Пример HTML-страницы

Менин жанылыштыгым…

https://kyrgyzcha.site/?p=42106&preview=true Кызыктуу окуялар.

Менин жанылыштыгым…

Менин омурумдун 24чу жылынын жарымы Россиянын бир кичине эски шаарында отту.

Суйлошкон жигитим жок, одноклассникте ар ким менен таанышып женил мамиле кылууну адатка айлантып дружба жоноткондордун баардыгын кошуп алып окшош суроолорго окшош жооп жазып жургон куздун кунун бири эле. Жумуштан эс алуу алып шаарды айланып келуу учун жалгыз чыктым, музыка угуп ойлонуп отурууну жактырганыман уйдон алыыс барып суу жээктеп коопко басып журуп кеч кире баштаганда аялдамага келип уйго алып барчу автобусту коопко кутуп калдым, зеригуудон улам сайтка кирсем адаттагыдай окшош суроолуу каттар келген экен. Улуусу кичуусу баары аралаш болгондуктан эч бирине озгочо мамиле кылуу болмок эместей салкын жооп кайтараар элем. Арасынан бир байке биз таанышпызбы деп сураган экен голосовой менен. Мен да сизге ушул суроону берейин дегем деп жооп кайтардым, жылмайган смайлик келди. Автобусум келип калгандыктан кийинки суроосун окубастан кийин жазам деп сайттан чыгып кеттим, уйго келип карасам кутуп отургандай бошодунбу деп жазды, жооп бердим….

Бир топ кундой жазышып журдук, озгочо жазаар эле, башкаларга жооп берууну токтотуп ошол байкенин жазганы менен кундор отуп жатты. Бир куну мен сен учун Бишкектен Россияга барам деди, мен кулуп колунуздан келбеген нерсени айтпасаныз дедим, намыстанып кеттиби же чын эле келгиси келдиби билбейм кыскасы бир жумада барам деп калды, мен коробуз дедим. Ошону менен байкени сайттан корбой калдым, бир кыска ой менен катардагы алакоодон куру суйлогондордун катарына кошуп койдум бирок жылтыраган умуттун ишеничтин киииичинекей чогу мени кутуу тууралуу ойлонтту. Арадан 3 кун откондо мен сага келдим номеринди берчи деген кат алдым, тан калуу, толкундоо, кубаныч бийлеп алды сезимдеримди…номеримди жаздым, 10мунотко жетпей белгисиз номер чалды, мен толкундап алгам бирок билдирбешим керек болду. Токтоо ун менен жооп бердим.

Жоон ундуу байке да токтоо, маданияттуу жана мээримдуу суйлоп жатты, менде да билинеер билинбес наздануу ,кылыктануу ишенбоочулук бар, бирок эски тааныштардай женил суйлоштук. Мен сен учун келдим деди мен ишенбедим кантип эле деп, башка ишиниз болсо керек десем сени менен кезигип суйлошуу мага маанилуу, мен калп жана кооз суйлой турган жашта эмесмин деди. А мен анда да Российский номер менен чалганыныз мен жургон шаарда экенинизди билдирбейт дедим, байке кулуп алды да сендей баамчыл акылдуу кызды жолуктурбагам деп эртен мага кезигесинби, ишенишин учун алдына барайын деди. Мен дароо жооп бере алган жокмун, корктум, чет жерде журсом жаны таанышка кезикмек кайда деп. Ачык айттым ал мени тушуноорун айтты да уйундун жанына барайын синдинди же ининди ээрчитип чык деди. Менден 9 жашка улуу токтолуп калган тушунуктуу байкенин айтканын жон кордум да маакул болдум. Магазинде иштейт элем, тунку 11де бошойм десем макулмун деди. Келишип болдук, уйго жакын аялдамадан кутмой болду. Кезигуу убактысы келди, синдимди аркамдан карап тур деп дайындап аялдамада турдум, телефонума чалуу келди, байке экен, шаарды билбегендиктен такси менен келе жатып мен айткан адрести таппай жатканын айтты. Айдоочу менен суйлошсом жакын жерде эле экен бат эле келип калды. Машинадан гул которгон орто бойлуу арыгыраак жигит тушуп келе жатканын коруп журогум ылдыйлай тушту, анткени унуно карап мен толук жана чооон улуу байке деп элестеткем. Бул кунду коп кутподук, баары тез болуп кетти. Таанышуубуз, жолугушуубуз да аз убакытта ишене албагыдай тездикте болду. Кезиктик… суйкумдуу, мээримдуу жылмайып колундагы розасын сунган байке конулумо жага тушту.

Рахмат айтып жылмайып сунулган гулду алып кылыктана жыттап алдым да тике карадым, сурдоп тургандай соз баштай албай турду эле мен соз баштап шайырдыгым жакшы роль ойноп кетти. Суроо- жооптор созубузду кызыктуу нукка бурду, бир аз басып саатты карасам 20 минута болгон экен. Кеч болду эми уйго кирейин десем 10 минут тура турчу жанымда деди, каршы болбодум. Сылык сыпаа колумду кармап учурашкан байке кетээримде бетимен суйуп койду да сага таттуу да ала келгем деп шоколад сунду. Азыркы жаш жигиттерибиздин арасында шоколад бергенднри ото эле аз экенин ойлоп раазы болуп коштошуп уйго кирип кеттим. Синдим аркабызда жургон эле, бир аздан кийин эле аркаман кирди уйго чоогу кирип жатып калдык. Телефон чалуулар, суйлошуулор, билинбеген жакындашуулар башталды. Экинчи кезигууну пландап кезиктик, шаар айланууга чыктык, менин озумчулдугум, адамга бат байланып калуум, кызганчаактыгым, жактыруум чон роль ойноп кетти, анткени экинчи жолугушууда эле мен ал байкени жакын кабыл алып кызганга жетишип калдым. Уялынкы карап кезигип, бир аз аралыкта басып келип автобуска тушконубуздо кондуктор байкеме башкача карап болбогон создорду айтып суйлой бергени менин кыжырыма тийди. Ошол кезде бироо кызгандын десе моюнга албайт элем бирок чындап кызгануу болду. Мендик экенин билсин деген максатта байкемдин кийимин туздомуш болуп боорунан кармап алдым тутамдап. Кондуктордун коз карашын карап турдум, ал байкады да алыстап жылып кетти. Ичимде озумо раазы болуп бараттым. Баса биз зоопаркка бара жатканбыз, ал жакка жетип жерге тушконубуздо мени колдон алып жетелеп алды. Бир аз уялганым менен бул нерсе мага жакты. Оорду менен суйлогон, салмактуу ой жугурткон байке купулума толгон эле. Айландык, кызыктуу маек устундо тамактандык, ойнодук, кулдук, анан каруселге тушуп шаарды устунон кормок болуп жерден которулуп баратканда бир коз ирмемде ысык ээриндери менен менин ээриндеримди ооп алды. Ушунча тездикте болуп откон кыска обушуу мени толкундантып сурдотуп жиберди, уялганыман денем ысып бетим кызара тушту. Менин оордумда башка болсо ачууланат беле билбейм, мен эч айла таппай айланама коз чаптырып баш аламан ойдун кучагында калдым. Бул жактыруунун биринчи белгилери болсо керек, анткени байкем жаман ойдо болсо кайталап ооп мени жудотоор беле деп ойлойм. Жымжырттыкта экообуз шаарга суктанууга убакыт жоктой оз ойлорубуз менен алек болгуча жерге тушуп калдык. Куугум кире баштаган убак, Россиянын суугу адаттагыдай эрте башталган, муздак колдорумду жылытып мээримдуу жылмайган байкем мен учун дуйнодогу жалгыз жакшы эркектей сезилди. Автобуста бекем кучактап отурду, бул сезим жагып турса да журогумду коркунуч бийлеп турду. Кандай адамга жолуктум, ою жаман болбосо экен, балким мени оз максатында пайдаланмакка жолугуп журот, мени алдап жатат…дееги башыма келбеген жаман ой калбады бирок ундобостон кучагында оз оюм менен алек болуп келе бердим. Уйго жеткирип шоколад алып берип киргизип жиберди. Кийин да кундордун отушу менен жолугуп журуп коркпой ишенип калдым, качан ишенип калганымды билбейм. Таанышканыбызга бир ай болду, чындап эле мен учун келген экен, эч жерде иштебейт, убактысынын кобун мени менен суйлошуу менен откорот. Адаттагы жолугуубузда мага уйлонуу тууралуу сунуш киргизди, мен кабыл албадым. Даяр эмеспиз дедим ал мени туура тушунду. Бул сунуштан кийин мендеги кумон ойлор жоголду, жактырып калганымды моюнга алып ал деп гана кунум отуп калды. Биз жаны таанышканыбызда эле уйлонуп ажырашканын, балдарына жакшы карай алган жар издеп жургонун айткан, турмуш кура элек кыз болсом да бул мага маселе жараткан эмес анткени мынча олутту суйлошуп калабыз деп ойлогон эмесмин. Уйлонуу сунушун киргизгенде балдарына ылайыктап терен ойлонуп мени тандаганына кубандым, бирок ал куткон умутту бере албайм го деп чочуладым, бул жоопкерчилик мага оордой сезилип сунушун кабыл албадым. Кооп нерсени суйлошуп, тушунушуп бири бирибизге раазы болдук бирок экообуз тен эми чоогу баса баштаган жолубуз экиге болунуп баратканын тушунуп турдук. Кыйбадык бирок тушунуштук, ал токтоолуктан абалын билгизбеди, кантсе да улуулук кылды а мен аябай кыйналдым,сезимим артты, айрылгым келбеди бирок жолубуз так чечилип калган. Байкеме уй булоо керек болчу а мен озумдун да анын кичинекейлерин да кыйнап коюштан корктум. Байланып жакшы коруп коколоткон бир айдан ашык эле убакыт отсо да ото кызыктуу, барктуу, жагымдуу унутулгус кундорду откордук, киного бармай, суу бойлоп басмай, эркелешуулор, жолугууга ашыгуулар, алыстан кучагыбыз жайып бири бирибизге чуркамайлар, чоогу тамактануу, чоон копуроодогу кумарлуу обушуулор, мени которуп алып айланкандары, биринчи каардын жааганы, ушуп бири бирибизди жылытканыбыз, жадыраган бактылуу коздордун тиктешуусу, кучакташып суротко тушуу, жаш балача чуркап ойногонубуз унутулгус эн эле бактылуу кун болуп мен озумду байкеме толук арноомо туртку болду. Аныкы болдум, бул кылыгыбыз менталитетке, динге туура келбегени менен биздин ошол убактагы бактыбыздын бир болугу болчу. Ашыгым адатынча менин конулумду оорутпай, мээримдуу карап кылыгыма суктанып бактылуулугун жузунон билгизип мени эзилип карайт, а мен окунбодум, козу кор кулагы керен немече ашыктыктын жетинчи бакыт булутунда балкып учуп журдум. Кетууго убакыт келди, 2 ай убакыт мен учун Россияда журуп, аны менен кетишимди каалады. Кетким келди, макул болдум бирок ишиме байланыштуу кете албай калдым. Ал кетип аркасынан бир жумадан кийин бармай болдум бирок ала кетмекке аябай аракет кылды. Аны менен турмуш куруу учун эмес, жон гана мени чет жерде калтырып кеткиси келбегендиги учун кетмей болдум. Эртен учам дегенде журогум жарыла жаздады, корсо сезген экенмин, биздин 2 айга созулган бактылуу кундорубуз бутуп калганын. Коштошоордо мени жалооруп караба, эртен кайра келчудой абалда кал, бир жумадан кийин эле келесин тосуп алам деп адаттагы кездешуудон коштошкондой женил коштошуп кетти. Аркасынан узап кеткенче карап турайынчы деп сурансам да конбой подьездке киргизип коюп анан кетти.

Бир жуманын отмогу ай, кетээр кунумду эмес мунот санап аран откордум убакытты. Ашыгым Кыргызстанга жеткенде бир кабарлашкан боюнча мамилеси озгоро тушкондой сезилди. Эмне деп ойлоорумду билбей тунгуюк ойдо учакка отурдум. Жеттим, ашыгым тосуп алды, бирок Россиядагыдай мээримдуу эмес суз боло тушкондой…жылмайып карап турса да мамилесинен салкындык сездим. Оз мекенибизден оз элибизден тартынды го деп ойлоп койдум бирок асылым чын эле озгоруп калган экен. Уймо жеткирип, ата энем тосуп чыкканын коруп анан кетти.кундор отуп жатты, байкем 2-3 кундо бир чалат да 2-3 мунот ал абал сурап коюп кое турган болду, жакындарынан тартынып жатат, жумушу коп бошобойт, балдарынын козунчо суйлошо албайт деп мен озумду сооротуп кутуп кала бердим. 2 айда коргон жылуу мамиле 2 жумада жокко чыгып калды, ашыгым менен байланыша албай калдым. Умут бере албасам же тие албасам деп тартынып издей албадым, озу кабарсыз болуп кетти. 1 айдай убакыт откон сон кочоодон кокус алдыман чыкты, кубанычымда чек жок, журогум дукулдойт, ал да толкундап алган, сезим создорун ачык айтышпасак да коздордон тушунуп сезишээр элек, анын кубанычын сезип турдум, жарым саатча чоогу тамактанып бир жерде отурдук, шашып жаткандыгыбыздан кучагыга бекем кысып опкулоп алып коштошуп кете берди. Аркасынан коопко карап турдум, чуркап барып кучактагым келди айланамдан тартындым, анан да ашыгым кылчайбастан кете берип элдин арасына синип кетти. Жоготтум, ошол боюнча ашыгымды таппай калдым. Кооп убакыт отуп кетти, 6 ай аны менен кыялымда бирге жашадым, оюмдан чыгарбай журогумо бекиттим. Бир куну одноклассникте отуруп суротторун карагым келип кирсем мени кара тизмеге киргизип коютур, ызалана туштум, ойлонуп отуруп тушундум, ал мен сымал жаш эмес женил ойлобойт, жолубуз бир болбогон сон сезимге карабай бири бирибизге убакыт коротпойлу деген экен да. Аныкы туура, жок умуттун несине байланмакспыз дедим бирок ичим уйгу туйгу, журок акылга баш ийгиси жок. Дароо башка дарек менен жаны сайт ачтым да ага жаздым, куйуп турган экен дароо жооп келди: алып кетейин десем болбодун деп. Мен жарыныз менен жараштынызбы десем, кантип билип алдын дейт. Сездим деп жаздым, козумон жаш кетти, журогумдун ооруганын соз менен жеткирип тушундуро албайм…сезимдеримди айттым да кош болунуз, бакыт каалайм дедим. Сага да деген жооп келди…

Кундор отту, мен сезимимди башкара албай келем…суйуумду айтып тугото албай ашыгымдын тынчын алам, 5 кун тынчын албай отурганым менен 5мин жолу эстеп кыйналам, бироодон суйуу темасын угуп калсам журогум канайт, бар кучум менен жазбайын деп карманганым менен алым жетпейт, жазам, чалам, суротун карап ыйлайм, сезимимди очуро албайм. Жашоосунда мен жок экенимди билип кайгырсам да менин журогумдо бар экенине суйунуп жашайм. Башкасына салыштырам, артыгын таппайм, тандаган жарын балдарын ойлогондо озумдун сезимимден уялам, жек коруп кетем озумду бирок мени озум гана тушуно алам, башка эч кимге айта албайм, уй булоолу адамды суйом деп кантип айтам, баарын тушунуп, билип турсам да ал мага эч кандай ашык суйлоп, умут бербесе да унута албай келем, журок акылга баш ийбейт экен…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE