынчалык байланып калганымды угуп күлүп калаар эле. Анан кайтаардан эки күн мурда телефон чалганымда адаттагы күлкүсүн укканым жок, добушу дагы өзгөргөндөй. .. — Батырга ысык салам айтып кой! — Болуптур, Кудай кааласа. Сапар мөөнөтү бүтүп, үйгө жетип келдим. Балдарым, аялыма бир кучак белек-бекчектер менен, андан көбүрөөк сагыныч менен эшикке карап турдум, мына азыр Батыр эшикти кармалап болсо да таап өзү ачат…! Бирок, эшикти Батырым эмес, эми гана төрт жашка чыккан кенже уулум Осмон ачты. Аны көтөрүп алганда ʺатта…аттаʺ деп бир нерсе айтмакчы болгонун байкап калдым. Батыр кайда?! Жүрөгүмдү бир нерсе мыкчып алгандай болду. ʺШайтандын азгырыгынан өзүң асырагынʺ деген дубаны окуп үйгө кирдим. Эмнегедир аялымдын куунап- жайнаганын да байкабадым. Кабагы салыңкы. Көздөрү дагы муңдуу… — Тынчылыкпы ? Эмне болду сага ? — Эч нерсе… — Батыр кайда ? — … … .. — Аялым бул суроомо башын четке буруп, буркурап ыйлоо менен жооп берди. Көңүлүм андан бетер караңгылашып кетти. Ушул мезгилде Осмон келип өзүнүн толук чыга элек чулдур тили менен: ʺАтта, Батый акам даннатка тетти…Аллага теттиʺ десе болобу! Турган жеримде селейип калдым! Кулагым тунжурап эч нерсе укпайт! Ким, эмне дегенин укканым жок. Сезимдерим өлүк! Болгону аялымдын бетин басып үйдөн чыгып кеткенин элес- булас байкадым. Кийин билсем, мен кайтаардан эки апта мурда Батыр кокустан безгек менен ооруп, ысытмасы көтөрүлүп кетиптир. Апасы дароо больницага алып барган. Ысытмасы күчөп, өз атасынын мееримине тойбогон бойдон, ичке, назик колдорун апасына сунган бойдон түбөлүк жайга узап кете бериптир…

 

Алла таала айтат:

ʺкимди менден артык корсон аны сенден алып коем, ансыз жашай албайм дебе ансыз деле жашатып коем, мезгил отот колоко берген дарактардын бутактары кургайт, сабыр тугонот, озундон артык суйгонун да бир куну жат болот, эсин жоголот, досун душманына айланат, душманын келип дос болот. Ушундай кызык бир дуйно. Болбойт деген эмнен болсо баары болот, жыгылбайм дейсин жыгыласын, адашпайм дейсин адашасын, эн кызык ушул дуйно болот. Олдум деп мин кайталасан да ажалын келбесе жашайсын. Кайгырасын кубанасын, жашоого тойдум дейсин тойбойсун. Байлыкты бакыт деп ойлойсун байлыка да жетесин андан эч кандай бакыт таппайсын. Жашоо тугонбойт улана берет омурун тугонот. Суйууну бакыт деп ойлойсун суйгонуно жетесин суйуудон да бакыт таппайсын. Аракет кылса баары болот дейсин буйрубаса эч нерсе жок.

 

БАКЫТ бул ислам дининде. Шариатка баш ийсен эки дуйнодо тен бактылуусун. Дин менен жашасан намаз окусан журогунду тазартат. Ошондо элге еле эмес магада керек болосун…урматту момун Мусулмандарым. Бул окуяны баары окуш учун ар досуна жибер, Ин Ша Аллах.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE