Пример HTML-страницы

Бычак мизиндеги жашоо 2 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=44683&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бычак мизиндеги жашоо 2 бөлүм.  

 

 

 

Ресторан аябай жасалгаланыптыр, киши көп. Жаңы жылга үч күн калган. Залды аралап өтүп төрүндөгү бир эшиктен кирсек, төрт бөлмө бар экен, бир эшиктин алдында лөкүйгөн олбурлуу эки жигит турат. Бизди көрүп, бири эшикти ачып баш багып:

– Кире беришсинби?- деди да, бизге

“киргиле” деген ишарат кылды. Экөө да кирип, эшик ичинен бекилди.

Чоң бөлмө экен, ортодо жаңгактан жасалган чоң стол, кайыш стулдар. Дубалда аюунун, тоо текенин башы катырылып илиниптир. Жаратылыш пейзажы тартылган түрдүү картиналар. Жерде калыңдыгы эки элидей болгон килем салыныптыр. Жайсаң четтеги стулда отурат. Төрдө орто бойлуу, чап жаак, арыгыраак келген, кер мурут, жашы кырктын кырындагы бирөө телефондо сүйлөшүп жаткан экен, көзү менен стулдарды көрсөтүп “отургула” дегендей белги берди. Сүйлөшүп бүтүп таякем экөөбүздү баштан-аяк карап, ойлонуп калды. Таякем күнөөлүү адамдай башын жерге салып бүрүшүп, тумагын мыжыгылап, ырайым күткөндөй бир байкуш болуп отурат. Жиним келип кетти, ак жерден күнөө койгудай булар ким өзү? Адыл мени карап турган экен, мен да көзүмдү ала качпай тиктешип калдык. Адылдын көздөрү сүрдүү экен, карышкырдын көзүнө окшоттум. Өткүр, адамды теше тиктеген өрт көздөр. Коркпой, өзүмдү күнөөлүү сезбей эркин отурганымды сезди окшойт, жүзүнөн ушуну байкадым.

– Адыл ага,- деп Жайсаң сүйлөйүн деп ордунан тура баштаганда “коё тур” дегендей колун жаңсап:

– Ага,- деп таякеме карады.

– Сөз бергенден кийин аткарыш керек. Сиз мас болуп уктап калыптырсыз, сиздин айыңыздан балдар көп акчага түшүптүр. Эми мындай, макул, болор иш болду. Кыргызстандагы жашоо шартыңарды уктум, акчаны баары бир кайтара албайсыңар, сиз же иниңиз бизге иштеп берип кутулат. Кимиңер каласыңар, өзүңөр чечкиле. Болду сөз бүттү,- деп ордунан туруп, күрмөсүн кийип чыгып кетти. Артынан бир жигити чыгып, андан кийин таякем чыгып баратканда Жайсаң мени далыма чаап:

– Жүрү, бүгүндөн баштап менин кулум болосуң,- дегенде жаным чыгып кетти. Бурулуп эле бир урдум. Муну күтпөдү болуш керек, көзү алайып, ийрелеңдеп барып жыгылып, узунунан түшүп жатып калды. Сокку ээгине таамай тийгендиктен кол көтөрүүгө чамасы келген жок.

Жанындагы шеригин кол көтөрөт болушу керек деп бурулуп даярданып калсам, мени таң кала карап калыптыр. Жанымдан унчукпай өтүп, эшиктен жаңы эле чыккан шефин чакырып калды. Адыл кайрылып келип жерде жаткан Жайсаңды көрүп:

– Эмне болду, бул эмне жатат?- деп жанындагы жигиттен сурады эле, тиги ийинин куушуруп:

– Түшүнбөй деле калдым, тигиге “менин кулум болосуң” дегенин уккам, анан эле жерде жатат,- деп күлүп жиберди.

Адылдын жүзүнөн ачуусу келгени билинбейт, эки жигитине мени көрсөтүп

“мушташкыла” дегендей ишарат кылды. Өзү бөлмөнүн бурчундагы диванга отура кетти. Болушунча болду, мушташтан башка жолум жок эле. Дароо бөлмөнүн төрүнө өтүп, үстүмдөгү күрмөнү чечип ыргытып, даярданып калдым. Эки бала узун столдун эки жагы менен мага жакындап келатканда таякем чуркап келип бирөөсүнүн колунан кармап жалбара баштады. Тиги бала колун тартып алайын деди эле, коё бербей койду, ачуусу келип кетти окшойт, эки колу менен таякемди жакадан алып дубалга жапшыра чапты. Таякем арык киши эле, онтоп жатып калды. Беркиниси мага жакын келип калган, шеригин карап алаксып калды эле, секирип барып ээк тушка бир урдум. “Былч” дей эле түштү, дубалга сүйөнө бир азга турду да, кулап түштү. Столдун үстүнө секирип чыгып, таякемди дубалга урган баланын үстүнө секирип, салмагымды салып катуу түртүп жиберсем, башы менен дубалды катуу сүзүп, чалкасынан түшүп калды. Дароо он чакты жигит топтолуп калышты, бирөөсү мени көздөй жулунганда Адыл токтотуп койду. Жайсаң жатат дагы деле, жанында таякем отурат онтоп, көзү алайып калыптыр.

Чөнтөгүмдөн отвёртканы алып чыгып, даярданып калдым.

Адыл эмне болор экен, балдар турганга жарайбы деп күттү окшойт, экөө тең онтоп жатышат. Аларды бир аз тиктеп турду да, турбашына көзү жетти окшойт “эмне болуп кетти?” дегендей түр менен мени карады.

– Адыл байке, менин ордумда болсоңуз сиз деле ушуну кылмаксыз. Сизге кандай сөз жеткенин билбедим, бирок бизде күнөө жок. Туура, алмалардын үчтөн бирин суукка алдырдык, бирок алмаларды өтө арзан таап бергенбиз. Калганын сатканда деле пайда эки эсе ашып түштү. Ошого деле ыраазы болсоңуз болмок,- дедим. Адыл дароо жерде жаткан Жайсаңга жини келгендей тиктеди да, жигиттерине мени көрсөтүп:

– Бул балага эч кимиң тийбегиле, Калысты чакыргыла, буларды карасын!- деп таякемди ээрчитип чыгып кетти.

Лөкүйгөн, башы таз, капкара дүңүрөйгөн бирөөсү, чоңураактарынан окшойт, мени баштан-аяк бир тиктеди да, турайын деп аракет кылып жаткан Жайсаңга карап:

– Эй, келемиш, сен Ажымукан элең го, эмне болду бир соккуга тура албаптырсың?- деп каткырып күлдү. Жайсаңды баары эле жактырышпайт окшойт, берки жигиттер да күлүп жатышты. Тиги олбурлуу жигит менин жаныма келип, колун сунду:

– Атың ким?

– Самат.

– Менин атым Серик. Капа болбо, Самат, түшүнбөстүк болуп кеткен окшойт, бизге башкача сөз жеткен,- деп Жайсаңды жаман көзү менен карады. Жайсаң эптеп ордунан турду:

– Сени менен кийин сүйлөшөм!

Баары бир күчү жетпешин түшүндү окшойт, мени сөз менен коркутумуш болуп унчукпай калды.

Адылдын балдары мага кызыгып карап калышты. Айрымдары “ырас кылдың” дегендей ыраазы боло карап жатышты. Аңгыча врач окшойт, бирөө кирип жерде жаткан экөөнү текшерип көрүп:

– Менин бөлмөмө алып баргыла,- деп чыгып кетти. Балдар экөөнү көптөп көтөрө артынан жөнөштү. Бирөөсү мени ээрчитип бир бөлмөгө алып кирип жайгаштырып, өзү чыгып кетти.

Башка эч ким кирген жок. Коңшу бөлмөдө бирөөлөр майрамдап жатышкан окшойт, эшик ачылып-жабылган сайын музыканын үнү, каткырык, кыйкырыктар угулуп жатты.

Жарым сааттан кийин бир бала кирип, мени башка бөлмөгө ээрчитип барды.

Чакан бөлмө экен, “П” формасында стол коюлуп, столдун үстүндө ар кандай кагаздар жатат. Төрдө Адыл, оң жагында таякем отурат. Таякемдин алдында бир бөтөлкө коньяк менен стакан, бир тарелкада бөлүнгөн лимон турат. Жанагы бүрүшкөн таякем жок, жадырап көңүлү ачык. Бир топ эле кызып калган окшойт, мени карап көз кысып койду. Адыл колу менен жаңсап:

– Кел, иним, бул жакка отур,- деп сол жагындагы отургучту көрсөтүп, өзү телефондун кулагын бурап бир жакка чала баштады.

Таякем мени карап “баары жакшы” дегендей башын ийкеп койду. “Эми даана өлдүк” деп жаткам, таякемдин түрүн көрүп тынчтана түштүм. Адыл чалган номер албады, трубканы коюп:

– Ага, биз өзүбүзчө сүйлөшүп алалы. Сиз залга чыгып каалаган тамагыңызды заказ кылып бир аз отуруп туруңуз, эшиктин оозундагы жигит балдарга дайындап коёт,- деди.

Таякем “макул, макул” деп ордунан шашылып туруп бөлмөдөн чыгып кетти.

Адыл тамеки күйгүзүп, түтүнүн асманга үйлөп бир топко отурду да минтти:

– Самат, иним, мага туура эмес маалымат жеткен экен. Баарыбыз тең Кудайдын алдында жүргөн пендебиз, күнөөсү жок адамга биз деле жамандык кылбайбыз, бирөөнүн акысын жебейбиз. Таякең айтып берди эмне болгонун. Макул эми, болор иш болду, өттү, кетти. Сөз мындай, мага ишеничтүү, тың балдар керек. Эгер биз менен иштейм десең, сага ылайык иш бар. Жакшы төлөп беребиз, каалаганың болот. Бирок ызы-чуусу да болуп турат. Азыр жооп бербе, баары бир эртең кетесиңер. Түнү менен убактың бар. Жакшылап ойлон, мага жан дили менен иштеп берчүлөр керек, моюнунан байлангандар керек эмес. Эртең саат он бирлерде келем, ошондо айтасың жообуңду…

 

Адыл ушинтти да, унчукпай калды. Канат экөөбүз бөлмөдөн чыгып залдагы бир столдун жанына келдик, музыкадан угулбайт эле, кулагыма “таякең ушул жерде отурат, мен керек болсом бардын жанында болом” деп кыйкырды да кетип калды. Таякем сыртка чыгып кетиптир.

https://accounts.binance.me/ru/register?ref=556102233

Пример HTML-страницы


Cтолдун үстү толо. Бир бөтөлкө арак, бир бөтөлкө коньяк, колбаса, салаттын, суусундуктардын түрү турат. Ичиндегисин жеп бүткөн окшойт, бир бош чыныны четке жылдырып коюптур. Тарелкада узундугу жарым метрдей болгон эки чоң шишкебек. Аңгыча официант кыз жыты буркураган ысык шорпо алып келип, столдун үстүн бир сыйра аарчып, тазалап кетти. Курсагым аябай ачкан экен, шорпону бат эле түгөтүп, шишкебекке кириштим. Спорт менен машыгып жүргөндө тамакты көп жеп көнгөм, шишкебекти бат эле жеп жибердим.

Ой баса түшкөн экен, таякемдин келгенин байкабай калыптырмын, далымдан таптаганда гана көрдүм. Маанайы жакшы, коньяктан чоң стаканга толтура куйду да бир дем албай тартып жиберди. Артынан лимон жеп, мага бирдемелерди сүйлөп жатты. Бирок музыкадан эч нерсе угулган жок. Таякем арык, бою кичинекей адам, биртке эле спирт ичимдигин ичсе мас болуп калат. Карапайым, эч кимге зыяны жок, ак көңүл адам. Биринчи алма алып келгенибизде таякемдин акчасына алып келип, жакшы эле пайда көргөнбүз. Ошондо таякем пайданы тең бөлөбүз деп,

“жок” дегениме болбой пайданын жарымын колума карматып койгон.

Таякемди “эс алып алсын” деп айтканы Канатка барсам эки-үч жигит болуп тамеки чегип турушкан экен, мени көрүп бери карай басты:

– Эмне керек, Самат, эмне кемчилик?

– Биз эс алалы, Канат, таякем да мас болуп калыптыр.

– Биздин балдар үчүнчү кабатта чогулуп жатышат, таякеңди жаткызып коюп жүрбөйсүңбү биз менен? Бир балабыз жаңы машина алыптыр, ошону жууп бергени жатат.

– Эс ала берейин, чарчадым.

Канат негедир күлө карап:

– Жүрө бер биз менен. Баары сени сөз кылып жатышат. “Келемишти”, шефтин ишенген эки жигитин өзүң жалгыз уруп салганыңды угушуп, сени менен таанышалы деп жатышат. Таанышып ала бер, кийин сөзсүз кереги тиет,- деп калды.

Чарчагандыктан, 3-4 саат жакшы уктап алсам деп тургам. Бир жагынан барганда деле мен тааныбаган адамдар. Бүт эле ууру-кескилер болсо булар менен мамиле түзүп эмне кылам дедим ичимден.

– Чакырганыңа рахмат. Эртең жолго чыгышыбыз керек, бир аз уктап алайын.

Канат “макул, өзүң бил” деди да таякемди колтуктан ала ошол эле ресторандын үстүңкү кабатындагы мейманканага жеткирип койду. Бир бөлмөсүн даярдатып коюптур. Канат эшиктин ачкычын сунуп:

– Жүрө берсең болмок, балдар таанышып алалы деп жатышкан, кийин иштериң чыгып калса да кереги тиет эле.

Кайра-кайра чакырып жатса барбаганым кандай болот, жолдо деле уктап алармын деп ойлоно түштүм.

– Макул, бир аздан кийин барам,- дедим.

– Ооба да, жүрө бер, биз менен бир аз чер жазып отуруп келесиң да. Кыздар болот, таанышасың. Эртең поездде деле уктап аласың. Макул, мен бир сааттан кийин келем,- деп чыгып кетти.

Мейманкананын люкс номери экени көрүнүп турат. Ичинде баары бар. Джакузиде жарым сааттай жаттым, чыккың келбейт. Бир сааттан кийин Канат кирип келди, жүзү кызарып, ичкени байкалып турат.

– Жүрү, досум, балдар сени күтүп жатышат,- деди. Үчүнчү кабаты төрт бөлүккө бөлүнүптүр. Канаттын шериктери эң четкисинде экен. Залдын төрүндө ырчылар казакча шаңдуу ырдашып, коноктор ортодо бийлеп жатышат. Канат мени төрдөгү чоң столго алып барды.

Төрдө Серик сулуу, арыкчырай кыз менен отуруптур. Бир күлкүлүү окуя айтып берген го, жанындагы кыз токтоно албай күлүп жатат. Серик ордунан тура мени менен учурашып, жанынан орун берди. Музыка жаңырып жатат, Серик жанындагы кызды көрсөтүп кулагыма кыйкырды:

– Таанышып алгыла, аты Алина. Алина бул жигит жана мен сага айткан бала, аты Самат, Кыргызстандан.

Алина колун сунуп, башын ийкеп койду.

Аңгыча музыка токтоп, жарыктар күйүп, ар ким өз ордуларына тарай баштады. Биз отурган столго төрт жигит, үч кыз келип кошулду, турайын десем Серик далымдан кармап:

– Отура бер, батабыз баарыбыз,- деп койду. Жигиттерге карап:

– Жанагы мен айткан Самат ушул жигит, таанышып алгыла,- деди эле баары колун сунуп аттарын айтып таанышып жатышты.

– Самат иним, өзүңдү кенен алып отура бер кысылбай. Бул жерде баары өзүбүздүкүлөр. “Келемиш” ошону көрө турган болуп жүргөн. Макул эми, Русик, куй баарыбызга, мен тост айтып коёюн,- деп ордунан турду.

Сөзгө тапан, ыңгайы келгенде анекдот кошуп күлдүрө сүйлөгөн адам экен. Тостту да күлкүлүү кылып айтып, отургандардын баары ичип жиберишти. Канат мени “жүр”

дегенде буларды ызы-чуу, жалаң жаргондор менен сүйлөп керсейгендер болуш керек, масчылыкта мага да асылып мушташып кетпес бекем деп чочулаган элем. Мен ойлогондон башкача болуп чыкты, ал жерден бири да сөгүнгөн жок, тамашалары да орду менен, кыздарга да сый мамиле. Чеги менен бийлеп, ыңгайы келсе ырдап, көңүлдүү отурушту.

Бул балдар бандиттер эмес, жөнөкөй жигиттер экен. Жайсаңды көрүп эле баарын “бандиттер, рекэттер” деп ойлоптурмун. “Бир кумалак бир карын майды чиритет” болуптур.

Коньяктын күчүбү же отурган адамдар көңүлүмө жактыбы, айтор, бара-бара мен да өзүмдү кенен сезип, сөзгө аралашып кеттим. Алар казакча, мен кыргызча, кээ бир түшүнбөгөн сөздөрдү орусча түшүндүрүп сүйлөшүп жаттык. Башка столдо отурган жигиттер да келишип, мени менен таанышып, далымдан таптап кетишсе таң калып калам.

Түнкү саат бирлерде баарыбыз сыртка чыктык. Бирөөсү Мерседес алыптыр, капкара, дээрлик жаңы эле. Баары отуруп көрүп, ары-бери айдап да көрүштү. Мен да рулга отуруп, мотордун үнү угулбай жүрүп турган машинада өзүбүздүн машинаны эстеп кеттим. Атамдын да кара түстүү 06 Жигулиси бар эле. Аны кийин Жалал-Абаддан бир-эки жолу көрүп калдым, банктан аукцион аркылуу сатып алгандар минип жүрүптүр.

Үйүбүздү болсо өзүбүздүн эле алысыраак тууганыбыз сатып алган.

Түнкү саат үчтөрдө тарадык.Келсем таякем коңурукту кош тартып уктап жатыптыр. Көпкө чейин уктай албай ар нерсени ойлонуп жаттым. Айылга барганым менен жумуш жок, баягы эле жашоо. Негедир үйүбүздүн эшиги көз алдыма элестеди. Азыркы жашап жаткан үйүбүз Союз маалында дүкөн болгон, төрт бөлмөлүү чакан там эле. Эшиги да ошол маалда коюлган бойдон алмаштырылган эмес. Бир убактарда көк сырга боёлгон экен, сырлары эбак көчүп, бир-эки жери сынып да кеткен. Жакшы жабылбайт эле, кечинде жатарда ичинен туткасын жип менен тарттырып дубалга кагылган мыкка байлап койчубуз. Азыр деле ошол бойдон турса керек…

Көпкө ойлонуп, акыры Казакстанда калам деп чечтим. Кандай жол менен болсо да акча таап, үйүбүздү кайра сатып алам, апамдарды кайра ошол үйгө алып барып, карындашымды ошол үйдөн турмушка узатам. Калганын көрө жатармын. Кайсы маалда уктап кеткенимди билбейм, таякем ойготту, жуунуп-таранып алыптыр.

– Тур, жээним, кеттик. Эртерээк акчаны алалы да, вокзалга бара берели.

Таякеме “мен калам” деп айтайын деп баратып, адегенде Адыл менен сүйлөшөйүн, анан деле айтармын деп токтоп калдым. Залга чыксак Канат күтүп туруптур. Машина менен базарга бардык. Ал жердеги имараттардын биринин экинчи кабатына көтөрүлүп, бир эшиктин жанына барганда Канат “азыр чыгам” деп ичкери кирип кетти. Таякем “Жайсаңдын кабинети” дейт. Бөлмөнүн ичинен бири-бирине катуу сүйлөп, талашып-тартышып жаткан адамдардын үндөрү угулуп жатты. Ойлоно түшкөн экем, бирөө жаныма келип “Самат, кандайсың?” дегенинен карасам Адыл ага. Жанында эки жигит турат, бирөөсү кечээги мушташта көзү жарылган бала. Башын, бир көзүн кошуп бинт менен таңып алыптыр. Мени жаман көрүп калды го десем андай деле түрү көрүнбөйт, мени менен күлүп учурашып, колумду кысып койду. Экинчисин көрбөгөн экенмин.

– Отура тургула, өзүм чакырам,- деген Адыл ага ичкери кирип кетти.

Жыйырма мүнөттөн соң эшик ачылып, бөлмөдөн колуна папка, калькулятор кармаган, көз айнекчен арык киши, артынан бир жигит, анын артынан башын жерге салып Жайсаң чыкты.

 

 

Уландысы бар….

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы