Пример HTML-страницы

Өкүнүч

https://kyrgyzcha.site/?p=40458&preview=true Кызыктуу окуялар.

Өкүнүч

 

Айсыз караңгы түндө,айыл аралап эки караан кетип бара жатты. Айылдын кээ бир эле үйлөрүнүн терезесинде жарык күйүп турбаса , көпчүлүк терең уйкуда.

Бирин — серин иттердин үргөн үндөрү угулуп жатат.

— Кайсы жерде эле?

— Азыр ,бийик эки терек өсүп турган болчу ?

— Таеже , бирөө жарым көрүнбөйбү?

— Жок…

— Эми эмне кылабыз?

— Азыр ,мобу жерге отуруп тур,мен карап келейин!

 

Аңгыча ыңаалаган баланын үнү угулду.

— Акырын ,ыйлабачы!Азыр сени багып ала турган үйдү табабыз. Мага таарынбачы,мен сени эмес өзүмдүн кара жанымды бага албайм. Ата сөрөйдөн пайда жок. Мени алдап кетпедиби!

 

Ымыркай катуулап ыйлай баштады,ары — бери терметсе да болбойт.Эки жагын каранган неме ,бирөөлөр укса кармап калчудай коркуп элеңдеп айланасын карайт.

Ыйлаганы басылбасын сездиби ,айтор ыңгайлуу отуруп алып,тырсыйып,сүт тээп баштаган эмчегинин үрпүн баланын оозуна жакындатты.

Таежесинин » баланы эмизбе» деген сөзүн дагы унутта калтырды.

Ачкасынан ыйлап жаткан ымыркай ,оозуна жакындаган эмчекти ,жытынан таап алып,шап жармашып ,эме баштады.

Төрөтканадан дарыгерлердин эмиз дегенин укпай,кошумча тамак менен тамактандырып жаткан неме,айла жок бирөөлөр угуп калбасын деп эмизип жаткан.

Бир заматта , бүлкүлдөтүп эмип жаткан наристесин карап ,ичи ачыша баштады.

— Эй кыз,эмне эмизип жатасың?Мен сага айтпадым беле,таштай турган болсоң,эмизбе деп…

— Катуу ыйлап жатса ,эмне кылайын анан… Мейличи байкушум бир тоюп алсын,кандай күнгө туш болот ,ким билет?

— Аны башынан ойлонушун керек болчу!

 

Экинчи эмчегин да ачып эмизгенге киришти. Экөө тең унчукпай ойлонуп отуруп калышты. Сүткө тойгон бала,былк — былк эттирип тилин былкылдатып уйкуга кетти.

Ушуну менен энесинен айрылып жатканын кайдан билсин?

— Тиги үйдү таптыңызбы?

— Ооба

— Эшикке чыкпай койбойбу?

— Укса чыгат да .

 

Акырын басышып көчөсүндө эки чоң терек өскөн үйгө жакындашты. Дагы жакшы ,көчөдө бош жүргөн иттер деле көрүнбөйт.

Чоң дарбазалуу үйдүн жанындагы ,жыгач отургучка баланы ороо- чулгоосун бекемдей жаткырышты.

Акыркы жолу наристесин бир жыттап алган,илмейген жаш кыз көзүнүн жашын көлдөтүп,улам — улам артын карап кетип бара жатты…

 

— Ээ Сагын тиги эшикте ыйлаган баланын үнү угулуп жатат окшойт. Тур карачы!

— Өзүң кара ,түн жарымында кайдагы бала болмок эле?

— Сен эркек болуп ,чыгып карабасан,мен эмнеге чыкмак элем?

— Туй, энеңди урайындын катыны! Дегеле менин баркымды билбедиң го!

— Кыйын молдо болсоң өзүңө,мага эмне? Же мени тиги » дем салып коюңузчу молдоке» деген жаш келиндерден дейсиңби?

— Эй ,башты оорутпачы,сенин ушундай кыялыңды көтөрүп кантип жашап жүрөм!

— Мен үчүн эмес үч кызың үчүн жашайсың да! Тетири басып көр ,молдоке болгонго чейинки кылык — жоругуңду элге жайып салсам, сага бир киши басып келбейт!

Аялы Клара тултундаган бойдон ,кыздары жаткан бөлмөгө кирип кетти.

 

Сабира ары- бери которулуп жатып ,ойгонуп кетти.

Түшүндө кызы Нуржан кириптир , Сабира аны бекем кучактап кучактап алып ыйлап жатыптыр.

» Сен тирүү турбайсыңбы,мен сени өлүп калды деп куурап жүрбөйүмбү,кызым» ,

» Апа көп ыйлабачы ,менин жаткан жерим сазга ,баткакка айланып калды.Ыйлабачы! Биз атам экөөбүз биргебиз,сиз ыйлаган сайын атам экөөбүз кыйналып ооруп жатабыз!

Ыйды токтотунуз ,бул көгүчкөндүн балапанына уя жасап берип коюңузчу!Кичине алаксыйсыз — деп колуна балапан берип жатыптыр.

 

Чочуп ойгонсо ,бетинин баары көзүнүн жашы,ал эмес жаздыгы нан бери көз жаштан суу болуп калган экен.

Бүгүн кечке короо жайын тазалап жатып аябай чарчаган ,кечке жуук телевизор көрүп жатып көзү илинип кетиптир.

— Катуу чарчасам керек, түн жарымына чейин уктаганымды кара! Кызымды өңүмдө көргөндөй көрдүм ,кой туруп кичине камыр жууруп коёюн. Эртең жыт чыгарып,май токоч жасап таратып коюш керек.

 

Өзүнчө ар кайсыны кобурап жатып, ун салган чарасын көтөрүп ,короодогу ашканага жөнөдү. Короонун жарыгын күйгүзүп,сыртка чыкты.

Ашканасынын эшигин жаап жатып,кулагына баланын ыйлаганы угулуп кетти.

Мындай караңгы түндө,кайдагы бала ,көчөдө жүргөн мышыктар мыелоп жаткандыр деп ойлонуп койду.

Үйүнө кирип бара жатып ,дарбазанын эшигин илдим бекен деп ойлонуп дарбазага жөнөдү…

Чын эле ачык калган тура ,дарбазаны жаап ,илгичин иле баштады.

 

Мына дагы эле ,баланын үнүндөй кынылдаган үн чыкты.

Бир топко тыңшап турду,мына дагы …

Үйүнө кирип ,кире беришинде турган фонаригин көтөрүп көчөгө чыкты.

Жарык кылып ары жак,бери жагын караса да эч нерсе көрүнбөйт. Дагы бир аз турду да ,кошунасы тарапты да жарык кылды. Оң жактагы кошунасынын үйүнүн алдында,

жыгачтан жасалган отургучта бир баштыкпы, чүпүрөкпү иши кылса бир нерсе жаткансыйт.

Жакындап барып караса ,оролгон бир нерсе жатат.

Мына ,жанына келип туруп калды

— Ой тобо ,чын эле ымыркай го! Оо Кудайым кайсы куураган эне минтип ,баласын таштап кетти!

Тепкилене берип ороо- чулгоосу ачылып калыптыр, колу буту муздап селейип калган баланын үнү араң эле кыңылдайт.

Сабира баланы ороо-чулгоосу менен кучактай коюп ,үйүн көздөй чуркады…

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE