КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ (1-бөлүм.)
-Апа,апа,караңгыда кыска көчө менен,шашып келе жаткан Жайна артын караса,уулу Эргазы көлчүктөгү айды карап,кыйкырып жатыптыр.
-Ай,түшөсүң баткакка деп,бурулуп карайын деп,ойгонуп кетти.Таң сү-
рүлүп,эшикте бороон ажаан аялдай
булкунуп,ызылдайт.-Байкуш балам,жылаңбаш,жыңайлак,күздүн күнү болсо,эрте барып акча салайын деп,өзүн-өзү жооткотуп,уктай албай жатты.Демейде,жаздыкка башың тийип тийе электе аткан таң,бүгүн аялдамада акыркы автобустун ка-
раанын зар боло күткөн жолоочудай жылбаганын айт.Эшиктин тарс жа-
былганынан чоочуп ойгонуп кетти. -Бетпак десе,сени ойготуп кетти ээ,өзү эс алганда,биз ушинтип эшик жапсак,абийирибизди кетирмек,өзүн»хозяйка»сезип,ушунуку жаман өттү деген Назира:-Сен бүгүн эс аласың да,үйгө акча салмак элем,мен кеч чыгып,жетиш-
пей калат экенмин,салып коё аласыңбы,кызым таң атканча,түшү
мө кирип чыкты деди үнү каргылда
на.Ушуну эле уга албай тургансы-
ган Жайна,озондоп коё берсе боло-
бу:-Назира эже,балам түшүмө кирип чыкты,жылаңайлак туруптур,
ал өксүп басыла албай,сүйлөп,жу-
мушка шашып жаткан Назира акча
менен кимге сала турганын жазган
кагазды берди да,:-Биздин айылда
да,той болот,шашпа,мен кечигип жатам деген тейде,эшикти аяр ачып-жаап чыгып кетти.
Эч ким кой-ай дебей бир топко
чейин ыйлаган Жайна,туруп жуунуп
келип,муздаткычтагы текчесин ка-
рады,жылан сыйпагандай,желим бөтөлкөнүн кесилген түбүндөгү бир
илим сары майды колуна алып,
жыттап турду бир саамга,Кыргызс-
тандан апасы бир жыл мурун салып жиберген май.Ал өзүн өзү сооротуп,кийинип банкка жөнөдү.
Апасына,уулун баккан жеңесине,студент сиңдисине,айтор
болгон акчасын салып,бирөө жону-
нан оор жүк алгандай,сүйүнүп,жа-
ңы гана чечине баштаган карт эмен
дин түбүндөгү жалбырактарды шуудурата кечип,эскилиги жеткен
жыгач орундукка олтуруп,салган ак
чанын купуя санын телефондон кетирип жатты.Жеңилдей түштү да,
жол жээгиндеги азык-түлүк дүкөнү-
нө кирип,айран,каймак,нан,тооктун
этинен алды да,ичтейи ачылып,бат
баттан батирди көздөй жөнөдү.
Жаңы гана эшикке ачкыч салаар
да,телефону зырылдап,караса же-
ңеси экен:-Алоо,Жайнаш кандай,
акча салдыңбы,канча салдың,курс
да түшүп кетти деп жатышат деп,
ээги ээгине тийбей сүйлөп жатты.
Эргазы жакшы,сени унутуп деле калды,иштей бер,көрсөтпөй эле
коёюн,ыйлап беймаза кылат,анан
сүрөтүн салып жиберем деп,оюнда
гыдай акча салганына сүйүнгөн Бе-
гим кудуңдап,өчүргөнчө шашты.Ба-
ламды көрсөтүңүз дегенге жарай
албады,»ыйлайт» деп,көргөзбөй кой
чу,кайран Бегим.Жайна дагы бир топко чейин бир нерседен кутулган-
дай,аппетити да жоголуп,олтуруп
калды.
Институттун үчүнчү курсун бүтүп,
айылга бараары менен классташ
баласы Нурбек ала качып кетип,
олтуруп калган,атасы эрте каза бо-
луп,апасы Сөөлөт төрт баласы менен отузга чыга электе жесир ка-
лып,төртөөнү эч нерседен кем кыл-
бай,мектептин полун жууп жүрүп чо
ңойткон.Агасы окууга тапшырбас-
тан,райондогу кесипчилик окуу жа-
йынан трактористтик кесипке ээ болуп,Эшимкулдун бир эрден чык-
кан кызын боозутуп,үйлөнүп алган.
Бегим тилинен чаң чыккан,төркүн-
гө барса төрлөгөн кыз болгондук-
тан,анын үстүнө кызынын жубан
тийгенинен «ызаат»кылган Эшим-
кул,күйөө баласына өзү аяк сунуп
жүрүп,кол бала кылып,Бегимге биротоло баш көтөргүс кылып кой-
гон.Андан кийинкиси эле Жайна,ал
ган эри классташы,атасынын ашы-
на тойгон,кадырга эмес,кардына
кейиген чоң муштум чыгып,эки күн-
дүн биринде көкала койдой тепки-
леп,кызганып,окуусун да бүтүртпөй,
кайын энесин аяп жашап жүрүп,ал
акка моюн сунган соң,алты айлык
уулун бооруна кысып,убаданын улуусун берген Нурбектин жүзүнө
тик карабай,келе берген.Айылда жумуш жок,шаарга иштейин десе,айлык акы аз,уулу кичинекей,
баласы экиге чыга электе,кайра ку-
руунун залалы баарына тийип,мин-
тип,Россиядан бакыт издеп келип
олтурат.Союз таркай электе ушул
Москванын кичинекей районунда,
айыл-чарба техникумун окуп,бир
колхоздун башкы ветеринары бо-
луп иштеп калган бөлөсү Асанжан
орус кызына үйлөнүп жашап кал-
гандыктан,ошонун чакыруусу ме-
нен келип калган.
-Аз айлыкка иштегиң келбесе,
чоң шаарга барып изде бакытты
деген бөлөсү,акча-тыйындан жар-
дам кылып,ушул Назирага табыш-
таган.Назира табиятынан боорукер
ак көңүл,ак көңүлдүгүнүн азабынан
койнундагы эрин,курбу кызына тарттырып жиберип,оорулуу кызына операция жасатуу үчүн,ал-
ган батирин сатып,кызы сакайган
соң,карегиңдей кара,кант чайың-
дан кем кылбайм деп,бир тууган
эжесине таштап,үй алганга тыты-
нып,иштеп жүрөт.Кыскасы,чет жер
ге турмушун оңдоп бир нерсеге же-
тишем деп,максат менен келгендер
дин баарынын эс-дарты акча табуу.
Иш тандамай жок,аш тандамай жок,кара жанын карч уруп,эртеңки
жашоосун түздөйм дегендер.»Кой
аксагы менен миң» демекчи,эркеги
болобу,аялы болобу,шүмшүктөрү да
жок эмес.Бирок,дээрлик көпчүлүгү
жашоо үчүн күрөшкөндөр.
Назира Жайнанын кебетесин кө-
рүп эле,документин жасатып,меди-
циналык кароодон өткөзгөнгө жар-
дам берип,патент алып берип,»өх»
деше электе,орус тилинен экзамен
тапшырасыңар деп,дагы беш миң
рубль төлөшүп,баш аяктарын жый
ыша электе,батир кымбаттап,кырк
миң төлөгөн батирде алты адам жа
шап,коммуналдык кызмат,свет,те-
лефон,алтымыш миңге чыгып,ар
бири он миң төлөгөнүнө курсант бо
лушуп,жашап жатышты.Коңшулар
арызданышпасын деп,көлөкөсүнөн
да коркуп,эрте кетип,кеч келип,күн-
дүн өткөнүнө кубанып,ичине эмне-
лерди катып,күн кечиргендиктери
бир гана өздөрүнө белгилүү.
Алар үмүттүн отун көкүрөгүнө
күйгүзүп,табына жылынып,өздөрү
маңдай тери менен тапкан маяна-
сы менен далайды кубантып,чене-
беген кубаныч тартуулап,көп көй-
гөйдү чечкен,жашоого умтулуудан
тажабаган,чечкиндүү адамдар.Бу-
лар жашаган батирге,Назима аттуу
кыз кожейкелик кылат,батир акы-
сын чогултат,светтин акчасын төгөт,бөлмөнүн тазалыгын карайт,
сен дааратканага кирип чыксаң,
артыңан кирет да,сөзсүз бир нер-
сени айтып каңкылдайт,ай сайын
миң рубльдан чогултуп,даарат кагазын,ванна,туалет жууган по-
рошоктордун арзанын издеп таап
келип,ошондон да үзүп-жулкуп
алат.Ага эч ким теңелбейт.
Назима жаш болгону менен
турмуш агымында,бул да агындыдай
жээкке чыгып,ысык-суукту жон те-
риси менен сезип,турмуш шапалагы тийбеген жери калбагандыктан,мүнөзүндөгү татынакай аялдык сапат эбак жоголгон,ошондонбу,мүнөзү абдан
катаал,киши менен ачылып сүйлөшпөйт,зирпилдеп гана,көчүгүнө шиш каккандай,кагынып жүрөт.Төртүнчүсү Алмамбет,жыйырма төрттө,кичи пейил,кой маарек жигит, үй алып,үйлөнсөм деген тилегин артынып,курулушта иштейт.Бешинчиси Сейдекүл,институтта сырттан окуйт,атасы оорулуу,энеси ооруканада,ашпозчу.Беш бир тууган-
дын улуусу,бир туугандарына жардам
кылып,окуумдун контрагын өзүм төлөп,атамдын дары-дармегин үзгүлтүккө учуратпай алып берсем
деген ой менен,эртеден кечке бир кореецтин товарын сатып базарда.
Алтынчысы Алтынбек,үй-бүлөсү Кыргызстанда,эки баласы менен аялы батирде,жер алгандай акча топтосом эле кетем,үйдү өзүм салып алам деп,түнкүсүн вокзал шыпырып,күндүзү бир курулуш фирмасында ширетүүчү
болуп иштейт.Өтө тамашакөй,ал үйдө
болгондо,баарынын кабагы жарык,тамашалап,жанды койбойт.Эч
кимде жаман адат жок,бир гана кожейке Назима,балкондогу буту
сынык креслодо тамекини буркурата
чегип,койгону болбосо,тартип мыкты.
Бардыгы чогуу тамактанбайт,кезектешип тамактанышат,болбосо,ар кимиси өз тамагын жеп,бири чай ичип,бири тамак ичсе деле эрөөн-төрөөнү жок.Майрам
күндөрү гана чогуу дасторкон жайышат,болбосо ар кимиси өзү менен өзү алек.Кудайдын мунусуна да топук
кылышып,күн кечиришет,туулган күндөрдө,бири-бирине каалаган тилектери коёндой окшош,ден соолук,акча,ата журтка аман кайтсак деп тилек кылышат.Эч ким эч кимдикине тийбейт,ачкадан өлүп баратса да,бирөөнүкүнө кол салмай жок.Айтор жазылбаган мигранттын мыйзамына балээдей баш ийип жа-
шай бересиң.Жумушта бир эле нерсе,алдаба,уурдаба,ичпе,так бол.Калганы «орус менен дос болсоң,айбалтаңды жазданып жата
бер» деген кеп.
Жайна үйдүн баарын тазалап,кир жууп,акча салганына курсант,буюрса бир эле бөлмө тамга акча чогултсам,артымды карабай кетет элем деп,тилек кылып жүрөт.
Жайнанын кечке жаны тынган жок,батирди желдетип,баарын шыпырып,жууп,ванна,туалетти кы-
рып жышып,гүлдөргө суу куюп,ки-
рин жууп,май токоч жасап,куран
окуп,өзүнө менчик тилекти миң
ирет кайталап,баласын көргүсү кел
гендигине чыдабай ыйлап да,алды.
Бутун тарта албай,Сейдекүл кел-
ди эле,май токоч менен чай ичи-
шип,олтурушса,эшиктин коңгуроосу
чыркырап калды.Батирдин нагыз
кожейкеси Валентина,босогону ат-
таар менен,үйдөгү тазалыкка сукта
нып,батир акысын көтөрөйүн деп
келгем,бирок,силер өз үйүңөрдөй
таза кармап жашап жатыпсыңар,
мурунку боюнча эле калсын деп,
Жайнанын май токочунан бирди
алып жеп,ыраазычылыгын билдир-
ди.-Эгер көтөрө турган болсоңуз,эр-
те эскертиңиз деди,Жайна.Балким,
арзаныраак батир таап,чыгып кетебиз,тапканыбыз батир менен
тамак ашыбыздан чыкпай жатат
деген кыздарга:-Жок,жок,жашай бергиле,ошол отуз миң боюнча эле
калсын деген Валентинага,ырах-
мат айткан эки кыз,аны узатканча,
Назима да,келип калды.Ал кожей-
кени көрүп,уурусун карматкандай,
дендароо боло түштү.Жайна,адилеттүүлүгүңүз үчүн ырахмат деп,батир акысын
кайсыл күнү алсаңыз,ошол күнү
даяр кылып коём деп,ишенимдүү
тарс-тарс сүйлөп,узатып жиберди
да,капканга түшкөн түлкүдөй болуп
көзүн жалдыраткан Назиманын маңдайына барды да:-Уятсыз,биз-
ден ашык алган акчаларды төлөп
берип,батирден чыгып кеткин,орус
аяган,сен кыргыз болуп туруп,жон
терибизди сыйрып жүргөн турбай-
сыңбы деп,Назиманын канча акча
жегенин эсептеп,колуна карматып,
койду.»Уят өлүмдөн катуу» экенди-
гин сезген Назима,баарынан кечи-
рим сурап,акчаларын кайтарып бер
мек болду.
Ал түнү бир Назимадан башкасы
эркин уктаганын айтпа,өзүбүз өзү-
бүздү кордоп деп кейишип,аны де-
ле кечиришип,унутуп коюшту.
Жайна ошол күндөн тарта,кожей
келик кылып,үйдөгү кара туманды
кайдадыр бир жакка айдап жибер-
генсип,таш баскан оор нерсени кол
менен алып салгандай болду.
Энеден эгиз туугандай ээрчиш-
кен күндөр сабалап өтүп,үй-жумуш,
жумуш-үй болуп,акча алган күн сал-
танат болуп,жашоо күрөшү токтобой өтүп жатты.
(Уландысы бар.)












