Пример HTML-страницы

Туткун кыз 21 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

 ТУТКУН КЫЗ

21-БОЛУМ

ЖОГОЛУП ТАБЫЛГАН МАШИНЕ

 

«Ташкенттен чыгып кетпесе эле бул машинени жерден чукусам да табам», — Ибрагим эч жумуш кылбай эртеден кечке машинеси менен көчөгө чыгып, кызыл Мазданы издеп жүрдү. Сол жагында сүзүшкөндөн калган тагы бар ошол машине жер соруп кеткендей дайынсыз жоголду. «Бул иш боюнча МАИге кайрылып көрсөмбү? Жок болбойт, алар бардыгы бир мафияда болуп калышы мүмкүн, шек алдырып койсом Диананы таптакыр жоготуп алам. Анда эмне кылыш керек? Өз алдымча аракеттенишим, аны издешим абзел. Баса, мынчалык  акчаларды кайдан тапкан?», — ал Дианадан калган бооланган акчаларды таңгала карап, колу менен сыдырып койду. «Мындай акчаларды он жыл иштесем да таппайт болушум керек. Эмне кылсам, четинен  чыгымдасамбы же өзүнө кайтарып берсемби. Кой өзүнүкүн өзүнө кайтарып бергеним оң, эми эң башкысы анын өзүн табыш керек. Ал кимдир бирөөлөрдүн туткунунда жүрөт. Аны таап кандай болсо да бошотуп

алышым керек. Эгер ал бул жактын күчтүү мафияларынан болсо анда Диананы ээрчитип алып, алыс жакка кетип калам, эң башкысы Диананы табышым керек». Ал жоготкон кызын шаар ичин бир жумадан бери көчөдөн көчө калтырбай кыдырып чыкты. Көптөгөн чет элдик машинелердин артынан кууп барып, башка машине экенине чындап көзү жеткен соң, кабагынан кар жаадыра токтоп калып жатты. «Аны чын эле Ташкенден башка жакка алып кетиштиби? Болбосо машинени бир жолу көрөт элем го…» Шаар ичин кыдырып атып  акыры чарчаганда үмүтү үзүлө үйүнө кайтып келди. Акыры капталы чийилген кызыл мазданы таппаган соң көптөн берки үмүтү түңүлө МАИ кызматкерлерине кайрылууну эп көрдү. Бирок бардыгы күтүлбөгөн жерден  болуп кетти. Борбордук универмагынын жанынан өтүп баратып кокусунан жол четинде токтоп турган кызыл мазданы көрүп калды. «Ал эмес болуш керек, мындайлар шаар ичинде толуп эле жатпайбы, токтобой эле кете берсемби?» ал арсарсып турду да «Мейли көрсө көрө кетейичи» деп машинеси арыраак жакка токтотуп, ичинен чыкты да алиги кызыл мазданын жанына барды. Дал эле өзү көптөн бери издеп жүргөн тааныш машине экен, аны көргөндө энеси эркек төрөгөндөй сүйүндү. «ооба, мынакей капталындагы чийиги, номуру да

ошол», — ал кубана машиенин айланасына көз жүгүрттү. Бирок ал жерде машине ээси жок экен. Сыягы универмагдын ичине кирип бир нерсе издеп же кафеде тамактанып отурат болуш керек. Машиненин кожоюну кача келет деп Ибрагим зарыга көпкө күттү. Ага эч ким жакын басып келбеди. Арадан эки сааттан ашык убакыт өтүп кетти. Курсагы да ачып, машине ээсин күтүп атып иажай да баштады, баары бир өлөрманданып

кеткиси келбей турду. «Чын эле мунун ээси барбы же таштап салып кетип калганбы? Же болбосо мени  байкап калып атайылап келбей жатабы? Андай болсо тигиндейирээк барып турайынчы» , — ал машинеден бир топ обочороок жерге келди да гезит сатып алып жанындагы отургучка отура аны окуй баштады. Бир аздан кийин жаш кызды ээрчиткен тармал чачтуу муруту бар далдайган жигит машиненин жанына келип эшигин ачкычы менен ача баштаганын көрдү. Аппак сандарын көрсөтүп кыска юбка кийген кыз машиенин тигил  жагына айланып барып, ичине олтурду. Көп өтпөй эле машие от алып ордунан козголду. Аларды карап жалдырай туруп калган Ибрагим эсине келе, шашыла өзүнүн машиесин көздөй чуркап жөнөдү. Дароо от алдыра машинесин кайра артка бурду. Көп өтпөй эле алиги кызыл мазданы кууп жетти. Бири-биринен  анча эмес алыстыкта баратышкан эки машине зуулдашып катуу айдаша  Ташкенттин борбордук көчөсүндө  кетип баратышты. Бирде жай бирде катуу ылдамдыкта кетип бараткан кызыл «Мазданын» ичиндегилер артында байкатпай илээшип «хвостун» келатканын байкашкан жок. Ибрагим бир эки жолу светофордон токтоп кайра тигилердин артынан бат эле кууп жетти. Эми бул чет элдик машинени асмандын алты кабат үстүнө жердин жети кабат түбүнө кирип кетсе да баары бир издеп таап алмак. Ибрагим андан бир секундга да көзүн алган жок. Катуу айдаса катуу, жай айдаса жай, куйрук улаш ээрчип жүрүп отурду. Эки машине көп өтпөй эле  калаанын түштүк тарабына сыртка чыгып кетип, шоссе жол менен жүрүп отурушту. Ибрагим бул  машиненин каякка баратканын дароо эле боолгоду. Калаадан анча деле алыс эмес жерде дачалар бар болчу, алдыңкы машине түз эле ошол жакка багыт алып бараткан. Артында аңдып келатканын шек алып калбасын деп ылдамдыгын анча-мынча басаңдатты. Алдыңкы машине да ылдамдыгын жайлатып, анча чоң эмес короонун алдына келип токтоду. Алиги тармал чачтуу далдайган жигит машинесинен түшүп, дарбазаны өзү ачты да, короого айдап кирип, ичинен жаап алды.

 

 

БЕЙТААНЫШ КЫЗДЫН СЫРЫ

 

Берирээк жакка келип токтогон Ибрагим чыртка чыгып алып, эмне кылыш керек экендигин бир аз ойлонуп турду. Булар жакында чыкпасы белгилүү болчу, атүгүл түнөп калуулары да ыктымал эле. Бул эмне дача экенин жакшылап эсине түйүп койду. Кайра машинесинин ичине кирди да, күүгүм киргенче зарыга күтүп

отурду. Анан айлананы караңгылык каптаганда гаа машинесинен акырын чыгып, алиги короону көздөй ууру мышыкча жылып жөнөдү. Ар кайсы жеринде жарык күйгөнү болбосо дача ичи капкараңгы, жымжырт болчу.  Акырын короонун түбүнө келип дарбазаны түртүп көрдү, ичинен илинүү экен. Короону айланып, бийик дубалдан ичине секирип өткөнгө ыңгайлуу жер таба албай койду. Катуу секирди эле дубалдын башына жете алган жок. Эмне кылаарын билбей айланасына жакшылап көз жүгүрттү. Ары жакта турган узундугу үч метрдей келген темир түтүктү жерден ары-бери жулкулдатып жатып сууруп алды дагы, артка кетенчиктеп катуу  күүлөнүп келип темир түтүктү жерге сая коюп, дубалдын бети менен өйдө карай чуркап кетти. Короонун үстүнкө бетине колу менен илине түтүктү таштап жиберип, асылып калды. Бир аз турган соң үстүнө тартылып чыгып ичине секирип түштү. Короо ичиндеги ача чоң эмес эки кабаттуу үйдүн үстүнкү кабатынын электр жарыгы али күйүп туруптур. Алиги кызыл «Мазда» машинеси эшиктин алдында токтоп турат. Үйдүн эшигин да ичинен илип алышыптыр. Ит жокпу дегендей, эки жагын абайлай карап алды, короо ичи өлүү жымжырт. Үстүңкү кабаттан гана болоор-болбос музыканын үнү чыккансып коньяктар, баштады. Чоң көзүн алып, ары жакка койду да ичине жылмышып кирди. Жогору жактагы жигиттин бакылдаган, кез-кез кыздын күлгөн үнү чыга калып, кайра басылып калып жатты.Ашканага кирип узун чөмүчтү, анан аш бычакты таап алды. «Ушулар курал болот мага» деп кармалап турду. Күтүлбөгөн жерден турсий- майкечен алиги кишинин төмөн карай түшүп келатканын байкай коюп, каалганын артына жашына калды. Ал дагы түз эле ашканага кирип, муздаткычты ачып, ичинен бир нерсе изздей баштады. Бирок артында кимдир бирөө аңдып турганын сезе коюп, ыкчам бурула бергенде чөмүч менен башка катуу жеп, жерге оңкосунан сайылды. Ибрагим ары жактан терезе пардонун жибин чыгарып келип эки колун, эки бутун катуу байлап, көзүн да таңып таштады. Анан

жогору карай көтөрүлдү. Кыз төшөктө жатыптыр, Ибрагимдин келгеин адегенде байкаган жок. Бери жактагы залдын ичиндеги столдо чала ичилген арак, коньяктар, ар кандай тамак-аштар, ичимдиктер жайнап турат. Ушунча бөтөлкөнүн баарын экөө ичишсе керек, кыз да бир топ мас экен. Ал бери оодарыла бери, Ибрагимди  көрө коё, бакыра төшөктөн атып турду. Жыпжылаңач денесин жашыра ак шейшепке ороло калды. Таңгала  Ибрагимге карап чочулай үнүн жай чыгарды.

— Сен кимсиң?

Ибрагим жооп бергендин ордуна тигиге «кийин! » деп буйрук бере сүйлөдү. Кыздын булдурап сүйлөгөнүнө караганда ичкиликке бир топ эле мас экени билинип турду. Ибрагимдин айтканын жасап ары жакта турган кийимдерин кийине баштады.

— Силер кимсиңер, милициядансыңарбы? — алиги кыз кийинип жатып, кайра-кайра эле сурай берди.

— Артык баш суроонун кереги жок, бас, төмөн жакка түш! Кызды алдыга салыбалып экөө төмөн карай түшүп келишти. Колу-буттары, көздөрү таңылып турган өзүнүн кожоюнун көргөндө ого бетер таңгала Ибрагимге карады.

— Мага бир гана нерсе керек. Кечээ жакында дал эле ушул кызыл «Мазда» машинеси менен менин кызымды күч колдонуп алып баратканын көргөм, — Ибрагим кыздын көзүнө тике карап сүйлөп жатты. Эгер экөөңөр тең тирүү калабыз десеңер, аны каякка алып кеттиңер айткыла. Болбосо бул үйдүн тирүү чыгабыз деп  ойлобогула. Кыз чочулай колу-буттары байланып жерде жаткан жигитке карап койду. Ал чөмүч тийген  башынан кан сызыла агып кыймылсыз жерде жаткан болчу.

— Сиз ким болосуз, максатыңыз эмне?

— Мага кызымды бошотуп бергиле, башка эч нерсенин кереги жок.

— Кызыңды аты ким эле?

— Диана.

— Дианабы? — өзүнө-өзү ишенбегендей кыздын эки көзү бакырайды, — сиз Диананын жигити болосузбу, оо Кудайым, бизге жардам бере көр, — анан үнүн жай чыгара жерде жаткан жигитке жалтактай карай акырын үнүн

чыгарды. — Сиз баары бир аны куткара албайсыз. Биз баардыгыбыз алардын туткунубуз, айтканын кың дебей аткарабыз. Алардын мафиясы күчтүү, Диананы куткарам десеңиз, жалгыздап куткара албайсыз. «Жалгыз дарак токой болбойт» деген макалды эске алыңыз. Жалгыз даракты булар жөн гана кыйып ташташат. Булар сиздин көзүңүздү жөн гана тазалап коюшат…

— Диана каякта?

— Шашпаңыз айткыла келатпаймынбы, — жерде кыймылсыз жаткан жигитти чочуркай дагы бир жолу карап

койду, — жүргүлөчү тигил жактан сүйлөшөлү. Биздин сөздөрүбүздү бул угуп калчу болсо иш чатакка айланат.

Экөө ашканадан чыгышып арткы бөлмөгө барышты.

