«КЫЗЫЛ КОЙНОКЧОН КЕЛИН» 6 БОЛУМ (АЯГЫ)

https://kyrgyzcha.site/?p=65702&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЗЫЛ КОЙНОКЧОН КЕЛИН 6 БОЛУМ

Шуру турмушка чыгып бир айдан ашыкча араң жашап, анан ажырашып баса бериптир.

— Жашай ала турган эмесмин. Тийген күйөөм деле татынакай неме. Мага жагыш үчүн тим эле миң алекетке түшөт. Күндүзү баары жакшы. Ал түгүл тамашалашып сүйлөшүп, ойноп да калабыз. Кечтен баштап баары башталат. Жатаарга жакындаган сайын тим эле өзүмдү коерго жер таппай калдастайм. Орунтук салынып, «жат-жатка» келгенде ар нерсеге шылтоолоп, үй жыйнамыш, идиш-аяк жуумуш болуп, түн ортосу оогуча кыбырайм. Бир төшөктө жата албай денем дирилдейт. Кучактап өпкүлөп, жалынып-жалбарып жатса да мени зордуктап жаткансып, бакырып тура качкым келет. Бирге болгон күндөрдүн бир күнүндө да сени менен жаткандагыдай рахат ала-албадым. Кыйналганымды айтпа. Ал байкуш, өзү медик неме мени «ачсам» деп ойлоп, таң аткыча тим эле эзип салат.

Күн сайын жалдырайм «Жөн эле сүйлөшүп жаталычы?» деп. Ушинтип көнөсүң деп ал болбойт. Кайдан билсин, менин жүрөгүм эмне деп жатканын.

Акыры аны да кыйнап, өзүмдү да кыйнай бербейин дедим да баса бердим. Сени менен өткөзгөн үч жылдан бери сага аябай көнүп алыпмын. Сенден башка эркек менен кучакташып жатканды элестете да албайт экенмин, -деп көзүнүн жашын сызылтып ыйлап жатып айтып берди.

Кутмандын жүрөгү тызылдап-тызылдап ооруп, «Аттиң, жашап кетсе балким экөөбүздүн байланыш үзүлөт беле? «Турмушка чыгыптыр» , — десе унутмакмын да» — деп ичтен ойлогон менен кайра ажырашып баса бергенине бир эсе кудуңдап, кубанып да жатты.

— Көлгө барып эс алып келбейлиби? — деди Кутман күтүүсүз. Шурунун көңүлүн көтөрсөм деген ниет менен айтты.

— Көлгө дейсизби? Кышта деле эс алса болобу?

— Болот. Эмне үчүн болбосун. Ак-Сууга барып ысык сууга түшөбүз. Көлдүн кышкы сулуулугу кандай, көрсөтөм.

— Качан?

— Кааласаң эртең, жок, бүрсүгүнү жөнөп кетебиз. Эртең мен Көлдөгү досторго телефон чалып, жакшы орун даярдаттырып коем.

— Канча жүрөбүз?

— Бир жума жүрсөк болот го дейм.

— Чын элеби?

— Чын. Эмнеси бар экен. Эс алса эс алып коебуз да.

— Эртең башка жумуштарыңыз чыгып калбайбы дейм да.

— Жок. Азыр жумуштар деле көп жок. Керек болсо командировка алып алам. «Түптө бир группа балдар текшерүү жүргүзүп жатышат. Ошолорду көрүп келейин» деп коем.

— Аялыңызга эмне дейсиз?

— Аялыма деле ошону айтам да.

— Өткөн жылдагыдай мен да барам дебейби?

— Жок. Азыр жумушка чыккан. Бошой албайт.

— Койчу, өзү чоңдун кызы болсо. Кааласа баса берет да.

— Барбайт. Барбайсың дейм.

— Чын эле ошентип айта аласызбы? Кичине какшык жылдырды эле Кутман чычалай түштү.

— Атасы чоң болсо өзүнө. Менин үй-бүлөм менен иши жок. Аялым мага «чоңдун кызымын» — дей албайт. «Дың» деп көрбөйт бекен…

Шуру кыткылыктап күлүп жиберди.

— Эмне күлөсүң?

— Бүгүн баатыр болуп жатасыз. Эртең эмне шылтоо айтаарды билбей кыйналасызбы — деп күлүп жатам.

— Шылтоосу жок эле барабыз. Андан көрө өзүң бошсуңбу?

— Мен сиз кайда десеңиз да кете берем, — деди да мойнуна ороло өпкүлөп кирди.

— Сизди кандай гана сагындым дейсиз. Түн уйкумдан айрылдым. Бассам-турсам эсиме сиз экөөбүз өткөргөн күндөр келе берет. Кандай гана таттуу мезгилдерди өткөздүк ээ? Мен өмүрүмдү сизсиз элестете да албайт экенмин. Кайрадан экөө айкалыша жуурулушуп кетишти.

Кутмандын мойнунан, көкүрөгүнөн куюлган терин сүлгү менен аарчыган Шуру жалынып-жалбарып жиберди.

— Жаным менин. Дүйнөдө сиз болсоңуз болду. Башка мага эч нерсенин кереги жок. Кутман демигип үн деген жок. Тим эле тоону томкоруп салгансып чалкасынан оодарыла, магдырай жатып калды. Көздөрүнөн, алкымынан өпкүлөгөн Шуру:

— Билесизби? Баягы аялыңызды, балдарыңызды алып жайлоого кеткенде, экөөбүз күн сайын кечинде сиздин үйүңүздө кездешчү элек го. Мына ошондогудай жыргал күндөрдү өткөзө элекмин. Баса, менин алмурутум соолбой өсүп жатабы?

— Оо-уу, ал алмурут азыр аябай чоң болгон. Тим эле түшүмүн кайра жайга чейин жеп бүтө албай калабыз.

— Ошол алмуруттан мага деле апкелип турбайсызбы?

— Макул. Бүрсүгүнү Көлгө баратканда бир баштык ала чыгайын, ичиң өткүчө жейсиң.

Шуру дагы жыргап кыткылыктай күлдү.

— Менин ичим өтсө сиздин эле шоруңуз. Улам жол боюна машинаңызды токтотуп убара болосуз.

Анда жолдон бербейм. Жеткенде берем.

— Баары бир ичим өтсө сизге кыйын болот.

— Эмнеге?

— Иш кыла албай каласыз да. Өзүңүз айткандай таң ашып жүрүп кайра келесиз.

— Анда алмурут алпарбайм.

— Жок, ала келиңиз. Мен аздан жейм.

— Ичиңди өткөрбөйсүңбү?

— Жок. Өткөрбөйм.

— Чын айтасыңбы?

— Чыпчын.

— Болуптур, жибидим. Экөө кайра эзиле жытташып калышты. Болбогон эле бир нерселерди сүйлөшүп жатса да экөө бири-биринен тажашчу эмес.

Экөөнүн Көлгө эс алганы келгенине жумага чукулдап калды. Алгачкы төрт күнү кандай өтүп кеткенин да билбей калышты. Мына кетер күнүбүз жакындады дегенден бери Шурунун көңүлү бузулду.

Деги эле турмушка чыгып кайра ажырашып келгенден бери мүнөзү өзгөрдү. Туруп-туруп эле ыйлайт. Кайра сооронот. Эч нерсеге көңүлү жок болуп калат. Кайра ашыкча шайыр болуп кетет. Мурда шампан менен винодон бөлөк ичпечү эле эми арак, коньяк дебей иче берчү болуптур.

Кутман да үч-төрт күн үйүнөн алыс болгонго үйүн, балдарын сагына баштады. «Ойнош оттой ысык, бирок, баарыбир аялыңа жетпейт» деп коет ичинен. «Ак уул, кызыл кыз төрөп. Эмне десең аткарып, көңүлүңдү калтырбай сыйлап турган аялыңа кайдан жетсин» дейт. Ойго батып жатып.

Шуруга чейин деле нечен аялдар менен болгон. Бирок, бирине да мынчалык байланган эмес. Балким, Шурунун этегин ачкан биринчи эркеги болгондугу үчүндүр.

Шурунун астында чоң күнөөсү да бар. Мөлтүрөгөн жаш кыздын нарксыз сулуулугу азгырдыбы. Балким «кызмын» деп секиргенине ишенбедиби ким билсин, алгач экөө таанышканда «аялым экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Бойдокмун» деп койгон.

Экөө жаздын күнү таанышты. Жамгыр тим эле чака менен куйгандай төгүп турган.

— Чоң кыз, түшүңүз, болбосо жамгырга агып кетесиз, — деп жапжаңы жаркыраган «Жигулинин» эшигин ачып, күлө караган бакыраң көз, кара мурут сулуу жигитти көргөндө, Шуру машинага кандай отурганын да билбей калды. Көйнөгү этине жабышып, тим эле өтмө катар суу болуп кеткен болчу. Эртең менен күн ачык турган. Түштөн кийин бир паста бүркөлө калып төгүп кирсе боло. «Эми кантип автобуска же троллейбуска түшөм» деп турган.

Күн ысык болгонунан жука көйнөк кийип алган эле. Башкадан да тим эле төшү тикчийип, чыйрыкканга үрптөрү да чыгып, көйнөгүнө жабышат. Көпчүлүк учурда бузгалтер тартынбай жүрө берүү адаты боло турган.

Машинасына отурган перидей сулууну көргөндө, Кутман өзүн жоготуп, алгач сүйлөй да албай калды.

— Кайда барасыз?

— 10-микрорайонго. ..

— А-а жолубуз бир экен. Үйү теңирден тескери жакта болсо да, калп эле «жолубуз бир экен» деп койду.

— Студентсиң го?..

— О-оба… — Кайсында?

— Экономфак.

— У-у кесиптеш турбайбызбы.

— Сиз да экономфакты бүттүңүз беле?

— Ооба. Кайсыл курстасыз?

— Үчүнчү.

— О-о мезгили келген экен.

— Эмненин мезгили келиптир.

Кыз түшүнбөй калды.

— Турмушка чыгуунун.

— О-й мен дагы… Коюңузчу… Али эрте.

— Жигитиңиз бизди көрсө эмне дейт? Мени сабабайбы?

— Коркпоңуз. «Жигит болом» дегендер көп. Көңүлдөгүсү жолуга элек.

— Биздейлерчи? ..

Шуру көздөрүн бакырайта таң кала тиктеди.

— Коюңузчу. Сиздин үй-бүлөңүз бар болсо керек.

— Эмне чекемде «үй-бүлөлүү» — деп жазылып турабы?

«Бырс» күлүп жиберди.

— Жок. Мен эмнегедир ошондой ойлоп кеттим.

— О-о Кудай, сендей сулуу кыздар мен жөнүндө «ушинтип ойлой баштаса, анда өмүр бою бойдок өтөт окшоймун» деп көктү карап сыйынып койду.

Ошентип, андан кийин да жөн эле өтүп бараткан киши болуп Шуруну аңдып туруп, сабактан чыкканда үйүнө эки-үч жеткирди. Анан ресторанга, тоого башталып кетти. Башында «убайын көрүп бир чардап алсак, куйрукту түйүп баса берем» деп ойлогон.

Каалаганына жетти. Бирок ажырап кете албады. Кийин, «Аялым менен элдешип алдым. Аялымдын ата-энеси чоңдор. Кызматтан кетиртебиз. Каматабыз деп жатышат» — деп үлдүрөдү эле, Шуру үн деген жок. Жер жеберине жете тилдеп «Акмак, мени алдадың. Актыгымды буздуң. Эми кантип турмушка чыгам. Мен сага алат деп ишенбедим беле» деп чатак чыгарат го деген. Андай болбоду.

Кичинеге үнсүз бозоруп турду да, «Канча балаңыз бар эле?» деди. «Бир уулум, эки кызым бар болчу» дегенди укканда. «Туура кылыпсыз. Балдарыңызды тирүүлөй жетим кылбай элдешкениңиз жакшы» деп басып кетти. Анан бир айча кабарсыз болуп кетишти. Кайра табышышты. Ошондон бери ушул. Үч жыл зымырап өтүптүр. Бир да жолу Кутманды «сен менин баео балалыгымдан пайдаланып алдадың» деген жок. Кутман кызып алып «мени кечирип кой…» деп сөз баштап келатканда «Жок. Күнөө сенде эмес. Менин өзүмдө. Күчкө салган жоксуң. Өз эрким менен болдум. Азыр деле байланышты үзүп басып кетсем өз эрким. Сиз мени «кетпе, башкага турмушка чыкпа!»,

Деген жоксуз. Деги эле бул темада сүйлөшпөйлүчү» , -деп койгон.

Кутман эч убакта аялы менен ажырашпаганын, жөн гана Шуруга «жетпей калам» деп коркуп, ойлоп чыгарган калпы экенин батынып айта албады. «Эгер менин аялым балдарым бар экенин, чогуу жашаарымды билсең ушундай мамиле түзөт белең?» деген суроону сурай албады.

Мына бүгүн түш оой кетебиз дегенде кар бурганактап жаап кирди. Шурунун кеткиси келбей:

— Бүгүн кетпей эле коелучу. Жол тайгак. Эртең эртең менен чыгалы -деди жалооруп.

— Кой Шуружан. Эртең жекшембиге жумушка чыгып калышым керек. Чоңдорума да телефон кагып, эртең жумушка чыгам — деп койдум. Анын үстүнө аялым да «Командировкаң узарып кетти го» деп тынчсызданып жатат, — дегенди айтып жиберди да «Аялымды бекер айттым» деп ичтен өкүнүп калды.

Күн ара үйүнө да телефон чалып, сүйлөшүп коюп жатканы чын болчу. Бүгүн эртең менен аялы менен сүйлөшсө «Командировкаң бүтөйүн дедиби? Күн сайын эле жаман түштөрдү көрчү болдум. Түндө да жаман түш көрүп, уктабай чыктым. Кичүү балаң да сыркоолоп, састымоо тийип калыптыр. Аталап ыйлап жатат. Сагынса керек» дегенде, «Бүгүн түндөп болсо да барып калам» деп койгон эле.

Шуру үнсүз отурду да, анан өзү туруп барып коньяктан куюп туруп ичип жиберди да:

— Кутман агай, сизден биринчи жолу суранып жатам. Дагы бир күн калалычы? — деди.

— Шуружан, шаарга баргандан кийин деле жолуга беребиз. Азыр чыга берели. Шаарга эрте жетсек баягы өзүбүздүн мейманканага барып жатып алабыз да, эртең мен жумуштан кечикпей барам. Бүгүн да экөөбүз чогуу болобуз. Туура айтамбы? Жөн эле өжөрлөнө бербечи алтыным. Акылдуу жансың го. Мени кыйнай бересиңби? Кудай ушуну кут кылсын дебейлиби -деп алдаганга өттү.

Шуру башка сүйлөгөн жок. Үнсүз кийимдерин жыйнады.

Анан Кутман алперген узун кызыл көйнөгүн кийди. Күзгүнүн астына отуруп алып аябай жасанды.

Колдоруна алтын шакектерин, алтын чынжырларын тагынды. Кутман үнсүз күтүп отурду. «Сүйлөп кыжырына тийбейинчи» — деди. Кантсе да турмушка чыгып ажырашканга катуу сокку алып, оңоло албай атканын, али өзүнө келе албай атканын билип турду.

Кантсин, Кутмандын да өз жолу турган. Андан чыга алмак эмес. Ансыз да «аялым билип калса эмне болом?» деп ойлогондо, жүрөгү алкымына тыгылса да көздү жуумп, минтип жумалап ойноп кетип жүрөт.

«Баары бүттү дегенде» коньяктан дагы куюп ичти да, жеңил пальтосун кийбестен колуна илген калыбында;

— Мен даярмын. Жүрүңүз кеттик, — деп эшикке чыга жөнөдү.

Эки чоң сумканы көтөргөн Кутман артынан чыкты. Машинасы эшик алдында турган. Бул үй шаардын чет жагындагы жеке менчик мейманкана болчу. Шурунун сулуулугуна суктанган үйдүн ээси шилекейин жутууга жарабай, жалдырап карап кала берди.

Бапалактаган кар бирде күчөнө, бирде басаңдайт. Жол шалбырап ээрип, тайгак болгон жок.

Экөө үнсүз келатышты. Магинтафондо жеңил музыка. Шуру көйнөкчөн отургандыктан, машинанын печкасынын жылуулугун күчөтүп койду да, өзү да күрмөсүн чечип артка таштап, костюмчан.

Заправкадан май куюп, кайра машинага отурган Кутман, шылкыйып уктап калган Шуруну көргөндө, алгач маани бербеди. «Чарчаган неме. Анын үстүнө коньякка да кичине кызып калды. Уктап калса керек, — деп ойлоду.

Кичине жүргөндөн кийин колдорунун сырты көгүш тартып, оозунан ак көбүк чыгып жатканын көрүп чоочуй, машинасын жол жээгине токтотту да:

— Шуру… Шуружан, — деп түрткүлөй, уучуна кагаз мыкчыган колунан тартты. Жаманчылыкты сезип, жүрөгү дүкүлдөп чыкты.

— Шуру… Шуру дейм, — эми катуу жулкулдатты. Шылкылдап, жансыздай. Колун жазып «эмне болгон кагаз» деп сууруп алса, кат экен.

«Кутман, жаным. Мен сени гана сүйөм. Сенсиз жашай албайм. Эки ортодо кыйналгыча өлгөнүм артык, — деп чечтим. Мен бул дүйнөдө ашык окшоймун. Кош бол. Суранаарым мени өз колуң менен көөмп кой. Менин кайда кеткенимди эч ким билбейт. «Издебегиле» — деп кат таштагам. Өз колуң менен көм да, анда-санда келип мен жакшы көргөн роза гүлүн өзүң гана билген бейитиме коюп кетип тур. Башка суранычым жок. Сени бүт өмүрү менен сүйгөн Шуру» деп жазылыптыр.

— Шуру-у… Шуру дейм… Бул эмне кылганың. Кутман бакырып-бакырып жиберди. Шуруну кучактап бакырды. Колун жүрөгүнө салса, соккону билинер-билинмексен токтоп бараткансыйт. Бут астында түрлүү дарылардын сырты чачылып жатыптыр. Эмне дарыларды ичкенин кароого да дарманы жетпеди. «Тез доктурга алпарайын, балким аман калат» деп ойлоду.

Машинасын зуулдатып айдады. Бурулуштардан эки-үч жолу оодарылып да кете сактады. Бир саатча жүргөндөн кийин акылына келе баштады. «Догдурга алпарсам сурак башталат. Кимсиң? — дейт. Бул кимиң? — дейт. Милицияга билдиришет. Тирүү калса да мейли. Тирүү калбасачы? Түрмө. Бүт келечегинен айрылат. «Бир катындын азабынан» — деген сөзгө калат». Машинаны токтотуп, Шурунун кан тамырын кармады, билинер-билинбес ургансыйт. Шаарга жетерин Кудай билет. Айылдагы догдурларды билбейт.

Калчылдаган колдору менен арткы орунтуктагы коньякты алды да чоң стаканга толтура куюп тартып жиберди. Кичине өзүнө келип, бою жибий түштү. Машинасын жайлатып айдап калды. Миң-сан ой башты жей баштады. Жол боюндагы мүрзөлөр жакка бурулду. Көтөрүп чыкты. Онтогонсуган үн угулду. «Тирүү го» деп, кайра «каңырыш уктум окшойт» деди.

Коргондун ичине кырынан араң ашырып көтөрүп кийирди да, шалак узатасынан жаткырды. Дагы онтогонсуган үн чыкты. Эмне кылып жатканын да өзү жакшы билбеди. Кар бурганактап жаап жаткан. Коргондон кайра ашып түштү да, тамтаңдай машинасы жакка чуркады. Көмөлөнүп түштү. Чалына араң туруп кайра чуркады. Шаша машинасына отурду да «зуу» койду. «Кутма-ан токто-о» — деген####н үн чыкты. Тык токтотту. Эшикке чыгып, артын караса, эч нерсе көрүнбөйт. Айлана дым. Көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптап келатат. Шуру, али тирүүбү же чын эле жүрөгү урбай үзүлүп кеттиби, аныгына жетпеди. Ал түгүл акыркы суранычын аткарып, өз колу менен көмбөдү. Анда-санда роза гүлүн алпарбады.

Жылдар өтүп, мезгил баарын учуруп кеткен. «Экинчи кайра эскербейм» деген. Мезгилиң да баарын алып кете албайт экен. «Унутам» десең эле баары унутулуп өчпөйт экен. Ушундай… Эми муну айтканда эмне да, айтпаганда эмне, аттиң күн ай…

 

АЯГЫ

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️