Пример HTML-страницы

Эки куйоолу аял 15 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки куйоолу аял.

15-болум.

Алло, Алмаз аке, мен постто турам, Сосновкада, мени автовокзалдан күтүп алыңыз, — деди Денис.

 

— Макул, качан барайын?

 

— Таксиге түшкөндө чалам.

 

— Макул, — Денистин ою онго, санаасы санга бөлүнүп, тынчы кетип турганда бир такси токтоп калды. Ага сүйлөшүп чыгып, Алмазга телефон чалып айтып коюп, Камиладан мурун Аруужанды ойлонуп жатты: «Аруужанды бирдеке кылып коюшпаса экен, кайнатамдын үстүнөн арыз жазып колумдан келишинче жүгүрөм. Кызымды таап бербесе өлтүрүп салам, ошонун колунан эле келди, арам ой менен чакырган тура» деп кечээтен берки көргөн сыйын эстеп, ошондо гана таксидеги жүктөрүн эстеди. «Акмак таксини өзүм тапсам болмок экен, башка машина да чыкпай калбадыбы» деп жүрөгү түпөйүл болуп, кайра Алмазга телефон чалды:

 

— Дарегиңизди айтсаңыз, мен такси менен өзүм барып калам.

 

— Дордой жактамын, таба албайсың, өзүм барам, автобекетте туруп тур!

 

— Макул, — телефонун өчүрөөрү менен кайра чырылдап, Асылбектин телефону көрүндү: — Угуп жатам.

 

— Бала, сен кызымды атайын бирөөлөргө алдырып ийип, бизди уруштуруп жатасың, көзүмө көрүнсөң жыга чабам!

 

— Милициядан көрүшөбүз! — Өчүрүп койду, андан кийин таптакыр чалса да албай койду. Автобекетке келээри менен Алмаз келип алып кетти. Инисинин абалын угуп, Алмаз жинденип жатты:

 

— Кызын эмне кылса ошол кылсын, Аруужанды алыш керек, мурда болгон ишти унутуп, кызыңарды алып келгениңер эмнеңер, таштап кетпейт белеңер?

 

— Кайдан билдик, мынчалыкка барат деп ойлогон эмеспиз, — Денис башын шылкыйтып отурду.

 

— Эс ал, эмне кылышты эртең сүйлөшөбүз, — Алмаз ушинткенде Динара күйөөсүнө:

 

— Кызыксың ушу баланын уйкусу келеби, жаман абалда турган неме, тиги Руслан байкеге чалсаң боло, — деди.

 

— Чын эле, — Алмаз телефонун терип кирди. — Алло, алло, угуп жатасызбы, Руслан байке, тынчыңызды алганым үчүн кечириңиз, бүгүн саат алтыларда Сосновканын коктусунан инимдин аялы менен кызын белгисиз бирөөлөр алып кетиптир. Ооба-ооба, бүгүн саат алтыда. Макул эртең менен баралыбы? — деп Денисти карады. — Арыз жазып койгула дейт.

 

— Макул жазалы, кызымды тапсам эле болду, эми кызынын кереги жок, атамдарга айтпай эле туралы.

 

— Ооба, аларды кыйнабай эле коюш керек, — деген Алмаз Азимге телефон чалды. — Алло, Азим бул мен Алмаз, Денистер азыр меникинде, эки-үч күндөн кийин барат, атамдарга айтып кой, — деди. Ошентип түнү бою кыжаалат болуп чыккан Денис эми туруп жуунуп кирип, аарчынып жатканда телефону чырылдап калды, зарядкада эле, ала койсо чоочун номер экен.

 

— Алло, бул ким? — дегиче:

 

— Денис, Камила эмне болду, мен Жийдемин, ким экенин билдиңби? — деп ыйламсырап ийди.

 

— Жок, апа, бизди салган таксист беле?

 

— Ооба, таксист, ал эмне болду?

 

— Ошонун дарегин бериңизчи мага.

 

— Макул, Сокулуктагы… — деп үйүнүн номерин, көчөсүн айтып берди.

 

— Рахмат апа, жакында баарын билесиз, күйөөңүз уюштурган оюндун сыры ачылат, баса, бергендериңизди ошол таксисттин үйүнөн алып алгыла, — деп телефонун басып койду. Күнү кечке тааныштарды издештирип, ар бирине барган менен эч кандай майнап чыкпады, бир жумадан кийин аргасыз үйүнө келди. Анын жалгыз келгенин көргөн Калмурат:

 

— Келин келген жокпу? — деди.

 

— Жок, бир аз жүрүп, анан келмек болду.

 

— Мейли, келсе келип калаар, кызымды ала келсең болмок, сагынып кеттик, — дегенде Денистин жүрөгү тыз этип алды: «Тирүү болду бекен, эми көрөмбү кызымды» деп ойлуу кирип кетти. Ата-энесине эч нерсе айткан жок, кокус Аймира укса узун элдин учуна жеткирээрин ойлоп, тирүү болсо Камила бир эбин таап, телефон чалаар деп күткөндөн башка аргасы калбады…

 

***

 

Бул убакта Камила көз жашын көлдөтүп, кызын кучактап алып, Замирбектин жанында жалынып-жалбарып жатты. Бирок ал үн дебестен аны бөлмөгө камап коюп, чыгып кетти. Асылбек менен сүйлөшүп, эгер көнбөсө ким көрдү кылып, аны өлтүрүп салмак эле. Замирбек Камиланын көздөрүнөн агып жаткан жашын көрүп, боору ачып унчукпай күндө анын алдына түрлүү тамак-ашты киргизип камап жатты, келээри менен эле телефонун алып өчүрүп салган. Денис чалса да өчүрүлгөн деп какшайт. Арадан бир ай өткөндө кайрадан ага кирип, сүйлөшмөк болду:

 

— Камила, мен сени сүйөм, ишенбесең өзүң бил, мен сени колума көтөрүп алам, эми барганыңда да күйөөң сени мурункудай карабайт, андан көрө макул десең, үйлөнүү той өткөрүп сага үйлөнөм, — деди.

 

— Кантип, мен сизди сүйбөсөм кандай жашоо болот? — Камила көзүнүн жашын мөлтүлдөтө карады.

 

— Жашоо дейсиңби, — Замир ордунан туруп ары-бери басты. — Жашоо сонун болот, сен мага жүрөгүңдөн орун берсең болду, алтынга бөлөнтүп багам, макул деп койчу, Камила!

 

— Жок, мен сизге турмушка чыкпайм!

 

— Мен өзүм күйөөңө жеткирип келем, макулсуңбу ушуга?

 

— Эмне? — кыжырлуу көз карашы жүрөгүн муздатып ийди Замирдин. — Мен эми күйөөмө да барбайм, бошотуп коюңуз, башым оогон жакка кетем!

 

— Бакыттан качып шоргобу? — Жылмайып кекерлүү күлдү. — Да-да-а, адамдар ошондой болушат…

 

— Суранам сизден, коркутуп аял кыла албайсыз!

 

— Кызыңды атасына бересиңби же ала кетесиңби?

 

— Өзүм багам.

 

— Анда мен сени кызың менен кетирбейм, Аруужанды эртең күйөөңө жеткирип келип, анан сени кое берем.

 

— Эмнеге, мен кызымдан ажырабайм! — дегенде унчукпай калган Замир: «Демек талуу жери кызы, муну бекитип коюп анан аргасыз көндүрөм» деп ойлонду да, аргасыз чыгып кетти. Камила атасынын өлтүрмөк болгонун эстеп:

 

— Кызымды өзүмө бергиле, кудай жалгагырлар, мени кызымдан ажырата көрбөгүлө! -деп боздоп жатып, эсинен танып калды. Ошол бойдон эки-үч саат жерде жатты. Укмуш жасалгалуу үйдүн ичинде өйдө болууга чамасы жок, Асылбекти каргап, боздоп ыйлап жатты. Баатырбек муну үч күндөн кийин укту, дароо Асылбекке чалды:

 

— Алло, Асылбек кандайсың, сага беймаал чалганымды кечир, Замирбек экөөң эмне кылып жүрөсүңөр, эгер билинип калса менин аброюма шек келээрин ойлодуңарбы?

 

— Баке, кечир, ошондой болуп калды…

 

— Эгер кыз баарын тастыктап берсе мен кызматымдан кол жуурумду билесиң, мен өзүмдү калкалап өзүңдү салып берем, кыскасы экөөбүз дос эмес, кас болуп калабыз.

 

— Баке, Замир суранды…

 

— Экөөңдү тең! — Баатырбек телефонду коюп койду. Асылбек эмне кылаарын билбей тынчы кетип: «Кызың менен жерге кир, мени ашыкча бүлгүнгө учуратты, эми эмне болот, Баатырбек айтканын кылат, кадыр-баркы, байлыгы бар» деп ойлоп үйгө кирип-чыгып жатты. Жийде эки баласын алып, атасынын үйүнө кетип калган.

 

Үч күн өткөндө Замир дагы Камилага кирди, ал жерде сулап жаткан, көзүнүн жашы кургап жүзүндө тагы турат, мелтиреп ким кирди, ким келди деп ойлоп койбой жата берди.

 

— Камила, кызыңды атасына берип келдим, телефон чалып көр! — деп телефонун берди. Жанталаша өз телефону колуна тийгенде Денистин телефон номерин таап, ага чалды. Телефону чөнтөгүндө болчу, Денис уктап жаткан, курткасынан чыккан дабышты сезбей уктай берди.

 

— Денис, алсаң боло кудай ай деги эмнеге албай жатат? — деп калтыраган колдору кайра-кайра басып жатты, бирок жооп болбоду. Замир чыгып кетти. Эсине атасы келген Камила ага чалды эле албай жатып көптө алды:

 

— Алло…

 

— Шүмшүк, канымды иче турган болсоң өзүң колуң менен өлтүрбөйт белең, бетсиз сендей атанын барынан жогу, жакшы дагы сенин каныңдан жаралбай калганмын, убалым уктатпасын, жакшылык көрбөй жалгыз тамда чирип өл! — деди.

 

— Эй кыз, бас жаагыңды, менде күнөө жок!

 

— Өлүп кет, шал болуп кал! — Камила телефонун басып койду да, ыйлап жатты. Түнү бою Денисти ала албады, гудок кеткени менен жооп болбой чыдамы кетип, эмне кылаар айласын таппай, анан таятасынын үй телефонун эстеп тере баштады. Түн бир оокумда чырылдаган телефонду келини Света алды:

 

— Алло, бул мен Камиламын, тайнемди ойготуп коюңузчу!

 

— Камила, сен кайдасың, жакшы элесиңби, эжем деле биерде, айтып коеюнбу? — дегенде элдейе туруп калды: «демек Насыр кайда калды, Алиначы?» деп ойлонуп кеткен экен:

 

— Алло, кагылайын кызым, Камила, сен кайдасың, деги амансыңбы? — деп Жийде ыйлап жатты.

 

— Апа, эмнеге минтип тозокко төрөдүңүз эле, ошондо эле өлтүрүп же алдырып койбойт белеңиз?! — деп Камила шолоктоп жатканда: «Эже, сизге эмне болду, апа, эжем ооруп калды, Данияр!» деген үндөрдү угуп, Камила дагы өзүн жоготуп баратты. «Баары бүттү, апамды өлтүрүп алдым, ал өлдү» деп барып колунан телефону түшүп, өзү жыгылып түштү. Анын дүп этип жыгылганынан улам сыртта басып жүргөн Замир кирип келип, жыгылып калган Камиланы көтөрүп диванга жаткырды да, чыгып суу алып келип, бетине сээп:

 

— Камила, сага эмне болду, көзүңдү аччы! — деп жаакка акырындап чаап жатканда ал көзүн ачып:

 

— Апам, апам.. . — деп кайра жатып калды. Ошол түнү Замир аны карап чыкты. Эртеси катуу ооруп калды, Замир аны врач алып келип, укол сайдырып каратып жатты. Эс ала түшкөн Камила:

 

— Апам, телефонум кана, Аруужаным… — деди.

 

— Мына, — Замир күнөөлүүдөй ага телефонун берди. Камила дагы таятасынын үйүнө чалды. — Алло, апам жакшыбы? — анын адегенде сураганы ошол болду.

 

— Мен, кызым, жакшы элемин, каердесиң айтчы?

 

— Апа мени… — дегенде Замир телефонду алып, өчүрүп койду:

 

— Болду эс ал, күйөөңө сүйлөштүңбү?

 

— Жок.

 

— Анда ага азыр чал! — Буйрук бере сүйлөдү, ошондо гана Денистин албай жатканын эстеп ага чалды:

 

— Алло, Денис, Аруужанды алдыңбы?

 

— Жок, кайдан, өзүң каердесиң?

 

— Мени кое бербей жатат, Аруужанды алып барган жокпу?

 

— Жок, ким алып келмек эле?

 

— Аруужаны-м! — деген Камила өзүн жоготуп баратканда Замир кармай калды:

 

— Кызың аман-эсен, эгер менин сунушума макул болсоң аны алып келем.

 

— Ыя? — Камила жаштуу көздөрү менен Замирди жалдырай карады.

 

— Ошол, эгер макул болсоң.

 

— Замир аке, мен баарына макулмун, кызымды, Аруужанымды көрсөтүңүзчү, апам дагы жаман абалда, мен макулмун! — шолоктоп Замирдин бутун кучактап алып, ыйлап жатты. — Мен макулмун, өлүмгө дагы даярмын, кызым менен апам аман болсо болду!

 

— Макул, түштөн кийин, — деп Замир чыгып кетти.

 

Камила азыр чындап эле өз тагдырына кайыл болуп турду: «Кызым менен апамды аман алып калсам болду, менин айымдан апакем азап чекпеши керек, булардын колунан жакшылык келбейт, өлсөм да айтканына көнүп кылбаска аргам жок, Аруужанды Дениске берейин» деп ойлоп, жерде жаткан телефонун алды да, Дениске чалды.

 

— Алло, — деди алаары менен.

 

— Денис, мен камоодомун, ким экенин билбейм, Аруужанды сага бердик деп айткан, бирок жалган экен, эгер колума тийсе сага берем, менден түңүл, Денис, тагдырым ушундай экен, — Камила жашка мууна сүйлөй албай жатты. — Экөөбүздүн сүйүүбүздүн мөмөсү эле, Аруужанды энеси жоктой кылбай өстүр, өлбөсөм кабар алып турам…

 

— Камила, ким экенин билдиңби деги?

 

— Жо-ок, бейтааныштар, кимдир бирөөгө күйөөгө чыгасың дейт, апам дагы ооруп калды менин айымдан, апам менен кызымдын жабыр тартышын каалабайм!

 

— Билсең жакшы болмок, милицияга берип карматат элек.

 

— Жок, Денис, өзүңө зыян кылып коюшу мүмкүн, андан көрө бактысыз сүйүүбүздү эскерип, Аруужанды өзүң бак, эртең чалам, бирөө келатат. Кош, Денис, — деди да, телефонду өчүрө дивандын башына коюп отуруп калды.

 

Ошол кезде үчтөн өтүп калган Аруужанды жетелеп, Замир кирип келди.

 

— Апа-а! — деп бакырып ийди Аруужан. — Чоң апама кетеличи, апа дейм, чоң атамдайга кетеличи!

 

— Кетебиз, кызым, кетебиз, — Камила кызын өпкүлөй берди. — Күчүгүм, алтын кызым, сени эч ким урушкан жокпу?

 

— Ыкы, уйушкан жок, мен атамды чагындым.

 

— Садага десе, кетебиз ээ жакында, сен чоң ата, чоң апаңа барасың.

 

— Ии-ий-и, барабыз, ээ?

 

Эне-бала ошентип отурганда аларга үймөлөнгөн табак толтура тамак менен чай алып кирди бир аял. Стол үстүнө коюп койду да, чыгып кетти. Камила кызы экөө тамактанып бүткөндөн кийин идиш-аягын алып кетти да, пакеттерге салынган кийимдерди ага берди:

 

— Буларды кийүүңүз керек экен, — деп коюп, чыгып кетти. Мелтиреп көпкө отурду Камила: «Эмнеге кийем, дароо эле үйлөнөм деп жатабы, ал өз талабын койсо мен өзүм да талаптарымды коюуга милдеттүүмүн» деп ойлоп, кызын алып отура берди. Аруужан уктап калды, ал уктаганда жанына жатып, көзү илинип кеткен экен телефон чырылдап жатты:

Алло.

 

— Алло, Камила, Аруужан келдиби?

 

— Ооба, өзүм чалам, — деп кайра өчүрдү, Замир кирип келаткан эле.

 

— Камила, канчадан бери кирдедиң, кийимиңди алмаштырып ал, эгер жуунам десең душка түшсөң болот.

 

— Макул, — кайдыгер жооп кылды.

 

— Камила, менин сунушума макулсуңбу?

 

— Ойлоноюн, убакыт бер.

 

— Жок дегенде сүйлөшүп турчу, бейтааныш деле эмес элек, мен сени бала кезден сүйчүмүн…

 

— Сүйүү дебе, өзүңүздү сүйбөс адамды, сиз күч менен сүйдүрө албайсыз, аргасыз макул болдум дейли. Табаарыңыз эмне? — Камила аны карабай сумсая жер карап, сүйлөп жатты. — Ырас, биз таанышпыз, мен жаш кезде сиз бой жеткен жигит элеңиз, менден 13 жаш улуусуз…

 

— Эмне десең аткарайын, жок дебе, Камила, сени жанымдан ашык көрөм, окуп жүрүп убакыт болбоду, жок дегенде сүйлөшүп сага арзуумду айтканга.

 

— Арзуу дейсизби? — Камила аны мыскылдуу жылмая карады. — Ушул арзуубу, бирөөнүн ак никелүү аялын зордоп алып келип, мажбурлап жатканыңыз. Караандай сиздин айыңыздан ата-энемдин аралары ажырады, апам жүрөгүнөн инфаркт болуп ооруп калды, кызымды жоготуп аламбы деп мен азап чектим. Эгер арзуу ушул болсо жапайыча жашаганым мага бакыт алып келмек?

 

— Камила, мен сени бактылуу кылам, жүрөгүм сен деп гана согот, сенсиз мен суусуз кумдак чөлдө баш каүткан алсыз жанмын, мени түшүн, ишен мага. Не десең аткарам, жок дебе, Камила, эми күйөөңө барсаң ыркыңар кетет, бир айдан бери жоголгон аялы эмне болгонун сезип, туюп турат…

 

— Болуптур, бир өтүнүчүм Аруужанды атасына бергенге уруксат бер, экинчи күйөөмө зыян кылба, үчүнчү апама каерде экенимди айт. Мага бир ай убакыт бер, эркин болушумду каалайм.

 

— Баарына макулмун.

 

— Анда азыр күйөөмө чалып, эртең алып кет деп айтышым керек.

 

— Каалаганыңдай кыл! — Замир айтканына макул болгондо Камила качып кетүүнү ойлонду да: «Жок, качканда эмне, мен үчүн башкалардын, айрыкча апам менен кызымдын азап тартышын каалабайм. Аргасыз тирүү өлүк болуп жашоого туура келет, кокус Дениске зыяны тийиши мүмкүн» деп ойлонуп, Дениске чалды да, жолуга турган жерди болжоп, үч күндөн кийин келмек болду. Бирок кызы менен айрылгысы келбей түнү менен ыйлап чыкты, наристе бейкапар уктап жатат. Жанындай көргөн кызын бербей коеюн дейт, аргасыз дагы бирдеме болуп кетеби деп берүүгө бел байлады. Болжогон күнү түштөн кийин Денис күтүп турган жерин айтты эле Замир аларды салып алып жөнөдү, жанында кызматчы аял кошо баратты. Алыстан Денисти көргөн Камила:

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE