Уйгу-туйгу сезимдер 5-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=69630&preview=true Кызыктуу окуялар.

5- БӨЛҮМ..

 

 

Кыздын жанына даап бара алышкан жок. Өкүрүп-бакырып оонап жаткан кара жигитти эки-үчөө сүйрөп жуунуучу бөлмөгө алып кирип кетишти./

– Кармагыла!- жигиттердин арасынан бирөө өктөм сүйлөдү. Кыз алсыз болчу. 5-6 олбурлуу жигитке баары бир алы жетмек эмес. Арууке алсыз экенине, кыз болуп төрөлгөнүнө өкүнүп кетти. Адамдык сапаттан айрылган акмактардын тобу назик кызды зордуктап, кордой башташты. «Апа-а!» кыз кыйкыргандан башка арга таба албады. Бир убакта эсин жоготуп койду.

– Эй, бул эсин жоготуп койду окшойт.

– Өлбөйт. Эч нерсе болбойт!

– Эй! Мунуӊар өлүп калды,- кыздын эки колун бекем кармап турганы чебелектеди. Ушул убакта бир көзүн таӊып алган тиги кара жигит бөлмөгө баш бакты. Жинденип алган.

– Эмне эле болуп жатасыӊар?!

– Бул эсин жоготуп койду окшойт.

– Арамзаланып жатат. Энеӊди!- жигит болгон күчү менен эсине келе албай жаткан Аруукени эки-үч ирет башка тээп жиберди. Бирок ал чынында эле эсин жоготуп койгон эле. Кара жигиттин соккусун сезген жок. Тиги ачуусун токтото албай, Аруукени чачынан өйдө көтөрүп дубал сүздүрө баштады.

– Калыс, өлтүрүп аласыӊ, токтот!- балдардын ичинен бирөө аны токтотконго аракет кылды.

– Турчу, энеӊ!- арачаламакчы болгон жигитти түртүп жиберип, ары жакта турган отургучту алды да, аны менен кызды башка чапкылап жатты.

– Болду! Өлтүрүп салдыӊ!- жигиттердин эки-үчөө ачуусуна муунуп, өзүн токтото албай жаткан Калысты басып жыгылышты.

– Дем албай калыптыр. Жүрөгүнүн соккону да угулбайт,- бирөө Аруукенин демин тыӊшап жатты.

– Эми эмне кылабыз?- көзү алайып коркуп алган бирөөсү ыйлап жиберейин деди.

– Энеӊди! Эмне эле жаныӊар чыгып жатат?!- Калыс кыйкырды. – Өлсө талаага алып барып көмүп салабыз. Бул сойку мени сокур кылды. Баары бир өлтүрмөкмүн.

– Өлүптүр! Моюну да сыныптыр!

Жана эле «баатыр» болуп алсыз кызды кордоп жатканына маашырланып жаткандардын өӊдөрү бозоруп, алактап калышты.

– Тиги килемге ороп туруп машинага жүктөгүлө!- кара жигит буйрук берди. Килемге оролгон Аруукенин денесин шаардын сыртына алып чыгып өрттөмөк болушту. Бирок арасынан бирөө шаардан чыкканча МАИ тосуп калышы мүмкүн экенин эскертти. Анда булардын абийири ачылмак. Бирөөсү акыл айтты: «Таштанды таштаган челекке таӊ эрте таштайлы. Эртеӊ менен унаа өзү эле челектин ичиндеги таштандынын баарын жүктөп дароо майдалап салат го. Билинбей калат». Дагы бири үн катты: «Болбосо өз ажалы менен өлгөндөй кылып коёлу. Канын тазалап туруп таштап койсок, суукка тоӊуп өлгөн селсаяк деп ойлоп калышат».

 

***

 

Арууке сейилдеп кеткен боюнча кайтпай калганына санаа тарткан Айгерим адегенде өздөрү жашаган аймактан курбулары менен кызды издеп көрдү. «Адашып кетсе керек» деген ой болгон. Бирок 2 күн бою Арууке жок болуп жатканынан милицияга кайрылды. «Аман болсо экен. Бир нерсе болсо, баарына мен күнөөлүү болом. Мен чакыргам. Кудай, аман кыла көр». Айгерим эртели-кеч тиленип жатты. Арыз жазганына эки күн өткөндөн кийин ага чалып калышты. Милициядан экен. Орой үн сүйлөп жатты:

– Сиз Арууке Кадырбекова жоголду деп арыз жазгансыз. Аны тааный аласызбы?

– Ооба, мен милицияга анын сүрөтүн бердим эле го.

– Сиз таанып беришиӊиз керек болуп жатат. Өлүкканага келиӊизчи.

– Өлүкканага?!- Айгеримдин жаактары титиреп өзүнө ээ боло албай калды. Көзүнөн жаш кетип, буркурап ыйлай баштады.

– Сизде Кадырбекованын кандайдыр бир документтери болсо ала келиӊиз. Та-ак, ыйлабай, даректи жазып алыӊыз,- телефондун аркы учундагы орой үн өлүккананын дарегин кайталап жатты. Бөлмөдө Айгеримдин жанында отурган кыздар ыйлап жиберишти. Алар баарын түшүнүшкөн эле.

 

***

 

Жанар Наргиза менен күнүгө жолукчу болду. Бетке айткан мүнөзү бар ашыкча чынчыл Наргиза Аруукени таптакыр унуткартып, анын ордун баса албайт, бирок ал андан калган жараатты айыктыра алчудай. Жигит ушинтип ойлоп, Наргизаны сүйүп калууга аракет кылып жатты. Ооба, ал: «Мен Наргизаны сүйүп калышым керек» деп максат койгон. Бул, албетте, жигиттин өзүмчүлдүгү эле. Ал Аруукени унутуу үчүн Наргизанын сезимдери менен ойноп жаткан. Бирок башка арга жок болчу.

– Сен сүйүүгө ишенесиӊби?- Наргиза Бишкектин чок ортосундагы кафелердин биринде тамактанып отуруп Жанарга суроо берди.

– Хе… Эмне болду анча?

– Негизи айтсаӊ?

– Негизи айтканда сен жаш баланыкындай суроо берип жатасыӊ. Ойгон, чоӊ кыз! Сен жыйырмадасыӊ!

– Демек, ишенбейсиӊ?

– Жок!

– Менимче, сен сүйүүдөн азап тартып калган окшойсуӊ. Экөөбүз шаардан биринчи жолукканда эле ушинтип ойлоп койгом. Антип суроолуу карабай эле кой. Мен көрүп турам. Кыязы, сенин сүйүүӊдү баалабай коюшкан окшойт. Балким, сүйүктүүӊ таштап кеткен. Сени башкага алмаштырып сезимдериӊди тебелеп салган.

– Эмнеге бул сөздү козгоп жатасыӊ, Наргиз?

– Себеби мен сени тээ окуучу кезимден бери жакшы көрөм. А сен мага мектептен кичине кыз дегендей мамиле кылчусуӊ. Азыр болсо өзүӊдү кыйнап мени менен жолугуп

жатасыӊ.

– Андай эмес.

– Калп айтпачы! Алдабачы! Андан көрө болгонун болгондой айтып кой, мен таарынбайм. Сенин көздөрүӊдөн баары көрүнүп жатпайбы.

Жанар жылмайып койду. «Акылдуу экенсиӊ» деди ичинен.

– Наргиз, мага таарынбайсыӊ. Өзүӊ айттыӊ. Ооба, чын эле бир адамдан көӊүлүм калган.  Ушунчалык көӊүлүм калган экен, ооруп калдым. Айыга албай жаткам. Анан сага жолуктум. Ишенсеӊ, сен мени жашоого кайтарып жатасыӊ. Ошол…

– Демек, катуу сүйгөн экенсиӊ. Өткөндө бир тасмадан «ар биринин жетпей калган сүйгөнү бар» деген сөздү уккам. Андыктан ыйлай бериштин кажети жок. Сен антип азап тарткан жалгыз киши эмессиӊ. Жигит болуш керек,- Наргиза тамашалап Жанарды далысынан таптап койду. Жигит ыӊгайсыз болуп кетти.

– Демек, сенин да жетпей калганыӊ бар экен да?

– Жок, мен жетсемби деп жатам,- Наргиза көзүн кысып жылмайып койду.

– Мен сенин жыйырмада экениӊе ишенбейм. Өтө эле акылдуу экенсиӊ.

– Анткени жыйырма бирдемин,- Наргиза каткырып күлүп койду. «Аруукеге окшош жактары бар экен» капысынан Жанарга ушул ой келип, бул үчүн уялып кетти. «Аруукеге салыштыра бергенди токтотуу керек» деди ичинен.

 

***

 

Айгерим кылар айласын таппай калды. Аны сөөктү тааныганга алып киришкен. Дароо эле тааныды. Курбусунун кырдач мурдуна, сулуу жүзүнө дайыма суктанып жүрөр эле. Арууке муздак бөлмөдө адаттагысындай супсулуу болуп көздөрүн жумуп жаткан экен.

– Курбуӊуз баӊгизатын ашыкча колдонуудан каза тапкан болушу мүмкүн же алы келбей көчөдө жыгылган, ошол бойдон тоӊуп калган,- орус улутундагы милиция кызматкери сүйлөп жатты.

– Кандайча? Ал баӊгизат колдончу эмес.

– Ким билет? Балким, колдончу. Кээде сизден оолактап дааратканага же дагы башка жакка чыгып көпкө жок болуп кетчү беле?

– Ооба.

– Демек, колдонуп жүрчү.

– Аруукени билем да, ал жакшы кыз болчу. Андайга бармак эмес. Балким, бирөө өлтүрүп койду.

– Ким өлтүрүшү мүмкүн? Душмандары бар беле?

– Жок.

– Чоӊ кыз, биз аныктап чыктык. Ал баӊгизатын ашыкча колдонуп, көчөдөн эс-учун жоготкон да, тоӊуп өлүп калган.

– Бирок эшикте апрель бүтүп калды го.

– Бул Москванын апрели, Бишкектики эмес. Кыскасы, кылмыш ишин ачууга негиз жок.

 

***

 

Калия менен Кадыр ашканада отурушкан. Дем алыш күн эле. Бош убакыт табылып, ар кайсыны сүйлөшүп жатышкан. Капысынан коӊшулары, Кадырдын иниси аялы менен топурап кирип келишти. Калиянын жүрөгү оозуна кептеле түштү.

– Деги эмне болуп кетти? Атамбы?- Кадыр инисинин үрпөйгөн түрүн көрүп картайып калган атасын эстеп кетти.

– Жок, байке, Аруукеден айрылып калдык.

Саамга Кадыр да, Калия да дендароо болуп туруп калышты. «Жок, жок! Арууке эмес. Арууке эмес». Калия акырындан добуш чыгарды. Бара-бара анын сүйлөнгөнү ачуу кыйкырыкка айланып, жер тытмалап ыйлай баштады. Кадыр да кыйкырып жиберди. Мындайда көкүрөктөн ач айкырыктан, ыйдан бөлөк эч нерсе чыкпай калат экен.

«Жок. Кызым, кызым… Аруутайым! Арушум! Жок! Жок! Аруутай…» Кызынын ысымын кайталап, ыйдан алсырап калган Калияны бир топ адам жөлөп-таяп тургузуп жатышты. «Байкуш кызым! Байкуш кызым! Аруукем! Аа-а…» Кадыр өксүп ыйлады, бирок ыйы, кыйкырыгы анын кайгысынын тырмактай бөлүгүн да көкүрөгүнөн чыгара алган жок. Ый кайгыны толук чыгара албайт экен. Ый аргасыз иш экен. Заматта бир кезде күлкү жаӊырып туруучу, Арууке аттуу баарын тамашалай берген боорукер кыздын үйү арманга толуп калды…

Сөөк Бишкекке алынып келинди. Көп кабаттуу үйлөрдүн жанына тургузулган боз үйдүн айланасына Аруукеге жакын кишилер өкүрүк салып кошок айтып турушту. Көпчүлүктүн арасында ызага муунуп турган Малика «Жанар келди бекен?» деп ойлоду. Анын сүрөтүн бир-эки жолу Аруукенин телефонунан көргөн. Тааныш жүздү издеп таба албай койду. Демек, келбептир. Билбей калдыбы? Малика «сөзсүз ага кабарлаш керек» деп ойлоду.

 

***

 

Жанар окуу жайда болчу. Группалаштарынын бири аны сыртта бейтааныш кыз издеп келгенин айтты. «Арууке болуп жүрбөсүн?» дароо ушундай ойлоп жиберип, бул ойго чын ниети менен ишенгиси келди. Ансыз да көргүсү келип, сагынып жүргөн. Бирок Арууке эмес экен. Көздөрү шишик тарткан орто бойлуу кыз Жанарды көрөрү менен:

– Сиз Жанарсызбы?- деген суроо узатты.

– Ооба.

– Мен Маликамын. Аруукенин курбусу болом. «Ал келген экен. Кечирим сураш үчүн курбусун жөнөткөн тура. Арууке, сени кечирем. Кайда бармак элем?» Жанардын башына

толгон-токой ойлор келе калды.

– Угуп жатам,- деди сыр алдырбай. Көкүрөгүн белгисиз кубаныч кытыгылап жиберди.

– Мен кабарлап коёюн дедим…- кыз мукактанды.

– Түшүнбөдүм.

– Арууке каза болуп калды. Анын сөөгүн жаӊы эле алып келишти,- Малика ыйлап жиберди. Азыр эле Аруукесин көрөрүнө, анын кечирим сурап кайтып келгенине ишене баштаган Жанар нес болду. Эч нерсе сураган жок. Башына да эч ой келбеди. Аз-аздап кадам шилтеп барды да, анан чуркап жөнөдү. Малика ыйлап кала берди. Окуу жайдан чыгып, Аруукенин үйүн көздөй чуркап баратты. Кантип жеткенин билбейт. Короодо боз үй тигилип туруптур. Аруукенин сулуу сүрөтү анда илинип турат. «Жок! Аруш!» көкүрөгүнөн кыйкырык чыгып, бирок алы кетип буттары шилтенбей калды. Тизеси бүгүлүп жерге урунду. «Аа-а!» ачуу кыйкырык баарынын көӊүлүн бурду. Көп кабаттуу үйдүн короосунун кире беришинде ак көйнөкчөн жигит тизелеп отуруп алып башын муштагылап бакырып жатты. «Ким болду экен?» деген шыбыраган үндөр угулду. Жигит өксүп ыйлай берди. Эки адам аны жөлөп-таяп тургузушту. Баары өкүрүп келип Кадырдын моюнунан кучактап, аялдар Калиянын ызасын теӊ бөлүшмөккө ага кайрат айтып жатышкан. А бул жигит эч кимге көӊүл бурган жок. Кыязы, анын күйүтү башкалардыкынан алда канча күчтүү, алда канча армандуу окшойт. «Эми мен кантем? Эми мен кантем?» Аруукесине миӊ таарынып, миӊ көӊүлү калгандай болгону менен кыздын тирүү жүргөнүнө жүрөгү канааттанып, аны күтүп жүргөн экен. Ал муну бүгүн билди. Боз үйдүн жанына келип «Арушум! Аруутайым! Берекем» деп ызага муунган Жанар эч кимди көзгө илбей эле кирип барды. Эч ким кармаган жок. Көбү «тууганы же байкеси» деп ойлошту. Ичкериде отурган Калия Жанарды дароо тааныды. Көзүнөн он талаа жаш кеткен жигит жүзү жабылып турган кыздын жансыз денесине жакындап, чыркырап ыйлап жатты. Кимдир бирөөлөр колунан тартып, сыртка сүйрөштү. «Байкебай, бир көрүп алайын! Бир көрүп алайын, байкебай!» Жанар ый аралаш жалдырап жиберди. Көзүнүн нуру өчүп, акыл-эстен азып калгандай. Калия Жанарды бошотуп алды. Жөн койгула дегендей ишарат кылды. Кийин үч бүктөлүп жер сабап ыйлап жаткан жигитти бооруна кысып, өзү да көпкө ыйлады. «Шордуу кызым, ай! Шордууларым, ай!» күйүтүн ката албай жаткан Калия акыры өзүн колго алды. «Өйдө бол! Келегой, өйдө бол, балам!» Жанар башын көтөрдү. «Көрүп ал, балам. Көрүп ал» эне шуу үшкүрдү. Колдорун калтырак баскан Жанар саамга көз жашын токтотуп, чечкиндүү түрдө сөөктүн жанына барды. Ага Аруукесин көрсөтпөй коюшабы деген ойдон ушунчалык коркуп жаткан. Жабууну ачты. «Арууке… Арушум! Берекем!» өзүнө ээ боло албай калды. Акыр-аягына чейин ишенгиси келген эмес, азыр да ишенбей турду. Бирок бул түш эмес болчу. Кыздын жүзүнөн, эрдинен сүйдү. Көз жашы токточудай эмес. Кимдир бирөөлөр сыртка алып чыгып кетишти.

 

***

 

Сөөктү жерге бере турган күн келди. Калия арманын, азабын көкүрөгүнө сыйдыра албай ызага муунуп, өксүп ыйлап кала берди. Жанар кетпей жүрөт. Эч нерсе ичпей-жебей эле боз үйдү айланып, эшикте түнөп калган. Көпчүлүк менен кошулуп мүрзөгө барды. Үнүн чыгарбай кемшеӊдеп ыйлап жатты. Боз топурактуу кичине дөбө пайда болду. Арууке кайткыс сапарына кетти.

Мүрзөдөн келе жатканда Жанардын жанындагы эки адам сүйлөшө кетишти.

– Эмнеден каза болуптур дешти?

– Ооручу экен. Атасы «мээсинде шишик бар болчу» деп айтыптыр.

– Анан эмне ал байкуш оорулуу кызды Москвага кетирип жиберишкен?

– Өзү кетип калыптыр. Эч кимге айтпай-дебей, «дарыланып жатам» деп айтышкан дейт. Бирок «баары бир каза болот» деп врачтар айтышкан экен.

– Айыккыс дарт го, ээ?

Жанар эми баарын түшүндү. Кыз оорусун андан жашырып, аны азапка салгысы келбей качкан тура…

 

Үйүнө кантип келгенин билбейт. Кайдан арак алып ичкенин да эстей албай койду, мас экен. Дагы ачыла элек арактар турат. Бирин ачып култулдатып жута баштады. Эмнегедир эсине Адилет келди. «Баары ошондо башталган. Ошол күнөөлүү»,- Жанар сүйлөнүп жатты. Ал Адилет көпчүлүк менен келип аны ур-тепкиге алганда Аруукенин эси ооп жыгылганын, кийин кыздын көпкө жоголуп кеткенин эстеди. Арууке «айыгып келдим» деп койгон болчу. Демек, ошондо оорусун жашырган экен. Адилеттин жанагы кылыгынан Аруукенин оорусу күчөсө керек деп ойлоп, заматта жини кайнап чыкты. «Адилетти табыш керек» деп кайдадыр шашып жөнөп калды.

Эӊги-деӊги мас абалында окуу жайына кирип барды. Аудиторияда группалаштарынын баары отурат. Агай сабак өтүп жатат. Бирок аларга көӊүл бурган жок. Эшикти шарт ачып сакал-муруту өсүп, селсаяк өӊдөнүп кирип келген Жанарды баары таӊ кала карап калышты. Жанар болсо бурчта турган Адилетти ачуусу менен бир карап алды да, түз эле аны көздөй чуркады. Парталардын үстүнөн аттап-буттап жетип барып ордунан турууга үлгүрбөй калган Адилетти басып жыгылды. «Сен! Сен күнөөлүүсүӊ!» муштуму менен бет талаштыра соккуларды жаадырып жатты. Кыздар кыйкырык салышып, жигиттер ажырата албай жатышты. Адилет көзү тумандап эсин жоготту.

 

***

 

Жанарды милиция кызматкерлери келип кармап кеткен. Үч күндөн бери убактылуу кармоочу жайда жатат. Чыгарып койгулачы деп да үн чыгарып койгон жок. Бирок акыры аны коё беришти. Милицияга салып берген агайы өзү чыгарып кетти.

– Дагы кой дедим, ачуумду кармадым. Сен эч кимди көзгө илбейт турбайсыӊбы. Окуудан чыктыӊ. Эми оокатыӊды кыла бер. Мага дагы рахмат айтсаӊ болот,- наалып сүйлөп жаткан агайынын сөзүн кулак сыртынан кетирди.

– Акча бериӊизчи, үйгө жетип алайын.

Агайы аргасыз акча сунду. «Деги селсаяк болуп кетпесе экен» деди ичинен. Ал Жанар тууралуу баарын уккан, бирок анын кайдагы бир кыз үчүн болгон күйүтүн түшүнө албай турат.

Жанар үйүнө барган жок. Шаар четиндеги мүрзөлөргө келди. Аралай басып барып, өзүнө тааныш боз дөбөнүн жанында түн киргенче үн-сөзсүз отурду. Бир убакта ордунан туруп, «мен дагы келем» деп үн катты да, үйүн көздөй бет алды.

Дарбазасынан ичкери кире берип короодо турган Наргизаны көрүп токтоп калды. Экөө бири-бирин көпкө тиктешти. Жанар үндөгөн жок.

– Мен келсем үйдө эч ким жок экен. Эшиктериӊдин баары ачык,- Наргиза күнөөлүү кишидей сүйлөдү.

Жанар унчукпастан эшигин ачып үйгө кирип кетти.

Наргиза тескери карап жатып алган Жанардын бөлмөсүнө кирди.

– Тамак жасап койдум. Жуунуп келбейсиӊби, тамак ичели.

– Ичпейм, рахмат!

Ал күнү Жанар ошол жерде жаткан боюнча уйкуга кетти. Түш көрүп жатыптыр. Арууке күлүп маӊдайында турат. Ага жетейин деп жете албайт. Кыздын чачтары тармалданып, алда канча өсүп калган. Өзгөчө сулуу болуп алыптыр. «Кантип? Кантип? Биз сени көмдүк го…» Жигиттин бул суроосун Арууке жоопсуз калтырып, тек гана күлүп койду. Ойгонуп кетти. Тамагы кургап калыптыр. Суу ичүү үчүн ашканага кирип, бүрүшүп уктап жаткан Наргизаны көрдү. Ал Жанарга сарсанаа болуп кетпей койгон эле. Жигиттин шарпасынан ойгонуп кетти.

– Ойгондуӊбу? Тамак ичесиӊби?- кыз жалооруй карады.

– Жок. Түшүӊдө чач узун болсо эмне болот?- суу ичип бүтүп кызга суроо узатты.

– Өмүрү узун болот деп коюшат. Эмне болду?

– Жөн эле.

– Эмне, түш көрдүӊбү?

– Ооба, болбогон түш.

– Жанар, сага эмне болду? Мен сени издеп келдим. Келсем үйүӊ толо арак. Өзүӊ болсо жоксуӊ.

– Үйүӊө бара берсеӊ болот. Мен жакшы элемин.

– Азыр түнкү үч, мен кете албайм.

Жанар кайдигер гана башын ийкеп отура кетти.

– Билесиӊби,- деди бир убакта, – ал каза болуп калды. Мындай болот деп ойлогон эмесмин, бирок мен өзүмдү жоготуп койдум. Эмне кыларымды билбей жатам. Аруукенин тирүү экенин билип, ага таарынган экенмин, аны сагынчумун, жек көрчүмүн. Азырчы? Ал жок. Мен жашабай калдым. Тирүү өлүк болуп басып жүрөм.

Наргиза акылдуу жан эле. Ал баарын уккан, баарын билген болчу. Жанардын сөзүн бөлгөн жок. Сүйлөп, ичиндеги бугун чыгарып алсын деп жайына койду.

– Мен аны баарынан жакшы көрчү экенмин. Адамдар өзүн биринчи жакшы көрөт го. А мен аны өзүмдөн да жакшы көрчүмүн. Айбек менен кеттим дегенде канча ыйладым? Ишене алган жокмун, таарындым, ыза болдум. Көрсө, байкушум калп айтып койгон экен. Мени азапка салбайын деп качып кеткен тура. Ал ушунчалык таза болчу. Жаш баладай эле… Бакытым болчу. Арууке менин жалгызым болчу. Мен эми эч качан мурункудай боло албайм. Аруукесиз эч ким эмесмин. Анын тирүү жүргөнү эле мага күч берчү экен. Азыр анын жок болуп кеткенин билип, мындан ары жашоом кандай болот деп жооп таба албай койдум…

Жигит бир чекитти тиктеген бойдон сүйлөнүп жатты. Эми Жанар Аруукесиндей эч кимди жакшы көрө албасын сезип турса да, Наргиза аны таштап кете алган жок. Ага байланып калгандай. Бир чети аяп да жатты.

Жанар ичкиликтен башы чык­пай калды. Ал Аруукесиз жа­шаганды үйрөнө албай койду. Кыздын сүрөтү менен сүйлөшө берет. Азыр да маӊдайындагы Аруукенин сүрөтүнө божурап бир нерсени сүйлөп жатат…

– А биз сен кеткенден бери ушинтип калдык,- көз жашын кармай албай калды. Буулуккан экен. Бүк түшүп отуруп алып ийинин сүлкүлдөтө көпкө ыйлады. Сырттан кирип келген Наргиза ыйлап жаткан Жанарды көрүп токтоду. Ачуусу келип кетти. Качан келсе ушундай. Мас, көздөрү шишиген, баягы сымбаттуу Жанардан кабар жок.

– Жанар, турчу өйдө! Жанар!- кыз жигитти жөлөп-таяп тургуза баштады.

– Наргиз, келдиӊби? Эмнеге келдиӊ? Мен жалгыз калгым келип жатат. Кетчи!- жигиттен арак жыттанат. Наргиза ачууланды. «Эк, сени болгон!» деп Жанарды ары силкип түртүп сыртка бет алып, бирок босогодо туруп калды.

– Жанар! Сен ушинтип күнүгө ичип, өӊгүрөп ыйлап эмнени далилдегиӊ келип жатат?

– Мен сени кет дедим! Мага жолобо!

– Бул дүйнөдө жакынынан айрылган жападан жалгыз сен болсоӊ да эмне болуптур? Мейли, аны эсте, бирок минтип эмес. Ага куран оку. Бейиштен орун алышын тиле. Анан эле күнүгө мас болуп алып улуп-уӊшуй берген туура эмес. Антип арбактын тынчын алба!- Наргиза сүйлөп бүтүп эшикти тарс жаап чыгып кетти. Жанар соолуга түштү. Капысынан ал Аруукеси ага аркы дүйнөдөн көз салып турганын элестетип жиберди. «Бул кебетемди көрсө, ал мага нааразы болмок» деди өзүнө-өзү. Наргизанын «антип арбактын тынчын алба!» дегени кулагына улам-улам жаӊырып жатты.

 

***

 

Наргиза чыдап жүрө алган жок. Жанарга катуу айтып кетип калгандан 2 күн өтпөй кайра анын үйүнө барды. Жигит соо экен. Үйүн да жыйнап койгон.

– Кандайсыӊ?

– Жакшы,- жигит күнөөлүү карады. – Мени кечирип койчу. Өткөндө сага оройлук кылыптырмын.

– Эч нерсе эмес, түшүнөм. Абалыӊды билип коёюн деп келгем.

Жанар кызга ыраазы болуп кетти. Канчалаган күндөрдөн бери ушул назик селки мас болуп калса үйүнө жетелеп келип тамагын даярдап, үйүн жыйнап, камкордугун аяган жок. «Боорукерсиӊ» деп ойлоду ичинен.

– Тамак ичтиӊби?

– Жок, ачка эмесмин.

– Азыр жасай калам.

Наргиза ашканага кирип кетти. Тамак даярдап жатып өзүнчө сүйүнүп жатты. Жигиттин өзүнө келгени, кечирим сураганы анын жүрөгүндө белгисиз үмүттү пайда кылды.

Тамактанып отурганда Наргиза акырын Жанардын колунан кармады да:

– Сен эми ичкилик ичпейсиӊ да, ээ?- деди.

– Жок, кечирип кой. Негизи, туура эмес кылган экенмин.

– Жанар, мурункудай болчу. Мен мурунку тамашакөй, чечкиндүү, сулуу Жанарды көргүм келип жатат.

– Мен эми мурункудай болбосом керек.

– Билем, сен кайгыдан кутула элексиӊ. Бирок суранам, мурункудай болчу. Аруукени эсте, ал баары бир сенин жүрөгүӊдөн өчпөйт. Антсе да сени жакшы көргөн адамдар бар экенин да унутпачы. Апаӊ, бир туугандарыӊ, мен… Биз сага муктажбыз,- экөө бири-бирин көпкө үнсүз тиктеп турушту.

– Наргиза,- бир убакта Жанар үн катты. – Сен абдан жакшы адамсыӊ. Өтө эле жакшысыӊ. Бирок сен өз жашооӊду мен үчүн садага чабышыӊды каалабайм. Жакшы билесиӊ, мен эми Аруукедей эч кимди жакшы көрө албайм. А сен болсо бактылуу болушуӊ керек.

– Мен бактылуумун. Сени менен бактылуумун. Мен Аруукенин ордун баса албайм, билем. Чынында, сен бир убакта аны унутуш үчүн мени менен алаксыган экенсиӊ. Менин сезимдерим менен ойноптурсуӊ. А мен сени сүйүп калгам. Ошон үчүн баарын кечирдим. Мен чоӊ кызмын, өзүм чечим чыгара алам.

 

***

 

Күндөр тездик менен өтүп жатты. Ойлоп көрсө, Аруукесин жоготконуна 2 жыл болуптур. Бирок ушул жылдарда Аруукесин эстебеген, анын жаны бейиште болушун тилебеген бир да күн болгон жок. Ар убак кыздын мүрзөсүнө каттап турат. Наргиза экөө Аруукенин мүрзөсүнүн айланасына апакай гүлкайырларды эгип коюшкан. Жанар азыр көрктүү болуп ачылып турган ал гүлдөрдү карап Наргизага ыраазы болуп кетти. Анда башкалардын сезимдерин сыйлай билген өзгөчө сапат бар эле.

– Апам мени үйлөн деп жатат. Бул жоопкерчиликтүү кадам го. Мен ага даярмынбы? Даяр эмесминби? Чынында, азыр да сенсиз жашап, сенсиз эле жылмайганды үйрөнүп алганыма өзүмдү күнөөлүү сезип кетем. Бирок билем, сен менин бактылуу болушумду каалайсыӊ. Наргиза абдан жакшы кыз. Ал мага адегенде кыз төрөп берем деп убада берип жатат. Кыздын ысымын Арууке коёрун ал өзү эле чечип койду,- Жанар муӊайым жылмайып алды.

– Мейли эмесе, мен кетейин. Баса, менин түшүмө кирчи, сагындым.

 

***

 

Түнкү Бишкек. Борбордук көчөдөгү шамдардын жарыгында Наргиза менен Жанар жетелешип келе жатышат. Назик көйнөк кызга куп жарашып, аны алда канча сымбаттуу көргөзүп койгон.

– Ох, бутум ооруп кетти.

– Түшүнбөйм, эмне мынча бийик такалуу бут кийим киесиӊ?

– Эх, жигиттер, баары силер үчүн да.

– Хе, кел, көтөрүп алайын.

– Кел,- кыз кубанып кетти. Кооз бийик такалуу бут кийимин чечти да, Жанардын моюнуна асылды. Кызды шап колуна алган Жанар аны жүзүнөн сүйүп койду.

– Кандай жакшысыӊ,- кыз жооп кылып жигитин өөп койду.

«А сенчи? Сен кандай жакшы адамсыӊ. Мени жашоого кайтардыӊ» жигит ичинен ушуларды ойлоп жиберди.

– Элестетип кеттим.

– Эмнени?

– Мен апапак үлпөт көйнөк кийип алгам. А сен кара смокингчен. Мени көтөрүп алгансыӊ. Айланада досторубуз кыйкырышып, бизге бакыт каалап жатышат. Кандай сонун болот эле.

– Уф, чарчап кеттим,- Жанар Наргизаны жерге түшүрдү.

– Ушинтип жомоктордун баарын талкалайсыӊ да. Эк, сени!

– Азыр бир аз дем алып алайын.

– Күйөө бала келинчегин колунан түшүргөн соӊ алар колтукташып басышат. Мына минтип. Там-та-ам,- Наргиза үйлөнүү тойлордо ойнолуучу Мендельсондун маршын ойноп жиберди. Жанар жылмайып койду. Кыздын эркине баш ийип, аны менен колтукташып басты.

– Кандай сонун болмок, ээ? Ай, мен сага сүйлөп жатам!

– Сонун болот, ооба.

– Качан?

– Шашпаш керек.

– Сен ушинтип жүрө берип мен карып кетпесем болду.

– А мен сени 60ка чыксаӊ деле алам.

– Ой-бо-ой, мунун сүйлөгөнүн кара. Кайдагы 60, быйыл! Түшүндүӊбү, быйыл?!- Наргиза тамашалап өктөм сүйлөдү. Жанар жооп бериштин ордуна күлүп койду.

 

***

 

Наргиза үйүнө кубанычтуу кайтты. Жанар менен сейилдеп, аны менен ойноп, тамашалашып алса эле ушинтип чечекейи чеч болуп калат. Үйдө апасы бар экен. Ал жаӊыдан эле айылдан келген болчу.

– Көчөдө ушунча да жүрөбү?

– Ой, сиз качан келип калдыӊыз?- Наргиза апасын кучактап учурашты.

– Аз эле болду. Келсем сен жоксуӊ. Түн бир оокум болду. Көчөдө ушинтип жүрө берип бирөө бир күнү башка чаап өлтүрүп койсун.

– Кой, апа, ары карап үч түкүрүп коюӊуз. Кудай сактасын,- Наргиза тамашалап апасына эркелей кетти. Кыйладан кийин экөө ашканада чай ичип отурганда апасы сөз баштады…

– Деги сенде турмушка чыгайын деген ой барбы?

– Бар.

– Анда жүрө бербей айылга барбайсыӊбы?

– Эмнеге айылга?

– Күйөөгө тиесиӊ да.

– Апей, күйөөгө тийиш үчүн сөзсүз айылга барыш керекпи?

– Анан бул жакта жүрө берсеӊ бирөө алмак беле сени?

– Алат.

– Эмне, сүйлөшүп жүргөн бирөөӊ барбы?- апасы чындап кызыкты. Жашы 60тан өтүп калган Алмагүл акыркы күндөрү кызына санаа тартып жүргөн. Оюнда кызы алыска эмес, өзүлөрүнүн айылына эле турмушка чыкса дейт. Анан калса кичүү кызын башкаларынан көбүрөөк жакшы көрөт.

– Ооба, бир жигит бар. Мени жакшы көрөт, мен аны жакшы көрөм.

– Жакшы көрөм дейт. Кыз киши антчү эмес. Ким ал жигитиӊ? Каяктан? Алыс жерден эмеспи?- Наргиза апасынын урушканына, чындап анын жигитине кызыкканына күлүп жатты.

– Эӊ башкысы алыс болбош керекпи?

– Ооба да. Сен жанымда болсоӊ, небере карайт элем. Сен иштемексиӊ. Ушунча окуп алып…

– Сарсанаа болбоӊуз, биздин эле айылдан.

– Ийи,- апасы ыраазы боло түштү.

– Ким?

– Апа!

– Айта бер эми.

– Жанар,- айтарын айтып алып кайра уялып кетти.

– Кайсы Жанар?

– Зуура эженин баласычы?

– Ок, Зууранын дейсиӊби? Кой, кызым, ал болбойт.

– Эмнеге?- Наргиза чочуп кетти. Апасы минтет деп ойлогон эмес.

– Анын атасын билесиӊби? Жанагы мугалим Айшага кетип калып Зуура байкушту куураткан.

– Анын кандай тиешеси бар?

– Баласы укмуш чыкты дейсиӊби? Кой, кызым, сага күйөөнү өзүм табам. Эртеӊ Жанарыӊ атасындай болуп сени сыздатып башкага кетсе эмне кылабыз?

– Баласы атасын тартпай койбойт. Анан калса менин кызым жакшыраак эле жерге турмушка чыгышы керек. А тиги Зууранын үрүп чыгар деле ити жок.

– Коюӊузчу, апа. Атасынын катасы үчүн баласы жооп бермек беле? Жанарлар жакшы эле жашашат, анын бул жакта жаӊы конушта үйү бар.

– Кыйратыптыр. Кызым, башканы эле кара, чын. Жанагы Токтобек той-топурга барган сайын атаӊды «кызыӊды бересиӊби?» деп тамашалап калат. Ошонун баласы

жакпайбы?- Наргизанын маанайы түштү. Ал мындайды күткөн эмес.

– Апа, Жанар экөөбүз жакында үйлөнөбүз. Биз…- сүйлөп бүткүчө апасы сөзүн бөлүп кетти.

– Жанар-панарыӊды кой, кызым. Атаӊа угузба. Ал укса жаман болот. Андан көрө Токтобектин баласын карап көрсөӊ. Аябай жакшы жер. Эч нерседен кем болбойт элеӊ.

– Апа, Жанар экөөбүз 2 жылдан ашык сүйлөштүк. Мен силерди билет го дептирмин.

– Кызым, айланайын, мен сага жамандык каалап жатамбы? Жанарыӊ ичкич болуп кетиптир деп жүрүшөт айылда.

– Калп айтышат,- Наргизанын көзүнө жаш тегеренип кетти. Жана эле жигити менен ар нерсени кыялданып келип эми ошол кыялдары бырын-чырын чыга баштаганына ызаланып кетти.

«Быйыл! Түшүндүӊбү, быйыл!»  Наргизанын тамашалап өктөм сүйлөгөнүн эстеп Жанар жылмайып жатты. Ооба, быйыл үйлөнүшү керек, апасы күн алыс телефон чалып анын кулагын бышырып жатат. Анын үстүнө Наргиза жакшы жар болчудай. Андай түшүнүктүү, жароокер, сымбаттуу кызды колдон чыгарып жиберүү күнөө. Бирок эмне үчүн мурда ушунча чечкиндүү болгон эмес? Муну ойлогондо Жанардын каӊырыгы түтөйт.

Чечкиндүүлүк кылып Аруукесин жетелеп айылына кетип калса болмок экен. Балким, анда башкача болот беле? Ооруну бирге жеӊишмек. Эч болбоду дегенде Аруукенин жанында көбүрөөк күндөрдү өткөрмөк. Таарынып, ызаланып, намыстанып отуруп жакшы күндөрдү садага чапкан экен. Кыздын артынан барса болмок. «Эх!» Жанар үшкүрүндү. Качан гана жакын адамдар түбөлүк жок болгон соӊ аларга карата жакшы көрүү көбөйөт экен. Жигит муну жон териси менен сезип жүрөт. Азыр кетирген кемчиликтери үчүн өзүн жек көрүп кетет. Бекер таарынган экен, бекер ага өчөшүп телефон чалбай коюптур. Башкача болмок беле? Бул суроону бир күн да өзүнө бербей калган күн болгон эмес. Бирок азыр мурункудай күйүтү жок. Көрсө, убакыт деген баарына көндүрөт экен…

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️