Пример HTML-страницы

Жашагым келет 9 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=6541&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жашагым келет!!! 9-болум

—Чыгып кетчи бар, бир жолу атым булганган мен мындан коркпойм эми. Мага демек көчөгө жазып илип чык, мени коркутуп алып калам!-деп ойлобогун. Бир-тууганым мага ишенет.
— Тууганың сага ишенсин мейли дейли, бирок балдарын да сен багасыңбы? Сен үчүн үй-бүлө бузулса күнөөсүн кантип көтөрүп жүрөт экенсиң. Мага баарыбир мени эркек дейт, мындан башка он аял алып алам.
— Көзүмө көрүнбөчү болду, сага дагы жаза бар. Бул жашоодо жазанды албасаң, аркы акыйкат жашоодо сазайынды берем.
—Мен ал дүнүйөгө ишенбейм, өлгөн соң курт-кумурскалар жеп жок болосуң. Мага бул жашоо кызык, каалагандай жашайм.
— Кара мүртөз десе, анда чокунуп ал биротоло. Сени менен урушуп олтурган мен акмак.

Баламды алып көчөгө чыгып ары басып кеттим. Кызымдын мектептен келишине көп бар эле, баарыбир жолун утурлап тура бердим. Ахмат көптөн кийин барып чыгып кетти. Дагы тентигени кетти окшойт. Чыдабай калдым, мени кордоп алып дагы тоготпой жатканына өлгүм келди. Айтат эмеспи чын дилден капа болгон адамды кудайга тапшырсан өзү жазалайт!-деп. Мен дагы кудайга тапшырдым. Мыкы менен сүйлөшүп чыгып кетем. Сиңдим таарынса деле мейли, чындыкты билбесе болду. Эгер калсак дагы кол салаары анык бул акмактын. Кызым келгенче олтура бериптирмин ойлонуп, кызым качан колумдан кармаганда өзүмө келдим.
— Келдиңби кызым, күнүң кандай өттү?
—Жакшы, апа эмнеге көчөдө олтурасыз?
—Сени күтүп эле кызым.
— Жүрүңүз анда мен келдим, чай бериңизчи.
— Жүрү кызым башка мектепке өтүп окусаң эмне болот я ? Кандай карайсың?
—Бул жактагы досторумчу апа? Айылдагы досторума да кошпой койгонсуз, ушинтип жыл сайын ар кайсы жерде жүрө беремби?
Унчукпай калдым, айтканынын жөнү бар. Мен эч качан балдарыма карабаптырмын ойлосом. Айылдан го айласыз кеттик, бул үйдөн кетсек да ушул эле айланадан батир табыш керек окшойт. Эртеси Кайратты мектепке жибербей Салимди каратып коюп батир издеп чыктым. Мыкы он миң айлык алат, батирге айына эң азы үч миң төлөш керек экен. Жеген ичкенге араңдан зорго жеткирип жатканда эми кандай болот экен!-деп башым катты. Кайра ойлоном, эптеп чыдасак Салим чоңойсо мен да иштемекмин. Кечинде Мыкы менен кеңештим.
— Мыкы, жезден бизди жактырбай жүргөндөй э акыркы убакта байкаган жоксуңбу?

Сөздү алыстан баштадым….
—Билбейм апа сиздин тууганыңыз да эч нерсе дей албайм. Эмнеге антип жатасыз?
— Кирип чыгып эле балдарды кагып калды, ошого айтканым. Өзүнчө кетсек кантет?
—Мен да ошону ойлоп жүргөм, менин бул айда айлыгым көтөрүлөт. Чыксак деле эптейм.
— Үч- төрт ай чыдасак андан ары мен да иштемекмин, сага жардам болот аз да болсо.
—Апа сиз иштебей эле коюңуз, мен турам го иштеп багам өзүм эле.
— Үйдө олтурганда эмне пайда?
—Ошол убак келе берсинчи э апа.
Балам экөөбүз келишип алып, жеңилдеп калдым. Жана тапкан анча чоң эмес батирге чыкмай болдук. Эртеси баары кеткенде акырындап көчүүгө дайындалдым. Кечке маал Мыкы келип жүктү машинага салып алып кетти. Мен болсо Сайраны күтүп калдым. Сайра күлүмсүрөп эле кирип келди. Мен аны катуу кучактадым.
—Сайра эмне болбосун сага ишенем!-деп мага сөз берчи. Сен экөөбүз бир карындан чыкканбыз, кандай күн болбосун туура түшүнүшөбүз деп сөз берчи.
— Сөз берем эжеке, сиз менин ишенген бир боорумсуз. Сизди жакшы көрөм.
—Анда мындай биз көчүп жатабыз, эртең сага дем алыш эмеспи кайнисиндинди алдырууга жетишесиң. Мыкы дагы өзүнчө жашайлы!-деп көнбөй койду. Жаман ойлобо э сиңдим.
—Баарыбир айтканыңызды кылыптырсыз да э. Мейли мен эмне демек элем. Кеңешсениз болмок экен э бирок, качан кетесиз?
—Мыкы буюмдарды алып кеткен, азыр бизди алып кетет. Сени эле күтүп турдум эле.
—Айийй ай шумдуксуз э. Кана анда жакшылап чай берип узатайын.
—Жок чай ичтим Сайра, бара берейин Ахмат келсе дагы жибербей ыңгайсыз абалга калтырат. Башка күнү келеермин дагы.
— Ахмат сурайт эми эмнеге кетти!-деп.
—Жана айткам билет, көнбөгөндөй болду эле ошого кетип эле калайын дедим келе электе.
—Ал акчадан эле качып жатат, болбосо көчкөнүнүзго каршы болмок эмес.
—Сайра койчу эми тынч эле жашачы, мени сөз кылдырбай элге. Айтат да Дарика сиңдисинин турмушун бузду!-деп.
—Бузулбайт буйруса.
Сайранын бетинен өөп, балдары менен коштошуп чыгып кеттим. Бир кичинекей бөлмөгө көчүп келдик. Ошол эле жерде чай ичебиз, тамак жасайбыз, уктайбыз дагы. Ач кулактан тынч кулак дешет беле. Ошого дагы ыраазымын, кубанганымды айтпа. Билинбей арадан эки ай өтүп кетиптир. Эки айдын ичинде сиңдиме бир да жолу барбаптырмын. Сайраны сагынганым менен тиги зөөкүрдөн корком. Бир жерден алдыман чыкса өлтүрүп салабы дейм. Жок өлтүрүү колунан келбейт ал коркоктун, дагы ар намысыма тийеби дейм да. Ошол акмак кичине болсо да ойлонсо болмок, мага тийишкенче көчөдөгү миң эсе сулууга тийишкен жакшы эмеспи. Же үйдө жүргөн немени колдонуп калайын дедиби, билбейм. Үйдө Салимди ойноткончо кир жууп олтурсам кызымды жетелеп алып тааныш бирөө келетат. Көзүм жакшы илбей, тааныбай койдум. Жүзү ушунчалык ысык учурады, туугандарым го деп койдум. Жакындаган сайын таанып баштадым, Сайра экен. Мени көрүп алыстан эле кол булгалап, жаныма жетүүгө шашып жатты. Мен дагы сүйүнүп кеттим. Кийин сүйүнүчүм кайра башка сезимге айланып кетти. Ахмат биздин кайда жашаарыбызды билсе балее болобу дейм да. Сайраны жакшы тамак жасап, коноктоп жибердим. Коркуп турганымдай эле эки күндөн кийин Ахматты эрчитип кайра келди. Мурункусунда Сайрага Ахматка айтпа!-деп айта албай койгом. Эмнеге деп сураса эмне деп жооп берет элем. Акыры таптымбы дегендей Ахматтын көзү жымындайт. Башымды жерге салып, уурулугум кармалгандай шалдайып туруп калдым.
—Келгиле, өткүлө төргө. Конок болуп кеткиле.
—Ооба да кайнеже өзүнчө болгондон бери үйгө чакырбайсын, адамдын жакшылыгын унутуп калмайбы э. Таарындым эле кайра Сайранын сыйы экен болбой эле келдим.
—Жок кичине оңолуп алып чакырайын эле деп жатканбыз. Шарт болбой эле..
—Биз эми өзүбүздүку элебиз го, эч нерсе болбойт түшүнөм да баарын.
— Таарынбасанар болду….
Айласыз Сайра билип калбасын!-деп жылмайуума туура келди. Ичиме бир тонна таш салып койгондой эле кыймылдагым келбей койду. Менден көңүлү калсын!-деп кечеки тамакты ысытып коюп олтура бердим. Сайра чый-пыйы чыгып кетти, же мага ачык айта албайт. Айтса жок нерсенин эмнесин коём демекмин да.
—Иий баса мен балдарга таттуу ала келгем, машинанын артынан алып келе калчы Сайра.
—Мен эле чыгып келейин, келе ачкычынды.
—Ачылышы кыйын, Сайра эле эптебесе.
—Эжеке өзүм эле чыгып келем.
Сайра шыпылдап чыгып кетти. Ахмат Сайраны атайын чыгарды, мен аны мыкты сезип турам.
—Качып барган жериң ушунчалык элеби э?
—Качкан жерим жок, эч кимге карызым жок качкыдай, кудайга шүгүр.
—Мен баарын айтып салаарымдан коркпойсуңбу?
— Айтсаң эчак айтмаксын, сенин каалаганың башка нерсе билип эле турам.
— Эсимден баягы күн эч кетпей койду, мага катуу жагып калдыңыз. Сүйүп калдым. Сайра экини эле төрөгөнү менен сизге жетпейт экен.
—Былжырабай жөн олтур, айтып койоюн муздап салам мага баарыбир.
—Муздай алсаң эчак муздамаксын, колуңдан келбейт. Дагы бир эле жолу мени менен бирге болсоң акчаңдын үстүнө кошуп берем.
— Сиңдимдин ырыскысын уурдап жебейм, өзүмдүн акчамды берсең ыраазымын. Өзүмдү акчага сатпайм.
Эшиктен Сайранын дабышы угулуп калганда шарт басылып калдык.
— Эртең шашпай сүйлөшүп алалы, макулсузбу?
Ахматты жаман карап, айласыз башымды ийкеп койдум. Кабагым эч ачылбай койду, чий менен такаса да тишимди калп көрсөтүп олтура албасам керек эле ошондо. Сиңдим күйөөсүнүн алдында ыңгайсыз болуп жатты. Кече өзү келгенде жан алым калбай сыйлап, эми Ахмат менен келгенде мынткенимди түшүнүп эле жатты. Мен аны жактырбашымды да билет. Алып келген таттуусун карасам эки нан менен эки йогурт экен. Ушуну алып кирбей эле койбоду да, баркын кетирип. Булар эмес коко тыйынсыз жесир мен дагы бирөөнүн үйүнө мындай көтөрүп баргандан уялам. Унчукпай ордунан жылдырбай койдум. Ошентип бир аз олтуруп кетишти. Эртеси таң атпай келерин сезгем. Себеби балдарым мектепке кетет да. Туруп, кийинип эшикте күтүп турдум. Ойлогондой эле таң атпай келди. Машинасынан түшүрө койбой олтуруп алдым.
—Каяка барабыз?
—Тамактанганча сүйлөшүп келели. Оюмда эл көп жерге баргым келди.
— Кызың жоош эле э я?
—Ыйлаак эмне болду?
— Соонун жерди билем, эс алып келсек кандай дейсиң?
—Эс алууга эмес сүйлөшүүгө баратам мен, бир тынчыраак жайда сүйлөшүп эле кайтам.
—Анда үйгө эле кирели.
—Жок үйгө болбойт.
Машинасын айдап шаардын чет жагындагы кафелерге бардык. Чай ичип олтуруп сүйлөшүп алдык. Ал мага акчамды бүгүн эле бермей болду, акчасы бир досунда экен ошол жака бардык. Кирип кеткен бойдон чыкпай койду, алдабасам бир саат турдум. Кетип калайын десем айылга окшогон жер экен бир да машина жок. Акыры артынан кирдим. Эки жак тыптынч, бир караан көрүнбөйт.
—Ахмат, кайдасың? Дайыныңды айтып койсоң боло, күтүп олтурганыма бир саат болду.
—Ушунча болду кир кайнеже, бирден алып жиберели. Мына акчаң… Столдун үстүнө бир тутум акча таштады. Бул үйдө дос деген эч ким көрүнбөйт, шүмшүктүн ойношторун алып келген эле жайы окшойт.
—Жок рахмат, мен ичпейм. Акчамды кайтарганына рахмат, мен барайын.
—Бир душка түшүп алайын чогу эле кетебиз.
Акчаны алган соң жөө деле басып кетмекмин кечке чейин бассам да, чыгып кетип бараттым.
Ахмат колумдан тартып, кайра баягы адатын баштады. Баламды отургузуп коюп коргонуп баштадым. Эптеп бошонгонум менен качып кете албайм, балам жерде олтурат. Баламды колума алсам кайра жулмалайт, балага тийбестир деген ойдо чыгып кетсем эшикти жаап алса болобу.
—Баламды бер, азыр милиция чакырам. Ач эшикти дейм акмак.
— Балаңдын өмүрү кымбат болсо өз каалон менен кирип, менин айтканыма көнүп бер. Баламды чымчыдыбы билбейм кыйкырып жиберди, оюма дароо жаман нерсе келип кетти.
—Маакул ач эшикти, ач дейм. Балама тийбегин акмак, бирок билип кой азыр мени өлтүрбөсоң ажалын менин колумдан болот. Сага ант берем акмак, ант берем.
Эшикти каккылап ыйлай берген экенмин, эшиктин ачылганын сезбей калыптырмын. Ахмат кайака бармаксын дегендей карап турат. Унчукпай үйгө кирдим, тегеректен башын жарып салчу нерсе издеп жаттым. Тапкычам болбой балам ыйлады эле баламды сооротуп уктаттым. Ахмат болсо чылым түтөтүп өзүнө сыймыктанып керсейип олтурду.
Уландысы бар :

Сайтын ссылкасы менен бөлүшүп коюнуздар!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE