КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ (3-бөлүм.)

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ Кызыктуу окуялар.

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ  (3-бөлүм.)

Жайна эртең менен эшикке чыгаары менен,ит жетелеген полициялар көчөдө толтура жүргөнүн көрүп,кайра кирди да:-Документтериңерди унутпай алгыла,эшикте ФМС менен полициялар толтура жүрөт,эшик да суук,телефондорду заряддап,өчүрбөгүлө,ким кандай абалга кептелсе да,кабарлашып туралы деп,эскертип чыгып кетти.Метрого чыкпастан,таксиге түшүп,жумушка барып,жалпы мигранттардын үрөйүн учурган кабарды укту.38 жаштагы өзбек мигрант аял,өзү баккан төрт жарым жашар өзү баккан майып кыздын башын кесип,көчөдө көтөрүп жүргөндүгүн,батирди өрттөгөндүгүн полиция араң кармагандыгын айтышып,мигранттарды «сөгүп» жатышты.»Кулда кулак жок»болуп,болгондо да,ошол Жайналар жашаган аймакта,метро Октябрьскиге жакын жерде болгондугун айтышып,баарын депортация кылыш керек,баары кутурушту,биздин акча буларды кутуртуп,балдарыбызды өлтүрүп жатышат,баарын текшериш керек дешип,шыбырашып,күбүрөшүп жатышты.Жайна жанын коёрго жер таппай жатканда,залдагы илинген телевизордон кайра-кайра,Гүлчахра Бабакулова деп,көргөзүп,кантип кармалганын айтып,сайрап,ал күнү ал телевизор бул кабарды ар саат сайын берип жатты.Өздөрүнө тийешеси жок болсо да,ар бир мигрант үчүн бул кабар катуу сокку болуп,көчөдө жүрүүнүн өзү кооптуу болуп,жерги-

ликтүүлөр,орустар жөн караса да,алардын көз карашы шилиден

өтүп,көчөгө чыга албай калышты.

Карыш баскан кара көз,кара каш,

кара чачтын баарын текшерип,эп-

теп иштеп жүргөндөр,документин-

де кынтыгы бардын баары чыгып

иштей албай,мигранттын баары бейпайга түшүп,»бир кумалак,бир карын майды чиритип»,баарынын

ичкени ирим,жегендери желим.

Москва бул суук кабарды дүң дегизип,мигранттардын бардыгын

«террористтердей» эле карап,жу-

муш менен үйдүн ортосу,ар бири үчүн тозоктун жолундай болуп,ку-

дайга жалынышып,кыл көпүрөдө

басып жүргөндөй күндөр зымырап

өтүп жатты.

Бул суук окуядан кийин,Алтын-

бектин аялы»кечтим байдын кызы-

нан» деп,ай сайын акча салган күйөөсүнүн түйшүгүн көрүп,»экинчи

бизге акча салбагын,акчаңды топто,

мен кетейин» деди.

 

-Айбийке,телефонду берчи деген Бегим,Жайнага чалды.Ал иштен чыгаарына дагы бир саат калган эле,Бегимдин каккан коңгуроосун албай коюуга болбойт,баласынан санаасы тынбай,шак алды эле:-Кандай Жайнаш деген,Бегимдин «шаңдуу» үнүн угуп:-Жеңе,бош эмесмин,жумуштан чыкканда чалам деп,шак өчүрдү.Жумуш учурунда телефон менен сүйлөшүүгө да болбойт деген такилик бар,үч кармалсаң,айып салынып,айлыгыңдан кармап алышат.-Олда,каракчы ай,Путиндин секретары болуп калгансып,бошобойм,жумуштамын деп,сүйлөшкүсү келбей жатканын,шашпа.Мен сени жыпылдап гана сүйлөшкөндөй кылам деген,Бегим,Жайнага,»Эргазыны доктурга көргөзүш керек,эмгиче жакшы сүйлөбөйт,ФАПтагы жеңем жолдомо берем,Жалдагы ооруканага алып баргыла деп жатат,же келип балаңды текшерүүдөн өткөр,же акча сал»деп,СМС жазып жиберди.Бегим Эргазыны эч жакка алып барган эмес

жөн гана,акча алуунун амалы экендигин,өзүнөн башка жан билбейт эле.Смсти окуган Жайнага,Бегимдин кезектеги авантюрасы экендиги айдан ачык.

Кандай болсо да,муну ооздуктап

турайын деген Жайна,эртең акча

салам деп жазды эле,Бегимдин

көңүлү көтөрүлуп,кыңылдап ырдап,

эч качан өзүнүкүн алдырбастыгы-

на да бир ирет көзү жетип,кандай гана жооп бербейт экенсиң,эр бү-

лөдөй гана,жүгүрүп,кызмат кыла-

сың деп,ойлоп тапканына,маашыр

ланып жатты.

Эргазы баштагыдан чоңоюп,Ай-

бийкеге жакын,Назар да,Бегимге караганда,көбүрөөк көңүл бөлүп,

жанынан чыгарбаганга аракет кы-

лат,базардан атайын барып,оюнчук

сатып келип,унчукпаган Эргазыны

эшекке,атка мингизип,жанынан чы-

гарбай,атадай камкордук көрүп,

жалтактыгын калтыртып,ал үчүн

кызылдай эле,отко чокко түшүп

жатып,эл менен аралашканга үйрө-

түп,баягы Бегим тыккан «бурчтан»

араң алып чыкты.»Эл тараза,эл сын

чы» эмеспи,»байкуш Назар,бир боор

үчүн жанынан чыгарбайт да,кайда

барса,топойтуп алып жүрөт,Нурбек

тин уулун,же атадан айтпаса,же эне

ден айтпаса,багы балтадай бала

экен.Баланы Бегим бакпай эле,На-

зар багып жатат,андан калса,сүй-

күмдүүсүн айт.Жайна бир сом салып,бир сурабайт экен,чиркин дешип,айылдагылар да,мурдуларын көрүнгөн жерге тыгып,тийешеси бары да,жогу да,кеп кылышып,кичинекей Эргазынын артынан,тоодой кеп кылышат.

 

Мигранттардын жашоосун,анын ичинде күйөөсүнүн жашоосун көргөн Гүлзар,эртеден кечке үйдө камалып,кечинде он ооз сөзгө келбей,ар кимиси өз көйгөйү менен жатып туруп,суудан тынч,чөптөн жа

пыз күн кечиришип,алган маянала-

рын эсептеп-чоттоп,жеген ичкени-

не гана алып калып,эрте болобу,кеч болобу терминалды көздөй чурка-

шып,акча жөнөтүп келишип,сүйү-

нүп отуруп калгандарын көрүп,өзүн

чө корунуп,бүгүн эрте турду да,Ал-

тынбектин кийим-кечесин ирээтке

келтирип,үйдү тазалап,өзү алып келген өзгөн күрүчтөн плов басып,

май токоч жасады.

Жумуштан кайткандын баары:-

Сонун жыттанат да деп киришип,

даяр дасторконго олтурушуп,себе-

бин билгилери келип турушту.-Мени

кечирип койгула,баарыңар.Бирөө-

лөрдүн тилине кирип,барам,көрөм

деп.беймаза кылып келгеним үчүн

Алтынбек сен да кечир.Көрдүм кө-

зүм менен,мен айылга барып,оока-

тымды кылайын,сени алагды кыл-

бай.Экинчи,акча да сурабайм.Мени

салып жибер,кыздар силерге ырах-

мат.Силер менин арам оюмдун баа

рын сүрүп таштадыңар,ар бириңер

ой максатыңарга жетип,аман кайт-

кыла.Бүгүн ажыраш аяк аш жаса-

дым десе,баары зээндери кейип,

дуулдап кетишти.Бардыгы жакшы

маанайда,жакшы тилектерин айты-

шып,Алтынбекке билет алып бер-

генге,базарлыкка акчаң барбы деп

сурашса,бир туугандай мамилеле-

рин көрүп,Гүлзар ыңгайсыз боло

түштү.

Эртеси Гүлзарга,кичинекей бала

сына белектерин беришип,билет

алып келген Алтынбекти,сиз жуму-

шуңуздан калбай бара бериңиз,мен

эртең эс алам,жеңемди салып жи-

берем деген Алмамбеттин сөзүн

угуп,ыраазы болушту.Келгенинен

кеткени бат болуп,Гүлзар бир үзүм

турмушту көрүп,кайтты.

Кечке жуук шыңгыраган теле-

фондун жаны тынбай,душта жуунуп

жаткан Назира:-Алып койгулачы деп,кыйкырды.-Алоо дегенче болбой:-Ой,эмне албай жатасың,

баягылар акча сурайт деп албай

жатасыңбы?Ансыз деле кызың эки

күндөн бери мени коркутуп,сабакка

барбай жатат,бутунда жок деген аялдын ээги ээгине тийбей жатка-

нынан:-Ал душта жуунуп жатат,мен

Назира эже менен чогуу жашайм

деди Жайна.

 

Назира душтан чыгып,телефон чалып сүйлөшө баштады:-Мен бир айда,таманымды тарап жүрүп,алган акчамдан салып эле жатам го,абже.Менин кызым ай сайын бирден бут кийим жыртабы,ансыз деле айттырбай эле салып жатам го оозуңардан чыкканын,алып барып бериңиз анда апама,ал телефонун өчүрүп:-Сен жеңеңе бекер таарына-

сың Жайна,бир тууган эжем чалып

жатат,ай сайын бут кийим жыртат,

нанды аябай жейт деп айтат,ал ичи

не каткан көп нерсени айтып,буу-

лукканы басылды.Бурчта үңүрөйүп

олтурган Алмамбетте да көйгөй бардай муңайым:-Алмамбет,сага эмне болду,биз го балдарыбыз үчүн жүрөгүбүз ооруп жатат,ээ кудай ден соолук берсинчи,бул күн

дөр да өтөөр деп,үшкүргөн Назира-

ны караган Алмамбет туруп келди

да:-Мына,муну караңыздарчы деп,телефонун сунду.Жалтырак көй

нөктүн мыктысын кийген,он манжа

сында толтура шакек,бөртмө жоолу

гун желбиретип,шалкылдап бийлеп

жаткан улгайган аялды көрүп,бул ким,эмне экен деген Жайнага:-Бул

менин апам,аяш атам менен аяш апамдын баш кошконуна кырк жыл болуп,тойлоп жатышыптыр кафеде.Бул видеону ошол тойго ба-

рып,кызмат кылган официант бо-

луп иштеген классташ балам,»апаң

бийлеп жатат» деп салыптыр.Ушул

туурабы эже,апам деле жаш эмес,

тойго барам,акча сал дегенинен,жа

кында,айлыгымды чыпчыргасын коротпой,салганмын.Тээтигинтип,

акылдан аша чаппай эле,тойго барса болот го,апама антпеңиз дей

турган болсом,акча салганыңды милдет кыласың деп таарынат.Ме-

ни ушундай нерселер кыжаалат кы-

лат,олда апакем ай,эмнеге минтти

деп,кейигенин жашыра албай,ыза-

ланып жатты.

-Алмамбет,сен ага эмне ыза бо

луп жатасың,түйшүктү унутуп,апаң

бир ирет бийлесе бийлеп койгондур

Сен ага кыжаалат болбо,ал кандай

болсо да сени жарыкка алып кел-

ген энең,ал эми ошону сага салып

жиберген баланын акылсыздыгы,

ага капа болбо деген Назира менен

Жайнанын сөзүнө ынанган Алмам-

бет эс ала түштү да,видеону өчүрүп

таштады.

Алмамбеттин жулкунуп бийлеп

жаткан энеси Жайна менен Назира

нын көз алдында калып,Алмамбет-

тин ызага толгон көзүндөгү,аны бейпайга салган нерсени сезип,аяп

турушту.

 

-Төштөгү жеңем кызына сеп каптап жатыптыр,тиги шүмшүгүңдү карап тур,мен тез эле келем деген Бегим,Эргазыны Назарга табыштамыш болуп,көчө көйнөгүн кийип,буурадай санын бултуктата,жолго түштү.Анын тез келгенин Назар билет,бир кетсе,айылды түрө кыдырып,оозу буркурап,ичкен деле жокмун,айда-жылда бир жүз грамм ичсем көрө албайсыңар деп,ага ак көк дей электе эле актанып,жетип келет.

Бүгүн да,кетти.Эми,күүгүмдө оолжуп

келип калат.Жаңы турган Эргазыга карандай чайга нандан туурап ичирген Назар,муну кууратпай апама алып барып таштай турайын деп,кийинтип алып,ээрчитип жөнөдү.Апасы деле карылыкка моюн сунуп,бир жак көзү да жакшы көрүүчү эмес,колундагы келини да жайсызыраак.Назар Эргазыны ээрчитип,босого аттаганда эле,кыраакы кемпирдин жүрөгү шуу дей түштү.Баланы тиги «жүзү» жок куураткан тура деп ойлоду.Бала өтө арык,сууктап да кеткен,көчүгү неге томпоёт деп кармаса,үчкө чыгайын деп калган баланы,өз алдынча заара кылууга үйрөтпөгөндүктөн,таң атканча

койгон памперси балтайып кеткен.Бегим кайда,деди энеси:-Төштөгү жеңесиникине кетти,кечке келе турган эмес,Эргазыны карай тургула,кечинде алып кетем деди,Назар.

Назар кетээри менен,Эргазыны

чечинтип карады кемпир,илип алаар эти жок,бала кандай тамак жеп,эмне ичип жүргөнү белгисиз.

Ушунчалык да арык болобу,мунун

бир жери оорубайт болду бекен деп,бейпайга түшүп,жүрөгү канаган

кемпир,айылда балдарды эмдеп,

домдогон Карагыз байбиченикине,

Эргазыны ээрчитип жөнөдү.Кара-

гыз байбиче тыттын көлөкөсүндө

отурган экен,учурашышкан соң эле,

баланы алдына алып,колун башы-

на койду да:-Ботом бул баланы майып кылып койгонсуңар го,жүрө

гү түшүптүр,тамак да иче албай кал

ган тура,я кокуй,териси менен эле

сөөгү калган тура,мунун энеси кайда,я кокуй,чеччи тултуйган неме

ни деп,памперсин чечтирди.Бала-

нын памперсин чечкенде,каңырсы-

ган зааранын жыты уруп:-Мария бери келчи деп кыйкырды эле,тээ

алыстан эле Жайнанын энесине жүгүнүп,келини басып келди.Жы-

луу суу алып келип,ак самын менен

көтөнүн жуучу,бул баланын деди.

(Уландысы бар.)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️