Бактылуулукка жетүүдө  илимдин мааниси

https://kyrgyzcha.site/?p=102377&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Бактылуулукка жетүүдө  илимдин мааниси🌙🌹

Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхис салаам сахих хадисте мындай деп айткан🌹

«Илимди талап кылуу ар бир мусулманга парз» (Ибн Маажах). Мунун себеби илим инсанды туура жолго баштайт. Илим аркылуу инсан Жараткан Аллага таат ибадат кылып, натыйжада бул дүйнөнүн да акыреттин да бактылуулугуна жетет.

Акыйкатка жетүү бир гана илим менен болот. Алла Таала мындай деген🌹

«فَاعْلَمْ أَنَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ»

Мааниси🌹

«Жалгыз Алла гана бар экендигин билгин…аят»  (Мухаммад :19) . Ошондой эле Алла Тааладан коркуу сезимине да илим менен жетүүгө болот. Алла Таала мындай дейт🌹

«إِنَّمَا يَخْشَى اللَّهَ مِنْ عِبَادِهِ الْعُلَمَاء»

Мааниси🌹

«Алладан пенделеринин арасынан аалым-билимдүүлөр гана коркот.» (Фатир сүрөсү: 28.)

Чындыгында, Алла Таала илимдүүлөр менен илимсиздердин айырмалуулугун баяндап, мындай деген🌹

«قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الَّذِينَ يَعْلَمُونَ وَالَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ»

Мааниси🌹

«Айткын , билгендер менен билбегендер тең болушабы?!» (Зумар сүрөсү : 9 )

Алла Таала илимдүүлөрдүн даражасын жогору кылгандыгын ырастап,  мындай деген🌹

«يَرْفَعِ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَالَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ دَرَجَاتٍ»

Мааниси🌹

«Алла силерден ыйман келтирип, илим берилгендерди даражаларга көтөрөт.» (Мужадала :11).

Ислам дини билимсиздерге шылтоо кылууга жол бербестен , билбегендерин илимдүүлөрдөн суроого буюрган. Алла Таала Куранда мындай дейт🌹

«فَاسْأَلُواْ أَهْلَ الذِّكْرِ إِن كُنتُمْ لاَ تَعْلَمُونَ»

Мааниси🌹

« Эгер билбеген болбосоңор зикр ээлеринен сурагыла» Нахл: 43 аят.

Аалымдардын айтуусу боюнча үйрөнүүгө  милдетүү болгон илим эки түрдүү болот. Биринчиси — ар бир киши  сурап же таалим алып үйрөнүүсү зарыл болгон илим. Муну «айн» деп аташат🌹

Ал эми экинчисин  жалпы адамдардын арасынан кээ бирлери үйрөнүп билсе , калгандарынын моюндарынан түшөт.(кутулат) Муну- «кифая» деп аташат🌹

Ар бир киши билүүсү зарыл болгон илимге (айн) мисалы♥ Алла Тааланы таануу, Анын тыйган иштерин жана арам кылган нерселерин , ошондой эле ыймандуу пенделерине эмнелерди жана күнөөкөр пенделерине эмнелерди даярдап койгондугун таанып билүү сыяктуу. Ошондой эле булардын соңунан келүүчү ибадаттын бардык түрлөрүн (намаз, даарат, зекет, орозо жана ажылык ж.б.) өзүнө камтыйт.  Ал эми «кифая» илимине адамдардын өз ара мамилелери кирет. Мисалы: өкүм жүргүзүү, дарыгерлик, өнөрчүлүк, соода кылуу, дыйканчылык ж.б.у.с. Коомчулуктун ичинен мындай илимдерди билген инсандар болуусу зарыл. Эгер андай болбосо, анда коомчулук жалпылай күнөөлүү болушат. Себеби мусулмандар мына ушундайча, акыреттин да, бул дүйнөнүн да илимин бирге алуу менен эки дүйнөнүн бактысына жетет.

Мындан тышкары Алла Таала илимге багыт алышкан пенделерине акыреттен мурда бул дүйнөдө да сыйлык, бактылуулук, бейпилдик жана ырайымдуулукту тартуулайт. Пайгамбарыбыз өзүнүн хадисинде мындай деген🌹

«Кайсы бир коом Алланы эстеп отурушкан болушса , аларды периштелер курчап алат, (Алланын) ырайымы ороп алат, аларга бейпилдик түшөт жана Алла Таала аларды өз алдындагы заттарга (периштелерге) айтып берет.» (Сахих Муслим.) Ушул себептүү эл оозунда «Илим Алланын нурунан болгон бир нур, ал эми наадандык шайтандын караңгылыгынан болгон бир караңгылык.» — деген сөз ооздон оозго айтылып келет.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️