Пример HTML-страницы

«Дүнүйө тыйындан куралат»

https://kyrgyzcha.site/?p=8201&preview=true Кызыктуу окуялар.

«»Дүнүйө тыйындан куралат»

Баарына маалым болгондой эле адамзаты барчылыкты көтөрө албай, көөп кетет. Ошо менен бирдей эле жокчулукту да көтөрө албайт. Чүнчүп, кайгырып, наалып баштайт. Аялы тажаандар күйөөсүн жей баштайт. «Акча таппайсыңбы, элдин күйөөлөрү мынтет», «Мен эркек болсом тоону томкормокмун»-деген сөздөр. Күлүп жатсаңар керек ээ сөз өзүнө тийгендер.
Эркек тажаан үйдө болсо күндө себепсиз уруш башталат. «Элдин катындары жокту бар кылат, а сен табып келгенимди жеп олтурасың, төркүнүңө ташыйсың»-деген сөздөр.
Бул сөздү эркектер айтпайбыз!-деп тана албайсыңар. Күйөөсүнүн басынтуусунан улам ошол аял психика жактан жабыркап, өзү тууралу кандайдыр бир төмөн баага түшүп кетет. Азыр үй-бүлөөдө сеники туура, меники чын!-деп жашагандар аз.

Антейин десең чын эле үйдөгү бюджетти туура нукта колдоно албагандар да бар. Же эркеги же аялы. Бирок, аял сарамжалдуу болушу зарыл. Эркек аял эмне кылса ошону туура экен!-деп кылып жүрө берет. Бул деген эркектердин өзүнүн ой-пикири жок дегендик эмес.
Бул деген аял кечки тамака 300сомдук колбасаны, жүз сомдук жумурткага кошуп кууруп, жүз сомдук ширени куюп, кытайдын ачыткысына чыланган нанды кошуп сатып алып балдарын уулабаш керек дегендик. Эркек бир нерсе десе «Сен бизди багыш үчүн алгансың, сенин милдетиң. Балдардан аяйсыңбы?»-деген док урунууга туш болушат. Ошол нерсени эркек киши түшүнүктүү кылып жеткириш керек. «»Бул деген зыян, кел андан көрө ошол акчанын жарымына эт алып кайнатып, калганына мөмө-жемиш алып берели, нанды үйдө жаса зыяны жок»-деп айтса аял киши мыкты түшүнөт. Жана бул нерсе дагы аял заты эмне пайдалуу, эмне зыян экенин билбейт дегендик эмес. Баардык эле инсан болгон сайын болсун дейт. Ошол колуна акча тийип калганда көп нерсе эстен чыгып кетет. Кандай кыйын күндөр өткөнүн, ачка калганын.
Акча пайда болгондо эркектер жаман көбөт ээ чиркин..
Машинанын кымбатын минип, жолдон сулуу көрсө машинасын кыймылдатып жиберет ко. Ошол даражага ким менен кантип жеткени эстен чыгып. Мындайда достору да көбөйүп калат. Бир күнү анысы, бир күнү мунусу туулуп, чогулуп олтурушуп, ичишип. Анан жинди суу ичке киргенде шайтандар ойгонуп, сулуулардын эркектин атын жазып маскировка кылып койгон номерлерге коңгуроо кетип баштайт. Мисалы менин жашоомдо андай убак келе элек. Башка кээбир аялдарга келип калса керек. Мисалы үй-бүлө курганына 10-15-25-30жыл кургандарды айтып жатам. Ушунча жыл аралыгында турмуштун арабасын тартып, бала өстүрүп ойногону убакыт болгон эмес да. Эми мына аялы экөөлөп тытынып иштеп, үй-жай кылышты, бизнес башташты, балдарды чоңойтушту. Ойноого убакыт келди!-деп эсептешет. Жок адашасыңар.
Ушул экөөлөп иштеп, баардык нерсени өз колуңар менен курап жатканда силер кандай кыйналдыңар? Аял дагы силердей кыйналды. Эркектер сырттын иши, акча табуу менен эле алек болуп кыйналып жатканда, аялыңар ошол иштер менен бирге эле силердин балдарыңарды төрөп, чоңойтуп жатты. Ошол азыр силер бир жака барсаңар далыңарга таптап урматтаган дос-туугандар алдында силерге кадырыңарды кашыктап топтоп жатты, катташып, жүзүңөрдү жарытып жатты. Мынтип сиз үчүн ар бир күнүн санаада өткөрүп, чачына ак пайда боло баштады. Бетиндеги анча-мынча тырыш түшкөн жүзү аялыңызды сизге жаман көрсөтүп жатат ээ. Төрөгөндөн кийин чыгып калган ич үчүн уялып жатасыз ээ. Сулуулугун, фигурасын, жаштыгын, канчалаган нервин сиз үчүн короткон аял эми сизге кызык болбой калдыбы?
Бул постту эркектер да окуйт, балким тартыш кичине уруш болуп кетиши мүмкүн эки тараптан. Бирок, өткөргөн кыйын күндөрдө ким чыдап, жаныңызда болгонун эстесеңиз бул ойдон кайтасыз. Жаныңызда уктап жаткан аялыңыз алмашкыс жандай туюлуп кетет.

Анан жашоодо дагы бир түргө бөлүнгөн адамдар бар. Алар орто жашагандар. Ооба алар (биз) баардыгына эле шүгүр кыла бербейбиз. Колунда жокторду карабай эле, байларды карап наалыйбыз. Жегенге ашыбыз, кийгенге кийимибиз турганда баардыгы жакшы экенин туйбайбыз. «Кедей байга, бай кудайга жетем дептир»-деген сөздүн жаны бар.

Мурунку күндөр эсиме түштү. Эртең менен мектепке даярданып жатам. Апам ысык чайын коюп чай берип жатат, атам болсо эски сары жигулисин от алдырып жатат. Кээде жүрбөй койчу, ал күндөрү мэктепке жөө кетчүбүз. Эстеп ошондогу атамдын капкара чачын, жигит маалы көз алдыма келди. Апам болсо дайыма узун халатын кийип жүрчү. Балким ошол кезде азыркыдай узун мода беле же жөн эле кайнене, кайнатага сый беле билбейм. Апама узун кийбе!-деп сүйлөнө берчимин. Ошол күнү атам батыраак болгула деп шаштырды. Даяр элемин болгону апамдан акча алыш керек. Ал кезде таттуу токоч бир сом, майлуу токоч эки сом турчу. Апам дайыма эки сомдон берчү, майлуу токочко. Мен болсо беш сом алам деп кежирленип жатам. Атам шаштырат, мен чыкпайм же апам бере койсочу. Анан таарынып берген эки сомду да таштап чыгып кеттим. Апам артыман чыгып мага унчуккан жок, атама бир нерселерди айтты. Жолдо баратып атам мага беш сом сунду, сүйүнүп алып алдым. Анан атам сөз баштады. Мен класс боюнча математикадан жакшы болчумун. Аны атам билет.
—Кызым бешти жыйырма жетиге көбөйтчү.
— Жүз отуз беш. Мен төрт секундта жооп бердим. Өзүм да билбейм, көзүмдү өйдө кылып жазып эсеп чыгарганды элестетип чыгара берчүмүн ошондо.
—Орто эсеп менен бир жылда эки жүз жыйырма күндөй окуйт экенсиң. Ошону бешке көбөйт.
Мунусунда да бат жооп бердим, миң бир жүз.
—Кызым сенин дагы эки бөбөгүң бар, ошол сумманы дагы үчкө көбөйт жана ремонтко, жетпей калган китеп алып бергенимди, кружокторуңдун акысын кошуп көр. Чыккан сумма көппү?
—Көп ата..
—Канча мешок ун келет?
Ал кезде ундун мешогу үч жүз кырк сомдон эле.
—Жыйырма мешок.
Кызым дүнүйө тыйындан куралат, ошол жыйырма мешок унду алып келсем силер бир жыл жейсиңер. Мен сенден аябайм кызым, мен берем сага. Болгону адам барды, жокту билиш керек. Сабыр кылыш керек. Силерди эрке кылып өстүрүп койсом, кийин бирөөнүн бүлөөсү болгондо өз бүлөөңдү тартып кете албай каласың. Сарамжал бол. Акылдуу бол кызым.
—Ата мен акылдуу эмесминби? Жакшы окуйм го.
—Эсепти жакшы чыгарып, катасыз жазып, шар окуса эле акылдуу болуп калбайт адам. Бара-бара түшүнөсүң, азыр апаңды кара. Акылдуу кандай болот экенин түшүнөсүң, үйрөнөсүң.

Ошондо мен апамды эң акылдуу аял деп тааныгам. Себеби мурун атамды эң акылдуу деп ойлочумун. Акылдуу деп жүргөн атам, апамды эң акылдуу дегенде чын дилим менен кошулдум.
Албетте жашоо биз ойлогондой тегиз жолдордон куралган эмес. Кээде мен да наалыйм, таарынам. Акча жок болуп калса тынчым кете берет бирок, мен билем бул үчүн бирөөнү күнөөлөбөй өзүм аракет кылышым керек экенин. Сарамжалдуу болуш керек экенин. Баягы күнү болсо базарга баргам, ала турганымды алып чыгып бараткам. Анан алдымдан кайырчы чыкты, буту жок экен. Ушунчалык ичим ачышты. Ошол күнү жолдогу эле машинада чыккандыгымды унутуп чөнтөгүмдөн чыкканын сунуп салыптырмын. Анан бери келип эле эстеп кеттим. Таксиге акча жок, мейли эми машруткада кетем деп чыгып алдым. Кашайыпчы тогуз сом эле калыптыр. Бир сом жетпейт, ишенесизби акча катарында көрбөгөн колумдан түшүп кетсе көтөрүүдөн эриккен бир сом жетпей калса болобу. Уялганым ий, телефон чалып үйдөгүлөрдүн чыгып туруусун сурандым. Апам акча алып чыкты, мени таксиде деп ойлоптур. Анан бир сом алып кошуп берсем апам да шопур да аябай күлүштү. Үйгө киргенде атам да күлдү, айттым эле ээ «Дүнүйө тыйындан куралат»-дегем деп.

?? дагы не балее жазган деп жатасыңарбы??Просто ушул эле тыйыным калыптыр да ошого наалып койдум?????

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE