КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ (2-бөлүм.)

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ Кызыктуу окуялар.

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ  (2-бөлүм.)

Таңкы азан башталганда,Назар-

дын килейген кара ити улуп баштап

ал чоочуп ойгонду.Таң сүрүлө,азан

айткан баланын үнү аалам беши-

гин терметкендей,таза коңгуроонун

кагышындай,уйкуда жаткан айыл-

ды аралап,кайдадыр сиңип кетип,

иттин улуганы басылбай:-Кара ба-

шыңа көрүнгүр,азан токтосо да,му-

нун басылбай жатканын деп,шаш-

канынан бир багалегине эки бутун

тыга,шымын араң кийген Назар

эшикке атып чыкты.Ээсин көргөн

Желкара ага эркелеп,басып келди

да,куйругун түйө,сызып кетти.»Өх»

деди,Назар.Таңкы абанын тазасын

айт,кичине кыйшая турайын деп,

үйгө кирип,аз жерден,жалаяктай

жайылган төшөктүн аягында жат-

кан Эргазыны тебелеп кете ташта-

ды.Бала бүрүшүп,тоголонуп жат-

кан экен:-Атаңа гана наалат,деген

Назар,аны акырын колуна алды

эле,тултуюп толгон памперстен,

аккан сийдиги жуурканга тамчы-

лап,баланы кайда жаткыраарын

билбей күймөлүп,аны ошол

боюнча өз ордуна жаткырды да,

памперсин чечип ыргытып:-Эй,Бе-

гим,карачы мобул баланы,бага ал-

багандан кийин,эмне алып кала-

сың,акчасын алсаң балээдей ала-

сың,карасаң боло,тоңуп калыптыр,

чакырт Жайнаны,сен муну мерт кы-

ласың деп,бакылдады.Жылуу тө-

шөктөн башын араң чыгарган Бегим,оозун аңырдай ачып,анын

сөзүн укмак түгүл,кымтына оодары

лып кетти.Жылуу төшөккө кирип мемиреген Эргазыны караган На-

зардын сай-сөөгү сыздап,бир боору

Жайнаны ойлоп,баланы карап,ичи

ачышып,эңкейип,баланы чекеси-

нен өөп,жанына кыйшайып,көзү илинип кетти.

-Эшшек,өлүкканаңды гана көрөйүн,жижиң болуп калган го,

чоң кишидей сийет,жер жуткур.Эм-

неге памперсин чечесиң я,бооруң

ооруса,сен бак,ырысы жоктун ык-

туусун деп,силкинген Бегим,Эргазы

ны,мыртыйган семиз алаканы менен көчүккө чапканда,уйкудан

чочуган бала,чучуктай чыңырып,па

ластын үстүнө,шалак дей түштү.

Эбиреп,тебиреп халатын кийип,сак-

сайган чачын бурап түйүп жаткан

Бегимди тоголото койгон Назар,

баланы жерден алып,бооруна кыс-

ты.

-Иий,арам өлгүрлөр,сен мени

чапкандай болуп калдыңбы я,би-

рөөнүн арамы үчүн мен токмок

жеймби я?

 

Ызаланган Бегим күнөөсүн сезди,болбосо эзели он беш жыл

чогуу жашап,кол көтөрмөк түгүл,»энеңди» деп айтпаган эринин,абдан ачуусу келгенин сезип,астараак тыбырап,эбиреп:-Эмне

Жайнага мен милдеттүү белем,»бирөөнүн милдетин алганча,илдетин ал» дейт.Бир тууганчылык үчүн,багайын дедим,болбосо анын теринин ашаткысындай,арзыбаган теңгеси кимге кызык.Бооруң ооруса,бооруңа

кысып олтуруп тур,мен райондун борборуна барып,энеси салган тыйынды алып,памперс алып келейин

деп кийине баштады.Назар Бегимди

коёрун коюп алып,эми башталат деп турган эле,окуянын ооп кеткенине ичинен

сүйүнүп:-Барсаң,бар деди,оозун кыбырата.Бегим кетээри менен,Эргазынын көтөнүн ак самындап жууп,кечки жылытмага тойгузуп,топойтуп кийгизип,чекесинен сылап,жалгыз оюнчугу болгон төрт дөңгөлөгү жок «Зил»машинесин колуна карматып,олтургузуп койду.Бала

жылуу мээримди сездиби,үн чыгарбады.Тек гана терезени тиктеп,

жалгыз оюнчугун колуна кармап,нес болуп олтурду:-Эргазы,Эку дегенде,жалт карап,эки ийинин көтөрө кетенчиктеп,бурчту көздөй жөнөдү.Назардын эбедени эзилип,эт жүрөгү созулду:-Атаганат,кымындай баласы минтип жатат,муну ойлогон Жайнанын абалы астын-үстүн эле болуп жаткандыр деп,сыздап турду.Жай басып келип,баланы бооруна кысып,шуу-шуу жыттады,көкүрөгүнө башын жөлөгөн баланын көзүнөн мөлтүрөп аккан жашты көрүп,баланын баладай болуп,үн чыгарбай ыйлап жатканына ары таң кала,ары өзүнүн да муун-жүүнү бошоп кетти.Аттиң,жашоо баланы энеден ажыратпасын,наристе кезинде эле куу турмуштун чеңгелинин уусу өткөнүн кара,силердин көчөдө да майрам болоор,энеңдин аманчылыгын,ден соолугун тилейли деген Назар тегеренип,тегеренип кетти.Бала үнсүз ыйлап,ого бетер сай сөөгүн сыздатты.

-Апоо,апоо деп,уктоочу бөлмөсүнөн эркелей,турсий майкечен чыккан кенже уулу Кенжебекке:-Апаң жок,кийинип келип,бети-колуңду жуугун деп,өктөм сүйлөдү Назар.

-Ата,апам кайда кетти деген кызы Айбийке чыкты,уктоочу бөлмөсүнөн.-Апаңар жок,кийинип,

тамагыңарды ичип,баланы карагын деди Назар.

 

Бегимдин чечекейи чеч,чаар баштыкка сылай каалаганын алып,маңдай тери менен тапкан маянасын коротконсуп,маңкайып таксиден түшүп,келээри менен уул кызына алып келген белектерин берип,жалдырап бурчта отурган Эргазыны карап:-Энең эмкиде көп акча салса,сага да алып берем,ансыз да бир таңгак памперсиң беш жүз сом болуп кетиптир,качан сийгенди үйрөнөсүң деп,томпок печеньеден күчүккө нан ыргыткансып,бирди ыргытып койду.

Бала жаңы гана алып оозуна салаарда:-Ай,Айбийке тиги шумурайга памперс кийгиз,»көтү жаман кара кыз көлдүн баарын булгады» болобуз.Таң атканча жижиң болуп,төшөктүн шайын кетирди деп бакырды.Энесин уккан Айбийке аны жаткырып,памперс кийгизип жатып,печеньесин алып койду.Бала талашпады,ыйлаган да жок,памперс кийген соң да карабады,такай отурчу бурчуна барып олтурду:-Кедейген каракчы,ошол бурч сеники,отургун деп,жылмайып:-‘Тим

эле көз карашы шумдук мунун,карасаң

бөлтүрүктөй болуп отурганын,ит кутурса ээсине тап,жерден боорун көтөрсө,мунуң бизге кол салгандан кайра тартпайт.Атасы арам желмогуз,көз карашын кара,энеси менин ашыма кеткенсип отурганын,ал печеньени деп,кыйкырды.Бала баарын түшүнөт,тили деле бар,бир гана корккону Бегим,анын үнүн укканда,

көзү алаңдап,бурчуна барат:-Оо,желмогуз десе,мусаапыр

боло калганын,тескерисинче мындайлар жерден боорун көтөрсө,төбөңө төрт өрүм ойнотот.Кичикийинен кыйды өсүп,чоңойгондо чокуга койчу ушулар да,деги энеден баланы бөлө көрбө кудайым,деген Бегим,чечингени ичке үйгө кирди да:-Кудайым өзүң жар болуп,балдарымды бирөөнүн көзүн карата көрбө деп,өз ишинен өөн тапса да,кылганын туура эмес деп. өзүнө өзү айта албады.Аңгыча телефону шыңгырап,Жайна экен.

Дароо алды да:-Жайнаке кандай,бүгүн акчага бара албадым,эртең алып,уулуңду ашка

тойго ээрчитчүдөй кылып коём,баары сонун,уулуңдан кам санабай дүкүлдөп иштей бер,пул эле салып турсаң болду деп,ыкшыктап турду.-Жеңе,караанын эле көрсөтүп

койчу,уулумдун.Абдан сагындым деп,кардыккан үнүн жашыра албады.

 

Куйту Бегим Эргазынын бетин

жууп,жалгыз таза күрмөсүн кийги-

зип,Жайнага телефон чалды.-Эрга-

зы уулум,Жайна жалынып жатты,

Эргазы ыйлабады,Жайнаны тиктеп

тура берди:-Болду,уулуңа жел тий-

гизбей багып жатабыз ботом,эсине

келип,ыйласа ээ жай бербейт,эс ал

дыңбы деген Бегим,телефонду өчү-

рүп «өх» деди:-Экзамен берчүдөй бо

луп,тердеп кетпедимби,сагындым

деп,тим эле деп,сүйлөнүп алды.

Баласын көзү менен көрүп,жыр

гап калды,Жайна.

