Уйгу-туйгу сезимдер 4-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=69630&preview=true Кызыктуу окуялар.

4-БӨЛҮМ..

 

 

Айгерим окуучу кезинде жакшы курбу болуп жүргөн Аруукенин Москвага келерин угуп кубанган эле. «Жалгызсырабай жакшы болот экен» деп ойлоду. Аэропорттон тосуп алайын деп келип, ыйлай берип көздөрү шишиген Аруукени көрүп чочуп кетти.

– Ой, сага эмне болду?

– Кандайсыӊ, Айгерим? Билбейм, көп уктап койгон окшойм.

– Жок, сен ыйлаптырсыӊ?

– Ооба, кичине.

– Биринчи келгенде баарыбыз ыйлайбыз. Бирөө аэропорттон эле баштайт, бирөө биринчи жумушунан ыйлайт. Дагы бирөө дагы

бир нерседен. Бирок акырында баары жакшы болот. А сен учактан эле баштап алыптырсыӊ. Кел эми, кучакташып коёлучу.

Айгерим курбусунун көӊүлүн көтөрмөккө тамашалап, Аруукени катуу кучактады.

 

ххх

 

– Кыргызстанды, Бишкекти ушунчалык сагынам деп ойлогон эмесмин. Чын, азыр оюма койсо, дароо эле мекениме жөнөмөкмүн. Бизде баары сонун го. Аба, суу, адамдар… Бирок иштейм деп келгем. Үйдөгүлөргө жардам беришим керек. Анын үстүнө бул жакта айлыкты көбүрөөк төлөшөт. Ошондуктан чыдаш керек.

Айгерим таксиде бара жатып божурап сүйлөп жатты. – Азыр чоӊ ресторандардын биринде официантмын. Ал жакка сулуу кыздарды дароо алышат. Ошон үчүн сен келем дегенде жумуш таап берем деп ишенимдүү айтпадымбы.

– Жакшы, рахмат сага.

– Сен таптакыр башкача болуп калыптырсыӊ.

– Эмнеге?

– Күлүп эле жүрө берген, тентек элеӊ го. Азыр аябай ой басып калыптырсыӊ. Эмне, бирөөнү сүйүп калгансыӊбы?

– Көнө албай жаткандыкы окшойт.

– Коркпо, баары жакшы болот. Арууке үнсүз жылмайып койду. Ал атасын, апасын, Жанарын эмитеден эле катуу сагына баштаганын сезди. Узак убакыт бою аларсыз жашоого көнөр бекен? Түмөн ойлор келе берди.

– Келдик,- таксист үн катты. Айгерим көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатына чыгуу керектигин айтып: «Башкысы, сен чочуба. Бул жак Кыргызстан эмес, батир акысы кымбат. Ошондуктан 2 бөлмөлүү батирде 8 адам жашайбыз. Бир бөлмөдө мен, анан дагы чогуу иштеген үч кыз бар. Коӊшу бөлмөдө 4 жигит жашайт. Алар да кыргыздар. Жакшы жигиттер»,- деп эскертип койду.

 

ххх

 

– Бул менин курбум Арууке!- Айгерим курбусун кыздар менен тааныштырып жатты. – Бул Чынара, Сезим анан Элиза!

Баары Аруукени жылуу кабыл алышты. Болгону Элиза гана баштан-аяк сынай карап, өзүнчө кытмыр жылмайып койду. Арууке мунусун түшүнө алган жок. Айгеримге баары түшүнүктүү болчу. Элиза өзүн абдан сулуу сезген жан. Сулуулугун арттыруу үчүн боёкту ашыгы менен колдонот, мода кууп кийинет. Бирок бүгүн аларга боёксуз эле сулуу көрүнгөн, жөнөкөй кийимде да чырайлуу экени айкын болуп турган Арууке аттуу кыз кошулду. Элизага мындай абалдын жаралышы жаккан жок. Андан сулуу кыз анын жанында жүрөрү ыӊгайсыздык жаратты.

 

ххх

 

Калия таӊ эрте туруп жумушуна бармак. Арыдан бери тамактанып, сыртка чыгайын дегенде каалгага кыстарылган баракты көрдү. Бул Аруукенин каты эле.

«Ата, апа! Силерди жакшы көрөм. Силердин тентек кызыӊар жакында айыгып кайтып келет. Жакшы адамдар табылды, жардам беришет. Эч нерсе айтпай туруп кетип калганым үчүн кечирим сурайм. Кам санабагыла, баары жакшы болот. Силерди өөп, кызыӊар Арууке». Калия катты окуп дендароо болуп туруп калды.

– Кадыр, бай болгур, ойгончу! Арууке кетип калыптыр!

– Кайда?- уктоочу бөлмөдөн чочуган үн угулду.

– Билбейм, кат таштап кетиптир.

Аруукенин кайда кеткенин ал күнү биле алышкан жок. Жакын курбуларынын бардыгына чалып чыгышты. Эч ким билбейт. Санаа тартып, жүрөктөрү тилинди. «Башкысы аман болсо экен» деп тиленип жатышты.

 

ххх

 

Жанар Аруукени окуу жайга келет деп күткөн. Бирок кыздын кабары билинбеди. Телефону да өчүк. «Үйүнө барсамбы?» деп, бирок өзүн-өзү токтотту. Ал күнү түн бир оокумда телефонуна чалуу келди. Чет өлкөлүк номур экен. Кимдир бирөө Жанардын «Алло! Ким? Угуп жатам» дегенин тыӊшап турду да, коюп койду. Ал күндүн эртеси да, кийинки эки күн да Аруукенин дайыны билинбеди. Бирок жанагы чоочун номер дайыма түн ортосунда чалып тыӊшап, анан коюп койчу болду. Төртүнчү күн болгондо ал номурдан кат келди. «Жанар, билем, мен акмакмын. Сенин сезимиӊ менен ойнодум. Бирок сени жакшы көрө албай койдум. Мен сүйүктүүм менен Москвага кеттим. Алдап жүргөнүм үчүн кечирип кой. Бактылуу бол! Арууке…» Жанар катты окуп, эмне кыларын билбей калды. Номурга чалса өчүрүлгөн.

Таӊ эрте туруп Аруукенин үйүнө барды. Коӊгуроосун басып турду. Ичкериден ыйлай берип көздөрү шишиген Калия чыкты.

– Кечиресиз, мага Арууке керек эле.

– Сен кимсиӊ?

– Мен Жанармын. Арууке үйдөбү?

– Сен Аруукеге ким болосуӊ? Группалашысыӊбы?

– Мен…Мен жигити болом. Арууке…- жигит мукактанып туруп калды.

– Ал жок. «Жакшы адамдар табылды, жардам беришет, жакында келем» деп кат таштап кетиптир. Каякта экенин билбейбиз.

– Ал мага бул номурдан кат жөнөттү…- жигит телефонун алып чыкты. – Менимче, Москвада окшойт. Ал эмнеге сиздерге эч нерсе айткан жок?

– Москвада?!- Калия шашып ичкериге кирип кетти. Кайра бир нерсени эстегендей токтоп, Жанарга кайрылды.

– Ичкери кирчи.

Калия телефонун алып Аруукенин жакын курбусу Маликага чалды…

Аруукени апасы кызынын курбусуна чалды.

– Алло, Малика, кандайсыӊ? Классташтарыӊардан бирөө-жарым Москвадабы?

– Ооба, Айгерим анан Айбек бар.

– Арууке Москвадан жигитине кат жөнөтүптүр. Ал ошол жакта окшойт.

– Эмне деп жазыптыр?

– «Сүйүктүүм менен Москвага кеттим» дептир.

– Демек, Айбекке кеткен экен да.

– Айбегиӊ ким эле?

– Мектепте Арууке экөө кыз-жигит болчу.

– Сенде ал баланын номуру барбы?

– Жок, бирок издештирип таап берем.

Малика сүйлөшүп бүтүп Айгеримге чалды.

– Алло, Айгерим, кандайсыӊ?

– Салам, Малика! Жакшы, Кудайга шүгүр. Өзүӊчү?

– Шашпай ал-акыбал сурашам. Мага тезинен Айбектин номуру керек болуп жатат. Сенде барбы? Ал да Москвада эмеспи?

– Эмнеге?

– Арууке жок болуп жатат. Кыязы, ал Айбектин жанында окшойт.

– Аруукеби? Ал менин жанымда. Жакында эле келди.

– Ошондойбу? Аны менен сүйлөштүрүп койчу.

Малика Арууке менен учурашып, аны урушуп өттү. Ата-энеси, Жанар издеп жатканын, Москвага Айбек менен кетсе керек деп божомолдоп чалганын түшүндүрүп берди.

 

***

 

Калиянын көздөрүндө үмүт пайда болду. «Башкысы аман болсун» деди ичинен. Жанардын көкүрөгү өрттөнүп кетти. Ал Маликанын «Айбекке кеткен го» дегенин угуп бушайман болуп жатты. Бирок ишенгиси келген жок. «Өзү менен сүйлөшүшүм керек» деп ойлонду. Дал ушул учурда Калиянын телефону шыӊгырап калды. Чет жердик номур экен.

– Алло, апа!- бул Арууке болчу.

– Кагылайыным, Аруутай, бул эмне кылганыӊ?- Калия ыйлап жиберди.

– Апа, кечирип койчу. Чын, менде баары жакшы. Барам, апа! Бирок азыр эмес, ыйлабачы эми, апа!

Калия жашын токтото албай жатты.

– Бул эмне кылганыӊ? Атаӊ экөөбүздүн издебеген жерибиз калган жок.

– Апа, менде баары жакшы. Кам санабагыла. Мындан кийин чалып турам. Силерге айтпай кетип калып, өзүм коркуп чала албай жаттым. Кечирип койгула! Апа, жакшы жаӊылыгым менен барам, ыйлабачы!- Арууке апасын араӊ сооротуп, жакын арада оорусунан айыгып барарын айтып жубатты. Бир убакта Калия телефонду Жанарга берди.

– Сен эмнеге келдиӊ? Мен сага баары бүттү деп айттым эле го.

– Арууке…- жигит сөз таппай калды.

– Мен азыр Айбектин жанындамын. Аны жакшы көрөм. Мага тоскоол болбочу, мейлиби? Жакшы жигитсиӊ го. Сага түшүндүрүп жазып жибербедим беле?

– Мен ишенбейм!

– Өз эркиӊ, бирок мен чындыкты айттым. Экинчи тынчымды алба, макулбу? Бактылуу бол!- Арууке телефонду коюп салды. Жанар саамга катып турду да, шаша-буша сыртка чыгып кетти. Кайда баратканын билбейт. Туш келди басып кете берди. Көөдөнү күйүп жатты. «Чыккынчы!» ачуусу менен кайра-кайра кайталай берди. «Чыккынчы!»

 

***

 

– Ким ал?- Айгерим телефонун тиктеген боюнча катып калган Аруукеге кайрылды.

– Мен жакшы көргөн адам. Жанар…

– Сен Москвага Айбек үчүн келдиӊби?

– Жок, анын бул жакта экенин билген да эмесмин. Малика апама ошондой божомолун айтыптыр. Мен атайын улап кеттим. Жанардын менден көӊүлү калганы жакшы.

Айгерим түшүнө алган жок. Бирок курбусунан баарын тактап сураганга даабады. Аздан соӊ акырын гана:

– Айбек дайыма биздин үйгө келип турат,- деп үн катты.

– Эмнеге?

– Экөөбүз бул жактан жолугуп турабыз. Москвада классташ деген бир туугандай эле да. Менин жумушума да барып жүрчү. Анан мен аркылуу Элиза менен таанышып, экөө кыз-жигит болуп калышкан. Азыр Айбек түнкү клубдардын биринде коопсуздук кызматкери болуп иштейт. Бош күндөрү дайыма Элизага келет.

Арууке эми гана эмне үчүн Элиза аны сын көз менен караганын түшүндү. Чынында, Арууке келгенче Айгерим менен Элизанын ортосунда Айбек менен Аруукенин бир кезде кыз-жигит болгону тууралуу сөз болгон эле.

 

***

 

«Чыккынчы!» Жанар ыза болуп чыкты. Ал мындай бурулушту күткөн эмес. Кызганды. Ачуусунун айынан Арууке эмнеге мындай кылды деп ой токтото да алган жок. Көкүрөгүндө түшүнүксүз боштук пайда болду. Ошол боштук жүрөгүн өйүп жатты. Үйүнө жеткен соӊ жолдон ала келген арактын оозун ачып ичип жиберди. «Ушинтсем бир аз жеӊилдейм» деп ойлогон, бирок тескерисинче арактын ачуу даамы менен күйүтү аралашып ого бетер ачуусу күчөдү. Аз өтпөй мас болуп калды. Башына эч ой келген жок. Аны ыза, ачуу кызганыч анан көкүрөгүндөгү белгисиз боштук алсыратып жатты. Бир убакта Арууке экөө түшкөн сүрөттү алып көпкө карап турду да:

– Билесиӊби, мен сени жек көрөм. Жек көрөм! Түшүндүӊбү? Сени сагынып ыйлабайм, жинди болбойм, себеби сен ага татыксызсыӊ. Сенде эч кандай ыйык нерсе жок экенин азыр түшүнүп отурам. Келесоомун да,- деп өзүнчө кытмыр жылмайып койду.

– Айбек… Айбек мененмин дейт. Билесиӊби кандай болот? Мейли, сен Айбегиӊ менен боло бер. Экөөӊөр үйлөнгүлө. Бирок күндөрдүн бир күндөрүндө биз жолугабыз. Сен

ошондо өкүнөсүӊ. Себеби бирөө да сени менчелик жакшы көрбөйт. Сен муну кечигип түшүнөсүӊ. Жанар болсо башка адам болуп калган болот. Анын сүйүктүү үй-бүлөсү, балдары болот, жетиштүү жашоодо жашайт. Кыскасы, сен менин сүйүүмдү чанып, кайдагы бир белгисиз жигитиӊе кеткениӊе далай өкүнөсүӊ. Сени эч кечирбейм! Кийин жолукканда сени сөзсүз өкүнгүдөй кылам! Мен эми таптакыр башкача Жанар болом.

Жанар дагы көпкө сүрөт менен сүйлөшүп отурду. Акыр аягында ал Аруукени ошончо жек көрүп жатып, ошол эле убакта чын дили менен жакшы көрүп жатканын сезди. Бул түшүнүксүз сезим болчу.

 

***

 

Жанар таӊ эрте ойгонуп өзүнө нааразы болуп кетти. Столдо арак, өзүнүн чачы уйпаланган. «Чыккынчы…» ал дале ичинен кайталап жатты. Күзгүнүн маӊдайына келди да: «Жо-ок. Бир чыккынчы, адамдын сезимин уруп ойнобогон кыздын айынан ичкич болуп жүдөп калбайм. Жанар, сен андай эмессиӊ! Ойгон! Бүгүнтөн баштап биз башкача жашай баштайбыз»,- деди.

Туруп үйүн жыйнап, өзүн иретке келтирди. Жасанып кийинди да, окуусуна жөнөдү. Сыртынан билгизбегени менен, көкүрөктөгү баягы белгисиз боштук дале бар болчу. Жанар болгон аракети менен башкача болгусу келсе да, Арууке анын ойлорунан кетпей жатты.

 

***

 

Арууке Айгеримге кошулуп официант болуп иштей баштады. Жумушунда бир аз алаксып күндү өткөрөт. Түнкүсүн болсо ыйлап чыгат. Акыркы күндөрү жалгыз калгандан коркчу болду. Себеби өзү менен өзү болуп калары менен дароо Жанары оюна келет. Бирге жүргөн күндөр, бактылуу мүнөттөр, жигитинин жылмайганы көз алдынан өтөт. Жүрөгүн оорутат.

Бир күнү алардын үйүнө Айбек кирип келди. Ал Аруукенин Москвага келгенин уккан. Босогодо көпкө кызды тиктеп турду. Арууке ыӊгайсыз болуп кетти…

 

– Кандайсыӊ, сулуу?

– Жакшы, Айбек, өзүӊ кандайсыӊ?

– Сен Москвада! Кубанычтамын!- ал кызды бекем кучактап алды. Бери жакта карап турган Элиза жылмайып койгону менен, Аруукеден Айбекти кызганып ачуусу келип жатты. Аздан соӊ алар тамактанып отурушканда Элиза менен кыз-жигит экенин унутуп койгондой эле Айбек көзүнчө Аруукеге карап:

– Сен менин биринчи сүйүүм болгонсуӊ,- деп балп эттирди.

– Оме-ей! Элиза менин чачымды жулбасын, абайласаӊчы,- Арууке тамашалады.

– Ал кез окуучу кез болчу да. Азыр Элизаны сүйөм. Ошондо Арууке мени таштап кеткенде аябай жаман болгом.

Айбек өзүн-өзү кубаттап каткырып койду. Арууке анын өөн учураган кылыктарын карап отуруп ичинен «Жанар, сен кандай жакшысыӊ! Кандай жакшысыӊ!» деп жатты.

Айбек бул күндөн тарта Арууке турган батирге күн алыс каттачу болду. Келгенде да Элизага көп көӊүл бурбай, Аруукеге тийише бермей адаты бар. Бир ирет кыз Айбек аны башкача, жапайы көз караш менен карап жатканын байкады. Коркуп кетти, бирок билдирген жок. Дилинде анын ага карата жаман ойлору бар экенин сезип турса да, ал ойлордон оолактап качып «койчу, кантип ошого барсын?» деп өзүн жооткотуп койду.

 

***

 

Жанар чындап эле түп тамырынан өзгөрмөкчү болду. Бул үчүн чындап аракет кылды. Заматта шуулдак, шок жигитке айланды. Жакшынакай кыз көрсө кыя өтпөйт, артынан калбай жүрүп таанышат. Жолугушууларга чакырат. Бирок бул анын сырткы гана көрүнүшү болчу. Жан дүйнөсү жанчылып, Аруукеге болгон сагынычы күчөп эси эки болуп жатканын эч ким билген жок. Жанардын жан дүйнөсүндө Аруукеге болгон сүйүү менен жек көрүү алышып жатты. Жигит жек көрүп калуу менен кызды унутса болот деген. Бирок жек көрүү ушунчалык оор болчу. Чынында, Аруукени канчалык жаман көрүп, андан көӊүлү калып турса да, жүрөгүнүн түпкүрүндө телефон чалып калбагай эле деп үмүттөнүп күтүп жүрчү. Көпчүлүктүн арасынан кыздын элесин издейт. Бир күнү Аруукеникине окшош көйнөк кийген кызды көрдү. Жүрөгү тез-тез согуп, тамагы кургап чыкты. Мындай болот деп күткөн эмес. Ал кыз жанынан өтө бергенде ойлору сапырылып, кусалыктан жүрөгү ооруп чыкты. Бул кылыгы үчүн кайра өзүн-өзү жемелеп, «эмне эле ошол чыккынчыны башыӊдан чыгара албай жатасыӊ? Чабал экенсиӊ» деп урушту. Бирок сезимдерди күчтөп башкаруу мүмкүн эмес эле. Жанардын кусалыгы күн санап күчөп баратты. Акыры ал сезимдерине жеӊилип берди.

Бир жума бою үйүнөн эч жакка чыккан жок. Бир чекитти тиктеген боюнча төшөгүндө жатты. Көөдөнүндөгү белгисиз боштук кетчүдөй эмес. Сакал-муруту өсүп жүдөп кетти. Бирок бир да жолу Арууке эмнеге ушундай кылды деп ой жүгүртө албады. «Айбек мененмин. Мага тоскоол болбочу» деген Аруукенин сөзү жан дүйнөсүн жанчып салыптыр. Аруукеге жолуккандан тарта ар бир күнү сезимге толуп турчу. Азырчы? Азыр бардык жерде боштук. Жадакалса бир нерсени ойлонууга да чамасы келбей турат. Капыстан үйүндө Аруукенин свитери калганын эстеп кетти. Кыз аны үйдөгү кийимдерине аралаштырып жыйнап жатканын көргөн. Шапа-шуп туруп барып кийимдеринин баарын туш келди чачып жатып акыры кызыл түстөгү свитерди таап алды. Жаактары титиреп, көзүнөн жаш кетти. Аяр кармап жыттагылай баштады. Анда Жанарга гана тааныш Аруукенин жыты бар эле. Ал ошону издей баштады. Көөдөнүндөгү боштук көкүрөгүн өйүтүп оорутуп жатты.

 

***

 

Арууке жумушунан келип эле үстүнө бир убакта өз свитерине алмашып алган Жанардын свитерин кийип алды. Жигитине болгон сагынычы күн санап күчөп баратат. Кийимде болсо Жанардын жыты бар. Аз да болсо жеӊилдей түшөт.

– Ушул свитерди кийбей эле койчу. Эркектердики экен, кирдеп да калгандай…- Айгерим курбусуна кайрылды.

– Муну аябай жакшы көрөм. Жанардыкы болчу,- Арууке муӊайым жылмайып койду.

– Жок дегенде жууп койчу.

– Муну жууганга болбойт. Анда Жанардын жыты бар.

– Сага түшүнбөйм. Жанарыӊды ошончо жакшы көрсөӊ, эмнеге андан качып бул жакка келдиӊ?

– Ал бактылуу болушу керек.

– Чогуу бактылуу болсоӊор болбойбу?

– Болбойт деди.

– Ким?

– Тагдыр, Кудай, жазмыш. Дагы эмнелер бар эле? Турмуш, кырдаал…

– Таптакыр түшүнгөн жокмун.

– Жанар менсиз бактылуу болушу керек. Кыскасы, ушул. Ары жагын айта баштасам ыйлайм. Соорото албай шайыӊ оойт,- көздөрү жашка толуп чыккан Арууке жылмайып койду. Ушул учурда сырттан Айбек менен Элиза кирип келишти.

– Бүгүн бир жакка барып келсек кантет?- деди Айбек кыздарга.– Бир жакка болгондо?- Айгерим суроолуу карады.

– Кафеге же клубга,- Аруукеден башкасынын баары колдоп кетишти. «Көӊүлүм жок» дегенине карабай аны да ой-боюна койбой ээрчитип жөнөштү.

 

***

 

– Балким, токтотосуӊ?- Элиза ачуусу менен Айбекке бир тийди. Алар кыздардан бир аз алысыраак отурушкан.

– Эмнени?

– Эртеден бери Аруукеден көзүӊдү албай отурасыӊ. Эмне, клубга ошону караш үчүн келдиӊ беле?

– Сенин жаныӊда отурам го.

– Көзүӊ Аруукеде болуп жатпайбы!

– Элиза, кыйкырбай сүйлөчү.

– Хе… Эгер кыйкырсамчы? Эмне кыла аласыӊ? Кетип каласыӊбы? Аруукегеби? Бар, жөнө! Жолдо калбайм!- Элиза ачуусун токтото албай калды. Айбек мындайга чыдап тура алган жок. Элизаны кучагына бекем кысып акырын шыбырады:

– Элиза, билесиӊ, мен эки жолу эскертпейм. Же эмне, бир нерсе каалап жатасыӊбы? Ушунча элдин көзүнчө уят болгуӊ келип жатабы? Айт! Каалооӊду аткарып коё алам. Оӊой эле…- Элиза жоошуй түштү. Айбек бир ирет аны көк ала кылып сабап койгон. Ошондон тарта анын ачуусуна тийгенден коркот. Эптеп өзүн кармап сумсайып отуруп калды. Айбек болсо көз көрүнөө Аруукени айланчыктай баштады. Аны колунан тартып ак бийге чакырды. Кыздын каршылыгына карабай бий аянтчасына жетелеп келди да, имере тартып кучактады.

– Арууке, жигиттин шагын сындырбачы. Билесиӊби, мектепте да экөөбүз ушинтип бийлегенде элдин баары бизге суктанып карачу.

– Эстей албай жатам.

– Кантип унуттуӊ? Менин эсимде. Сен мектептин сулуусу болчусуӊ. Мен да лидер элем. Кыскасы, сонун түгөй болчубуз.

– Менимче, Элиза экөөӊөр сонун түгөйсүӊөр.

– Сөздү бурбасаӊ. Сен чындап эле экөөбүз кыз-жигит болгон учурду унутуп койдуӊбу?

– Калп айтпасам, биз 1 же 2 ай гана кыз-жигит болсок керек.

– Демек, эсиӊде экен. А мен сени дагы деле ошол кездегидей жакшы көрөм.

– Айбек, чынында, мен сени ошондо да жакшы көргөн эмесмин. Азыр да жакшы көрбөйм. Сен менин классташымсыӊ. Болду. Азыркыларыӊды Элиза укса капа болот.

– Элиза? Ал олуттуу мамиле кылчу кыз эмес. Экөөбүз төшөктөн таанышканбыз. Демек, мамиле төшөктө гана болот. Андан жогорку нерсеге үмүт этпейт. Аны өзү да билет. А сен, сен менин жубайым боло турчу адамсыӊ. Сенде деле мага болгон сезим бар. Көзүӊдөн окуп жатам.

– Айбек, коё берчи,- кыз Айбектин кучагынан бошонуп кетти. Өӊү бозоруп Айгеримдин жанына барып отуруп калды.

– Ал…Ала бер! Мындай жигиттер толуп жатат,- Элиза шылдыӊ менен Аруукени карап күлүп койду. Мас болуп калгандай.

– Элиза, менин сүйгөн адамым бар. Эч жаман ойлобо, Айбек экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болбойт,- Арууке өзүн күнөөлүү сезип актана баштады.

– Эч нерсе болбойт. Ала бер деп жатпаймынбы! Менин артымдан чуркап жетпей жүргөндөр канча? Акыркы эркек Айбек болсо да эмне болуптур?

– Элиза, токтотчу! Арууке Айбекке жабышып жатабы? Көрдүӊ го, ал өзү келбедиби,- Айгерим да сөзгө аралашты.

Бий аянтчада башка кыз менен берилип бийлемиш болуп жаткан Айбек көз кыры менен кыздар тарапты карап жатты. «Мени талашып жатышат» деп ойлоду. Өзү менен сыймыктанып койду.

Айбек эс алуучу жайдан чыкканча мас болуп калды. Күпүлдөп оозуна келгенди сүйлөп жатты.

– Мени кеӊ Москвага таштап койбой, батириӊерге ала кеткиле! Элиза, Элиза деп жатам! Жөнү жок таарынбачы! Чын, өзүмдүн да ачуум келип жатат. Айгерим, айтчы, Аруукенин Москвага келгени сонун болду, ээ? Эми…Эми ал меники болот! Мен баарыӊарды Москвада коргоп жүрөм, бирөө кыӊк деп көрсүн, мурдун былчыйтам! Аруукеге бирөө бирдеме десинчи! Энеӊди…

Чын эле кыздар Айбекти мас бойдон таштап кете алышкан жок. Батирине алып келип жаткырып коюшту. Баары чарчашкан экен, таттуу уйкуга кетишти. Түн бир оокумда Арууке кимдир бирөө аны өөп жибергенинен ойгонуп кетти. Айбек экен, бекем кучактап алган.

– Айбек, тур ары! Айбек!

– Кыйкырба эми. Акырын…

– Айбек деп жатам! Акмак! Коё бер! Айгери-им!- кыз кыйкырып жиберди. Айгерим жарыкты күйгүздү. Кыйкырыктан чочуп ойгонгон Элиза Аруукени жек көрүү менен карап алды…

– Айбек, чыгып кет үйдөн!- Айгерим өктөм сүйлөдү.

– Хе… Мунусу да бир паста периште боло калат,- Айбек кытмыр жылмайып койду. Дагы деле соолуга электей. Там-туӊ басып сыртка чыгып кетти.

– Сойку! Мен билгем!- өзүн жоготуп, көзүнөн он талаа жаш кеткен Аруукеге Элиза кыйкырды. Арууке эч нерсе деген жок. Ызасына муунуп, тагдырына наалат айтып жатты.

 

***

 

Кеч кирип бараткан. Жанар дагы деле ордунан козголбой керебетинде жатат. Арыктап, жаак эттери шылына түшкөн. «Уф!» оор дем алды. Туруп барып терезеден сыртка тигилди. Жамгыр жаап жатат. «Жамгыр киши… Бактысыз жамгыр киши» өзүнчө сүйлөнүп, болор-болбос жылмайып койду. Күрмөсүн алды да, сыртка чыгып көктү тиктеди. Майда тамчылар ичиркентип жиберди. Көпкө ошентип турду. «Эх!» Аруукесин эстеп, көкүрөгү өйүгөндө чыгуучу бул үшкүрүк Жанарга көндүм болуп калган. Улутунуп алды да жолго чыгып, автобус менен шаардын чок ортосундагы сейил бакка келди. Жай гана өйдө-ылдый басып жүрө берди.

«Бул оору канчага созулат? Ушинтип эсимден чыгара албай, жүрөгүм ооруп жүрө беремби? Бул отургуч биздики болчу. Дайыма ушунда отурчубуз». Жигит отургучка келип

отурду.

«Ооба, ал келген жок» ичинен сейил бактагы отургуч менен сүйлөшө баштады. «Анын жакшы көргөн адамы бар экен. Мага да ошондой сезилчү. Мен аны сүйөт го деп ойлогом. Керек болсо анын көздөрүнөн мага болгон күчтүү сезимдери бар экенин көргөндөй болгом. Бирок мен эӊ начар психолог экенмин. Анын сезимдерин туура окуй албаптырмын. Жөн гана өзүм ишенгим келген нерсеге ишене бериптирмин. Бирок, айтсаӊ, сүйүүгө ишенгендин эмнеси жаман? Карачы, мен жалгызмын. Жадакалса жыгач отургуч менен сүйлөшүп жатам. Мейли, жансыз болсоӊ да угуп койчу. Мени жөн гана угуп коё турчу жанга зар болуп турам. Билесиӊби, бүгүн деле эч жакка чыкпайт болчумун. Көзүмдү ачып жамгырдын дыбырап жаап жатканын уктум. Ал мени жамгыр киши дечү». Жанарды кайра кусалык каптады. Бир чекитти тиктеп туруп калды. Көкүрөгү дале ооруп жатат.

– Жанар? Сенби?

Жигит маӊдайына келген адамды байкабаптыр. Назик кыздын үнү гана аны эсине келтирди. Наргиза деген айылдашы экен. Андан эки жаш кичүү.

– Кандайсыӊ?- жигит дендароо абалда жооп берди.

– Жакшы. Сен эмне жалгыз отурасыӊ? Бирөөнү күтүп жатасыӊбы?

– Жок. Жөн эле.

– Аа…- кыз сөзүн улай албай калды.

– Кел, отур! Эмне жаӊылык? Сен бул жактасыӊбы?- жигит Наргизага суроо берип жатып аны баштан ылдый карап алды. «Жакшынакай болуп калыптыр» деп ойлоду. Наргиза отуруп алып сүйлөй баштады. Ал кызыктуу маектеш болчу. Анын үстүнө Жанарга карата түшүнүксүз жылуу сезими бар эле. Балким, ушунданбы, Жанарга жага турган маанайда сүйлөп, аз да болсо аны алаксыта алды. «Демек, сен мени алаксыта алат экенсиӊ. Башкалардын колунан келген эмес эле. Жолугуп турушубуз керек». Жанар ичинен ушундай жыйынтыкка келди. Дартына даба тапкандай болду. Ал дары Наргиза аттуу ойноок кыз болчу. Албетте, ал жүрөктөгү махабат оорусун толук айыктыра албайт, бирок аз да болсо ооруну басаӊдата алчудай. Капыстан болгон жолугушуу жаӊы жолугушууларга жол ачты. Жолуккандардын бири жактырган адамынын сүйүүсүнө татыганга аракет кылса, экинчиси бул жолугушууларда жүрөк дартын эстен чыгарууну максат кылып койду.

 

***

 

Айбек жапайы аракети үчүн өзүн жемелеген да жок. Андай жорук анын акыл-сезиминде пастык катары эсептелбейт. Көздөгөн максатына жетүүнүн эле куралы болчу. Анын көӊүлүнө катуу тийгени – бөлмөдөн куулуп чыгып калганы болду. Бул үчүн арданып жатты. «Шашпагыла, мен силерге көрсөтөм!» деп кекенип жүрдү.

Арууке эч ким менен сүйлөшкүс болду. Кээде гана ата-энесине жаркылдап күлүп-жайнап телефон чалып, бактылуу экендигин көрсөтүүчү ролун ойнойт да, андан соӊ чыныгы бактысыз кейпин киет. Жумушуна барат-келет. Бир ирет жумушунан келсе, коӊшу бөлмөдөгү төрт баланын бири коридордо туруптур. Кыязы, аны күтүп жаткандай.

– Сенин атыӊ Аруукеби?

– Ооба.

– Мен коӊшуӊ болом. Билсеӊ керек. Атым Аман. Бир нерсе айтып коёюн деген элем.

– Угуп жатам.

– Сен Москвада бөлөк улуттагы жигиттер менен жакын мамиледе болуп жүргөн жоксуӊбу?

– Жок.

– Мен да ишенген жокмун. Өткөндө силердикине келген жигит бизге ушинтип айтып кетти. Билсеӊ керек, Москвада башка улуттагылар менен жүргөн кыздарды жаман

көрүшөт. А тиги жигит болсо сени бир балдардын колуна салып берем деп жаткан. Абайлап жүр деп эскертип коёюн дегем. Жакшы эле кыздай көрүнөсүӊ.

– Ал сени атайын ушуну айт деп жөнөткөн го. Айтып кой, мен коркпойм. Керек болсо түрмөнүн түбүндө чиритем.

– Кызык экенсиӊ. Мен тескерисинче сага жакшылык кылып жатам. Келесоо, айбан чалыш немелер бар. Кылсаӊ да, кылбасаӊ да абийириӊди төгүп, зордуктап коюулары мүмкүн. Ал айбандар мурдатан ошентип көнүшкөн. Сени да ошолордун колуна түшүп калбасын деп жатам. Тиги жигит аябай ыза болуп калыптыр. Жамандыкты ойлонбой кылчу жигит экени көрүнүп турат. Сен жөнүндө ар кайсыны айтып койсо, кээ бир айбандар өлтүрүп коюудан да кайра тартышпайт. Адам катары сага эскертип коёюн дедим.

Арууке бул сүйлөшүү тууралуу эч кимге айтпады. Коркуп да койгон жок. «Мага ажал келе жатат. А мени капкайдагы дөөдүр адамдар коркутушат» деп койду ичинен. Бирок Айбек чынында эле Аруукеден өч алууга даярданып жүргөн. Кыз тууралуу ойго келбеген окуяларды ойлоп таап, өзүнө окшош айбан мүнөздүүлөрдүн кулагын бышырып жүргөн болчу. Өткөндө бөлмөдөн куулуп чыкканда жумушунан кеч келген Аруукелердин коӊшусу Аманга тигинтип Аруукенин абийирин айрандай төгөрүн айтып кекенгени да чын. Кудай жалгап Элиза да жардамга келди. Ал Айбектен көӊүлү калгандын ордуна бардык күнөөнү Аруукеден издеп, жигитинин жаман оюна кошулуп алды. Бир ирет күн кечтеп калганда Арууке сыртка чыгып келмекчи болду. Кээде ошентип сейилдеп калчу. Күрмөсүн кийип сыртка чыгары менен Элиза Айбекке телефон чалды.

– Ал жалгыз биздин үйдүн жанындагы сейил бакка кетти.

– Рахмат!- Айбектин үнү орой чыкты.

 

***

 

Кыз сейил бакта жайбаракат басып жүрдү. Мындай учурда Жанары менен өткөргөн бактылуу күндөрү тасмадагы кадрлар сымал көз алдына тартылат. Ушундан ырахат алат.

– Арууке деген сенби?- капыстан кыздын алдына шапкелерин көзүнө түшүрө кийген эки жигит пайда болду.

– Мен. Эмне керек?- Арууке түшүнө албай калды.

– Басчы!- жигиттердин бири аны колунан тартып сүйрөп жөнөдү.

– Коё бер!

– Жап жаагыӊды!- экинчи жигит Аруукени бет талаштыра чаап жиберди. Эркек кишинин катуу соккусуна эӊги-деӊги боло түшкөн кызды жигиттердин бири көтөрдү да, жакын турган унаага салып, шаша-буша рулга отурду.

– Эч ким көргөн жокпу?

– Жок! Айда!- унаа ордунан козголуп жылып кетти.

 

***

 

Арууке белгисиз бир үйдө эсине келди. Башы салаӊдап ооруп жатты.

– Бул ойгонду!- кимдир бирөө кубанган түр менен сүйлөдү.

– Арамзаланып жатат. Эй, сойку, тур ордуӊдан!- бейтааныш бир жигит жакасынан кармап өйдө тургузду. Арууке анын колдорун тытып алды. Бирок ал баары бир алсыз болчу. Бөлмөдө кеминде 7-8 жигит жүрөт.

– Кана, иштет видеокамераӊды! Муну суракка алабыз. Иштеттиӊби?- олбурлуу, көзүнүн нуру качкан кара жигит жанындагысына кайрылды. Бир убакта Аруукеге:

– Атыӊ ким?- деди орой түрдө. Арууке коркуп да койгон жок. Өзүнүн алсыз экенин унутуп койгондой. Ачуусу келип тиштенип жатты.

– Айбан! Намысы жоктор! Силер эркек эмессиӊер! Малсыӊар!

– Ким эркек анда? Сени тебелеп жүргөн башка улуттарбы? Ошолор эркекпи?- жигит Аруукени 2-3 ирет чаап жиберди. Күп этип кулап түшкөн кыз чөнтөгүндө калем бар экенин эстеп кетти. Оозу-мурдунан кан кетип жатып жылмайып койду. Баары бир ажал жанымды алат деген ой кызга кубат берип койгондой. «Баары бир эч нерсе жоготпойм. Жок дегенде бир жакшы иш жасап коюшум керек» деди ал ичинен.

– Кечирип коюӊузчу, байке!- Арууке корккон киши болуп арамзаланды. Алсыз кызды коркутуп алдым деп өзүнө маашырланган кара жигит Аруукени жакасынан өйдө көтөрө бергенде анын бир көзү катуу оорутуп жиберди. Эмне болгонун түшүнбөй калды. Оору жан чыдагыс болуп, бакырган бойдон көзүн басып жыгылды. Калгандары түшүнбөй калышты. Арууке анын көзүнө болгон күчү менен калемди батырып, кайра тездик менен тартып алган эле. Кара жигиттин көзү агып түшүп калды.

– Энеӊди! Бул сойку Калыстын көзүн чукуп салды!- бирөө кыйкырды. Баары дендароо боло түшүштү. Мындайды эч ким күтпөсө керек…

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️