Пример HTML-страницы

Мен апамды сагындым 3 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Мен апамды сагындым»
3-бөлүм.
Беш мүнөт эчнерсени чечпейт,деп айтышчу беле?Жоок,көрсө ошол беш мүнөт баардыгын чечип калышы мүмкун экен.Балким кошуналар беш мүнөткө эрте чогулса же төртүнчү класста окуган Жамал беш мүнөткө эрте келсе баардыгы башкача болот беле.Баардыгы кудай айткандай болот эмеспи,же бул буйруктур.
—Кана кызым? Кана дейм Тамарам кана?
—Тынчтаныңыз,кызыңызды реанимацияга алып кирип кетишти.
—Кызым кечирип койчу мени,баарына мен күнөөлүмүн.Сен үчүн жашайм,сен үчүн баарын кылам деп ойлочу элем көрсө өзүм үчүн кылып жүрүптүрмүн.Жашоомду сага арнап жатам десем,адашып жашооңду тартып алыпмын.Ооо кудай,кызымды сактай көр.
Кенженин ыйы көккө жетип кеткендей,ары-бери өтүп жаткандар жөн өтө албай ыйлап өтүп жатышты.
—Айтыңызчы кызым тирүүбү?Баардыгын кылам,акча дагы табам канча болсо да.Кызымды сактап калыңызчы.Суранам….
—-Сиз кыздын кимиси болосуз?
—Мен апасымын,кызым тирүүбү,жашайбы?
—Кызыңыз тирүү бирок,тилеке каршы оң буту күйүп кеткен.Ампутация кылууга мажбурбуз жана көп кан кеткен кан керек.Атаңар кайда кан тапшыргыла.Үчүнчү группадагы кан керек,тууган урукту чакыргыла же донор табыш керек.
—Бир же эки адамдан алган кан жетишсиз.Көп кан керек көөп.
—Ампутацияңар эмне врач?
—Оң бутун балтырдан кесебиз.
—Жоок,башка айласы жокпу.Суранам кыздын тагдыры эмне болот анда?Сактап калыңызчы суранам.
—Эгер айласы болсо биз кесмек белек,ушул жол менен гана кызды тируу алып кала алабыз.Ушуга көнбөсөңөр башка жака алып кетсеңер болот.Бирок,жетеби жетпейби мен айта албайм.Мен шашып жатам сиз кан тапшырганга барыңыз,менин болсо операцияга киришим керек.
Сүрдүү оорукананын муздак дубалына жөлөнө ылдый сыдырылып түшкөн Кенже,полду тыткылап ыйлап жинди болуп кала жаздады.Анара Кенжени жөлөп тургузуп кан тапшыруучу бөлмөгө жетелеп кетти.
—Кенже болду өзүңдү колуңа ал.Азыр эң башкысы өзүңду таштабай Тамараны айыктырып алышың керек.Бас кан тапшырып,анан башка ооруканалардан кан издешибиз керек.Мен тапшыра албайм да мен сарык болуп ооругам.
Балдарымды алып келем балким туура келип калаар.
—Мен акмак,мен жинди Тамараны өз ата-энесинен ажыратып алып кылганым ушул.Ооо жараткан кайсы күнөөм үчүн жазалап жатасың мени.Эмне энелик мээрим ойгонуп кызымды кыя албай койгонума ушунчабы?Мени жазалабайсыңбы,менден өчүңдү албайсыңбы.Балада эмне күнөө.
—-Кенже деейм,басыл болду азыр Тамараны ойлошубуз керек биринчи кезекте.Бас дейм.
—Муздак бөлмөгө кирип эки-үч ак халатчанды анан аркы бөлмөдө турган үч жайды көрдү.Чыга бериште кичинекей столдо бир тарелкада таттуу токоч,бирөөсүндө кара шоколад турганын көрүп,өмүрүндө биринчи жолу кан тапшырган жаткан Кенже кыжырланып кетти.
