КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ (10-бөлүм.)

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ Кызыктуу окуялар.

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ   (10-бөлүм.)

Жийденин көңүлү көтөрүңкү,эрте туруп эки жагын жыйнап,үйлөрүн актап,Россияга кетүүгө апасын араң көндүрүп эки баласын таштап,тобокелге салып,жолго чыкканы турат.Россиянын Новосибирск шаарында,бир тууган тайэжеси бар,»билетиңди алып берем,эжемди эптеп көндүр,келгенин келип алып,балдарым деп кайра кайтпагандай бол» деп,кулагына кумдай куйду.»Апа,мен деле элдей жашагым келет,медсестранын айлыгы менен,там ала албайм,иштеп келейин» деп,энеси менен толук келишимге келип,эс тарткан эки кызына:-Өзүбүзчө үйлүү-жайлуу болобуз,тайэнеңердин тилинен чыкпагыла деп,басса-турса какшап жатты.Жийденин апасы Чырак кемпирдин үйүндө,Жийденин эки кызынан башка,каза болгон уулунун чоңоюп калган,энелери таштап кеткен,эки небереси бар.Бири онунчу,экинчиси сегизинчи класста окушат.Канаты өтө куу,кемпирдин сүймөнчүгү,Талант бетке айткан,өткүр бала.Кемпир аны жек көрөт,себеби энеси менен тымызын байланышып турат,телефон менен сүйлөшөт деп угат жана ал аны жашырбайт,апам алып кетем десе,кетем деп айтат.

Жийденин улуу кызы Асема,алтынчы класста мыкты окуйт,экинчи кызы Зарема бешинчи класс,өтө түнт кыз.Жийдеден кичүү иниси Болгонбай аялы менен ажырашып кеткен,үйдөн айлап жылдап жоголуп кетет да,бир күнү пайда болуп калат.Чырак кемпирдин короосу майлуу,сүттүү,мал-жандуу,пенсиянын мыктысын алат,ыраматылык абышкасы өмүр бою малда жүргөн,сексенге ооп калган кемпир,Жийде Россияга кетем дегенде,абдан каршы болуп:-Менин башыма олтуруп,ыйлабай каласың деп,араң макул болду.Жийде кетээри менен кунарсыз күндөр башталаарын ким билиптир,эки кыздын көңүлү чөгүп,кемпирдин жетеги менен араң гана турат.Кайдан-жайдан пайда болду,баягы Болгонбай да,пайда болду.Үйдүн түйшүгү,уй саамай,нан салмай,төшөк салмай,кир жуумай эки кымындай кыздын түйшүгү катары бекитилип,кемпирдин кирип,чыкканы болбосо,алы деле жок.Балдар үй бетин деле көрүшпөйт,бүтүрүүчү чоң класстар болгондуктан мал жайлап,суу ташып койсо болду.

Жийде бараары менен жакшы жумушка орношту,болгондо да,өз кесиби менен,шаардын бир ооруканасына медсестра болуп,айлыгы да,түшкө кирбегендей болуп,кубанычында чек жок болчу.

Мажүрүм талдай салаалап,өсүп келе жаткан Жийденин кыздарынын башы оор,Чырактын мыйзамы менен жашашып,бейчеки эшикке чыгышпайт,Жийде да убагы менен акча салып,өзүнүн гана кыздары эмес бир тууганынын балдарын да,жыргатып,ичкен жегенинен кем кылбай,Чырак кемпир,мурдагысындай жанданып баш көтөрүп калды.

-Чаламандын чак түшүндө,Асема кайда кетти деген Чырак кемпирге:-Таякем тамдын башына алып чыгып кетти деген сиңдисинин сөзүнөн улам:-Ботом,тамдын башында ал экөөнүн эмнеси бар,тур чыкчы деген Чырак кемпир алда бир балээни сезгендей,эшикке атып чыгып:-Ой,Болгонбай ботом ал жакта эмнең бар деп,кыйкырды эле:-Мен жыргап жатыптырмынбы,кернейлерди карап жатам,Асема кармап берип жатат деди,там үстүндөгү кичине тешиктен,дардайып.-Түшүр кызды,балдарды карматпайсыңбы деген кемпирдин калчылдап турга-

нын көргөн Болгонбай:-Эй,эмне турасың,энең чакырып жатат,түш демиш болду да:-Тайэнеңе айтчу болсоң,мындан жаман кылам деп,

Асеманын жаңы түйүлүп келе жаткан эмчегинен кармап,жамбаш-

ка чаап койду.Кемпир кетпей карап тургандыктан,бийик,эскилигинен кычырап,үн салган шатыдан араң

түшүп келе жаткан Асеманын ич кийиминин жок экенин көргөн,Чы-

рактын дени өлүп эле калды.Мур-

дун шор тарткан Асеманы,үйгө алып кирди да,суракка ала баштады.Ал Болгонбай гана эмес,Канат да,тамдын башына чыгарып алышып,денесинин болгон жеринен кармап,жан жерлерин карматып,жан жерине

тийгизип,коюушаарлыгын айтып:-Тайэне,апамды чакырыңыз,

Талант болбосо,сиңдимди да,алып

чыгышмак,мен жанымды кыйып койгондон корккон жерим жок,биз

деп,темселеп иштеп жүргөн мамам

ды гана аяймын,деп ботодой боздоду.Жүзү кара Болгонбай,үйгө

кайрылып кирбеди.

Эртеси Чырак кемпир,Жийдеге телефон чалып,келип кетүүсүн өтүндү.Жийдени чогуу иштегендери гана эмес,бейтаптар да урматта-

шып,бир жарым жылдын ичинде,

мыкты абройго ээ болуп,ичпей жебей чогулткан акчасы да,бир топ

болуп калган.Ал иштегени дээрлик

дем алыш күндү унуткан,бирөөнү

алмаштырыш керек болсо,бирөө-

нүн жумушу чыкса,сөзсүз Жийдеге

кайрылышаар эле.

 

«Апам жөн чакырбайт эле,эки жылга чукулдап калды,бир көйгөйүн билдирбеди.Барып келейин,балким келгенге мүмкүнчүлүк да болбос,мыкты уулунан өлүп айрылды,бир акмагы сексенге чыккан кемпирге жүк,талаалап жүргөнүмдө,бир нерсе болсо, өмүр бою өзүмдү кечире албай өтөм,эртең менен башкы дарыгерге сүйлөшөйүн деген ой менен,таң атканча кирпик

какпады.Эртеси башкы дарыгер-

дин эшигин какты эле:-Женя,сен үчүн эшигим ачык деп,күлө багып

кабыл алган,жашы жетимиш аралаган Валентина Трофимовнага

Жийде болгон жан дүйнөсүн,ачып төктү.Валентина өтө мыкты жетек-

чи да,мыкты адам дагы,Жийденин

сөзүн бөлбөй укту да:-Сен жумушта

официалдуу иштейсиң,отпуска алгын да бар,калганын көзүң менен көргөндөн кийин чечесиң,

деп,маселени тез эле чечип койду

да,наркоман кызымдын эки кызын окутам,кандай оор деп жашып,орус

тарда «проблема» жок деген Жийденин оозу ачылды.Бир жума-

нын ичинде,учуп келген Жийде,аэропорттон түз эле,автовокзалга келип,биринчи эле көргөнү,бир тууганы Болгонбай

болду.Улам бир маршруткага барып,айдоочулардан акча сураган

өңдүү,баягы эле энеси тигип берген узун тери,жеңил чыптамасы,кийген

свитри курсагын жаппай,курсагы бөлтөйүп,көрүнүп жүрөт.Жийде ка-

шына барды эле,ал «селт» этип,чоо

чуп кетти.Бир тутам акча карматты,

Жийде,үстү-башыңды оңдоп,үйгө барып калгын деди.Жийде таксиге

отураары менен,жол жээгиндеги ашканалардын бирине кирди да,

ысык тамакка буйрутма берип,жаңы эле алган «Беленькая-

нын» оозун ачып,стакансыз эле эки

уурттады.

Жийдеге такси таш бакадай келе

жаткандай туюлуп,чоң жолдон бурулганда эле,чарпаяда сүйөнүп

олтурган энесин,дандырга нан жаап жаткан эки кызын көрүп,жыргай түштү.Жийденин күтпөгөндөй тез келиши баарын сүйүнтүп,кубанычтары коюндарынан кончторуна төгүлүп,

бир ажайып күн болду.Бир гана сүткө оозу күйгөн тайгандай болгон Канат гана үйгө жолой албай жүрдү.Эртең менен неберелери тегиз мектепке кеткен,Чырак кемпир дагы Жийдени уктасын деп аяп,самоорун арчанын отуна эки ирет боргулдата,эшикте жүрдү.

 

Айылда жашоо керемет деген Жийде,кыздарыңыз сабакка кетиштиби деп,сүлгүсүн колуна алды да,аркырап ээ жаа бербей аккан Мерендин суусун беттеп,чуркап кетти.Туулган жер,өсүп өнгөн айылың,балалыгыңдын таттуу мүнөттөрү калган жер.Ал жүзүн муздак сууга чайкап,таштан ташка секирип,өзү дайым келип кыялдан

чу,бир саат,эки саат олтура берчү

көкмөк ташы да,анын келгенине сү

йүнгөндөй,болгону кичине чөккөн-

дөй сезилди Жийдеге.Ал жеңил кө-

төрүлүп,үйдү көздөй жөнөдү,апасы

тээ бала кезиндегидей секичеде кү-

түп турганын көрүп,»чыбыгыңыз ка-

на» деп,күлдү да,апасын кучактады

Экөө таңкы чайды бирге ичишип,

сөздүн төркүнүн эмнеден баштаа-

рын билбей,аярлаша да,аялдаша да,турушуп,сөздү Чырак кемпир баштады:-Келгениң жакшы болбодубу балам,сени көрбөй өлүп

каламбы деп ойлоно берип,күнүм

карыды.Сени неге чакырттым,кыз-

дарың чоңойду,көзгө илинип,сугу

түшпөгөн киши жок,баспа дегеним

менен эшик,эликке кантип чыкпайт

мектепке кантип барбайт,жөжө кай

таргандай,кайтарып жатам деп,ой-

лосом,өзөктөн чыккан өрт болуп,өз

бир тууганыңдын чечекейи агып,

кол салып жатса,кимден эмнени кү

төсүң.Эки кызды эки жагыма алып

жатып,жаныма аш бычакты коюп,

ким болсо да,кыздарга жакындаса

жарып коёмун деп,таң атырдым.Ку

дайыма шүгүр,келдиң,кыздарыңды

кайра кетем десең ала кет,мен эл-

дин ичинде эмесминби,көмүп кою-

шаар.Жок кетпейм десең,болгон

малды сат,жүзү кара Болгонбайга,энелерин чакыртып,Канат менен Талантка да,бөлүп берейин,бир жерден там

ал,жаныңа барып,караан болоюн,

эчки эмес,андан берирээк эле жаш

калды окшойт деген Чырактын сө-

зүн бөлбөй,толук уккан Жийде:-Кет

пейм,апа.Мен деле,жер сүзгөн трак

тордой болуп,бир топ акча таап кой

дум,этаждан алалыбы же,жер там

алалыбы деген Жийде,райборбор-

дон алайын апа,бул жактан алсам,

жакшы там алам,шаардан алсам,

сополураагы келет деди эле:-Сопол

болсо да,шаардан ал,кыздарың эмеле мектепти бүтөт,шаардан окуйм дешет,квартиралатасыңбы,

үй алсаң шаардан ал,албасаң атаң-

дын үйүндө жашай бер,Болгонбай

адам болбой калды,сөөгү талаада калбаса экен деп,эмшеңдеди.

(Уландысы бар.)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️