ИСЛАМ ДИНИ КАЧАН ПАЙДА БОЛГОНУН ЖАНА КАНТИП ТАРАГАНЫН БИЛБЕГЕНДЕРГЕ САБАК:
— Ислам (покорность” по арабски) VII-кылымда, тактап айтканда 1400 жыл мурда пайда болгон.
— Ислам дининде пайгамбар деп таанылган Мухаммад ибн Абдуллох—(570-632)- Мекке-курайшы) исламды өзүнүн бир канча таламдаштары менен 609-610-жылдардан баштап 360 куурчакка-идолго сыйынган арабдарды Иллахка (Аллах) баш ийдирип, динге айландырууну баштаган.
— 622-жылы куугунтуктан Меккеден Мединага көчүүгө (арабча хижра) мажбур болгон. Мединанын элин исламга киргизген.
— 630-жылы жазда Меккеге келип, каршылыксыз шаарды алган.
— Мухаммеден кийин Абу Бакр (кайнатасы) халиф (632-634) башка араб элдерин баш ийдирген.
— Халиф Умар (634-644) 638-жылы Дамаск, 640-жылы Куддус (Иерусалим) Палестина, Сирияны баш ийдирип, күчтүү мамлекетке айландырууга куч жумшаган.
—637-жылы Месапоматия менен Иранга жүрүштөр башталган, Сасанийлер мамлекети Ктесифонго кирген, 644-645-жылдары Индиянын чек арасына жакындаган.
—640-жылы Арменияны баскан. 639-жылы Мисирге чабуул коюп, 647-жылы Африка тараптагы Тунисти алган.
— 7-кылымдын аягында 8-кылымдын башында зорастризм дининдеги Иранды басып алышып, исламга кан төгүү менен зордоп киргизишкен.
— Халиф Осмон (644-656) менен Али (656-661) Кавказ менен Орто Азияга жүрүш жасаган. Грузия, Азербайжан, Хорасан жерлери арабдардын кол астына өткөрүп Амударыяга барган.
—14 кылымда Кавказдагы кабардиндер, балкарлар, 19-кылымда чечендер, ингуштар кирген.
—8 кылымдын башынан ортосуна чейинки убакта Орто Азияга кирип, Моваренахр—дарыя ортосундагы жерлерди толугу менен басып алышкан. Басып алган жерлерде күч колдонуу, миссионердик ыкма, салык саясаты ишке кирген. Басып алган жердин маданиятын, салтын талкалашкан. Биринчи иретте жазууну билген адамдарды өлтүрүшүп, жазгандарын өрттөшкөн.
— Ислам дини 9-10 кк. Татарстанда, 10-12-кк. Башкырстанда таркатылган.
— Казакстан менен Кыргызстанга исламдын киргизилиши 19-кылымга таандык.
— Эгерде Мухаммеддин тушунда ислам динине Араб жарым аралындагы арабдар гана кирсе азыркы учурда дүйнө жүзүндө жашаган 408 этнолингивистикалык топ (М: Түркий, фарсий ж.б.) кирет.
— Азыр дүйнөдө 7млрддай адам жашаса анын 1млрдга жакыны ислам динин тутунат.
—Мусулман уммасынын мүчөлөрү болгон 41 өлкөдө ислам мамлекеттик дин болуп эсептелип, 19дан ашуун көз карандысыз араб мамлекеттери ислам дүйнөсүнүн кыймылдаткыч күчү болуп эсептелет.
— Арабдардын жалпы саны 160 млн адам
— Ислам дүйно жүзүнө баскынчылык жана миссионердик жол менен тарап, азыркы учурда Перс булуңунан Түндүк Африка аркылуу батышка барып, Аталантика океанына чейинки 5 миң км. жеткен кеңири аймакты ичине камтыйт.
— Тынчтык (миссионердик) жол менен Африкадагы Сахара өлкөлөрүнө, Индонезияга, Индокитайга, Филипинге, Кытайга, Россияга караштуу бир топ элдерге, Татарияга, Башкирияга тараган.
—Ислам баскынчылары басып алган жерлериндеги элдердин каада-салты, үрп-адаты менен тартынбай азыктанган, т.а. алар менен айкеш-шайкеш жашап, өмүрүн узарткан, исламдагы баалулуктарды тараткан, жакшылыкка үндөгөн, тарбиялаган. Эгерде ошол учурда азыркыдай басмырлап, таңуулай баштаса анда мынча көп элге тарамак эмес.
— VII-кылымда ислам сүннөтүндө кыймылдар, багыттар пайда болуп бөлүнүп-жарылуу башталган. Ошентип исламда сүнөттөр жана шиитер деп аталган эки топ ошон кундөн азыркыга чейин тил табыша албай келет. Бул бөлүнүп-жарылуу Иран, Ирак аркылуу өтуп, Кавказ элдеринде, Авганистанда, Дагестандагы (лезгин) Газда, Индияда. Тажикстанда (Горный Бадахшан)
— Сүнөттөр Борбордук Азияда, Индияда, мурдагы Осмон империясы басып алган жерлерде бар. (Оттоманской империи).

















