— Кыскасы мындай, — кыз акырын абайлай шыбырап сүйлөдү, — ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып силерди ээрчип мен дагы качып кетсем болот эле. Бирок качып кайда барам. Диана сыяктуу кайра эле кармап алышат  да, ябай кыйнашып, анан өлтүрүп туруп өлүгүмдү кислотага салып, ээритип жиберишет. А мен болсо  жашагым келет, али жашмын.

— Диана каякта, азыр ал тирүүбү?

— Азырынча тирүү эле, бирок алар эртеби кечпи аны өлтүрүп коюшат. Ал азыр тигилердин колунда туткунда. Аны бошото аласыңбы, бошото албайсыңбы көзүм жетпейт. Сени да өлтүрүп коюшат.

— Мени кимдер өлтүрүп коюшат?

— Тиги мафиядагылар…

— Мафия дегениң кимдер?

— Болуптур түшүнүктүү болсун үчүн жакшылап айтып берейин, угуп эсиңе түйүп ал. Биз деген Кыргызстандан эрксиз келгенбиз бул жакка… Ал Ибрагимге жашыруун кыздардын түрмөсү тууралуу болгонду болгондой  жакшылап түшүндүрүп айтып берди.

— Эми түшүндүңөрбү жашыруун түрмөнүн сырын. Ал бизден качып чыгам деп кайра буларга кармалып  калбадыбы. Эми аны соо коюшпайт. Ошондуктан тез арада арекет кылып үлгүрүшүңөр керек, болбосо кеч болуп калат.

— Болуптур, мен анда эмне кылышым керек?

— Мен сизге колумдан келишинче жардам, кеңеш берем. Өзүңөргө ишенимдүү эң кыйын, дасыккан спортсмен жети-сегиздей адам табышыңар керек. Диана жаткан үйдүн дарегин айтып берем. Аны ошол жакка түн ичинде барып куткарып кеткенге мүмкүнчүлүгүңөр бар. Түнкүсүн ал жакта эл азыраак болот.

— Дарегин азыр барып эле көргөзүп келбейсиңби, сыртта машине бар…

— Тигини эмне кылабыз, эсине келсе ызы-чуу салып жиберет го…?

— Ызы-чуу сала албайт, эки колу, эки буту катуу байлануу, көзү да таңылуу. Азыр кыйкырбаш үчүн оозун да таңып таштайм, кыйын болсо анан былк этип көрсүн. Бирөөлөр чечмейинче, бошотмоюнча былк этпей жата  берет.

— Анда мындай кылалы байке, менде бир идея бар. Мен силер менен барып Диана туткундалып жаткан үйдү көрсөтүп келейин, андан аркысын өзүңөр аракет кылгыла. Кайра мени бул жакка жеткирип койгула да өзүңөр кете бергиле. Силер кеткенден кийин мен мунун колун чечейин, эч шек албагандай болсун. Үй ичиндеги  баалуу нерселердин бардыгын шыпырып алып кеткиле, ууру түшкөн экен деп ойлоп калсын.

— Буларыңдын бардыгы выдумка эмеспи, калп айтып, мени ловушкага түшүргөнү жаткан жоксуңбу?

— Эгер калп айта турган болсом жанагы аялдардын менчик түрмөсү тууралуу айтат белем. Андан көрө мен сизге жардам берейин, сиз да бизге жардам бериңиз. Биз шордууну капастан бошотуп чыгыңыз. Бизди  куткарчу бирден бир эле үмүт сиз болуп жатасыз. Кой, эрте күндү кеч кылбай анда ишке киришели, антпесек

убакыттан уттуруп жиберебиз. Экөө шашылыша кайра ашканага келишти. Алиги жерде жаткан киши  акырындап эсине келе кыймылдай баштаптыр. Ибрагим керилип туруп дагы бир жолу төбөгө чапканда  кайрадан эсин жоготуп, былк этпей калды. Ары жактан чүпүрөк алып келип, көздөрүн таңганы аз келгенсип оозун да бууп салды. Экөө шашылыша дарбазанын кичине эшикчесин ачып, сыртка жүгүрүп чыгышты. Түнкү саат бирге чукулдап калган маал болчу. Дача ичи өлүү жымжырт. Ар кайсы жерде күйүп турган электр жарыгы  да өчүп калыптыр. Экөө дароо ары жакта турган машинеге отурушту да каяккадыр жөнөп кетишти. Көп өтпөй Ташкенттин ичине киришип Диана жаткан үйгө жакын келишти. Дарбазасы да дубалы да өтө бийик болчу.

— Биз мына ушул бийик короонун аркы бетинде жашайбыз. Түнкүсүн бизди сыртка алып чыгып кетишет да, таңга жуук кайра алып келишет, жакшылап эстеп калдыңызбы? — алиги бейтааныш кыз сенден «сизге» өтүп кетти.

— Мен деген Ташкентти силерден жакшы билем го.

— Анда андан бетер жакшы. Диана азыр залдын ичинде колдору байлануу жатат. Эртерээк аны куткарып алууга аракеттенгиле, антпесе андан айрылып каласыз. Бардыгы кеч болуп кетет. Экөө шашылыша кайра машинеге отурушту да заматта дачага кайтып келишти. Алиги кыз короонун ичине кирип баратып артына бурула карады.

— Болуптур сизге ийгилик каалайм, тез арада ишке киришкиле! Бардык үмүттүн баары сизде болот, — ал дарбазаны акырын үнүн чыгарбай жаап алды да ичинен илип койду.

Ашкана жакка шашпай басып барып, жерде эс-учу жок жаткан жигитке жек көрүү менен карап койду. Бир аз ойлонуп турду, анан шашпастан ары жактан бычак алып келип, тигинин байлануу колдорун бошотуп, жипти кесип жиберди. Жигиттин таңылган оозун, көздөрүн чечип кружкага суу алып келип бетине жаба чачты. Эсине

келген жигит ооруган башын сыйпалай ордунан козголду.

— Эмне болуп кетти, деги аманбызбы?

— Эмне болмок эле, ичкиликти катуу ичкендиктен үстүнкү кабаттагы кроватка жаткан боюнча уктап калыптырмын. Бир аздан кийин эсиме келип, төмөн түшүп келсем, силер катуу чырмалып, байлануу полдо  жатыпсыңар. Жаңы эле бошоттум… Сыягы уурулар кирсе керек бул үйгө, карагылачы зал ичин бүт чачып аңтарышып тоноп кетишиптир. Экөө чачылган бөлмөлөрдү кыдырышып, эмнелер жоголгонун эсептеп жүрүштү. Бул мезгилде караңгылык акырындап жоголуп, таң жаңыдан үрүл-барал агарып келаткан болчу.

 

 

 

АЛГАЧКЫ ПЛАН

 

Ибрагим үйүнө келип өзүнчө катуу ойго чөмүлдү. «Бул кыздын ким экенин атын да сурабай калыптырмын. Эгер анын айтканы чын болсо, алардын мафиясынын тамыры бүтүндөй Орто Азияны, Россияны, кыскасы мурунку Союздук республикаларга кеңири жайылып бараткан окшойт. Анда чындыгында менин колумдан эч  нерсе келе албай калат. Адан көрө өзүмө атайын группа түзбөсөм болбой калды. Тигилердин ар биринде жок эле дегенде бирден тапачалары бар деп жатпайбы. Бизди жөн эле ит аткандай гана торойто атып салышат. Диананы куткармак тургай өзүбүз туткун болуп беребиз. Бул боюнча мурун өзүм менен чогуу окушкан,  милицияда иштеген досторум менен сүйлөшүп, акылдашып кеңешип көрсөмбү. Балким ошолордун жардамы тийип жүрбөсүн? А эгер алардын начальниктери тигилер менен байланышта болушсачы, анда эмне кылабыз. Өзүбүз сокку жеп калабыз го. Эмне кылсам, канткенде тигилердин чеңгээлинен Диананы куткарып ала алам? Тиги спорт, каратэ менен машыккан досторго барып жардам сурап көрсөмбү, алар мен дегенде тим эле жандарын беришет го. Ооба, ошолор менен да сүйлөшүп көрөйүн. Эрте күндү кеч кылбай эртелейи, болбосо Дианадан түбөлүккө айрылып калышым мүмкүн». Ал дароо эле качандыр бир кезде милиция  мектебинде чогуу окуган досторуна жөнөдү. Аларды өзүнчө кафеге алып келип алып, болгонун болгондой төкпөй- чачпай айтып берди. Курсант кезинде чогуу окушкан досторунун арты эле капитан, майор болуп калышкан.

Анын сөзү буларга аябай чоң жаңылык болду. Ибрагимди эртеси күнү эле Ички иштер башкармалыгы өзүнө чакырып алды. Төрдөгү столдо отурган чини полковник, жашы да элүүлөргө чукулдап калган киши Ибрагимди

жылуу кабыл алып, тосуп алды.

— Сенин берген маалыматың биз үчүн күтүлбөгөн окуя болуп жатат. Бул мафиянын тамыры каякта экенин көптөн бери изилдеп таппай жүргөнбүз. Демек Кыргызстанда турбайбы, эң жакшы болду. Алардын кулач жайып бараткан тамырын кыйып, бүт соолутуш керек. Ырас болду, бизге бир топ жеңилдик кылып бердиң,  сага рахмат. Баса, айтмакчы, милиция мектебин бүттү деп уктум эле. Эмне себептен өз кесибиң боюнча иштеген жоксуң?

— Шартым болгон жок…

— Азыр иштейт белең өз кесибиң боюнча?

— Билбейм…

— Ойлон жигит, али келечегиң алдыда. Азыр андан көрө Кыргызстандын ички иштер министрлиги менен байланышыш керек. Кыскасы муну тактайбыз…

— Бул иш жакында бүтпөйбү?

— Бардыгын дагы иликтеп, аныктап, толук далил алгандан кийин анан ишке киришебиз…

«Демек булардан үмүт жок экен да, ага чейин Диананы өлтүрүп коюлары мүмкүн. Кой, андан көрө өз алдымча аракеттенбесем болбой калды», — Ибрагим жолдо ушуларды ойлоп баратты.

 

 

 

ЭСКИ ДОСТОРДУН КЕҢЕШИ

 

 

 

«Эмне кылсам, убакыт деген золото, бир мүнөт дагы убакытты текке кетирбеш керек. Эгерде тиги кыздын айткандары чын болсо, анда Диаадан ажырап калышым ыктымал, кандай болсо да, эмне кылсам да бир нерсе ойлоп табышым абзел. Мага көмөкчү болуш үчүн профессиоал аябай дасыккан чебер спортсмендер  керек. Болбосо «жалгыз дарак токой болбойт» дегендей менин колумда жалгыз эч нерсе келбейт. Анын өзүнүн акчасын өзүнөн аябайын, акчага жалдасам да «наёмный адамдарды таап, атайын топ түзүп, Диананы өлүмдөн куткарып алышым керек. Мендеги бирден бир үмүт Абдувахаб. Абдувахаб менен сүйлөшүп көрүш

керек, бир келсе ошонун колунан келет. Көп жылдардан бери кунфу, таеквадо, ушу, каратэ боюнча  машыктыруучу болуп иштеди. Орто Азия боюнча ар кандай спорттук беттештерде байгелерге ээ болуп, «Кара пояс»» деген наам алды. Бир канча жолу «Бой без правилага» катышып, жеңишке жетишти. Андан бардык ар кандай криминалдык чөйрөлөр коркушат, жергиликтүү «авторитеттер» сыйлашат. Бул жерде ал бир топ эле кадыр-барктуу адам. Кача калса да бир айылдык жердеш, курбалдаш эмеспизби, бир келсе ошонун колунан келет, жакшылап түшүндүрүп, жардам сурап кайрылып көрөйүн». Ибрагим Абдувахабдын кайда жашаарын билчү эмес, бирок машыктыра турган спортзалын жакшы билчү. Ага эки күн катары менен барып кармай албай койду. Үчүнчү күнү дегенде гана карпа- курпа бет маңдай жолугуша калышты. Ал кимдир бирөөлөр  менен шашыла спорт залдан чыгып четте турган кара «Джип» машиесин көздөй жаңыдан кетип бараткан. Ибрагимди тааный коюп бери басып келип учурашты. Абдувахаб экөө тең курдуу жигиттерден болчу.

— Салоомалейкум жол болсун, кайдан адашып жүрөсүң?

— Мен сага келдим эле…

— Жайынча элеби, деги тыччылыкбы?

— Сени менен сүйлөшө турган сөздөр бар.

— Эмне акча проблема болуп атабы, эгер андай болсо анын жарасы жеңил эле…

— Жок андай эмес, таптакыр башка маселе. Өтө серезный… Абдувахаб өздөрүн жалдырай карап туруп калышкан жигиттерди ары баса бергилечи дегендей белги бери Ибрагимди бери карай ээрчип келди.

— Эмне болду, деги тынччылыкбы?

— Тынччылык болсо ушинтип сага кайрылмак белем жардам сурап.

— Эмне жардам керек, айта бер.

— Экөөбүз тээ бала кезден эле бир айылда чоңоюп, бир мектепте окуп, далай жолу кошуна айылдагы  өзүбүздөн улуу балдар менен мушташып, далай эле ызы- чууларды чогуу баштан кечириштик…

— Бирөөлөр сени обижайт кылыштыбы?

— Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Бул өтө эле олуттуу маселе, буга сенин жардамың керек. Сүйгөн кызым бирөөлөрдүн туткуну болуп, өлүм алдында жатат. Убакыттан кечиксек алар аны өлтүрүп коюулары мүмкүн…

— Аларың ким?

— Мен өзүм да жакшы билбейм. Сыягы булардын түпкү тамырлары Кыргызстанда окшойт. Сауна, кафе, ресторан, мейманкаалардагы бай адамдарды, чет элдиктерди камсыздандырып турган сулуу жаш кыздарды билесиңби. Ошолордун кожоюндары менин кызымды уурдап кетишти. Ушул тапта ал өлүм алдында жатат.

Абдувахаб кабагын бүркөй катуу ойлонуп калды.

— Бул өтө эле серезный иш экен, мен анын адамдарын жакшы тааныйм. «Биз менен иштеш» деп сунуш да кылышкан бир убакта, мен болбой койгом. Чындыгында эле алардын мафиясы аябай күчтүү, тамырлары бүтүндөй Орто Азияга тараган. Алардын жетекчисин жакшы тааныйм, барып сүйлөшүп көрөйүн, балким коё беришээр…

— Жок, аны эч качан коё бербейт.

— Чындыгында аларды бошотуу өтө кыйын, акчага да сатышпайт…, Болуптур, бул маселени ойлонуп көрөлү.

— Сен ойлонгуча кеч болуп калат, бул эки-үч күнгө созулуп кетсе аны өлтүрүп коюшат.

— Өлтүрүп коюшарын кайдан билесиң?

— Аны менен чогуу жүргөн бир кыздын өз оозунан уктум. Катуу испытаниеден өтүп жатыптыр, жакынкы мезгилдерде балким эки же үч күндүн ичинде, аны өлтүрүп туруп, өлүгүн кислотага ээритип жиберишет имиш.

— Баса ал эме болгон кыз?

— Жана айтпадымбы, ал менин эң эле жакын адамым, мен аны ушунчалык жакшы көрөм, сүйөм. Эгерде аны өлтүрүп коюшса билбейм мен эмне болоорумду. Ушунча болуп сага бир да жолу жардам сурап кайрыла элек элем, бир жолу жардам бер, акча десең акчасын да төлөйм.

Анын сөзүнө Абдувахаб жылмайып койду.

— Акчанын зарылчылыгы деле жок мага… Болуптур жардам берейин, бирок…, — ал бир азга унчукпай ойлонуп калды. — Бул өтө эле олуттуу нерсе, ортодо кандуу кагылыш болуп кетиши да мүмкүн. Анткени алардын кишилеринин бардыгында ар кандай куралдар бар атылуучу. Ал эми менин балдарымда болсо курал жок  андай, бирок мушташ, рукапашный бойлордон болсо эч кимге алдырышпайт. Баса, ал кызың азыр кайда?

— Дарегин билем, эки колу, эки буту байлануу, өлүм алдында жатат. Аны куткарыш үчүн буга жок эле дегенде жети-сегиз же онго жакын адам керек аябай машыккан, дасыккан. Алардын ар бирине кызматына жараша  акчасын төлөп берем.

— Эмне ошончолук эле байсыңбы? — анын сөзүнө Абдувахаб тырчый түштү, — экөөбүз качан эле акчага  соодалашып жүрчү элек. Эгер акчаң ошончолук эле көп болсо, каякка чыгымдарыңды, жумшарыңды билбей турсаң, анда ошол акчаларды айылдагы эне-атаңа бери жибер. Андан көрө жүрү акырын сыртынан акмалап

көрүп келели кызыңдын кайсыл жерде туткунда турганын. Адан аркы планды ошого жараша иштейбиз.

Абдувахаб ары жакта турган эки-үч баланы Ибрагимге тааныштыра кетти.

— Булар менин эң ишенимдүү балдарым. Оң колум десем да болот. Убагында чоңдорго «телохранитель» да болуп иштешкен. Азыр болсо мени менен иштешет. Бардыгы машинеге отуруша Ибрагим көрсөткөн тарапка жөнөп кетишти. Алиги бийик дубалдуу короого элүү метрдей жетпей үйдүн бурчуна токтошту. Ичинен чыкпай эле сүйлөшүп отурушту.

— Мына ушул бийик дубалдуу короонун ары жагында менин кызым. Возможно дубалдын ичинде иттери болуп калышы да мүмкүн. Айланага караңгы киргенде чет элдик машинеге кыздарын салып алып калаага чыгып кетишет экен. Анан таңга жуук кайра кайтып келишет. Түнкүсүн бул жакта бирин-эки эле кишилери калышпаса калгандары кыздары менен калаанын ар кайсы булуң-бурчтарында болушат. Биз ушундай маалды, кырдаалды пайдаланышыбыз керек. Жигиттери кайтып келгиче Диананы уурдап чыгып кетишибиз зарыл.

— Уурдабай эле күч колдонуп, тартып алып кетсекчи…

— Анда ызы-чуусу көп болуп кетет го дейм. Андан көрө менде бир идея бар. Кыздарын салган чет элдик машинелери биринин артынан бири ээрчишип короодон сыртка чыкканда, ошол машинелеринин бирөөсүн акмалап барып, басып калып, туткун кылып албайлыбы. Ичиндегилеринин баарын байлап салып, ошол  машине менен кайра бул короого келбейлиби. Короо ичиндегилер машинени таанышат да. Балким дарбазаны ачып бизди өткөрүп жиберишээр. Эптеп эле ичине кирип алсак андан аркы аракетибиз жеңилирээк болот эле.

— Андай болбойт, алардын өздөрүнчө секретный паролдору болот. Паролду билбесек ичиндегилер дарбазаны ачышпайт. Тескерисинче кайра шек алдырып коёбуз. Анда ишти дагы татаалдаштырып алабыз.

— Анда кандай план бар?

— Дубал ичине башкача жол менен кириш керек. Машинелеринин бардыгы чыгып кеткенден кийин дубалдын ичине мындай эле секирип өтөбүз.

— Ичинде иттер бар болуп калсачы.

— Анын да айласын табабыз. Анда биринчи кезекте иттердин көзүн курутуш керек. Андан кийин гана ишке киришебиз.

— Иттердин бар же жок экенин кантип билсек болот?

— Андан көрө адегенде мындай кылалы Ибрагим. Мен өзүмдүн эң ишенимдүү деген балдарымдан жети-сегизди табайын. Караңгыда көрүнбөш үчүн жалаң кара жеңил кийимдерди, беттерибизге кара чүмбөт, кара мээлей кийишибиз керек. Ар кандай болуп кетиши мүмкүн, кол салганга же коргонгонго өзүбүзгө ылайыктуу

куралдарды табышыбыз керек. Тигилердин ар биринде атылуучу куралдар бар. Бизге карай ок атып  жибериши да мүмкүн. Эгерде алар бизге ок ата турган болушса ортодо кан төгүлүп кетиши да мүмкүн, бирок биз ага мүмкүнчүлүк бербешибиз абзел. Бардыгын план боюнча тыкан, ызы-чуусуз, тынч жасашыбыз керек. Өңдөрүбүздү таанытпай туткун кызды, тоесть кызыңды эптеп алып чыгып кетсек, изибизди таптакыр

жашырып кетет элек. Биздин ким экенибизди билбей да калышмак. Ошондо гана каршылашпай, жоолашпай калмакбыз.

— Болуптур, урушта туруш жок, эрте күндү кеч кылбай ишке киришели, — машине кайрадан от алды дагы  ордунан козголо бурчтагы көчөгө бурула көздөн кайым болуп кетти.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE