(37- бөлүм.)
-Адам тагдырын эч качан өз колу
менен жасай албайт,жашоосун гана
ийге келтирет.Маңдайга кандай жазса,
ошону көрөөрлүгүбүз чын.Мен дем са-
лып,өзгөртө албайт элем,жан кеткен
соң,дене гана бийлик кылып калган.
Акыркы аманатын аткарып коюу,ти-
рүүлөргө парз.Шайтан үстөмдүк кылып,
мүрзө топурагына буттары тыкыр бат-
кан экен,сууруп чыгууга мүмкүн эмес
эле,экөөнүн күнөөсүн жеңилдеткенге
биз,тирүүлөр аракет кылалы деген
Ахмед молдонун сөзүн тыңшагандар,
жакаларын кармап,сыздап жатышты.
Эртеси болжошуп,сөөктү бир мезгилде алып чыгышып,жаназа оку-
луп,нике күбөлөндүрүлүп,экөө өздөрү
үйүбүз деген үйлөрүнө,тирүүлөрдүн
коштоосу менен,шып-шып этип кирип
кетишти.
Эки топко бөлүнгөн кара таандай
калың калк,экөөнү акыркы сапарына
узатышты.
Экөөнүн бейитиндеги топурактын
өңүн айтпа,үйүлгөн топурактын акты-
гын айт,аппак болуп,Ак-Бейит болуп,
жарыкчылыктан качып,ээрчишип,эл-
ден бөлүнүп кетишти.
«Көрказар»Тургунбек көзү өткөнчө,
Ак-Бейитте отурганын көп көрүшчү,Ка-
рып сөөк жашырылган соң катуу жы-
гылып,алты айдан кийин,көз жумду.
Ракыя өзү менен өзү сүйлөшүп,көп
жылдар бою,бейит менен үйдүн орто-
сунда,каңгып жүрүп,каза болду.
Токтосундун апасы да,Тургунбек
каза болгондон кийин,там-ташын
сатып,казактардагы сиңдисине кеткен
соң,дайны билинбеди.
Ак-Бейитти сүйүүнүн символу катары
баалагандар,үйлөнгөндөр келишип,ку-
ран окушуп,жумшак оюнчуктарды,десте
гүлдөрдү коюшуп,аларды ашыктар ка-
тары баалап,эскерип келишет.
Кай бирде,жетелешкен экөөнү
көргөндөр,коркпостон,качпастан эле,
Акмарал менен Токтосунду көрдүк
дешет,алтүгүл сүйлөшүп жүргөн ашык-
тар,экөөнү көрүш үчүн,Ак-Бейитке кеч
курун келип,күтүшөт экен.
Эти этине,бети бетине тийбеген ба-
лалык сүйүүлөрүн чоң сүйүүгө айлант-
кылары келген экөө,Ак-Бейитти түбөлүк
үй кылгандарын,бул окуяга күбө болгон
дор,ар кандай айтып жүрүшөт,а мен болсо,бурмалабай,болгонун болгондой
калыпка салып,өзүңө тартууладым,асыл Окурманым!