Алланын зикиринен эч кандай кайдыгер болбогон да пенделер бар.

https://kyrgyzcha.site/?p=102567&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Алланын зикиринен эч кандай кайдыгер болбогон да пенделер бар.

Шибли (рахматуллохи алайхи) мындай дейт♥

«Бир жерден балдар таш менен ургулап жатышкан бир акылынан адашкан адамды көрдүм. Мен балдарды коркутуп, аларды токтоттум.

Алар болсо:

«Бул адам мен Алланы көрүп турам деп айтып жатат»,-дешти.

Мен ага жакын барганда, ал бир нерсени кобурап айтып жатыптыр.

Мен ага кунт коюп кулак төшөсөм, ал:

«Сен бул балдарды мага үстөмдүк кылып, жакшы кылыптырсың»,-деп жаткан экен.

Ошондо мен:

«Бул балдар сага бир доомат кылып жатышат»,-дедим.

Ал:

«Эмне деп жатышат?»-деп сурады.

«Алар, сен Алланы көрүп жатам деп айтканыңды айтышты»,-дедим.

Муну угуп ал бир кыйкырды да, мындай деди»

«Эй Шибли! Анын сүйүүсү мени акылдан адаштырган Затка касам ичем, Ал мени Ага жакын болууда жана алыс болууда адаштырды.

Эгерде менде Аллага болгон толук ишеним (башкача айтканда, Ал менин жанымда деген сезим) бир аз эле убакыт жок болуп калса, анда мен ал ишенимден ажырагандыктан бир нече бөлүккө бөлүнүп кетем»,-деп айтты

خَیَا لُكَ فِیْ عَیْنِیْ وَ ذِکْرُكَ فِیْ فَمِیْ

وَ مَثْوَاكَ فِیْ قَلْبِیْ فَأَیْنَ تَغِیْبُ

Көз алдымда дайым Сенин элесиң, тилимде болсо дайым Сенин зикириң

Жүрөгүмдө болсо Сенин ишенимиң, Жашынууга эми кайда барасың….деп:

СОҢ ТӨМӨНКҮ ЫРЛАРДЫ ОКУДУ ДА, менден качып кетти.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️