8 болум
Байэлдин муштуму түйүлүп, тамырлары көбө түшкөнүн байкады агайы. Эшик жакта Арстын жанындагы тааныш кызды көрдү. Ызырынып жетип барып Арсты чаап жибереби деп чочулады. Бирок Байэл арткы каалгадан кийинки бөлмөгө кирип кетти. Кыз көрбөгөнүн байкады. Ал кызга бардык картаны эрте ачып бергиси келген жок.
– Сүйүү – эки кишилик. Үчүнчүсү кошулса согуш башталат дечү беле?- деп өзүнчө сүйлөнө Байэл жакка басты агайы.
– Арсты кайдан тааныйт?
– Сен ал кызды ойлобо. Сен минтип отурсаң, биздин ишибизге тоскоолдук жаратат.
– Агай, мен жөнүндө эч кимге эч нерсе айтпаңызчы. Менин кайдан болорумду, ким экенимди сизден башкасы билбей эле койсунчу,- деди жигит.
– Деги сага эмне болгон? Макул, айтпайм. Сен аларды ойлогонго убакыт кетирбе. Андан көрө беттешти жең. Сенин мурун ким болгонуң маанилүү эмес, азыр кимсиң, ошол маанилүү. Сен ушинте берсең, керек болсо алдыңа келген ийгиликти колдон учурасың. Мен сага өткөндө эмне дедим эле?
– Күчтүү, ийгиликтүү…- бул сөздү Байэл ичинен кайталап жатты. Ансыз деле унуткан жок. Уккандан бери бушайман боло дайыма ушул сөздүн үстүндө ойлонуп жүрөт.
ххх
Маржан эрте туруп такси менен бир жакка жөнөп кетти. Телефонун алып бирөөгө чалды.
– Бүгүн жумушка келбей эле кой.
– Эмнеге?- жигит чочугандай таңдана сурады.
– Жумуштарыңды бүтүрүп ал.
– Кечинде алып кеткени барайынбы?
– Жок, мен такси менен эле,- ары жакта сүйлөп жаткан мырзанын сөзүн аягына чейин укпастан телефонун өчүрүп, сумкасына салды. Кечээ түштөн кийин дагы келбе деп койгон. Жигит таң калгандай эле бар. Мурда кайда барбасын дайыма айдоочусу жандап жүрчү. Кечээ уулун таштап кеткен балдар үйүнө барды, түз эле директоруна кирди.
– Мага 1996-жылы ноябрь, декабрда каттоого алынган балдар тууралуу маалымат керек.
– Биз келгендин баарына маалымат бере албайбыз,- деп баштаган директорго акчанын башын кылтыйтты эле, ал дароо макул болду. Экөө күүгүмгө чейин архивди казып чыгышты. Маржан ар бирин тиркелген сүрөтүнөн бери карап чыкты.
– Эч нерсе билүүгө мүмкүн эмес. Ошол жылдары иштеген бирөө-жарымды тааныйсызбы?
– Жок, бул жакта иштегениме беш эле жыл болду. Мен сурап көрөйүнчү,- башчы айым бөлмөдөн чыгып кетти. Үмүттөнө колундагы делолорду барактай берди.
– Бул жакта көп жылдар кароолчу болуп иштеген бир киши бар. Азыр ооруп төшөктө. Бул даректе жашайт экен.
Маржан директордун колунан төрт чарчы кагазды алып сыртка чыгып, түз эле ошол дарекке жөнөдү. Эч буйдалбастан эскилиги жеткен үйдүн короосуна кирип барды. Каалгасы илинүү экен, тыкылдатты.
– Ким бул?- деген кемпирдин үнү чыкты.
– Жолдошуңузду көрсөм болобу?- аялдын үнүн угуп эшикти ачты.
– Сен ким болосуң? Азыр эле уктады. Ойгонсун, отура тур.
– Балдар үйүндө иштечү турбайбы.
– Ооба, ооруганы үйдө жатып калды. Ошол жакта иштеп кеткен бир эжени издеп жатам. Коллектив менен түшкөн сүрөттөрү барбы?
– Бар, айланайын,- төркү бөлмөсүнө кирип кетти. Кемпир бир аздан соң сүрөт альбомду көтөрүп келип аялга сунду. Маржан барактап, ар бир сүрөттү үңүлө карап жатты. Көзү бир сүрөткө токтоду. Чаар-ала күрмө, чачы дал ошондой түйүлгөн аялды таанып, “ушул” деди. Кишинин ойгонушун чыдамсыздык менен күтүп отурду.
ххх
– Ата, айтыңызчы, бул ким, азыр кайда,билесизби?- деп сурады сүрөттү көрсөтө. Көздөрү чекирейген карыя “көзүм жетпейт” деп көз айнегин суратып араң көрдү.
– Аты Зейнеп болчу, фамилиясы эсимде жок. Жашы 60тан өтүп калса керек азыр. Алдагы сүрөттүн алдында кайсы жыл жазылып турат? Ошол жылы эле Беловодское айылындагы балдар үйүнө которулуп кеткен.
Дагы бир нерселерди сурайын деди эле, карыя көңүлү сөзгө чаппаганын билдирип, дубалды карап жатып алды.
Мындай учурда оюң чаржайыт болуп, мээң иштебей калат эмеспи. Чын-жалганын тактабастан Маржан жолго чыга берди.
Унаа зымыраган бойдон Сокулуктун аймагынан өтүп баратты. Айдоочу күзгүдөн ойлуу келаткан аялды утур-утур карап коёт. Бир көзү жолдо, бир көзү шыпылдап эсептеп жаткан эсептегичте. Ичинен бул аялга таң калды. “Өз машинасы бар экен го, мынча узак жолго эмнеге такси менен келди? Мейличи, мага эмне, акчасын төлөсө болду да…” деп сапарын улай берди. Машина Беловодскоеге жетип, айылды аралап кетип бара жатты. Аял бир чекитти тиктеген абалында үн-сөзсүз.
– Бул жерден түз элеби же оңго бурулайынбы?- деп шаштысы кете сураган айдоочунун үнү аялды ойлорунан алаксытты.
– Токточу, бирөө-жарымдан сурап алалы.
– Байке, балдар үйү кайсы жерде?- Маржан жол жээгинде турган кишиден сурады.
– Тээтиги жерден солго бурулуп, 100 метрдей жүрсөңөр эле көрөсүңөр,- жол көрсөттү бир киши.
– Тигиндей токтой бер. Мени күтүп тур,- балдар үйүнүн алдына келип токтоп, аял машинадан түшүп кетти.
ххх
Тирүүлүктүн күндөрү сабалап өтүп жатты. Бат эле күткөн учур келди. Күңүрт имараттын ичинде 5-6 адам күйпөлөктөп боло турган мелдешке даярдык көрүп жатты. Ортодо анча чоң эмес, чаканыраак октагон орнотулган. Залдагы столдорго шараптын түрлөрү коюлуп жатты. Отургучтар анчейин көп эмес, чакан эле көрүүчү болчудай.
Асан достору, өнөктөштөрү менен жолугар алдында Алмаздын залын көздөй жөнөдү.
– Улам жылып отуруп ушул учурга келдик. Мынча убакытка созулат деп ойлогон эмес элем. Менимче, даярданууга убакыт кенен болду. Даярдыктар жакшыбы анан?
– Асаке, колдон келген аракетти кылдык.
– Силерге ишенем. Байэл, уят кылбай утуп берсең, менден чоң сыйлык күтө бер.
– Буюрса.
Акчасын уттуруп ийбесем деп чочулаган Асан эле эмес. Жигит деле жеңишти самап турат.
Кеч кирди. Белгиленген убакытка жакын беттеш өтө турган имараттын алдына биринен өтүп бири көз жоосун алган, кымбат баалуу унаалар удаа-удаа келип токтоп жатты.
– Агай, канча киши болот экен?
– Ал жакта көп болсо 10-15 чакты эле адам болот. Толкунданба, эч кимди көрбө. Өзүңдү эркин сез.
– Атаандашым накта спортчу болуп калсачы?
– Мен булардын мелдештерине көп эле катышып жүрөм. Эч убакта андай болгон эмес. Коркпо, көрөсүң го, ал деле сендей эле жаңы баштагандардан болот.
– Ошондой эле болсун.
– Сүйлөшкөндөй, биринчи раундда күчүңдү сакта. Башында алдап сол кол менен бирин-серин сокку узатымыш болуп кой. Ал сени алсыз деп билип өзүн бош коё берет. Ошол абалын пайдаланып аны талкала. Болгону коргонууну унутпа. Арсты эстечи, сени эч нерсе кыла албайт деп жатып кандай сокку жеп, кулап түштү эле?
– Аделя үчүн жеңишим керек. Жеңем,- өзүнө сөз берип жатты.
Келген коноктор жайгашып бүткөн соң жарыктар өчүрүлүп, зал күңүрт боло түштү. Октагонго жарык берилип, алпаруучу чыгып сүйлөдү. Анын артынан дене бою келишкен, жарым жылаңач 10 чакты кыз чыкты. Кишилердин алдына катарлаша тизилип туруп калышты. Каткыра күлүп төрдө отургандар бирден кызды жандарына алышты.
– Мушкерлер октагонго чакырылып, беттеш башталды. Атаандашынын кичирээк экенин көрүп Байэл өзүнө ишене түштү. Бирок беттештин жүрүшү ал күткөндөй болбой жатты…
Атаандашы ойлогондон кыйла шамдагай чыкты. Канча аракет кылбасын Байэл беттештин жүрүшүн колго ала албай койду. Үстөккө-босток урулган соккулар, утур-утур таамай тийген тебүүлөр. Айтор, каршылашынын үстөмдүгү менен биринчи раунд аяктады. Асандын кабагы түйүлүп, жаалы көзүнө чыга түшкөнүн дароо байкады Алмаз.
– Байэл, эмне болду сага? Октагондо мушташып жатканыңды эсиңе салып коёюн. Бирок эч нерсе эмес, али мүмкүнчүлүк бар. Байкадыңбы, азыртадан эле чарчай түштү. Иште, Байэл, көз ачып-жумганча 5 мүнөт дагы өтүп кетет. Утсаң кеп башка. Утулсаң баарынан кур-жалак каларыңды билесиң. Мурунку жашооңо кайткың келбейт да сенин,- деди Алмаз жигитти эс алдырып жатып. Атайылап анын намысына тие сүйлөдү.
ххх
Балдар үйүнүн директору менен сары чач котормочу четте сүйлөшүп турушат. Тарбиячылар Америкадан келген кийимдерди таратып жатышты. Байэлдин колуна 3-4 кийим тийди. Балдар бөлмөлөрүнө барып алган кийимдерин кийип сыртка чыгышты. Байэлге капюшондуу жынсы күрмө тийиптир. Өзүн күзгүдөн көрүп кудуңдап жаткан. Ал көбүнчө жалгыз жүрчү.
– Бала болбойт го күзгүгө каранып.
– Курткасы укмуш го,- жарыша сүйлөп 3 бала жанына келип калды. Буларды атамандар деп коюшат. Көздөрүнө жылтыраган бир нерсе көрүнсө тартып алышат. Балдардын көбү алардын оозунан чыкканын аткарышат.
– Алдагы курткаңды чеччи, кийип көрөлү биз дагы.
Байэл чөнтөгүн колунан чыгарбай укмаксан боло артка бурулду.
– Эй, сенин мына бул кулактарың укпай калганбы?- жакын келип кулагын чойгон баланы Байэл түртүп жиберди. Экөө мушташып кетишти, берки балдар да аралашты. Үчөө Байэлди жулмалап, шымын айрып, жонунан күрмөсүн сыйрып алып шылдыңдай басып кетишти. Баары сыртта болгондуктан, залда болгон бул окуяны эч ким көргөн жок. Башкалардай болуп чечип бере салса токмок жебей калмак. Бирок ал канча тепки жебесин, өжөрлөнүп каршылык көрсөткөнүн койгон жок. Ошондо сабалганына эмес, күрмөсүн тарттырып жибергенине өзүн жемелеген.
Октагондо Байэлдин көз алдына ушул учур тартылды. “Колуңда турган нерсени тарттырып жибересиң” деген сөз акылында айланып жатты. Ызырына атаандашына чагылгандай эле тийип жатты. Биринчи раунддагы шалдыраган Байэл жок. Анын таамай тийип жаткан соккулары атаандашынын шайын кетирип койду. Каршылашы бир обдулуп бутка киргенге умтулду. Эңкейип бутка жете бергенде Байэл тизе менен тээп жиберди. Жигит көмкөрөсүнөн кулап түштү. Эки-үч жолу ургулап жибергенге үлгүрдү. Рефери жетип келгенде каршылашынын кыймылсыз жатканын байкады. Алгач коркуп кетти. Бир аздан кийин буттары кыймылдай баштаганын көрүп көңүлү тынчый түштү.
– Оо, арстаным, жарайсың! Жеңет дедим беле силерге?- Асан колундагы бокалды коюп тура калып, кол чаап жиберди.
– Жана чый-пыйың чыгып жатты эле. Үнүң чыгып калды го. Мунуң жеңгенине кубангысы келбейт го,- бири тийише сүйлөдү.
– Тапканың ушул беле? Мени уят кылайын дедиңби? Силер менен анан сүйлөшөм!- Асанга жанаша отурган кара киши оң муштумун түйө капталда турган жигитке ызырынды. Жигит башын жерге сала сыртка чыгып кетти.
– Жеңдим. Бул ирет колумдагыны алдырып жиберген жокмун,- кол каптарын чечип жатып сүйлөндү Байэл. Биринчи беттеши болгонгобу, айтор, жеңиштин эмоциясы байкалбады. Четте тургандар анын эмоциясыз абалына таң калбай коюшкан жок.
– Куттуктайм, Байэл! Өтө жакшы,- агайы Байэлди кучактап көтөрүп койду. Анын кубанычында чек жок. Колуна чоң акча тиет. Мурдатан Асандын мелдештерине балдарды таптап берип жүрүп бул иштин кыныгын алып калган.
– Азаматсың, арстаным,- Байэлдин далысын таптады Асан.
– Ыраазысыңбы, Асаке?
– Ананчы, негизи кыйынсың. Мен бүгүн тигил досторго жеңишти майлап берем. Мына бул экөөңөргө азырынча аванс болсун. Силер эртең коногум болгула,- деди Алмазга колундагы акчаны суна.
ххх
Ресторандын VIP бөлмөсү, түрдүү тамак-аш, арак-шарапка толгон дасторкондо бака-шака түшүп Асан достору менен отурду. Жандаган кыздары да кошо келишти.
– Муну менен калбасын, арстаныңдын күчүн дагы байкап көрбөйлүбү, Асаке?- деди утулуп калган кара киши кекене.
– Эмнеге болбосун, көрсө көрөлү, менин мындай иштен качпай турганымды деги билесиңер,- деди алакан жая ишенимдүү.
– Анда балдардын санын көбөйтөлү, бир эле мушташ көргөн кызыксыз болуп калат экен. Мен дагы бир бала алып чыгайын.
– Мен дагы кошулам,- кызды белинен кучактап отурган көк көз киши да сөзгө аралашты.
– Анда биринчи айлампаны жеңгендер кайра бири-бири менен мушташкыдай кылалы. Чындап кыйыны жеңсин да.
Асан башынан эле бирөө менен мелдешкенди жакшы көрөт. Өзү уткан жагынан жолдуу. Бүгүн да акчаны чөнтөккө кымырып ырахат ала отурган кербези. Буларга минтип мелдешүү адат болуп калган. Жыгылган күрөшкө тойбойт болуп утулганы кайра эле бир мелдештин башын баштайт.
ххх
Балдар үйүнүн мекемесине кирип келе жаткан Маржанды ооздо отурган кароолчу тосуп алды.
– Сизге ким керек?
– Директоруңар.
– Бул жакка түз барсаңыз. Төртүнчү кабинет.
Маржан директордун маңдайында отурду. Ага баарын төкпөй-чачпай айтып, архивдерди каратып берүүнү суранды.
– Кадр бөлүмүнөн караттык, өзүңүз уктуңуз, 96-97-жылдары эле эмес, бул жакта Зейнеп аттуу аял эч качан иштебептир. Бизде 3 жаштан 7 жашка чейинки гана балдар каралат. Кичинекей балдарды албайбыз. Бул жакка 3 жаштан өткөн балдарды которушат. Архивдеги балдардын документтерин караганыңыз менен пайда чыкпайт.
Маржан ушунча келип алып күмөн санап кайткысы келген жок. Эринбей отуруп балдардын бүт документтерин карап, тиркелген сүрөттөргө үңүлүп жатты. Өзү болжогон документ көзүнө чалдыккан жок.
– Абышка мага жөн эле айтып койдубу? Бул жакка жөн эле келип алган жокмунбу? Мен тааныбай калдымбы?- өзүнө суроо берип башы маң боло сыртка чыкты. Бир нече убакыт өтүп кетсе да такси ордунда экен. Кардарын жарым жолдо таштагысы келбеген окшойт. Арткы орундукта отурган аялдын ыйлаган, кызарып калган көздөрүн көрдү. Айдоочу унчукпай шаарды көздөй айдап баратты.
– Чын эле аны көрсөм тааныймынбы? Төрөлгөндө Баатырга окшоштурдум эле. Эгер тааныбасамчы? Арадан ушунча жыл өттү. Кандай болуп чоңойду? Кайда жүрдү экен? Зейнеп дегенди таппай калсамчы? Макул таптым дейин. Ал менин жүзүмө караар бекен? Тыңыраак эмизген жокмун, мээрим төгө албай калдым. Таштап кеткен эненин мынча жылдан кийин кереги болбосо керек,- бирде өзүн жемелесе, бирде Баатырга жини келип жатты. Маржан күүгүм талаш үйүнө келди.
ххх
Тыкыр машыгуулардан улам бир нече күн бою Байэлдин телефон караганга убактысы болбой жатты. Аделя менен тыңыраак сүйлөшө элек. Дастан айылына кеткен, көптөн бери бөлмөдө жалгыз жашап жатат. Байэл жатаканага келери менен Аделяга телефон чалды.
– Алло, кандайсыз?- бул үндү укканда жигиттин дүйнөсү толо түшөт.
– Жакшы, өзүң кандай? Аделя, мени сен деп эле айтчы. Эгер мүмкүн болсо жолукпайлыбы?
Буга чейин жолугушууга чакыра алчу эмес. Эмнегедир бүгүн жолуккусу келди.
– Мм. Мүмкүн деңизчи, бирок…
– Эмне бирок? Дарегиңди айт, мен сага барам.
– Жок, мага келгенге болбойт. Атам билип калчу болсо… Андан көрө билгизбей мен өзүм барам…
(Уландысы бар)