КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ (8-бөлүм.)
Колундагы жарты нанын оозу толо тиштебеген эмгек мигрантынын түйшүгүн,өздөрүнөн башка киши сезбес.Айрыкча,балдарын көр тириликтин айынан таштап кеткендердин ичкени ирим,жегени желим.Көпчүлүгү тайэне-тайатасына,чон эне,чоң аталарына таштап,кай бири алып калам,акча салсаң багып турам дегендеринен таштап,тобокелге салышат.Кетээрин кетип,чийки май жегендей,ичтеринен кан өтүп,балдарын ойлоп,курган эненин эмчеги зырп этсе,көз алдына сөзсүз балдары тартылып,
кыбыр эткен нерсени жакшылыкка
жоруп,күн кечиришкенин айтсаң,
түбү чексиз туңгуюк.
Каниметтин небересин,жеңеси сабап,ооруканадан каза болуптур,байкуш Бийалма кемпир-
дин үнү кудайга жетип,жаңы эле кетишти дешип,Карбаластыкына куран окутканы кирген аялдар кеп
кылып жатышты.
Каниметтин жалгыз уулунан калган кызы Берметти коңшу айылга ала качып кетип,олтуруп жашап калган.Күйөөсү Байдылда
мыкты ширетүүчү болгондуктан,
Воронежде иштеген бир теңтушу,
ширетүүчүлөрдүн айлыгы зор,эки жылда бутуңа турасың,Бермет да
келсе,экөөң тез эле ирденесиңер
деп,теңтуштук кылып,билеттерин
алып берип,чакыртып алган.Үч
жашар баласы Сүйүндү,бир тууган
абысыны Буйта алып калып,ата-
энеси баласын бакканга ай сайын
акча,майрам сайын белекке акча
салып,Буйта алтын балык кармап
алгандай,ай сайын айлык алгандай
жашап калган.Эшикте кир чайкап
жаткан ,телефонго алаксып
ичкериге кирип кеткен,солярка куюлган темир кружканы көтөргөн
Сүйүн,чоң флягадагы сууга кружка-
ны малганын көргөн Буйта,чуркап келип,кружканы алды да,как төбө-
гө темир кружка менен бир койгон-
до эле,бала сулап жыгылып,кула-
гынан кан чыгып кетти.Буйтанын
көзүнөн от чыга,канды көргөн соң
токтоно албады,баланы ой келди
койгулап жатканда,күйөөсү Абайыл
да келип,жаакка эки чаап,эсине келтирип,баланын дем алып жатка
нын көрүп,үйгө көтөрүп кирди да,
доктур чакыртпай эле,өзүбүз карай
лы деп чечишти.Эптеп дем алган бала үчүнчү күнү такыр болбой кал
ганда,шатыдан жыгылып кетти де-
шип,»тез жардам»чакырып,оорука-
нага киришээри менен,бала токмокко кабылган деген врач,да-
роо милицияга кабарлаган.Врачтар
кеч болуп калганын айтып,кичине-
кей Сүйүн,жандандыруу бөлүмүндө
көз жумган.Буйтаны ошол эле за-
мат милициянын машинеси келип,оорукананын эшигинин алды-
нан салып кетти.
Күүгүмдө айылдын четиндеги кан жолдон түшкөн узун бойлуу,далдайган кишинин караанын таанышпай,көк дүкөндүн жанында тургандар,шаардан келе жаткан неме окшойт,биздин айылдык болсо,өзү эле базарлык алып берет,бөлөк,айылга келген конок болсо,тооруйлу дешип,караан жакындаганда,»сүйүнүп» кетишти:-Ой,биздин Өмүш турбайбы,орус катыны таштап кеткен го,муну.Орустун акчасынан калтыргандыр дешип,Өмүштү сагынгандай,утурлап басышты.-Ой,Өмүке жол болсун,базарлык барбы,жеңебиз кана дешип,биринен сала бири ал-жай сурашып,анын колундагы жапжаңы электр араасын,калдайган мүшөгүн көтөрүшүп жөнөштү.-Базарлык бар,баатырлар,мени үйгө чейин жеткирип койгула деди эле,анын жүгүн көтөрүп,Бозбаш менен Үкү безип кетти.
Шымынын сай чөнтөгүнө кол салган Өмүш,жүз сомдуктан экөөнө экини карматты эле,энелери эмеле эркек төрөгөндөй сүйүнгөн немелер,Өмүштүн өзүн көтөрүп,жеткирип коё ташташты үйүнө.Эртеси эле,Өмүштү Танясы алып кетейин Россияга десе,болбой коюптур,орус аялы бир сыйра кийинтип,бир топ акча берген экен,кайран Өмүш жалаң инструмент алып келиптир,Жумаканымдан кудай айтсын,какылдаса да,өзүмдүкү,баламда менин каным,эртели кеч таап келет деп айтты дешип,байкуш Өмүш ата журтту таштап,бир орусту ээрчип кетмек беле,Жумакан эми кысчу жерин кысып жашайт,ырас гана болду дешип,ырас
айылда жаңылык жокто,жакшы кеп болбодубу дешип,кеп кылып жатышты.Айткандай эле,Жумакан да»эшегин» өлтүрүп,Өмүке деп калыптыр,кайран орус катын,Өмүштүн багын ачып кетти дешип,тамашалаша:-Жумакан,дың десең эле,самолет даяр,Өмүштү жакшылап кара дешип,тамашага салышчу болушту.Чын-төгүнүн ким
көрүптүр,Жумакан келип,Өмүштүн бутуна жыгылып,кечирим сураптыр,дегендер да бар.Ошентип,дагы бир кыргыз үй-
бүлөсүнүн турмушу чоң сабак болуп,иштеп келем,Россияга кетем
деген эр бүлөөлөрүн,Өмүштүн Таня-
сындай болуп,артыңан бир орус катын келип калбасын деген аялда
рынын,аларды жалгыз жибергиле-
ри келбей калышты.Билинбеген менен,ар бир үй бүлөнүн болбоду дегенде бир жакыны мигрант экен-
дигин эч ким тана албады.
Сейдекүл арзан кезинде алып коёюн деп,эки ай мурун билет алып койгон.Күттүргөн күн да келип,эртең Кыргызстанга учканы турат.Кийим-кечесин салыштырып,ата-энесине,бир туугандарына алган белектерин салыштырып жатып,эң кенже сиңдисине алган,алтын сөйкөнү таппай койду.Назира менен Жайна эжекелери Кыргызстанга кеткен-
ден кийин,ал батирге дагы эки кыз
келип кирген эле,бири ажырашып кеткенин жашырчу эмес,Айнура турмушка чыга элекмин деп,келээ-
ри менен эле Алмамбеттин башын
айлантып алганына жини келген,
Жыпар:-Турмушка чыга элекмин деп коёт,мунун күйөөсүндө бир ба-
ласы калган,эми жаш баланын ба-
шын айлантып,тийип алсам деп жатат деп,Сейдекүлгө айтканы бар
Келгенде,бир дүкөндө пол жууп,иш
теп жүрчү.Алмамбет менен табыш-
каны жумушка да барбай,үйдө эле
болуп калды.-Кыздар,менин чемо-
данымдын ички чөнтөгүндө,сиңди-
ме деген алтын сөйкө жок,силер-
ден башка киши жок,жаман-жакшы
айтышпайлы,ордуна коюп койгула
деген Сейдекүл,эшикке чыгып кет-
ти.Айнура былтыйып,телефон кө-
рүп унчукпайт,Жыпар жанын коёр-
го жер таппай:-Эй,уяты жок бая кү-
нү аяш атаңдын кызына алып бар-
ган сөйкөнү,Сейдекүлдүн чемода-
нынан уурдап алдың беле,айт чыныңды деп,жакасынан кармады
кандай эле бул алтын сөйкө алып берген деп койгом да,акмак.Азыр
баарын айтам,же барып алып келе-
сиң,же сатып келесиң.Алмамбетке
да айтам,күйөөң,балаң бар экенин,
ууру экендигиңди айтып,бирөөлөр
менен батирге жашагыс кылам,деп
кыйкырды.
Айнура менен Жыпар чогуу учуп
келишип,адегенде,Айнуранын аяш
аталарыныкына келишип,батир тапкандан кийин,чыгып кетишкен.
Айнуранын,эри,баласы бар экенин
аяш апасы эки күн жашаганда эле,
Жыпарга саймедиреген.Аяш атасы,
аяш апасы Россиянын гражданда-
ры,Москвадагы Пушкин районунун
Озерный деген айылында туруктуу
жашашат.Айнура бир күнү аяш атамдыкына барып келем деп,эки
күн жок болуп кеткен.Андан кийин,
Жыпар Зайнага(аяш апасы)капыл-
тапыл метродон жолугуп,Айнурага
аябай салам айтып,абдан жакшы
кыз болгон тура,кызымдын туулган
күнүндө,алтын сөйкө алып барып салганына,мен эмес аяш атасы да,
абдан ыраазы болдук деген эле.
Ал тууралуу Айнура Жыпарга эч нерсе айткан эмес.Жыпар «аяш апаңа жолуктум,салам айтты»деп гана тим болгон.Бүгүнкү алтын сөйкөнүн чырынан улам,чыкты бул сөз.Айнура,Жыпарды кучактап,менин алганым чын,алган жокмун десем,сенин Озерныйга бараарың айдан ачык,сегиз миң сомдун сөйкөсү болчу,акчам да жок,эми эмне кылам,мени кечир,
Алмамбет укса «өлгөнүм» ошол,ме-
ни куткар деп,ыйлай берди.Эмне кылаарын билбеген Жыпар,»Сейде-
күл кеткенче,көзгө көрүнбөй жогол,
дагы бирдемелерин алсаң,ташта-
гын» деди да,карточкасын алып,кө-
чөдөгү терминалга чуркап,акча алып келди.Сейдекүл келээри менен,Жыпар болгон ишти айтып,
сегиз миң сомду колуна карматты
да кечирим сурады.Ал унчуккан жок,табылганына сүйүндү.Жыпар
да,уятынан өзү алгансып,батпай
жатты да,акырын кийинип,чыгып кетти.Алмамбет үйгө торт көтөрүп
кирип:-Сейдеш,кыздар кайда,бүгүн
сени узаталы дебедик беле деди,
кызык,Айнура да,Жыпар да өчүк.
Сейдекүл,мунун көзүн ачып коёюн
деди да:-Алмамбет,айтпай эле кет-
сем болмок,бирок,билбеген адам уу ичет деп,болгонун болгондой ай-
тып таштады эле:-Сейдеш,менден да көп учурда,акча жоголуп кетчү,
кимден көрөөрүмдү,кимге айтаа-
рымды билбей калчумун.Айнураны
чындап жакшы көргөнмүн,баласы,
күйөөсү болсо,тийе элек жатып,ал-
даса,ууру кылса,эрте кол үзгөнүм
жакшы,ушул күнгө чейинки кварт-
платамды төлөйүн да,кат жазып коёюн,ал болгон дүнүйөсүн чогулт-
ту да,»Мен сенден муну күтпөгөм,
күйөөң менен уулуңа бар,биз мигрантпыз,бири-бирибизге арам-
дык жасоонун өзү акмакчылык,
уурулук,киши өлтүргөндөн да жаман,аман бол.Экинчи,мындай иштерди жасабашыңа тилектеш-
мин,бактылуу бол,издебе.Бул акчаны чын ниетимден таштадым,
жумуш тапканыңча,керегиңе жарат,менин капчыгымдан акча
уурдагандай,эч жерден акча уурдай
албайсың.Кош,Айнура.Мен да,экинчи сенин жүзүңдү көрүп,чо-
гуу жашагым келбейт»деп,катын бү-
түрүп,Сейдекүлгө ак жол каалап,үй-
дөн чыгып кетти.
Алтынбек да,Назима да,Сейде-
күл жатып алгандан кийин келиш-
ти.Канча жылдан бери жашап,жуп
кетээрде ыңгайсыздыкка кабылган
Сейдекүл,эртең менен эрте,уктап жаткан,Алтынбек менен Назиманын чекесинен өптү да,ча-
кырган таксиге олтуруп,сапар алды.
Жыпар эртең менен келип,желбеген тортту,акчаны,кагазды карап,катты ачып окуп,жүрөгү ооруп чыкты да,кат менен акчаны,Айнуранын шифонердеги
полкасына койду да,өзү жумушка жөнөдү.»Сейдекүл бүгүн учмак,Алмамбет бүгүн эс алат» деген
Айнура,жөө тумандай жылып келип,үйгө кирди.Алтынбек уктап
жатат,Назима ишке кетип,Жыпар эбак кетиптир.Алмамбет үйгө келбесе керек,деп ойлоду.Ашканага кирсе,торттун үстүндө акча турат,балким мени бир нерсени төлөп кел деп койгонбу деп,Жыпарга телефон чалды эле,ал бош эмес экенин айтып,сага деген аманат,шифонерде турат,деп,телефонун өчүрүп салды.Катты,катка оролгон акчаны алган Айнуранын бүткөн бою титиреп,араң окуп чыкты да,отуруп
алып,аябай уңулдап ыйлап жатты да,чоң кара чемоданын шифонер-
дин үстүнөн алып түшүп,өз кийимдерин бүктөбөй,ирээтсиз сала баштады.Тез кеткиси келди анын үйдөн,анын чыгып кеткенин эч ким билбеди,болгону «Мени кечирип кой,кечире алсаң» деп гана жазып калтырып,Алмамбет калтырган акчаны да албаптыр.Телефонду колуна алды да,Айнурага чалды.Ал албады,Жы-
пар,»Караңгыда темселеп,кайда ба-
расың,Алтынбек менен Назима эч нерсе билген жок,келгин да,барды-
гын жаңы барактан баштагын,жу-
муштан качпа,келгин үйгө» деп,смс
жазып жиберди.Айнура көрүнгөнгө
телефон чалып,эч кимден кучак жая келегой деген сөз укпады,аяш
атамдыкына барайын деп,кичи вокзалга жөнөйүн деп жатып,Жы-
пардын алакандай смсин окуп,бир эсе сүйүнүп,бир эсе,Жыпардай асыл адамдар анын булганган жан
дүйнөсүн тазартып,анын сай-сайла
ган көңүл талаасына не бир жакшылыктын үрөнүн сээп,адаш-
кан жолунан кайрып,жол көрсөт-
көндөй болуп,ушул адамдардын чыпалагына да тең келбесмин деп,өзү жасаган,жаңылган ар бир
ишин көз алдынан өткөрүп,бурку-
рап ыйлады.Дагы канча отурат эле
ким билет,»сизге жардам керекпи»
деген,интеллегент улгайган орус
адамына»жок,жок»деген боюнча,ор
дунан турду да,чемоданын сүйрөп,
метрого жөнөдү.
Эшикти ачып киргенде эле,Жы-
пар жылуу сөз менен,эч нерсе болбогондой,кабыл алып,эрте укта,мен сага эртең жумуш таап берем дегени,Айнуранын бүт тулкусуна кумурскалар байырла-
гандай,абалда унчукпай жатып калды.
(Уландысы бар.)












