Даарат учурунда тыюу салынган нерселер

WUDU_ABDEST_TAHARA Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Даарат учурунда тыюу салынган нерселер

Даарат алып жатканда тыюу салынган он эки нерсе бар. Буларды кылуу харам же макрух. Алар төмөнкү нерселер↓

1- Дааратканада, талаада заара ушатып жатканда кыбылага кароо же аркасын багыттоо.

2- Аврат жерин жуу үчүн башка бирөөнүн жанында аврат жерин ачуу харам.

3- Оң кол менен аврат жерин жуубоо керек.

4- Суу жок жерде азык зат, тезек, сөөк, мал жеми, көмүр же башка бирөөнүн оокаты, чопо, керамика бөлүгү, камыш жана жалбырак, кездеме, кагаз менен аврат жерди тазалоо макрух.

5- Даарат алган идишке түкүрбөө жана чимкирбөө керек.

6- Даарат учурунда жууган мүчөсүн талапталган чектен ашык же кем, үчтөн аз же көп жуубоо керек.

7- Даарат мүчөсүн аврат жерин кургатканда колдонулган чүпүрөк менен кургатпоо.

8- Бетти жууп жатканда сууну жүзгө урбастан, маңдайдын үстүнөн ылдый көздөй жүгүртүү керек.

9- Сууну үйлөбөө.

10- Оозду жана көздөрдү бекем жумбоо. Эриндин көрүнүп турган бөлүгүндө жана сурмасында нымдалбаган кичине жер калса даарат кабыл болбойт.

11- Оң кол менен чимкирбөө керек.

12- Башты, кулакты жана желкени масх кылганда колду өзүнчө-өзүнчө суулабаш керек.

1/5 - ( 1- Баа берилди )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️