Пример HTML-страницы

«ОЧПОС СЕЗИМ»

https://kyrgyzcha.site/?p=47523&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ОЧПОС СЕЗИМ»

 

Айылдаш кошунамдын кызы Турсун борбордон жогорку окуу жайды бүтүп келген эле. Убакыт дегениң сааттын жебеси менен кошо айланып, билинбей өтө берет тура. Кечээ эле так секирип ойноп жүргөн кыз бүгүн кер маралдай керилип чыга келди. Ары-бери өткөн сайын анын терезесин карай берчү болдум. Мен канчалык өтүмдүү болоюн десем да, анын сулуу чырайы мени сүрдөтөр эле. Бир орунга тура албай, жүрөгүм элеп-желеп болуп, аны эстегенде машина айдап бара жатканымды унутуп, жолдон чыгып кеткен күндөрүм да болду. Ата-энем мал багып, айылдан 50-60 чакырым алыс жайлоодо турушчу. Бир күнү аларга учурашып келейин деп жетекчимден эки күнгө уруксат сурап, жайлоону көздөй сапар тарттым. Жете келип эшиктин алдына түшсөм, отунга деп араалап койгон дөңгөчтүн үстүндө отурган ата-энем сүйүнө мени кучактап калышты. Атүгүл өзүм багып чоңойткон кара ала күчүк да шыйпаңдап, бутума ороло эркелейт. Эңкейип башынан сыласам, бетимди жалап-жуктап көпкө кетпей койду. Апам күйпөлөктөп, каткан таттууларын алып чыгып, дасторконун жайнатып кирди. Берерге ашын таппай, сүйүнүп жүргөнүнө ичим жылып, бирок байкамаксан боло, оор басырыктуу көрүнүп, атам менен маек куруп отурдум. Чай ичилип бүткөндө атам: – Ээ, балам, аскердик милдетти аткарып келдиң. Биз минтип карылыкка моюн сунуп баратабыз. Турмуштун ачуу-таттуусун түшүнүп, өзүң деле үй-бүлө күтүп, очор-бачар болууну көкүрөгүңдө самап жүргөндүрсүң. Элдин балдарын карачы, өзүнчө түтүн булатышып, «баланчанын балдары» дедиртип оокат кылып жатышат. Сенин алардан эмнең кем? Энең экөөбүз сандыкка каткан кийимдерибизди кийип, «уулубуздукуна баратабыз» деп эл көзүнө көрүнүп, компоюп үйүңө барып, келинге чай куйдуруп ичип, сыйын көрсөк кандай сонун болор эле, балам. Биздин деле өсөрүбүз калган жок, ордубузду басчу сенсиң. Небере жетелеп, наристе жытын искеп калбайт белек?..- деди. Атамдын айткан сөздөрү мени катуу ойлонтту. Жүрөгүм элеп-желеп болуп, Турсунду эстеп, таңдын атмагы азап болду. Акыры таң да атып, Турсунга оюмду айтууну эңсеп жолго чыктым. Келе жатканда кырсыкка кабылып, машинам менен ала салып кетиптирмин. Көзүмдү ачсам ооруканада жатам. Дагы жакшы, башымдан жаракат алып, калган жерлериме залал келбептир. Ооруканада жатканда оюмдун баары эле Турсун боло берди. Кайсы күн экени эсимде жок, керебеттен турайын деп жатсам Турсундун карааны уруна түштү. – Сизге эмне болду, агай? Жакшы болуп калдыңызбы? Кудай чоң сактаптыр. Эмне болуп авария болдуңуз?- деди мени күттүргөн мээримдүү үн. – Сени эстеп келатып рулда экенимди унутуп коюптурмун,- дедим. Чындыгында эле Турсунду ойлоп келе жаткам. – Тамакка караңыз, агай…- деди ал жылмайып. Ошол күн менин эң бактылуу күнүм экен. Көпкө сүйлөшүп отурдук. Сезимдерибиз тууралуу сүйлөшүп, үйлөнүү жөнүндө да сөз кылдык. Терезени карасак, күүгүм кирип, көз байланып калган экен. Турсунду бир топ жерге узатып барганымда ал «эми өзүм эле кетем, агай, суукка урунбай кете бериңиз» деди. Анын «келип турам» деген сөзү үмүтүмдү жандандырды. Бирок, тилекке каршы, анын келишин көпкө күтүп жүрдүм, келген жок. Биздин сөз бекиткенибиз тууралуу мен апамдарга айтып, алар да тойго камдана башташкан эле. Ооруканадан чыгып келе жатсам, Турсундун апасы менен жеңеси алдымдан чыгып калышты. – Жакшы болуп калдыңбы, айланайын?- деп апасы жер карады да, обочороок басып кетти. Жеңеси менен учурашып, Турсунду сурадым. – Шаарга кеткен,- деди ал мукактана. Жеңесине жалдырап, Турсунду кайра-кайра сурап жибердим. Ал мага боор ооруп карап турду да, акырын үн катты. – Биздин кыз сага барган күнү кечинде аны үйүңө жеткирип коёбуз деп ой-боюна койбой райондун борборунан бир топ бала машинага салып кетишиптир. Бечара Турсунду мазактап, зордуктап, ара жолго таштап кетишиптир. Караңгы болгондуктан, алардын бирин да тааныбайт,- деп ыйлап жиберди. Башыма бирөө оор нерсе менен уруп жибергендей болуп туруп калдым. Андан аркысы эсимде жок, кыязы, жеңеси менен коштошконго да жарабадым окшойт. Андагы абалымды эч ким сүрөттөп айтып бере албайт эле. Эртеси Турсундун дарегин алып, иштеген жерине бардым. Байкушум мени карай албай, көздөрүн ала качып жатты. – Мага мындан ары келбеңиз!- деген сөзүн укканда денемди муздак тер басып кетти. – Турсун, мен баарын уктум, түшүнөм, баарына мен күнөөлүүмүн!- деп кучактап калдым. Кучагымда дирилдеп турган алсыз денесин өмүр бою коё бергим келбеди. Ал да энтигип ыйлап, токтоно албай жатты. Менин көз жашым да токтобой, экөөбүздүкү биригип кетти. Эч нерсеге карабай үйлөнмөй болдук. Ошентип, биз күткөн той да келди. «Өткөн ишти эске албайлы, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын» деп бири-бирибизге ант беришип, баш кошуп, бирге түтүн булатып калдык. Андан бери көп жыл өттү. Эки уул, бир кыздын эне-атасы болуп, эсен-аман турмуш кечирүүдөбүз. Мен куру намыс деп бактымдан баш тарткан жокмун…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE