«КЫЗЫЛ КОЙНОКЧОН КЕЛИН» 3 БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=65702&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЗЫЛ КОЙНОКЧОН КЕЛИН 3 БОЛУМ

 

Ооруканадан чыгып келгенден кийин кой союп куран окутуп, түлөө өткөрдү. Башын куттуктап эсен-соо ооруканадан чыкканын көргөнү келгендердин опур-топуру эки жумада барып аяктады. Кантсе да ооруканада жүргөндө аз кыймылдаганга көнүп калган денеси конок-кара менен кошо туруп-отуруп жүрүп, кеч киргенде кадимкидей чарчап, «тырп» этпей жыгылып жүрдү.

Август айы аяктап калган кез. Шагын ийген жер-жемиштердин асты бышып, күздүн алгачкы сүртүм бышыкчылык боегу алма түсүнө түшө баштаган. Шаардын тоо жаккы четиндеги чакан айылга салдырган эки кабат үйүнүн экинчи кабатындагы терезеси, бакчаны караган бөлмөдө, терезелерин ачып коюп салкындап жаткан. Гезит-журналдарды бир сыйра эрмектеп карап чыккандан кийин, жөн гана тынч жаткысы келди. Терезе тушундагы чоң түп алмурут быйылкы жылы түшүмдү аябай алган экен жарыктык, шагы ийилип бутагы жерге салбырайт. Ал түгүл эки чоң шагы түбүнөн айрылып да кеткен экен.

— Ата көрү, оокат мага эле керек. Кара, ушуну сындырбай, жөлөтүп коюуга жарашпагандарын, — деди ичинен бала-бакырасына ачууланып.

Көк асманда күздүн үзүм-үзүм ак булуттары каалгып жүрөт. Ак мөңгүлөр күн нуруна кактана магдырашат. Не аптаптын күчүнөнбү, сайраган куштар ысыктан качып, житип кетишсе керек, теребелде тынчтык.

Алмурутка жанаша кеч быша турган кыштык апорт алма бар эле. Али эрте болсо да айрым күнөстүү жердегилеринин бөйрөктөрү кызара баштаган экен. «Күз эрте келет көрүнөт» деди ичинен.

Күтүүсүздөн алмурут багынын үстүнө, буладай ак булут келип конду да, куюн айдагансып удургуй түшүп, созулуп, кызыл түскө айлана баштады.

Беркинин башы жарылып кетчүдөй болуп, чытырап ысып, «бөлмөдөн чыга качсам» деди эле, ордунан козголууга дарманы жетпеди. Болгону бир оодарылууга жарап дивандан полго кулап түштү. Кыйкырайын десе үнү чыкпады.

Кызыл күйнөгү эмнегедир дайыма бир башкача желпилдеп турган баягы келин, терезеден «зып» деп кирип келди. Берки полдо ооналактап, турууга аракеттенгенинен эч нерсе чыккан жок. Бул жолу келин гана сүйлөп жатты. Беркинин тили байланып калгансып үн да дей албады.

— Эх, мен сенин ушул бөлмөңдү жакшы көрчү элем. Эсиңдедир. Кандай гана сагындым.

Эч дабышсыз басып жүрдү. Анан дивандын үстүнө отуруп, беркини тиктеп турду да, чарчагансып жаздыкка кыйшайды. Жаздыкка кыйшаяры менен келиндин сулуу жүзү өзгөрүлүп, кагыраган скелетке айлана түштү. Анан, баягы өзү жакшы билген келин экендигин азуусундагы өзү салдырып берген алтын тиштери гана билгизгенсийт.

Андан аркысы эсинде жок. Эсине келгенде, догдур укол сайып жатыптыр. Аялынын айтымында оозунан ак көбүк куюлуп, тилин чайнап полдо жаткан экен. Өзүнө толук келгенден кийин аялына «башка бөлмөгө барып жаталычы» , — деди. Аялы: «бүгүн кеч болуп кетти, эгер кааласаң жатуучу бөлмөбүздү башка жакка эртең которолу, бүгүнчө ушул жерде эле жаталы. Жыйырма жылга жакын жаткан бөлмөбүз. Тынчсызданбачы» , — деп жооткотуп, болбой койду. Жүрөгү бир нерседен дүпөйүл болуп кыйналып жатып, көзү илинип кеткен экен, кайра чоочуп ойгонуп кетсе, жанында аялы эмес эле кызыл көйнөкчөн келиндин скелети жатыптыр. «Баа» деп бакырып, ордунан учуп туруп, эшикке ат койгонун бир билет. Ошол боюнча кайра эсине «чымкоргондогу» акыл-эсинен айныгандардын ооруканасынан келди.

Мен каяктамын? — деди жанында жаткандан. Ал беркини бир топко ырсайып карап турду да:

— Сенби. Сени бүгүн бюрого саламын, уктуңбу! — деп ордунан секирип турду да, тиштерин кычыратып, көздөрүн акырайтып, калчылдап карап калды.

— Соо немеби? — деди берки, ичинен. Ордунан турса ак көйнөк, ыштан кийип жүрүптүр. Көкүрөгүндө катар номери да бар экен. Жаткан кроватынын кырына отуруп алып, башын мыжып канча ойлонсо да кайда экенине эс-акылы жетпеди.

Аңгыча ары жактан күрсүйгөн бирөө жүгүрүп келди да:

— Жаным, алтыным кандайсың? — деп катынын жаңы көргөнсүп, өпкүлөп басып жыгылды. Тырмалаңдап канчалык кутулууга аракет кылган менен ныпым алы калбаса керек же тигил күрсүгүй букадай күчтүү немеби, бир паста беркини кыз көргөнсүп баса калып, ак ыштанын чечип ыргытып жиберип, зордуктап кирди.

Кошунасы болсо ордунан атып туруп:

— Мен силерди көрсөтөм. Бүгүн бюродо маселеңер чечилет. Бузулган акмактар. Түрмөнүн түбүндө чирийсиңер, — деп чучуктай чыңырды эле, үнүнүн ачуулугунан беркинин үстүндөгү күрсүгүй да чоочуп кетип, тура калып өз кроватын көздөй «Кечиресиз, кечиресиз» деп бөйпөңдөп жөнөдү.

— Аа-аа жер көчүп келатат, жер көчүп келатат, — деп ар жакта жаткан бирөө ордунан атып туруп, беркинин кроватынын астына кирип кетти да, көп өтпөй кайра башын чыгарып:

— Экөөбүз аман калдык. Кудай де, экөөбүз аман калдык, — деп ыржайып койду.

Өңү же түшүн ажырата албай же эсине толук келе албай, эптеп ордунан туруп, күрсүгүй ыргытып ийген ыштанын алып, жаңы эле кийейин деп жатса, элдин баарын «бюросу» менен коркуткан неме артына жабышып калбаспы.

— Сени партиядан чыгартпайм, коркпо. Өзүм жоопкерчилигин алам, — деп жанталашып шыбырап жүрөт. Жанатан көзүнүн кыйыгы менен карап жаткан күрсүгүй, жөн ыкка көнбөй жулунуп жаткан беркиге кыжыры келип кетти окшойт. Ордунан туруп талтактай басып келип, беркинин мойнун колтукка салып катуу кысканда, «кың» дебей кыймылсыз туруп бергенге аргасыз болду.

Бир бөлмөдө жаткан тогуз адамдын жетөө, эң бурчта жаткан чал менен өзүнчө эле шылкылдап музыка ойногондон башкасы, жайма жай орундарынан туруп келишип, демейдеги ишине киришкендей кезекке тура башташты. Берки алынын барынча:

— Жардамга, эл-журт жардамга… Айланайындар, кое бергиле, мен эркекмин, — деп кыйкыра баштады.

Аңгыча эшик ачылып, колунда узундугу жарым метрче келген, килейген токмогу бар күрсүйгөн, семиз, кара аял кирип келди да:

— Өлүк канаңды… көк мээлер… Кудай булардын мээлерин алып, аңгилигин калтырып койгонун кантейин. Эртеден кечке бири-биринин көчүгүнө жабышкандан башка акыл калтырбаганын кара. Кудайдын кусуруна калган шүмшүктөр, — деп айкыра качырып киргенде, бирлери кроваттын астына, бирлери төшөгүнө оронуп, баары туш тарапка качты.

Берки ордунда кала берди, тушоосундагы ак дамбалга чалынып. Аял жүгүрүп келип аны жонго таягы менен бергенде;

— Менде эмне күнөө. Зордоп жаткан тигилер болсо, — деп чаңырып жаш балача ыйлап жиберди.

Беркини таң кала тиктеген аялдын көзү алая, таягын экинчи жолу, дагы урууга даярдап көтөргөн боюнча тиктеп турду да:

— Акылыңа кирип калгансыңбы? — деди.

Берки шашыла ыштанын көтөрүп. Аялды жалооруй тиктеген калыбында:

— Мен каяктамын? Мени бул жакка ким алып келди? — деген суроолорду биринин артынан бирин берди.

— Кудая тобоо! Сен чын эле эс-акылыңа келип калсаң керек, — дей жакын басып келип, беркинин көздөрүнүн агын барбайган бармактары менен ачып, карегин карап туруп:

— Чын эле көздөрүң оңолуп калыптыр. Жүрү сени врачка көрсөтөйүн, — деп ээрчите жөнөдү.

Килейген калың эшиктен коридорго чыгышты. Чыгаары менен эшикти кайра кулпулап койду. Ар биринде ак халат кийген күзөтчү бар үч эшиктен өтүп баргандан кийин, бир бөлмөчөнүн эшигин ачып, босогодон башбакты:

— Кирүүгө уруксаат бекен?

— Киргиле. Бөлмөдө көз айнек тагынган олбурлуу, бети балжайган ак халатчан адам отуруптур.

— Мойдунович, бул оорулууңуз байкашымча эс-акылына келип калыптыр.

Доктур астындагы кагаздардан башын көтөрүп, көз айнегин оңой, бирде семиз аялды, бирде беркини таң кала карап турду да.

— Сизге муну бул жакка ээрчитип келүүгө ким уруксаат берди?

Атырыла ордунан тура калды.

Семиз аял бүжүрөп коркуп кетти.

— Мойдунович, байкасам эс-акылына кадимкидей келип, сүйлөп калыптыр, -деди жанагы токмогу менен атырылган каардуу аялдын үнү араң чыгып: -Жолдо катар да эч тартип бузбай ээрчип келди. Өзүңүз деле карап көрсөңүз. Артка кетенчиктеди.

— Мунун айыккан-айыкпаганын ажыратып, анализ бергидей сиз эмне врачсызбы? Бирин-бири өлтүрүп жатса ажыратыңыз. Тазалыгын сактаңыз. Кыскасы өз жумушуңузду билиңиз. Уктуңузбу! ?

— Уктум! Кечирип коюңуз, Мойдунович. Кайра ээрчитип кетейинби?

Доктур орунтугун айлана беркилерге жакын басып келди да, беркини тикирейе тиктеди. Анан жай үнү менен:

— Өзүңүздү кандай сезип турасыз? — деп кайрылды. — Жакшы эле. Жанатан берки сүйлөшүлгөн сөздөрдөн, чөйрөдөн улам өзүнүн кайда экенин болжоп, сезип турса да, жүрөгү ишене бербей:

— Мен кайдамын айтыңызчы? Мени бул жакка ким алып келди? — деген суроолорду узатты. Доктур суроолоруна жооп бербестен: «Бул жакка олтуруңузчу» , — деп орунтук көрсөттү. Берки басып барып догдурга көрүнгөнү жаткан оорулууча жайгаша отурду.

— Мына, эс-акылына келип калыптыр, — деп чыйпылдап жиберди, семиз кара аял.

— Сизден эч ким, эч нерсе сураган жок. Доктур аны акшыя карады. Анан беркинин көздөрүн колу менен ачып, чөнтөгүнөн чоңойткучун алып чыгып, биртопко карады да, суроо берип кирди:

— Атыңыз ким?

— Кутман.

— Фамилияңыз?

— Кадырназаров.

— Кайда иштөөчү элеңиз?

— Жол кырсыгына кабылып бир жылдан бери иштей элекмин.

— Мурдачы?

— Мурда республикалык текшерүү комитетинде иштөөчүмүн. Кызык, мунун баарын менден неге сурап жатасыз? Сиздеги менин мед.карточкамда баары жазылуудур да.

Доктур жанагыдан да жумшак сүйлөп:

— Кечиресиз, бул суроолор биздин ишке керек, — деди да дагы бир топко балдарынын, аялынын атын, жашаган жеринин дарегин, туулган жерин сурады.

Анан берки семиз аялды кетирип жиберип, дагы бир ак халатчан эркек менен орто бойлуу аялды чакырып алып, коңшу бөлмөгө киришип, кичине кеңешип отурушту да, чыгып келишип кайра көзүн ачып, үчөөлөп улам бири карап, отургузуп, тургузуп, оң буту, сол буту кайсы экенин сурашып, тажатып жиберишкенде, берки чыдабай кетип:

— Бай болгурлар мен сопсоо элемин. Үйдөн аялымды чакыртып койгулачы, телефон чалып, келсе сүйлөшөйүн, — деди да номеринен бери айтып берди.

— Тигилер кайра коңшу бөлмөгө кирип кетишип, кичине акылдашып чыгышты да, Кутмандын өзүн коңшу бөлмөгө кийирип, эшигин бек жаап коюп бир жакка телефон чалып, кужулдашып көпкө сүйлөшүшкөндөн кийин бир учурда эшикти ачып:

— Келиңиз аялыңыз менен сүйлөшүңүз, дешти. Берки шашыла демигип барып трубканы ала койду да:

— Кандайсың, Салтанат (аялынын аты Салтанат эле) ден-соолугуң жакшыбы, бала-бакыра кандай? — деп ал-жай сурап кирди.

Аялынын үнү кардыгып, араң эле жооп берип жатты.

— Сага эмне болгон, ооруп турасыңбы? Мени бул ооруканага ким алып келди? Качан жаткыздыңар эле? — деген суроолорду бергенде, аялы такыр эле жооп берүүгө жарабай калды.

Доктурлар да бир нерсени боолголошту окшойт. «Болду. Сүйлөшүү убактыңыз бүттү» дегенде, берки:

— Келип кетчи? — дегенге үлгүрдү. Андан соң доктур өзү ээрчитип алып, жалгыз койкасы бар терезеси тордолгон бөлмөгө алпарды да:

— Тамак ичкиңиз келеби? — деди.

— Ичегим жабышып өлгөнү турам, бир жума тамак ичпеген кишидей болуп, -деди берки жашырбай:

Доктур чыгып кеткенден көп өтпөй, тамак көтөрүп келишти. Баарын шыпкап ичкенден кийин, денеси шалдырай түшүп, койкага кыйшайып жата кетти. Катуу уктап калган экен, бир убакта эшиктин ачылганынан ойгонуп кетсе, баягы семиз, кара аял экен. Болгону колунда токмогу жок. Жүрөгү оозуна тыгылып, калчылдай одеялдын астына бүрүштү.

Тигил жылмая карап, балтаңдай басып келип, кроваттын жанындагы орунтукка отуруп, каадалана чалкалай доктурча беркиге кайрылды:

— Байкушум, сага кудайдын боору ооруду. Эс-акылыңа кайра келдиң. Кана, бери болчу көзүңдү көрүп коеюн. Аябай ыкшыя карады да:

— Мына, кадимкидей жакшы болупсуң. Эми Кудай сактасын де. Эс-акылыңдан кайра айныбашка аракет кыл. Мен он беш жылдан бери ушул жерде иштейм. Болгондо да жанагы сен жаткан, эң ашынгандарды

кармаган палатада. Сендей болуп туруп-туруп эле эс-акылына кайра келип, куландан соо болуп кеткендердин, бери дегенде ондон ашыгын өз колум менен узаттым. Анын ичинен экөө гана кайра келди. Калганы ошол боюнча айыгып кетти.

— Мен кайсы ооруканадамын?

— Аа байкушум, сага врачтар эч нерсе айткан жокпу. Алар ошенте беришет. Калп эле сактанышып. Баары Кудайдын буйругунан. Жашырганда эмне, эртели-кеч билесиң да. Сен кадимки «чымкоргондосуң» .

— Чымкоргондо? !

Чоочуганынан ордунан тура калды. Акылынан айныгандардын ооруканасында экенин түшүнгөн, бирок, «Чымкоргон» оюна келбептир.

— Ооба. Анын эмнесине чоочуйсуң. Болгондо да байкушум айыгуудан үмүт үзүлгөн, «ашынгандар» деп бөлүп койгондор менен жатпадыңбы. Тагдырың оор экен. Бир жакшы жери, айнып жүргөн кезиңде көргөн кордугуңдун бирин да билбей калдың да. Туурабы?

— Качантан бери жатам?

— Бир жарым жылча болуп калды.

— Бир жарым жылча? Дагы секирип чоочуду.

Семиз, кара аял экөө тээ түн ортосунан оогуча сүйлөшүп отурушту. Өз кезегин өтөгөнү келгенде, Кутман жөнүндө билгендеринин баарын айтып берди. Аялы келсе эле «Кызыл көйнөкчөн келатат. Шуру келатат» деп бакырып, жолотпойт экен. Бүт аял аттуунун баарынан коркуп, кармагандарды тиштеп-тытып жулунчу экен.

Жанагы жаткан бөлмөсүнүн башчылары «бюро» (дайым эле баарын бюрого салам деп кыйкыра бергендиктен «бюро» деген атка ээ болуптур) менен «К… жинди» (эси-дарты эле ошол болгондуктан, ушундай атка ээ болуптур) дегендер экен, эс-акылдары жок болсо да, айбанаттардыкы сыяктуу бир-бирине баш ийүү бар экен. Тигил экөө калган жетөөнү каалагандай эрмектей беришет экен. Практикант студенттер келгенде, кыз-эркеги дебей, айнектин сыртынан тогузунун кылыктарын карап, боорлору ката күлүшчү экен. Кара катын өзүнүн кезеги келгенде, андай студенттерди жолотпой кубаласа, өнөгү Тамара кайра түрлүү «спектаклди» коюп берүүчү экен.

Ушулардын баарын саймедирей сайраган кара катын кетеринде «Экинчи ооруба, байкушум. Өзүң чоң кызматта иштеген жигиттин гүлү болгон экенсиң. Тагдыр да. Жанагы жерде секретарь, обком, начальник, милиция, койчу, соодагер да отурат. Кудай баарын бир бөлмөгө камап, бир паста айбандан да төмөн кылып койду көрдүңбү? Болбосо, да ар кимиси өзүнчө чиренчү эле» деди.

— Эжеке, жалгыз бөлмөдө жаткандан коркуп жатам, таң аткыча отура турасызбы? — деп жаш балача жалдырап жиберди.

— Атаны байкушум ай-ээ… Мейли, мен азыр тигилер бирин-бири өлтүрүп салбай тынч жатты бекен карап келейин. Баарына уктаткандын даарысын ичирип койгом, ошентсе да караш керек, өзгөчө жанагы шүмшүк «К… жинди» бат эле ойгоно берет, — деп чыгып кетти да, жарым саат өтпөй раскладушканы көтөрүп, кайра келди.

— Дарыдан аябай бердим эле, «тырп» этпей уктап жатышат. Көзүңдү алайтпай сен да укта, — деп коюп, өзү раскладушкага жатаары менен уйкуга кетти.

Кутман болсо улам көзү илинип баратса, кайра чоочуп ойгонуп, тынч уктай албады.

Семиз караны эртең менен эрте бир медсестра келип ойготуп кетти. Кейпи, дайындап койсо керек.

— Кой, мен дежур врач ойгоно электе ордума барайын. Мейли, жакшы кал. Сени эми көп болсо бир жумача кармап, бошотушат, — деп жайдары коштошуп чыгып кетти.

Жумушчу күн баштала электе аялы, балдары, туугандары болушуп үч машина менен жетип келишиптир. Алгач врачтар аялын көрсөтпөй сүрөтүн көрсөтүп, «Бул ким, тааныйсыңбы? » деп жатышып балдар-кыздары, келген туугандары бүт учурашкандан кийин барып араң көрсөтүштү. Аялы, берки учурашканда колдору калчылдап, коркуп турганын жашыра албады.

Экөө тең кучакташып туруп буркурап ыйлап жиберишти.

Доктурлар «Дагы бир жумача калсын, текшерилсин» дегенине Кутман болбой, аялына, туугандарына «Мени алып кете көргүлө, бир мүнөт да калтырбагыла» деп жалдырап жиберди. Ары кетип, бери кетип жатышып туугандары чыгарып баса беришти.

Жол боюндагы теректерди артка таштап, шуулдаган «Волганын» ичинде келатып, «кызыл көйнөкчөн келинге» кайрадан жолугушаарын жүрөгү менен сезди. Бирок, бул жолу коркподу. Кайра, «эртерээк жолугушуум керек» деп эңсеп да келатты.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️