-Жайнаш,чагымда уулуң менен

сүйлөшкөн окшойсуң,көздөрүң ай-

тып турат.Мен да кызым менен сүй

лөштүм,жүр,эшикке чыгып эркин

сүйлөшүп келели.Баса,Алмамбет-

тин жердеши,Химкиде курулушта

иштеп жатып,чатырдан кулап,каза

болуп калыптыр,сөөгүн алып кет-

кенге,200 миң керек экен,кыргыз-

дар чогултуп жатыптыр,эсеп корун

жибериптир,беш жүздөн берелиби

же миңден берелиби деди.-Иий,

аман эсен кетсек экен,миңден са-

лалы байкушка,экөө көчөдөгү тер-

миналдан,өмүрү таанып билбеген

бир кыргыздын сөөгү мекенине жетсин деп,акча которушуп да,кейип да жатышты.-Назира эже,

Асанбектин аялы,баласы менен

келет экен,биз жаткан жакты бошо-

туп берели,эртең жумуштан кийин

келип деген Жайна,бизди көрүп жа-

лаң жаш келиндер менен жашайт

экенсиң деп,»пилить» этет,болуш ке-

рек деп,кимдир бирөөнүн келе элек

үй-бүлөсү үчүн кам көрүп жатышты

Күздүн муздак шамалы ичир-

кентип,экөө басып жүрүшүп,бири

уулунун,бири кызынын кылык-жо-

руктарын айтышып,сүттөп чай иче-

ли ээ деп,батирин көздөй жөнөштү.

Тротуарды шыпырып жаткан,

элүүдөн ашкан кыргыз аялды көр-

гөн экөө:-Иий,биз дагы кейип коё-

буз,бул байкуш эжекени карачы,

балдары үчүн жүрөт да,амансызбы

деп,учурашып өтүштү.Шыпыргы-

сын колтугуна такап,экөөнү жылуу

жүзү менен караган улгайган аял,

экөөнү муңайып,узата кала берди.

Колуна картөшкө салган баш-

тык көтөргөн Асанбек менен үйдүн

алдынан жолугушушуп:-Бүгүн бизге

картөшкө кууруп бересизби дешип,

тамашалашышып,аялыңыз келсе,

«кухнянын корольдугунан» бошой-

суз,мага ушул кыздар тамак жасап

берчү деп,бир ай дежур кылыңыз

дешип,күнүмдүк түйшүктөн бир аз

кутула,күлүшүп,киришти батирге.

 

Эшиктен кирген үчөөнү үйгө кирээри менен,»сүйүнчү» деп,жүзү жаркыган Сейдекүл тосуп алды,»болсун,болсун» дешкен үчөө,бут чечпей күтүп калышты эле,»кассага,официалдуу түрдө жумушка орноштум,эми айлыгым кырк миң,баарына жетет,атамдын дарысын үзгүлтүксүз алып берем»деп сүйүнгөн Сейдекүлдү бетинен өпкөн үчөө өздөрү жумушка орношкондой,сүйүнүштү.

-Кыздар,ким эмне деп айтканын ким билсин,жеңеңерге мени үйлөнүп,бирөө менен жашап жүрөт дешиптир,кызганычтан бала менен келген жатат,тим койдум,өз көзү менен көрүп кетсин,бир ай чыдаар,силер да чыдап койгула,мен силерге көнүп алдым,анын үстүнө жумушума да жакын.Макул болсоңор башка квартира издебей эле,силер менен жашап турайын.Чык жашай албайбыз десеңер,анда издештирейин деген Алтынбек,ыймандай сырын төктү.»Каякка барат элеңиз,жашай бериңиз»дешип,сүйүнгөн Алтынбек ашканага кирип,картөшкө аарчып кирди.

Бирге чыга элек баласы менен келген Гүлзар,бир үйдө жашаган алты бойдоктун жашоосуна адегенде абдан таң калды,бойдок келиндер,бойдок балдар,Алтынбек кимиси менен соо эмес болду экен деп,аңдып да жүрдү.Мигранттардын жашоосу вокзалдагыдай,бирок ирээттүү,бири келип жататбири кетип жатат,чоң кичинесине карабай,үй жыйнап,таштанды төгүп,ар кимиси тамагын ичип,жыйнап кетип,бири бири менен иштери деле жок.Күйөөсү үй

бетин көрбөй,эрте кетип, кеч келип,айтор жай жашоодо көнгөн Гүлзар,кызык эле болду.Москва десе эле,ушундай укмуш чоң шаарда,жыргап дүкөн кыдырып,сүрөткө түшүп,жер көрүп,эл көрүп,жыргап эрим менен ээрчишип,Москвада бир татына күндөрдү өткөрөм деген неме,эртеден кечке орустун кутудагыдай үйүндө бук болуп кетти.Чарчаган немелер,келээри менен тамагын ичет да,суй жыгылышат.Эс алган күндөрү кир жуумай,үй тазаламай,азык-түлүккө арзан базарга бармай,айтор бир эс алып,жай олтургандарын көрбөдү.Уулун эркелеткенге чамасы жок,баарынан кызыгы,үйүндө аялынын бар экенин билсе да,өз кийимин өзү жууп,жайып койгонун көргөн Гүлзар абдан уялды.»Ашка жүк,башка жүк болбой»кетейин деп ойлоду.

(Уландысы бар.)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️