—Эй адам өлүп жатса деле силерге баарыбирби эмне?Кызым өлүм астында жатат силер болсо бир колумдан кан алып коюп чай ичип олтурасыңар.Мына силерге чай,мына!-деп столду коңторо баардык жокту талкалап салды.
—Ай чоң кыз бул жак сага базар эмес,биз өз ишибизди кылып жатабыз анализ алдык.Эми туура келеби жокпу ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз.Бул сен талкалаган таттуу болсо бирөөнүн жакындарын куткаруу үчун кан тапшыргандарга.
Түшунөбүз кыйын азыр,бирок билип билбей мынткен туура эмес.Эшике чыгып жооп күтүңүз,эгер даяр болсо чакырам.
Кенже билбей кылган ишине өкүнүп,кечирим сурап жаай басып эшике чыгып жерге бутун сунуп отуруп ыйын улантты.
Мындай кайгыда Кенже кызынын биологичиский апасы башка экенин унутуп кеткен.
Ак халатчан аял чыгып башын ийкеп чакыргансыды.Жүгүрүп жанына жетип аялды укпай эле сөзүн баштады.
—Кечириңиз мени кечириңиз.Бир суранычым бар,мен өлсөм өлөйүн кызыма кан тапканча жетишпей калбайлы менде болгон кандын баардыгын алыңызчы.Маакулдугумду жазып берем,эчким эчнерсе дебейт,сөз берем.Куткарыш керек..
—Ойлонуп сүйлөп жатасызбы?Биз бир адамды сактап калуу үчүн экинчи адамды өлтүрө албайбыз.Анын үстүнө группаңар эки башка.Атасы кайда ошонуку туура келиш керек.Ата-энесинин бирөөсүнүкү сөзсүз туура келет.
—Атасы жок,эми эмне болот?Эмне кылам?Кайдан табам үч сааттын ичинде мүмкүнбү?
—Тынчтаныңыз бизге дайым кан тапшырган донорлор бар.Историядан карадым,эки адам бар.Барып алып келиш керек..
—Алып келем дарегин жазыңыз.
—Бирок алар бекер бербейт экенин билесиз да.
—Мага баарыбир миллион десе да маакулмун.
Айткандай эле эки кишини таап келип кан алышты.Башка ооруканалардан сурап таап келишти калганын.Тамара тирүү калды,сактап калышты бирок бир бутсуз ымыркайга айланды.Жашоого эми келип,тили булдурап таттуу «апа»деген сөздү эми айтып баштаган наристенин тагдыры талкаланды.
Тирүү калганына шүгүр айтып кызын өпкүлөп,жыттап алат бирок бутун көрүп ыйлап өзүн күнөөлөп баштайт.
Кенже кызын кароо үчүн жумушун толугу менен эжесине өткөрүп берди.
Керелден кечке кызын карайт,жүрөгү эзилип ааламга батпай бараткансып сыгылат.Бирок айла канча?
Тамара айыгып,кыймылы көбөйүп жөрмөлөгөнгө аракет кылат бирок шордуу кыз бир буттап жыла албай сойлоп кетет.Кыткылыктап чыккан наристе үнүн дайым Кенженин ыйы коштоп турат.Кайгыны бир мүнөт болсо да унутайын деп кызы уктагандан кийин аздап ичип алчу болду.Бир стаканы бара-бара эки анан үчкө айланып ичкиликсиз тура албай калды.Арадан жарым жыл өтүп Тамара столдорго жөлөнүп бир буттап турат,бөлөлөрүнун басып жүргөнүн көрүп кадам таштагысы келет бирок экинчи бутун таппай убара.Акылы толук жете элек болсо да шымын чукулап экинчи буту жашынып алгандай издеп баштайт.
Эч таппай шымын чече калып,чаңырып ыйлайт.—
—Бер-берчи мага,кана аппааа..Апаа берчи!-деп кесилген бутун сурап чыр салганда Кенже эшиктин артына туруп алып кызынын көзүн карай албай шалпая олтура калып кайгысын ачуу менен басат.Арак адамдын түбүнө жетет дейт эмеспи,Кенже дагы кадимки эле алкашка айланып баратты.Эжеси Анара Кенженин мас болуп жатканынан тажап кетти.Үйгө камап салса жалдырап ыйлап жүрүп жүз грамм ичет.
Балким алсыз адамдарга арак маселени чеччү сыйкырдуу суу болуп көрүнөттүр бирок,чындыгында арак маселе жаратуучу шайтандын суусу.Тамара эки жаштан өткөндө Кенже бутуна протез жасатып берди.Оюнда кызын өз алдынча аз дагы болсо басып турсун деген.Протезди кийгизген соң өйкөп,ыңгайсыз болуп баланы андан бетер ыйлатат экенин билген жок.
—-Апааа,кийбеейм ооруйт..Апа мага башка бут алып берчи апаа,силердикиндей оорубай турган.
Апа сиз кайактан алдыңыз эле мага да ошол жактан сатып алып келиңизчи.Үч жашка толо элек кыз баардык адамдарды экинчи бутун сатып алат деп ойлогон.
—Кызым,жаным секетим көнүп кетесиң.Чыдачы,чыдачы садагам.Жүрөгүм кансырап кетти,баары эле чыдаган чыдачы кызым.Баардыгы жакшы болот.
—Апа фуу дагы арак ичтиңизби,апа сасык экен деп айттым элего.
—Кызым чай ичтим чай,сен аракты кайдан билесиң?
—Таежем айттыго апаң аракты эле жакшы көрөт,иче берет сасып деп.
—Чүүш кызым ал тамашалайт мен чай ичтим кызым.
—Анда бул чайды эми ичпеңизчи сасыыык экен.
—Ичпейм кызым ичпейм.Акшыйган көзү менен эжесин карап эшике чыгып кетти.Баягы эле сырдашы балким жалгыз досудур,арактан күчүн чыгарды.
—Мен эмне кылып жатам?Арак менен достошуп акыркы күндөрү кызымды да унутуп баратам.
Ааааааааааааааа!’-тамагы кырылып үнү чыкпай калганча кыйкырып алды.Мен акмакмын балким азыр дагы кеч эмес,өз ата-энесине берсемби.Кабыл алышабы,жандай көргөн кызымды бул кейпим менен бага албайт окшоймун.Жакшы жашашчу эле балким чындыгында берип салаармын.Уфф эмне деп жатам мен.Мен айбан оорукчан кызымды багуудан качып,кутулгум келип жатабы эмне?Ошондой окшойт,майып болуп калганына өзүм күнөөлүмүн.Мен жашоого татыксызмын,мендейлерди жок кылыш керек.Баардыгын кайтарууга мүмкүнчүлүк берсе анда Тамараны ата-энесинен ажыратпайт элем.
Эээ кудаай жардам берчи..
Арадан эки жыл убакыт өтүп Тамара жасалма бутуна көнүп калды.Кадимкидей басып,кееде чуркайт.Баланын кубанычына чек жок,муну көргөн Кенже өзүнчө бактылуу болуп алган.Кыз чоңойгон сайын протези кичирейп,жаңысын жасатып алмаштырып турушту.
Кенже акыркы айда арактан башы чыкпай көчөгө чыгып кетти.Эки-үч күндө бир келип кызын алыстан карап кетип калат.Кыштын ызгаар суугунда Кенже мас болуп үйгө жетпей жолдо уктап калды.Шаарда эки кадам сайын үйсүз көчө адамдары болгондуктан Кенжеге да эчким көңүл бөлбөй көчөдө калып кетип түндө тоңуп каза болуп калды.
Тамара тирүү жетим болуп таежесинин колунда калды.

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE