Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 6-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 6-БОЛУМ

— Нан ооз тийиңиз.

 

Ал, келинине таарынганда кээде келип, жай олтуруп кетчү. Нан оозтийди да, унчукпастан кайра үйүнө кетип калды. Мая эч нерсеге түшүнбөй калды.

 

— Ай, келин бери кел.— деп чакырып алды кайыненеси Маяны.— Кошунага жакшылык кылуу – бул исламдык адеп. Үй албай кошуна ал дегенди уктуң белең. Кошуналарга жакшы мамиле жасап, ага чай берип ал-акыбалын сурап, анан ага күтпөй шашып чыгып баратса анда нан ооз тийгиз. Эшиктен кирсе эле нан ала жүгүрсөң ал эрте кет дегендик болуп калат. Эгер эртең үйдө жалгыз калып, тез жардам керек болуп жатса, жакындарың алыста болсо кошунаңа кайрыласың. Ал сенин мамилеңе жараша болот. Сыйлашып жүрсөң, жардам берээр, мамилең начар болсо сага чуркап корккудай ал сенин кулуң эмес.

 

— Кечирип коюңуз, мен сизди кошунанын алдында уялтканым үчүн. Байкабастык кылып коюпмун,— деп, келин катуу уялып калды.

 

— Унду ачканда да бырчалап минтип капты кесип салба. Түйүнүн чеч. Баардык байланган нерселерди оңой эле кесип салбай ошону абайлап ачсаң түйдөктөлгөн турмуштагы көп түйүндөрдү да оңой чече аласың.— деген кайыненеси жанындагы каптын оң — сол жагын карап, бир жагынан жибин тартты эле дароо ал сөгүлүп кетти. Аны үкөккө салышты.— Мына балам, эми бул калак менен унду сузуп алып, мына бул элек менен чаранын сыртына чыгарбай жерге ун түшүрбөй элейсиң. Анан үкөкктүн оозун жаап кой.— Маяга ушинтип ар бир жумушту үйрөттү. Кээде баласына да нааразыланып кетет.

 

Мая Айсулуу кайынежесинин үйгө келээрин уккандан эле тыпырап, жыйналып, салат жасап, конок камын көрүп жүрдү. Ал, жолдош келиндерден “кайнененин эң слабый жери кыздарын жакшы тосуп, сумкасын толтуруп берип койсоң эле болду, кайыненең сенин колуңда” дегенин уккан. Ысыкта боргулданып, боорсок да жасап жиберди.

 

Күттүргөн Айсулуу да келди.

 

Мая Айсулууну алдынан тосоттоп чыгып, жүгүнүп, сумкасын колунан алып, сүйүнө жадырап-жайнап колтуктап үйүнө киргизди. Бут кийимин өйдө текчеге койду. Мая баарын жакшы кылдым деп турду. Бирок келин эски төшөк салып, досторкондун туюк жагын улага жакты каратып койгон экен. Алымкан апасы төркү үйдөн, сый төшөк алып келип салды. Айсулуу олтураары менен көзүнө ошол көрүндү. Апасынан далай жолу ошол үчүн тил уккан. Мая кызара уялып, чай куюп олтурду. Алымкан апа бир эки чыны чай ичип, бешбармакка эт чыгарганы ашканага кетти.

 

— Кандай, бул жерге көнүп калдыңбы?— деди Айсулуу ысыктан бетин желпип.

 

— Ооба, акырындап көнүп келатам. Бирок эмнени туура эмес жасадым, кайсы жерден ашык сүйлөп койдум деп корко эле берем. Апама кандай кылсам жакшы көргөн келини боло алам. Секреттерин айтып бербейсизби?

 

Айсулуу күлүп: Апалап турсаң, идишти калдыратпасаң, эшикти бутуң менен катуу жаппасаң, кабагың ачык болсо, балдарын көп жумшабай, сыйласаң, чайды жерге катуу койбой, колдоруна берсең, суу сунсаң да сумсайбай берсең эле калганын өзү үйрөтүп алат. Баса, дасторкондун туюк жагы төрдү каратылат, муну айтелек го. Коркпой эле кой, апама сен аябай жагыпсың,— деп өз оюнан чыгарып койду.— Башкаларга айткан ар бир сөзүң, өз башыңа кайра муш болуп тийиши мүмкүн. Эң жакшы досуңдай сырдашсаң да болот, апам сырга бек,— дегенде апасы кирди. Апасына чайнекти жылдырып, Мая уруксат алып, ашканага кетти.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE