***********БОМЖ**********
Атабек Университет метросунун жанынан кунуго. Кун сайын ушул жерден жудогон кыргыз жигитин корот. Бугун атайы жумушуна эрте жоноду,убакыт болуп ушул кыргыз бомжу менен суйлошмок.
— Кандайсыз?
Коруп турбайсынбы кандай экенимди.
— Мумкун болсо чекерээк чыгып суйлошпойлубу?
— Менде эмне ишин бар?
Сиздеби, сизде коп ишим бар. Биринчиси баш жазабыз.
— Бирдемен барбы баш жазганга?
— Бар эмей. Кеттикпи?
Кеттик. Тигил жака баралы.
Метрону айланып отуп кичине бакчага келишти. Атабек койнуна салып алган ботолкосун сууруп чыгып эки стаканга толтуруп куйду.»Ичкенимди жумушта байкатпаска аракет кылам да»,-деп тобокелге салып жигит менен барабар ичип жиберди. Закуска деп эки кесим эт салып алган эле.
— Келиниз,аке, орустарчасынан кылалы.
— Между первой и второй, промежуток не большойда?
Да, Правильно,так и будем.
— Слушай братишка, сен эмне карга бок чокуй электе мени менен ичип жатасын, ишке барбайсынбы?
— Ишке баратам.
— Унчукпайбы?
— Эптейбиз да.
— Эптекей жигит коруносун,куй анда.
Дагы бирден алып жиберишти. Шишенин тубундо экооно куйса жетпечуудой арак калды. Атабек саамга ойлоно туруп:
— Сиз эч жакка кетпей турунуз, мен азыр келем,-деп шашып жоноду.
Жолдо баратып ишине телефон чалы, мен милицияга тушуп калдым, эртен чыгарат экен деп койду. Эси-дарты жанагы кыргызда, качып кетпесе экен деп жатты. Дукондон дагы бир ботолко арак,тооктун этин, нан, пиво кылып которуп кайтып келди. Анысы кетмек тугул жаман курткасын жая салып, жамбаштап жатат. Атабек «Чон атасынын жайлоосунда жаткансып корбойсунбу чалкалап жатканын, силерге окшогон кайдыгерлердин айынан кыргыз тукуму курут болуп кетмей болду» деп ичинен ызырынып алды.
— Келдинби, иничек. Жоголуп кеттин го. Эмне болду,бугун до конца тойломой болдукпу.
— Ошондой кылабыз го.
Жаны куюлган аракты унчукпай алып жиберишти.
— Ии, анан, суйлой бер, менде эмне ишин бар эле?
— Сизди ушул метронун жанынан бир айдан бери кором. Бул кыргыз уулуна эмне болду, неге минтип журот деп ошондон бери ойлоном.
— Боор ооруганынды коюп, куй тигининден.
— Кеп боор ооруганда эмес,кеп кыргыз элинин келечегинде.
— Келечек-мелечегинди урганым барбы. Кайсы кыргызындын келечеги гулдоп-онугот имиш. Кыргыз тугонгон иничек, сатылып-сатып, атылып-атып журуп кыргыз озунон-озу тугонот коросун.
Ортодо жымжырттык, Атабек кайрадан суроо узатты:
— Канча жаштасыз, аке?
— Оттузжетиде. Озунчу?
— Тен кур турбайбызбы. Быйыл биздин мучолубуз да.
— Акелеп тим эле. Менден озунду жаш сездинби, кайбар?
— Жок негизи жаны таанышкан адамга сиз деп кайрылмай адатым бар.
— Экообуз тааныша элекпиз го али.
— Чын эле. Атым Атабек, Жалал-Абаттан болом, деди колун сунуп.
— Бексултан,- деп кош конул кол узатты.
— Кайчы жерликсин Бексултан?
— Кайсы жерлик экеним менен сенин эмне ишин бар?
— Ишим жок дечи, бирок сурашсак тууган чыгып каларбыз.
— Конечно тууган чыгабыз, сурап-сурап олтуруп, Ленин кыргызга жээн чыгыптыр дегенди уктун беле?
— Эсимде жок, мумкун уккандырмын.
— Тушунбой турам сага, тим эле женелерин сыйлаган куйоо баладай ачылып-чачыласын да.
— Мумкун куйоо баладырмын. Али сураша элекпиз го.
— Ии, келатышат, иттер. Тур сен кетип кал.
— Сенчи?
— Мага эчтеме дешпейт, бомж эмесминби.
Атабек буткон бою дуркуроп кетти. Озун «бомжмун» деген кыргызды омурундо биринчи жолу корушу. Ангыча орустун милиция кызматкерлери жетип келишип, коомдук жайда ичкенге болбойт дешип, чындап эле Бексултанга тийбей. Атабекти машинасына салып болумго алып жоношту. Жолдо Атабек 200 рублин берип бошонуп, кайра Бексултанды издеп жоноду. Суйлогон созу орундуу, куйкуму да бар экен. Бул кишиде башка бир мандем бар. кайра барып, жок дегенде бир кыргыз бомжун жашоо нугуна кайтарууга жарайын деген ой менен Университет метросуна келсе,
— Жур, тур, -деп эле бети-башы когала болгон орусту тарткылап жатыптыр Бексултан.
— Бексултан, мен келдим, -деди Атабек.
— Келсен эмне кылайын, мен сени чакырдымбы, же жанагы куйгандарына ответ сурап келдинби?
— Жок, жон эле, бугун ишке барбайм, сени менен суйлошуп олтурайын дегем.
— Мени менен суйлошо турган эмне созун бар, же менде онбой калган доон бар беле?
— Кайдагы доо, тентуш экенбиз, откон-кеткенден маектешип олтурсакпы деп.
— Сен менин маегиме мынчалык кызыгып калдын? Журналист эмессинби, же жазуучусунбу? Жазганга азык таппай мени акмалап жаткан жоксунбу?
— Жок кайдан, жазыш колумдан келсе кана эле, жазбайт белем коргон-билгенимдин баарын саймедиреп.
— А мен жазуучумун. Азыр атасынын чокусуна жазамбы, озум минтип нас кабакка нан барбы деп кунумдук оокат-ашымды аран таап жеп олтурам.
— Ишенбесен кантип курсак тойгузасын?
— Аны менен сенин кандай чатагын бар? Суракка алгыдай же тергоочусунбу?
— Тергоочу болом деп окуусуна тапшырсам отпой калгам, аларындын сураган акчасын мен бере алган жокмун.
— Ии болбой калган тергоочу, жур анда кеттик меникине, менин турмушума кызыгып эле калдын, кор, бил, айткын келсе бут кыргыз атууга айтып чык.
Аи илкий басып метрону коздой жоноду. Атабек ойлогон ою ишке ашаарына козу жетип, ээрчип алды. Алар Спортивная метросунан чыгышып, дагы онбеш муноттой жоо журушту. Жолдон Атабек сумкасын толтура майда-чуйдо алып алды. Сыртынан караса зангыраган, ичин корсон адам корко турган уйго келип, экинчи кабатына чыгышты. Бексултан бир эшикти туртту, бек экен.
— Ээ,кто там, выходи!
— А ты кто?
— Я хозяин, выходите, что вы тут делаеСакалы оскулон кафказдарга окшогон жигит баш багып:
— А хозяин, извини, тут у меня девушка, она одевается. Сейчас уходим,-деп кирип кетти. Алар копко кутушкон жок. Тыкан кийинген, алынын жетишинче боёнгон жап-жаш кыз чыгып кетти жанагы кавказ менен ээрчишип,
— Кыргызбы?-деп сурады Атабек оозу ачыла.
— Кызбы? Эмне кытай дейсинби, кыргыз да.
— Шумдугун кур, ушундай жерге да келип жатышабы?
— Оо мындай жер комфорт да, чем 20 адамдын арасында жатканча.
Ансыз да иренжип турган Атабек эшикти аттагандаого бетер конулу айланып кетти. Кире бериште эшиги жок туалет бар экен. Андан ары уч болмо, болмо эле аты болбосо ичи таштандыга толгон. Аттап-буттап учунчу болмого отушту. Анда чон диван, терезеге парда тартып коюшуптур. Текчеде жуулбаган идиштер доодо болуп уйулуп жатат.
— Мына менин жашоо образым.Коруп ал, оозун ачылып жатабы, кыргыз дагы ушинтип жашачу беле деп. За то бул жерде кундо вечир, кундо той. Кечинде кыздар келишет. Чоочуба иче турган, жей тургандын баарын оздору которуп келишет. Аз келгенсип акча да беришет бети жоктор.
— Бети жок дегенин эмнен, ошончолук жардам берип жатышса.
— Ошентип жардам берип кумарын кандырганча кудай албайбы ошолорду. Абайла, арасында сенин да аялын болуп журбосун.
— Кызыксын да менин аялым кайдан болмок эле?
— Кызык эмей эле откондо бириси озунчо эле кыйын болуп. менин аялымды мындай жергекозун танып алып келсен да келбейт, намаз окуйт деп кыйынсынып олтурду эле, эки карыш юпканы кийип, чачтарын жайып нак гана ошонун аялы келип калды кечинде кыздар менен. Эрди-катындын урганынтошондо кордум, тооба олтуруп эле коеюн деди байкушту. Кийин уксам, ошол кыз тогузунчу этаждан боюн таштап олуп калыптыр, а сенин аялын кыргызстанда болсо керек да.
— Жок ушул жерде, бирок азырынча болок жашап жатабыз, ишибизге карап. Ал Подмосковьеде.
— Айтмакчы откондо Подмосковьеде иштеймин деген бироону Санчо ээрчитип келген.
— Жакшына болчу. Эмне Подмосковьеден келсе эле менин аялым болуп калабы?
— Билбесем. Айттым, койдум да.
Негдир, Атабектин ичи тызылдай баштады/ «Чын эле менин ыялым болуп журбосун. АЛ да намаз окумуш болуп жатпады беле. Эмнегедир акыркы кезде мага да кем келчу болуп калды. Мен барайын десем турдуу шылтоолорду айтат. Телефону кобунчо очурулуу, алса да шарактаган дообуштар угулат. Ээ коркконго кош, кошогу менен беш корунот болуп эмне болуп жатам. Айгулум жоош, андайларга барбайт» дегени менен ичиндеги кара ой уламдан-улам кокурогунон орун ала берди. Эртен эле ага айтпастан жашаган жерине бармай болду.
— Ал келинди Санчо ээрчитип келген, жакында ушул келинге уйлонойун деп жатам, жакшы аял, бирок бир жаман жери , алты баласы бар да деп айткан. Же, сенин да алты балан барбы?
— Ооба. Алты балам бар.
— Койсончу тамашанды, жашабай жатып кайдагы алты бала, же уч катынды алтоо дейсинби?
— Жок тортоо озубуздуку, экоону багып алганбыз.
— Кызык, эки балага ээ боло албай журсом, отец геройду кара. Менин карамагымда бир уул, бир кыз болгон, озумдуку болсо жок. Кыз бой жетип, азыр ырчы болуп журот депугуп калам. Кичинесинен эле жакшы ырдачу, анан жеткен сулуу эле. Мени ушундай бир таптаза, анан соз жеткирип айта алгыс, соз менен айтмак тургай ойлоодон апкаарыткан сезим менен карап калчу. Ошол коз карашын эстей берем. Бала болсо каттуу куйуттон жакшы боло албады, жокпу кабарым жок. Алардын апасы жиндиканада. менин акыбалымды коруп турасын.
— Москвадвгы кыргыз бомжу. Таабан кандыбы, эми, мен жонундо толук билип алдын.
— Мен сени таабалагыдай душманын эмесмин. Сен акыл-эстуу жигит болуп туруп бомж болуп калганына башым ктып турат. Эмнеге, эмне учун, кантип, кандайча деген суроолор кокурогумду эзип, жаратылуу жооп таба албай жанчылып жатпаймынбы, Бексултан. Качан кыргыз тукуму кочоодо туноп, тирилиги ай-талаада отчуэле, качан бироодон нан сурап жечу эле. Сенин бул кылыгын жарабайт. Мындай адатка конуп кете электе акылынды пеште, озуно кел.
— Ой-боой даанышман болуп кеттин го. Олтур мындай, жолдон бирдеме алгандай болуп жаттын эле чыгарбайсынбы. Экоо кайрадан дасторкон жайып, эки жолудан алып жиберген сон, Бексултан кыйла жибип, созу кобойуп, кандайча ушундай жашоого кириптер болгонун баштан аяк айтып кирди.
Бексултан ата-энесинин кара чечекей жалгыз уулу. Атасы чек арада аскердик кызматта жургондо курман болот. Бексултан энесинин курсагында кумон калат. Ошентип атасын суроттон коруп гана чонойду бала. Атасынын» бой-келбеттуу, келишимдуу, кен далылуу,ормоктой мурду озуно жарашкан, буркут кабак, бир караган адамга сурдуу корунгону менен айкол адам эле» коп айтчу апасы. Апасы байкуш ошол бойдон башка турмуш кутподу. Бексултанды «Менин барым да , жогум да+умутум да, бакытым да сен. Атандын ордун бассан эле болду, омурун окшобосун, атана куйуп койгондой окшойсун» деп бир кундо мин бир ирет жалынып чонойтту. Апасы тилегендей Бексултан акыл-эстуу жигит болуп эр жетти. Атасы энсеген архитекторлук кесипке ээ болду. Иштеп чыккан пректери чет мамлектке чейин отуп, тез эле борборго жумушка чакыртышты. Апасынын жанынан ото узакка чыкпаган жаны кой дегенине болбой Бишкектен уй сатып алып, чогуу кочуп келишти. Апасынын дагы эле колунан казан-аяк тушпой, кундо бир маал «козумдун тируусундо келиндуу кылсан боло» деп коёт. Мына уйлоном дегиче оттуздун кырына келип калыптыр. Бир куну жумуштан чыгып, илен-салан уйду коздой жоо келе жатса, жолдун боюнда жарым-жыланач бир келин 9-10 жаштагы кызын кучактап олтуруптур:
— Байке сизди бир мунотко мункунбу?
— Мумкун, эмне олтурасынар суукта койнокчон?
— Куйоом…куйоом бычактап коё жаздап. Аран качып чыктык. Бугунчо туной турган жай таап бере аласызбы? Кокус азыр бизди таап ала турган болсо соо койбойт. — келин калтырак басыпаран суйлоп жатты. Кичинекей кызда он-алет жок, купкуу болуп.
— Макул жургуло, менин уйум бир аз узагыраак, жарым саттай жоо журушубуз керек.
— Мейли, эптеп эле тан аттырып алсак эле болду.
— Машинамды бугун ремонтко берип койдум эле. Жакшы жоо калыпмын, болбосо силерге токтомок эмесмин.
— Эмнеге токтобойт элениз? — деп кичинекей кыз созго аралашты. Уну жагымдуу, тим эле азыр ырдап жиберчудой мукам угулду Бексултандын кулагына.
— Себеби, кечкисин машина менен жургондо эч кимге токтобо деген апам.
— Апам? Сиз чон киши болсонуз деле апанызды угасызбы?
— Ооба, мен апамды омур бою угам, сен дагы ошондой кыл.
— Аменин апам уккунга татыктуу эмес.
— Бас жаагынды, жашабай жатып суйлогон созун кара, олугунду коройун.
— Бала да, эмне мынча тилдейсиз.
— Бала эмес, балээ. Атасына дагы ушинтип каяша жооп айтып журуп, ушул кунго туш келдик.
— Ооба сизге, сиздин айыныздан болду го керек болсо, атамды козго илбей аяш атамдар менен ичип…
— Мейли эмне болгонун сураган жокмун го акыры, бугунчо туноп кете турган жай таап берем, урушпай бассанар анда да.
Келин эми гана тун жарымда кочоодо калганын эстеди окшойт,
— Кечирип коюнуз, менин атым Майраш — деди акырын, куноокор ун менен.
Уйго келишсе апасы адатынча дасторкон жайнатып кутуп олтуруптур. Чоочун адамдарды коруп, тан калганын жашырган жок. Бексултан апасынын бирдемелерди шыбыраган сон апасы тигилерге боору ооруй карады. Ошентип Майраш экооБексултандыкында туноп калышты. Эртеси кызы ысытмалап калыптыр. Бексултандын оорууканага дегенине карабай апасы аларды дагы уйго алып калды. Кечинде келсе Майраш апасынын койногун кийип алып кызмат кылып журуптур. Апасы тордо пешенеси тердеп чай ичип олтуруптур. Бир саамга ушул корунуш Бексултанга жагып кетти. Качан эми деген апасынын созун дагы бир ирет эстеп, качан суйсом ошондо деп койду ичинен.
Ошентип Майраш кызы экоо апасынын ичи-койнуна киришип, анын женилин жерден, оорун колдон ала кызматын кылышып, Бексултандын уйундо бир айдан ашуун жашап калышты.
Майраш базарда соода кылган келин экен, Бексултандын апасы менен макулдашып, алардын бир болмосун батирге алышып, биротоло жашап калышты. Апасына айрыкча анын кызы Мираида жакты. Ачык конул, коздогонун бетке айткан, жалган суйлобогон, жакшы ырдаган кыз. Экоо Мираида сабактан келгенден баштап бирге болушат. Мираида «сизди чон апа дебей эле, апа дей берейинчи» деп журуп апа деп алган. Эки созунун бири апа, ал эмес кээде алтын апа деп алмайы бар.
Ошентип арадан бир жылдай убакыт отту. Бексултан бир кыргыз олигархы менен кошо Лондонго кетти. Анын сызган проектиси боюнча уй курмак болду жанагы бай кыргыз. Майраш бир кун келсе, бир кун жок, келбейт. Товарга кетип, кеч калып калдык деп шылтоолочу болду.
Кундордун биринде окшуп-кусуп жатыптыр. Аны коргон кызы:
— Дагы туну менен ичип чыктынызбы? Качан таштайсыз деги ичкиликти. Бексултан байкени карасанызчы, эркек болуп туруп ичпейт.
— Жогол козумо корунбой, шуркуя, жашабай жатып эркектерге козу тушконун кара мунун.
— Сизге окшоп корунгон эркектер менен суйлошкондон кудай сактасын.
— Жогол дейм, оозунду жырып таштайм азыр.
Бексултандын апасы чынырган ундон улам эшикке чуркап чыкса, Майраш кызынын чачынан кармап, башы-козуно койгулап жатыптыр. Бул анын биринчи урушу эмес эле.- Кой Майраш, андай кылба баланын конулун калтырын аласын, — деди кызды калкалап.
— Алда качан конулум калган мындан, апа. Ушундан коро апасы жок жашаганым артык, — деди кичинекей кыз ызалуу соолуктап.
— Жашабагыр, токтот дейм созунду, кууп чыгамын азыр, кором анан кочоодо жашаганынды.
— Керек болсо сиз чыгып кетиниз бул уйдон, мен Алтынай апам, бексултан байкелер менен жашай берем. Кереги жок сиздей апа сооройдун.
— Койгула балдарым, эл укса уят. Урушпагыла, ырыскы качат.
— Сиздин ырыскынызды качырбайбыз, коркпонуз, — деп Алтынай апага да катуу тийди жинденген Майраш.
Мираида Алтынай апасын кучактап, ыйлап жатты.
— Апа кет денизчи. Мен сиз менен жашайм, мага мындай апанын кереги жок. Сиз мени багып алынызчы, — деп жалынып суйлоп да, оксуп ыйлап да жатты секелек кыз. Ошол куну кечинде Лондондон келген Бексултанга Алтынай болгон окуяны айтып, буларды оолактатпаса болбойт деген оюн билдирди. Бексултан кантип чыгарууну ойлоп кормой болду. Ошол окуядан кийин Майраш бир жума дайынсыз болуп кетти. Бексултандын дагы бир жаны проектисин чон суммадагы акчага сатып алышты. Апасы экоо кенешип шаардагы коп кабаттуу уйлордун биринен эки болмолуу уй сатып алмак болушту. Аны кулагы чалып калган Майраш ошол уйго кантип чыгып алуунун амалын ойлоно баштады. Кундордун биринде Майраштын туулган куну болуп, ал аябай тогун-чачын кылып дасторкон жайып, Алтынай апа менен Бексултанды конокко чыкырды. Алар да кур кол киришкен жок. Алтын шакек белекке беришти. Жакшы олтуруш болуп, учоо тен бир аздан сеп этип алышты. Алтынай апанын кан басымы которулуп, «жатып эс алайын, силер олтура бергиле» — деп коюп чыгып кетти. Майрашка ушул эле керек болчу. Ал шампанга арак кошуп койду билдирбестен. Кызы да чарчап уктап калган эле. Ал Бексултанга шампан сунуп анын туулган куну учун алып койуусун суранып жатып, экоо тен кыйла кызып калышты. Алардын бакылдаган унунон ойгонуп кеткен Мираида уктамыш болуп андып жата берди. Бир кезде Бексултан олтурган жеринде уктап калды. Оюндагысы ишке ашпай калганына ызааланып Майраш олуктой уктап жаткан жигитти жулкулдатып чечиндирип кирди.
— Салмактуусун эркек соройдун. Мас болгон аялга кызыкпаган эркекти биринчи жолу корушум, — деп эле булдуруктап суйлонуп жаткан апасынын эмне кылганына акылы жетпей карап жата берди Мираида.
Башы зынылдап ооруп жаткан Бексултан эрте менен Майраштын койнунан ойгонду. Оболу кантип бул жерге келип калганына акылы жетпей эс-мас болуп жатты да, качан окуянын чоо жайына акылы жеткенде гана устуно бироо муздак суу куюп жибергендей секирип туруп шашып-бушуп кийине баштады. Энеден туума жыланач Майраш уктап жатат. Бексултан Мираидага Алтынай апасына эч нерсе айтпоосуп отунуп чыгып кетти. Себеби, Алтынай уулуна Майраштан алыс журуусун эскертип тураар эле. Бексултан озу деле Майрашты кыртышы суйчу эмес. Эмне учун аны уйунон ушул кунго чейин чыгара албай жургону озу да тушуно албайт. Алтынай «бул келин молдо-кожону кыйын кылат экен.Ал берген тамак-ашты жебе» — деп калаар эле. Мумкун ошол нерсенин таасириби, айтор Майраш алардын турмушуна болгон куч-аракети менен кирип баратты. Арадан жыйырма кундой убакыт отуп Бексултан дагы Майраштын торуна тушуп, тункусун анын болмосундо туноп калды.
Ошол куну саарлап алтынай:
— Майраш, Бексултанды корбодунбу, машинасы турат, озу жок, — деп сурап калды бирдемеден кооптонгондой.
— Баланыз биздин уйдо эс алып жатат, ишке кечирээк барам дегенинен ойготкон жок.
— Кандайча силердикинде?
— Ой Алтынай апа, баягы менин туулган кунумдон кийин баланыз кун алыс мени менен, билмексен болбонузчу.
— Кой айланайын, тамашанды, Бекишим андайга барбайт, ал али уйлоно элек жигит.
— Эмне энеси оппогон кыз алып берем деп журосузбу? Керек болсо Бекишинизден боюмда бар.
— Эмне дейт катыгун, эл укпасын.
— Эмне неберелуу болгунуз келген жокпу.
— Кой Майраш, журогум ооруп турат, абайлап суйло, кагылайын, — деп Алтынай анын болмосун карай басты.
Чындап эле Бексултан уктап жатат.
— Бекиш, тур бул эмне кылганын?
— Эмне кылганым, уктап жатпаймынбы.
— Кайсы жерде уктап жатканынды карасан боло!
— Уйдо, кайсы жерде болмок эле, апа?
— Майраштын уйундо.
— Эмне, жок, ой мен…мен, апа мени кечирип коюнузчу. Кеечинде иштен келе жатсам Майраш курбу кызы менен жолдо турушуптур. Жанагы кыздын туулган куну деп кафеде бир олтуралы дешкенинен.
— Кафенин бутушу дегин.
— Апа, экинчи кайталанбайт.
— Бул экинчиси балам, Майраштын туулган кунундо калып кеткенинди Мираида айткан. Байкуш эстуу кыз да «Алтынай апа, Бексултан байкени апамдан алысыраак жур денизчи,» — деп айткан эле. Бутту, бугун барып мага келин алып келесин.
— Апа, кимди алып келем, суйлошкон кызым болбосо.
— Суйлош, ким сага тоскоол болуп жатат.
— Жактырган кызым жок да.
— ЖЖактыр, жанына бар, тааныш, эч ким жолунду тоскон жок. Тур кийин, ушул кантип болсун. Бойдок бала балалуу келиндин койнунда жатат дегени эмнеси, Бексултан апасынан кадимкидей уялып кетти. Жер ачылса азыр эле жерге кирип кетууго даяр эле. Бугун созсуз кыз менен таанышам деп озуно-озу соз берди. Ангыча телефону шынгырапкалды.
— Бексултан байке, саламатсызбы? — бейтааныш кыздын уну чыкты телефондон.
— Саламат, бул ким экен?
— Мен Аяна.
— Аяна?
— Ооба кече туулган кунун белгилеген кыз. Жакшы эс алдынызбы. Бугун саат он экилерде ошол кафеде жоолугушабыз дебединизби. Мен кутуп олтурам.
— Аа, Аяна, азыр жетип барам, кетпей тур, мен азыр.
Шаша-буша сакал-мурутун алып, таза кийинип, жоноп кетти. Аяна аны кутуп олтуруптур. Кечээгиден да сулуу, кечээгиден да назик кыз корунду козуно Бексултандын «Болду ушул кызды аламын», деп алды ичинен. Экоо учурашып, бексултанга а дегиче столдун устун жайнатып ташташты. Бексултанга Аянанын ар бир кылыгы, суйлогону, кулгону, козун сузуп, эркелегендей мунозу,эки ууртундагы уячасы, коймолжуган карагаттай коздору, упузун кирпиктери, назик колдору деги койчу бардык турган турпаты жагып турду.Бул дуйнодо издеген аруу махабатын тапканын сезип жатты Бексултан. Экоокопко чейин кобурашып олтурушуп кеч кирип кеткенинбайкабай калышты. Мына чыгабыз деп турушканда:??
— Канча баланыз бар байке.
— Экообуз чогуу балалуу болобуз да, буйруса, — деди коп батына бербей.
— Буйрубай калды го, менин уч балам бар.
— ЭЭмне, Аяна, сен турмушка чыккансынбы?
— Ооба, уч балам бар деп жатпаймынбы, мына ишенбесениз. — Телефондон балдарынын, жубайынын суротун корсотуп жаткан келиндин бир созун укса, бир созун укпаган Бексултандын кыялы сарайы барчаланып калды. «Эмнеге жараткан анда мага бул кызды туш кылды. Жок бул менин тушум болуп калсынчы» деп тилеп жиберди ичинен. Бул туш эмес эле. Аяна куйоосунун кызганычынан чарчап атайы эле Бексултанды жолугууга чакырган. Бексултан кече туну Аяна менен болгонун билбей калган. Анткени, Аяна менен Майраш ага аябай шыкап ичирип ташташкан эле. Куру актануудан чарчаган Аяна омурундо биринчи жолу куйоосунун козуно чоп салды. Бексултан кантсе да кучу толуп-ташып турган жигит эмеспи. Тунку саат учтордо Аяна кетип, ордуна Майраш жатып алган. Майрашты караганга мас Бексултандын акыбалы калбай калган.
Аяна да озунун тагдырына нараазы болуп баратты. «Эмнеге мага кудай мындай куйоо берген эмес. Ар бир кадамымды, ал эмес дем алган абамды да текшерген куйоодон тажап-жадап жургондо кезиккен адамды кара».
Бексултан колунан акыркы умутун алдырып жиберген кишидей сумсая машинасын айдап баратты.
— Апаа- апа, — деген чанырган ундон озуно келип караса, жол алды кан жайылган, кргон козуно ишенбей турду. Жаш баланы уруп кетиптир. Машинадан тушуп башын мыкчып, эмне кылышын билбей олтура берди. Адамдар улам-улам кобойуп, аны тилдеп-урушуп жатышты. Ангыча милиция келип, Бексултанды оздорунун машинасына салып кетишти. СИЗОдо сурак башталганча бир ай убакыт отту. Бир ай куну кур эмес апасы кургур келип турду. Келгенинен да ыйлаганы ашыкча, журогун эзет Бекиштин. Эмне кылсын, кырсык — каш кабактын ортосунда деген ушул экен да дегенден башка чамасы жок экенин апасы тушунсо да, эне журогу тушунгусу келбей жатты окшойт. Сот адвокаттын кучу менен жазасын женилдетип олтуруп акыры жети жылга эркинен ажыратты. Алтынай мурдагысындай эмес. Кун алыс ооруп калат. Аз келгенсип Майраш улам кирип челкейген ичин корсотуп , «жакында неберелуу болосун, даярдан» деп кетет. Мираида болсо «Ишенбениз бул сиздин неберениз эмес. Бексултан байке апам менен бир да жолу жаткан жок, мас болуп калган. Экинчи жолкусунда ал башка татынакай жаш келин менен жаткан» деп какшайт. Тестиер кыздын турмушка азыртан бышып калганына бир эсе тан калса, бир эсе боору ооруйт Алтынай апанын. «Иши кылып апасын тартпай акыл-эстуу болуп, бактылуу болсо экен» деп тилейт дайыма. Ай-куну жетип Майраш балкайган уул тороду. Торотканадан чыккан куну эле Алтынайдын уйуно бастырып кирди Майраш:
— Бексултан атасына камчы болуп журсун деп атын Камчыбек койдум, — деди уялбай тастандап.
Алтынай апа унчукпастан баланын бетин ачып мурдунан чымчып ооп койду. Бекишине бир жери окшобойт. Энирейген мурдунун эки тешиги асманды карайт, коздору бутуйуп ачылбайт, эмитен эле ону карайып дунуройуп турду. «Жок, бул менин неберем эмес, бул таптакыр башка бобок, дагы бир тагдыры ташка тийген бобок», — деп койду ичинен Алтынай.
Ал эми, баласына бул окуялар жонундо эч нерсе айтпады, айткысы да келген жок. Анткени, неристе булардын булоосуно тиешеси жок экенин журогунун теренинде сезип турду.
— Жылдар канат байлап алганбы, эртен уулумдун чыга турган куну, — деди Мираидага Алтынай апа.
— Ии, жакшы болуптур апа, анда мен сабактан келип, байкенин келишине токоч салып коейун.
— Ошент, садага болоюн.
— Сиз кыймылдабай олтурунуз, дагы белинизди оорутуп аласыз. Камырды озум кылам, — деп коюп Мираида сабагына кетти. Быйыл ал он биринчи классты аяктайт. Тим эле агы ак, кызылы кызыл дегендей сулуу кыз болуп чонойду. Айрыкча, Алтынайга анын акыл- эстуулугу, эмгекчилдиги жагат. Майраш да Бексултандын келеринин бир четин угуп калганбы, кечке уйун шыпырып, тазалап жууп, иреттенип эле жатты.
— Саламатсызбы, байке, — деген качанкы бир уккан жагымдуу, ырдап жаткандай мукамдуу добуштан улам ойдо караган Бексултан Аянасын коруп турду. Коргон козуно ишенбей :
— Аяна, сенсинби, кайдан?
— Кайдагы Аяна, байке бул мен Мираидамын го?
— А Мираида, ушунча чон кыз болуп калдынбы?
— Анан эмне ошол сиз коргондой 4-класста эле окуп жатат дединизби?
— Окууларын кандай?
— Жаман эмес.
— Эн жакшы окуучу мектебинде, — деп Алтынай созго аралашты.
— Азаматсын Мираш, бактылуу, омурлуу бол.
— Рахмат байке, сиз дагы Алтынай апамдын бактысына бар болунуз.
— Мына биз келдик, кандайсынар, — деп сырттан Майраш алты жашар баланы жетелеп кирип келди.
— Бар барагой, Камчытай, атан менен учураш.
— Ата-атаа сиз келдинизби, мага келдинизби? — деп бала чуркап келип Бексултандын мойнуна асылып калды. Бексултан эч нерсени тушунбойбир апасын, бир Майрашты, бирде Мираиданы алмак-салмак карап калды. Мираида:
— Чоочубаныз, байке, бул биздин апабыздын очередной артисттик номери. Бирок, бул сапар отпойт деп ойлойм, — деди ызалуу.
— Деги эмне болду, тушундурсонор боло?
— Тушунуксуз эч нерсе жок, сиз камалып кеткенде апам тороп алган. Озунун кыялында сизди атасы деп баланы чонойтуп жаткан. Анан сиз келип калып жатпайсызбы, .
— Майраш, бул кандай жорук?
— Жорук- морук эмес эле сенин балан, баягы туулган кунумдо болгон.
— Ботом. Сен туулган кунундон жыйырма кун отуп отпой боюмда бар дебединби мага, ошондон жети айдан кийин тородун да.
— Болду, жыйыштыргыла тоок шорпонорду, — деп Бексултан тамекисин кармап
эшикке чыгып кетти. Турмо аны бир топ катуу муноз адамга айлантып койгон эле. Тамекисин Туготуп-туготпой очуруп таштап кайра уйго кирди да:
— Майраш, алынын жетишинче тойлопсун, болду эми той болот, тойдун эртеси да болот дегендей, эртен жыйынып-теринип чыгып кет уйдон, соз бир, мен кайталап олтурбаймын, баягы жумшак Бексултан жок алдынарда. Апа сиз да кызыксыз. Ошондо эле айтсаныз, жети жыл мурун Майраштын аягын тазалап коймок экемин. А Мираида, кызым. Сен озун бил, кааласан биздикинде кала бер, бирок апанды калтырбайм, билип кой.
Майраш актангыдай эч шылтоо таба алган жок. Эртеси кечке жуук машина алып кетти Камчыбек экоо кочуп кетти. Мираида кеткен жок.
АлАлтынай апасы жок жашай албайт эле.Оспурум кыздын кыялында эмне, кандай сезим уялап жатканын эч ким билген жок.
Бексултан эки-уч кун уйдо эс алган сон, машинасын минип иш издеп жоноду.
Досторуна жолукту, алар иш таап берууго убада кылышты. Бир досу Москвада иштеп келиптир, ал болсо аны менен кетууну сунуштады. Бексултан апасын таштап эч жака кетпоосун айтып достору менен коштошуп, уйуно келди. Апасы адатынча дасторконжайнатып, Мираида экоо кутуп олтурушуптур. Учоо жай суйлошкончо чогуу тамактанышты. Апасынын тизесине башын коюп жаткан Бексултан козу илинип кетти. Апасы акырыын ошол эле жерге жаздык коюп, устун жаап койду.
Бугун Бексултан бир чет элдик курулуш фирмасынан жумуш таап, озунчо кудундап келе жатты, кынылдап ырдап да алган. Негедир уйуно тез жеткиси келип, журогу уйгу-туйгу болуп чыкты. Алардын кочоосундо бурулуштан баштап эле эл деген уйулуп кетиптир. Бироонун чынырган ачуу уну чыгып жатты. Бексултан машинасын бурулуштан токтотуп уйуно жоо чуркап жоноду. Жан алы калбай чынырып жаткан Майраш эле. Корсо, Майраш атайын эле 20 литр бензин алып келиптир Бексултандын уйун орттогону. Ал кызы окууда деп ойлогон. Кызы алтынай апа менен уйдо олтурган. Майраш баласы Камчыбек экоо келип, баласын каратып туруп эле алып келген бензинди уйду айландыра чачып кирген.
— Апа, бул уйдо биз жашачы элек го. Апа бул жерде Мираш эжем калган го, эмне бензин чачып жатасыз? — деп али дили таза бала безилдеп жатты.
— Бас жаагынды жетим, сенден сурап иш кылгыча бар али мага.
— Апа, мен уйго кирип чыгам.
— Уйдо балекет барбы, тур мындай.
Эки жакты элендеген Майраш чырт эттире кукуртту чагып уйду коздой ыргытып жиберди. Чон жолго жетейин деп калганда эмнегедир журогу зырп этип кетти. «Мираида чын эле уйдо жок бекен» деп дагы бир жолу телефон чалып корду. Ал жаны эле окуудан келгенин айтканда эмне кылаарын билбей Майраш артын коздой чуркады. Бирок, кеч болуп калган эле. Уй жалындап куйуп кошуналар келип очурууго аракет жасап жатышкан.
Уландысы бар…