Периштенин көз жашы 20 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=43840&preview=true Кызыктуу окуялар.

Периштенин көз жашы 20 бөлүм

 

Асия куду кино көргөндөй тиктеп турду. Дирилдеген денесине ээ боло албай жатты. Ак көйнөк кийген кыздын көзүндөгү жаш, Айдардын андан качып машинесине отуруп жөнөп кеткени, Эрнистин машиненин артынан чуркаганын көрүп турду. Андан соң Айдардын үрпөйгөн досторун, нес болуп босогодо туруп калган колуктусун, анын жанындагы бойлуу, чырайлуу кызды, башын мыкчыган Эрнисти көрдү.

– Мен кылдым! Бүгүн жолуктурбашым керек эле, анын мүнөзүн билип туруп эмнеге алып келдим? Акмакмын мен!- деп жатты Эрнис.

– Бекзат, уулум, жүрү машинеңе отур, аркасынан баралы. Бир нерсе болбосун. Кызым, Арууке, сен Айгеримдин жанында кал. Тапсак кабар беребиз. Силер да издешкиле,- деди ал уулунун досторуна. Бир гана селейип турган Асияга сөз таба албады. Купкуу болуп турган аялдын жанына келди да, көзүнө тынчсыздана карады.

– Сен кандайсың?- деди. Асияны нес абалдан ушу коңур үн чыгарды. Дал жаш кезиндегидей кыя албаган бир жакындык менен абалын сураганы өзүнө келтирди көрүнөт.

– Мен… Мен жакшымын. Мен бул жерде калайын, сен артынан бар. Бизге кабар бер,- деди ал араң күбүрөп.

Эркектер тез эле машинелерине отуруп, жөнөп кетишти. Бирок таба алышкан жок. Эч жерден таппай коюшту.

ххх

– Сиз эмнеге келдиңиз, ыя?! Бир күн же бир саат кеч келсеңиз болбойт беле?! Эмне үчүн бүгүн келдиңиз?- деди Айгерим бөлмөдө селейип турган аялга. Аял эмне дээрин билбей, артка кетенчиктеди.

– Мен…

– Сиз бардыгын кыйраттыңыз. Өз уулуңузга тырмактай жакшылыгыңыз тийген жок. Эми да жашоосун астын-үстүн кылуу үчүн келдиңиз. Жек көрөм!

– Айгерим!- деди Асман ага жалбара карап.

– Силер эч нерсени түшүнбөйсүңөр! Мен бул күндү 14 жашымдан бери күткөм. Биз бул күнгө бир күндө келип калган жокпуз. Мен сүйгөн адамыма кадамдап жеттим. Эми жеттим дегенимде…

Чындыгында Айгеримдин арманын бул отурган экөө кайдан билсин? Жүрөгү от болуп күйүп жатканын ким билмек? Ар биринин тозогу өзүнүн көөдөнүндө гана жашайт эмеспи.

ххх

Айдар эртең менен ойгонду. Кимдикинде, кайда жатканын түшүнө албай турду. Даң-даң-даң… Кимдир бирөө башына барскан менен чаап жаткандай кеңгирейт. Акырындан эсине келе баштады. Бир күн бою жалгыз отуруп алып ичкенин, анан телефонун карап отуруп Аделя деген жакын сырдашкан дос кызынын номерин тергенин билет. Анткени эркек досторуна чалса, атасы таап алат деп ойлонуп жатканын эстеди. Акырындап андан аркы окуяларды эстеди. Айгерим! Жүрөгү мыкчыла түштү. Ак көйнөк кийген Айгерим. Болбой калган тою… Аны тиктеп турган кубарган аял. Жок, жок, андан аркыны эстеп кереги жок. Суу ичкиси келди. Ошол учурда Аделя кирип келди.

– Уйкучу, тур эми.

– Суу берчи.

Суу ичти да, кайра жатып алды.

– Турбайсыңбы?

– Жок, сен жумушка кеткенден кийин турам, бир адамдын жүзүн караганга алым жок.

– Айдар, сен такыр ичпечү элең, эмне болду?

– Алаамат болду. Жашоом ордунан коңторулуп кетти. Акыр заман келди. Бардыгы болду, досум.

– Айгерим эмне болот?

– Билбейм, эч нерсени билбейм.

– Макул, мен жумушка кеттим. Мына ачкыч. Өзүнчө калышың керек окшойт, жакшылап ойлон.

– Рахмат, мени көргөнүңдү эч кимге айтпа.

– Макул.

Жалгыз калды. Туруп муздак душка түшүп, кофе ичти. Башынын кеңгирегени азайганы менен, жүрөгү ооруп жатты. Көкүрөгүндө эч нерсе жок калгандай туңгуюк. Эмне мынча бошодум? Ал кайсы бир күнү келерин билген жок белем? Билгем, бирок ал эч нерсе болбогондой алдымда турду. Ансыз өткөргөн 26 жыл болбогондой, эч күнөөсүз адамдай чыга калды. Кызык, ал мага эмне демек? Балким, кечир демектир? Кечир демек, бир нерселерди айтмак. Албетте, анын себеби да бардыр. Бирок баласын таштап, эч кылчайбай кеткен энеге бул дүйнөдө кечирим барбы? Себеби болушу мүмкүнбү? Эч нерсе болбогондой, ушунча жыл жалгыздыкта өлүп кайра тирилип “апа” деп жатып, “апа” деп туруп жүргөнүмдү сезбегендей жөн эле келиши керекпи? Менин сагынганым, күткөнүм, үмүтүм…

Кофе сууду. Дал ушул учурда гана Айдар апасын ушунчалык жакшы көргөнүн, билбесе да, көрбөсө да көкүрөгүнүн тереңинде жек көрө албаган адамы экенин сезди. Көрсө, ал Аруукеден да, атасынан да мурун апасын сүйгөн экен. Апасы баласын кандай сүйө алса, андан да миң эсе ашык сүйүптүр. Канчалык сүйсө, ошончолук ызасы ашып жатканын да сезди. Алсыздыгына жини келди.

Айдардын өзү менен өзү күрөшкөн жашоосу ушинтип башталды. Күнү кечке Аделянын үйүндө жатты. Кечинде чыгат да, ичимдик ичет. Күндүз уктайт. 5 күн болгондо Аделянын жаны кашайды. Асмандын телефонун таап, агасы тууралуу кабар берди. “Эч кимге айтпай кел” деди даректи берип жатып.

ххх

Эшиктин коңгуроосунан башы сынып кетчүдөй болуп кетти. Айдар араң туруп эшикти ачты. Алдында Асман турган экен. Көргөн көзүнө ишенбей, туруп калды.

– Сенби?

– Айдар байке,- кебетесин көрүп, Асман ыйлап жиберди.

– Ыйлаба, эмнеге ыйлайсың?

– Кебетеңди карачы, селсаякка окшоп калыпсың.

– Мен… Азыр…

Бир аздан кийин Айдар менен карындашы столдо отурушту. Унчугушкан жок, жөн эле отурушту.

– Айдар байке.

– Аруш, эч нерсе дебе.

– Айгерим…

– Аа, Айгерим, макул, мен күнөөлүүмүн. Бул теманы жабалы. Негизи мен үйлөнбөшү керек болгон адам болчумун, өзү такыр түшүнбөй койду. Тагдырын мени менен байлабаганына шүгүр кылсын да, андан аркы жашоосун улантсын. Сенин дагы иштериң көп, мага убактыңды коротпо.

– Сенчи?

– Хм, менби? Менде бир нерсе калды дейсиңби? Сен айткандай селсаяк болом.

– Айдар байке!

– Башым ооруп жатат, Аруш, эч нерсе тууралуу сүйлөшкүм келген жок.

– Билесиңби, эгерде менин апам тирүү болгондо анын таштап кеткенине да кайыл болмокмун. Бир эле жолу келип чачымды сылап, бир жолу жүзүмдөн өпкөнүнө миң шүгүр кылмакмын. Апам эс тартканы чачымды тараган жок. Дайыма Айжандыкын тарап, өрүп берчү, меникин тарачу эмес. Бала кезде апам чачымды тарап, өрүп берсе деген эң чоң кыялым боло турган. Бүтүндөй бакыт ошол колдордо, тарактарда болгондой сезилчү. Бакма экенимди билгенде, балким, өз апам табылып калар дедим. Бирок андай болгон жок. А сенин апаң тирүү, сага келди.

– Келбесе андан да жакшы болмок, Аруш.

– Аны актаган жокмун, Айдар байке. Бирок бир чындыгы бар болсо керек. Сен минтип качканыңдан эч нерсе өзгөрбөйт. Атаң жинди болгону калды. Айгерим…

Айдар карындашын карап жылмайып койду. Кайсы бир учурда Айдар сооротчу, акылын айтчу, ал үчүн бул дүйнөнүн болгон жүгүн көтөргөнгө, болгон маселесин чечкенге даяр эле. Азыр карындашынын көздөрүнөн дал ошону көрдү. Жандалбастап бир шоола болсо да жан дүйнөсүнө киргенге аракет кылып жатканын сезди.

– Аруш, баары жакшы болот. Сен капа болбочу. Атама да айт. Менде баары жакшы. Болгону өзүм менен өзүм калайын. Ичимде бир чоң ыза бар, аны жеңмейинче эч нерсе кыла албайм.

– Ал сени жеңип кетсечи, канча күндөн бери баш көтөрбөй ичип жатасың?

– Кет, Аруш, сенин толтура маселең бар…

 

Жалгыз караан келе жатты. Алсыз болчу. Улам токтойт, кайра илгерилейт. Жолдун аягы көрүнбөгөндөй. Акыры темтеңдеп келди да, эшикке жакындады. Эшикти ачып, тааныш босогодон аттады. Атасы уйкусуз короодо басып жүргөн экен, тиктеп калды. Уулун көрүп, Эрнис чуркап келди.

– Айдар, уулум.

– Ата-а…

Оозунан арак буркурайт. Алсырап бүткөн экен. Теңселип турганында башын жөлөй калды. Баласын керебетине жаткырды да, башын чайкап турду.

Айдар ойгонуп, өз үйүндө жатканын билди. Атасы бир нерсе кылып жүргөнүн кыймылынан туйду. Бөлмөсүнө келип, баш жагына отурганда көзүн жумуп алды.

– Болду эми, жигит, акылыңа кел.

– Ата, аны сен таап алып келдиң, ээ?

– Жок, өзү келди.

– Жашоомду түпкүрүнөн кыйраттыңар. Экөөңөр мага бир күн да бактылуу болууга уруксат бербедиңер.

Эрнис баласын жулкулдатып, өзүнө каратты.

– Мени кара, сага башында айткам. Мен күнөөлүү болчумун. Асия менин күнөөмдүн курмандыгы.

– Ал сүттөй акпы?

– Турмуш бизди өзү жазалады. Сен Кудайдан да кыйын болуп кеткен жоксуң, балам. Бир жолу айтканын ук, балким, аны түшүнөрсүң. Бир жолу угуп көр.

– Жок!

Айдар көк бет эле. Канча адам айтса да болбоду, жүрөгү жибибеди. Турмушка кайта баштады, бирок Айдар эмес, анын көлөкөсү сымал эле. Жумушуна барат, кайра келет. Эч ким менен сүйлөшпөйт. Мурунку жайнаган көз карашы азыр тоңуп калган. Муздак, кайдыгер карачу болду. Балдар үйүндө Аруукеден ажыратып коюшканда дал ушул абалда калган. Өзү менен өзү эле.

Ошол күндөрдө ага кат келди, апасы жазган экен. Атасы эртең менен колуна карматты да, үн катпай чыгып кетти. Алгач тытып, ыргытып жиберейин деген, бирок колу барбады. Катты жарым сааттай тиктеп турду да, акыры колуна алып, ачып окуй баштады.

– Айдар, уулум. Уулум дегенге укугум жок экенин билем. Бирок баары бир уулумсуң. Канчалык баш чайкасаң да, мен сени жарык дүйнөгө алып келген апаңмын. Туура, мени кечирбейсиң. Мүмкүн эмес. Негизи мен кечирим сураш үчүн деле келген жокмун. Өмүрүмдүн акырында арманым калбасын деп сени бир көргөнү келдим. Алыстан эле көргөнүмө ыраазы болмокмун. Бирок Эрнис болбой койду. Ошол күнү сени айкөл, мээримдүү экениңди айтып, жетелеп барды. Тоюңду байкабастан бузуп алдым. Балким, сени жана колуктуңду бактылуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраттым. Мына ушуга аябай өкүндүм.

Турмуш мени сынады, баарыбызды сынады. Мен сени таштап кеткенде болгону 22 жашта болчумун. Сулуу элем, жаш элем. Эркектердин таландысында кала турган болгонумда бир адам жолумдан чыкты. Эгерде Абдул жолукпаганда, мен эмне болот элем, билбейм. Бир гана ошол адам бул дүйнөдө мага адам катары мамиле кылды. Аял болгонду аны менен жашап үйрөндүм. Аздектелген адам болуу кандай экенин ошол адам аркылуу билдим. Кеп ал алып берген алтын-күмүштө эмес эле. Балким, ошондодур?.. Бирок андан да кымбаты – мен ал адамдын жанында эч ким кире алгыс темир сепилдин ичиндегидей корголуу элем. Сүйүктүү аялы болдум. Сени жана өтмүшүмдү унутканга аргасыз болдум. Абдулга мурун турмушка чыкканымды жана балам бар экенин башында айтсам болмок, кийин кеч болуп калды. Көңүлүн оорута албайт болчумун. Өткөнүмдү чийип салып, сүйүктүү аял болуп жашоо оңой болчу. Бирок чийилбейт тура. Көзүңдү жумуп, кулагыңды жаап, жан дүйнөңдү тумчулап салсаң да, өтмүшүңдү унута албайсың. Сенин көкүрөгүңдө мен ар дайым кандай жашасам, сен дагы менин жан дүйнөмдө ошондой жашадың. Сен мени унута алдыңбы? Унута алсаң, көкүрөгүңдө болбосом, келгенимди мынчалык оор кабыл албайт элең.

Сонун жигит болуп чоңойгон экенсиң. Сени атаң экөөбүз чоңойткон жокпуз. Эч качан жаныңда боло албадык. Бул жолу да жүрөгүңдү канаткандан башка эч бир жардамым тийбеди.

Бүгүн ата-энеме барам. Кайсы бир жылдары “сендей кызым жок” деп тирүү кызын чийип салган атама барам. Мен аны бүгүн кечирдим. Кечире албайм деп ойлогом, бирок кечирдим. Кайсы бир күнү сен дагы мени кечирип каларсың. Мен сени ар дайым күтүп жашаарымды бил. Кош!

Катты окуду. Чыңалып турган денеси бошой түшкөндөй болду. “Кетсе кетсин, эмне болсо ошол болсун” деди ичинен…

 

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️