АКНИЕТТҮҮЛҮК

https://kyrgyzcha.site/?p=102563&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

АКНИЕТТҮҮЛҮК🌹♥

Келечекке, иштин ийгиликтүү болушуна жана жараян эте турган болумуштардын жакшы бүтүшүнө ниетти туура коюп, оң көз карашта болуп, жаман ойго алдырбоо динибиздин буйругу🌹

Мусулмандар бири-бирине ишенимдүү көз карашта болушса, көптөгөн ката иштерден оолак болалышат🌹

“Эй ыймандуулар! Күмөн саноонун дээрлик баарынан арылгыла🌹

Анткени жаман ойдо болуунун бир бөлүгү күнөө болуп эсептелет. Бири-бириңерди аңдыбагыла, бириңердин артынан бириңер сөз агытпагыла. Араңардан ким өлгөн биртууганынын этин жегенди жакшы көрсүн!? Силер аны жактырбайсыңар! Алладан корккула. Чындыгында Алла -тооболорду кабыл Кылуучу жана Боорукер!” (Хужурат, 12).

“Жаман ойдон оолак болгула. Анткени шек саноо сөздөрдүн жалганы. Башкалардын сөзүн тыңдабагыла, айыптарын чукубагыла, бириңерге-бириңер көкүрөк керип мактанбагыла, бириңерден-бириңер кызганбагыла, кек сактабагыла, жүз үйрүбөгүлө. Эй, Алланын пенделери! Кудай Өзү буйругандай биртууган болгула🌹!…” (Муслим, Бирр, 28-34).

“Бирөөнүн кемчилигин айткысы келгендер мага келбесин! Мен алдыңарга таза жүрөк менен чыккым келет🌹” (Абу Давуд, Адаб, 28/4860).

Айлана-чөйрөгө жана чөйрөлөштөргө жакшы ой бапестөө адамзаадага оор келбейт, керисинче, аны түмөн түйшүктөн куткарат. Азирети Алинин минтип айтканы бар🌹

“Алланын пенделерине оюң түз болсун! Көп машакаттан кутуласың!”

Мусулман пенде көзү өткөн маркумдар тууралуу да жакшы ойдо болуп, жакшы эскерүүлөр менен эскерип, кечирилишине ичтен ынанышы кажет. Жаман ойго мээ чарчатуунун эч кимге пайдасы жок.

Башта айтып кеткендей, адамдар жана окуялар тууралуу (ар учурда калыс таразалоо шарты менен) ар дайым ойду түз тутуу абзел. Бир маселенин аныгы белгисиз болгон чакта деле мусулмандар бири-бирине ниетти түздөп, жакшы ойдо болгону дурус. Анткени эч бир себепсиз же далилсиз эле жаман ой бапестегенибиз үчүн суракка тартыларыбыз анык. Ошол эле майда жаңылыштык кетирип жаткан болсок деле жакшы ойдо болгондугубуз үчүн жоопкерчилик тартпайбыз. Тек гана акниет, жакшы ойго кабылып жаңылганыбыз эле болбосо, башка кыпындай да зыяны жок.

🌹Изгилик элестери

🌹Абдулла бин Амрдын (Алла ага ыраазы болсун) айтуусуна караганда 🌹Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам)♥ тооп кылып жатып Каабага карай буларды айткан экен🌹

“Кандай гана тазасың, жыпар жытың аңкыган! Кандай гана улуусуң, баркың бийик! Мухаммаддын напсин кармап турган Улук Кудайга ант этип туруп айтамын, бир момун пенденин Алла даргөйүндөгү баркы, сенин баркыңдан дагы да жогору. Момун пенденин мүлкүнүн да, канынын да баркы жогору. Биз момундар тууралуу тек гана жакшы ойдобуз” (Ибн-и Маажа, Фитан, 2).

Хадистин мазмунунда айдан ачык айтылгандай, момун мусулмандарга карата жакшы ойдо болуу Исламдын маанилүү негиздеринен.

♥•••••••Ифк-жалган жалаа окуясы жараян этет. Жубайы Абу Аюб аль-Ансариге суроо салат:

-Эл Айша жөнүндө эмне деп жатканын уктуңбу?

Абу Аюб:

-Ооба! Уктум. Анын баары жалган! Сен ошондой жаман ишке барат белең?

Аялы:

-Жок! Валлахи, мен мындай ишке бармак эмесмин!

-Андай болсо, ант болсун, Айша сенден да кайырлуу! (Ибни Хишам, III, 347; Вакиди, II, 434).

♥•••••••Экижүздүү мунафыктардын чагымчылыгынан улам жүз берген Ифк окуясынын оорлугунан кыйлага дейре азап чеккен Алла Элчиси(саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн жубайлары Зайнап бинти Жахш жана Азирети Айшанын кызматкери Барира менен кеңешет. Кеп үстүндө алардын Азирети Айша энеге болгон көзкараштарын сурайт. Акыйкат динге сугарылып чындыктан башканы оозанбаган кутман энелер жакшы ойдо экендиктерин айтып, бул иштин жалаа экендигине ишенишерин билдиришет. Азирети Айша бул окуя тууралуу буларды маалымдаган:

-Бул окуя жүз бергенден кийин сарсанаага баткан Алла Элчиси(саллаллаху алейхи васаллам) окуянын чоожайын иликтегиси келип Зайнаптын мага болгон көзкарашын сураптыр. Ал:

-Пайгамбарым! Укпаган нерседен кулагымды, көрбөгөн нерседен көзүмдү ар дайым сактап келем. Мен Айша тууралуу жакшылыктан башка эч нерсе билбеймин! дептир жарыктык🌹

🌹♥Зайнап Алла Элчисинин жубайларынын арасынан айрым артыкчылыктары себептүү мени менен атаандаша ала турган зайып эле. (Мүмкүнчүлүк босогодо турганда мени каралап Алла Элчисине дагы да жакын болууну оюна алса, аны эч ким кой демек эмес). Алла Таала аны чынчылдыгы жана диндарлыгы себептүү чагымчылардын катарына кошулуп кетүүдөн сактаптыр (Бухари, Шахадат, 15,30; Муслим, Тооба, 56).

🌹Дили ак эне көрсөтүп кеткен акниеттүүлүктүн, калыстыктын ажайып айкын мисалы… Көптөгөн пенделер опоңой тайып кете турган чакта Зайнап эне жакшы ойдун өңүрүнө башкалкалаптыр. Болбосо, көп өтпөй Жараткан Алла окуянын анык жүзүн ачып, арам ой чагымчыларга катуу азап жетерин кыйыткан. Бирок билдирүүнүн аягында Кудай Тааланын ырайымдуулугу, кечирими болбогондо, баары башын муштаган бойдон анык азапты тартышаары маалымдалган. Куранда бул эскертүүнүн бир канча жерде кайталанып айтылышы арам ойдун өтө чеки жорук экендигин далилдөөгө жетиштүү болсо керек.

«Эгер аны укканыңарда момун эркек менен момун аялдар ак дилден жакшылыкты гана ойлоп: “Бул анык жалаа” деген болсо (өздөрүнө жакшы болор эле)” (Нур, 12).

«Эгер силерге бул дүйнө менен акыретте Алланын жакшылыгы, ырайымдуулугу болбогондо, албетте, жалган жалаа жапканыңардын айынан зор азапка дуушар болмоксуңар” (Нур, 14).

🌹♥Сыркоолоп төшөк тартып калган Абу Дужананы мусулмандарды бири ал-абалын сураганга кирет. Кутман сахабанын ажайып балбылдаган нур жүзүн көргөн пенде мунун себебин сурады:

-Менин эки амалым бар:

1. Мени кызыктырбаган маселе тууралуу үн катпайм.

2. Момун мусумандарга ар дайым дилим ак, көңүлүм түз, жакшы ойдон башка эч нерсем жок деген экен, кайран сахаба (Ибн-и Саад, III, 557).

🌹♥Адампенденин көөдөнүндөгү арам ой, кекчилдик жана кызганчаактык сыяктуу нары жексур, нары балекеттүү сыпаттарды Азирети Мавлана береги мисал менен түшүндүрөт:

Бир падыша эки кул сатып алат. Алардын акыл-парасатын, дээрин текшерип көрүү үчүн оболу бирөөн чакырып кепке тартат. Биринчи чакырылган кул падышанын суроолоруна илгиртпей жооп тапкандыгы, жоопторунун ынанымдуу жана акылга шайкештиги менен абдан зирек, нары кыраакы экендигин көрсөтөт. Биринчи кул ойлонбостон туруп ушунчалык керемет сөздөрдү сүйлөдү дейсиң, өмүр бою тарбия көргөн адам да анчалык көркөм, анчалык сөзмөр болалбайт деген ойго келет. Аны уккан адам: Бах, чиркин жарыктыктын ичи чалкыган деңиз, деңиз болсо ажайып көркөм, ажайып чечен сүйлөгөн акакка толо экен –деп шилекей чуурутмак. Тактап айтканда, кулдун ар бир сөзүндө керемет маани-маңыз, нуска даанышмандык, аалымдык бардай туюлду.

Падышанын алдына экинчи кул чакырылды. Экинчисинин оозунан сасык жыт буркурайт, жуулбаган тиштерин кир каптап калыптыр. Жүзүнө бир караган адам, жийиркенгендиктен көзүн ала качууга аракет кылчудай түрү суук, жүдөңкү адам эле.

Сырткы көрүнүшүнө тон бычкан падыша экинчи кулду анчейин деле жактырган жок. Ошентсе да, мунун акыл-эсин, дээрин текшерип көргүсү келип, биринчи сыналган кулду мончого жиберди.

Абалы жүдөңкү кулга:

-Баамымда сен береги куйтуга караганда мыкты адам көрүнөсүң. Аныгында жүз кулга теңегис жакшы жагың бар. Тиги досуң сени оозго алгыс оор сөздөр менен шыбады, сенде андай акмакчылык деле байкалбайт. Кызганчаак кул сени жамандап бизден сууткусу келгенин ачык байкатып койду.

Ачыгын айта турган болсом сени ууру, жалганчы, ичи тар, ахлаксыз, куйту жана башка айыптар менен күнөөлөдү деп көз кыйыгынан карап койду.

Падышанын жанатан берки аракетинин акыбети мындайча кайтты:

-Падышам! Ал ар убак туура сүйлөгөн жан. Ага тең келе турган акыйкат сөздүү адамды жолуктура элекмин. Эмне айтпасын туура дей албай койбойсуң…

Падышам, ал чын эле мен өзүмдөн байкай албаган айрым кемчилик жактарымды көргөндүр… деди кул жайдары гана.

-Сени баш көтөргүс кылып жамандады дебедимди. Анын кандай жаман жактары бар айт, угалы. Сен анын жаман жүрүм-турумун, адеп-ахлагынын начарлыгын айтуу менен менин досум, өлкөмдөгү ишенимдүү өкүлүм экениңди жана мени сүйөрүңдү тастыктаган болосуң!

-Ал менин жакын досум болгонуна карабай мейли шагыңызды сындырбай, айтса айтып берейин.

Кемчилиги; сүйүү, оопалуулук, түздүк, зиректик жана достук. Эң начар тарабы берешендик жана колунда жокторго болгон камкордугу.

Досумдун дагы бир өксүгү-такай өзүн сурактаганы. Кандай гана кемчилик болбосун анын себебин эң оболу өзүнөн издейт.

Бардык адамдарга көзкарашы түз. Бардыгы менен достошкусу келет.

-Досуңду чектен ашырып көп мактай бербе. Кокус аны сынап калсам, уят болуп каласың.

-Падышам! Мен досум жөнүндө тек билгендеримди гана айттым деди кул. Падыша анын чыга беришине уруксат берет да, мончодон чыккан кулга куттук айтат.

-Жеңилдешиң менен! Сага ар дайым амандык тилейм! Сен кандай гана мыкты, кандай гана көсөмсүң! Атаганат тиги кул айткандай жагымсыз мүнөзүң, жаман жактарың болбогондо, жакшы эле адам чыкмак экен сенден! Каап ойдогудай болбой калбадыңбы?

Ачууга буулуккан кул:

-Падышам! Ал динсиз мен тууралуу эмнелерди айтып келжиреди. Айтып бере аласыңбы?

-Оболу экижүздүүлүгүңдү айтты. Анын көзкарашында, сен дабаа сыяктуу көрүнгөнүң менен аныгында оор илдет экенсиң деп балп эттирди.

Досунун жаман жоругун уккан кулдун өңү чүпүрөктөй кубарып алдастай түштү да, буларды айтты:

-Биринчи таанышканыбыздан тарта мени менен дос эле. Ач калган иттей болуп бок жеген! деп дагы көптөгөн жалааларды жаадыра баштады эле падыша: «Токтот!» дегендей ишаара менен кулдун оозун жап кылды.

-Мен экөөңөрдү тең сынап көрдүм. Сенин дилиң сасыптыр, оорусу себептүү анын тек гана оозу сасыптыр. Көөдөнү былгыган былык, мага жакын жолобо! Мындан ары ал башчы болот, сен кызматкер болосуң! Андан адамгерчиликти, туура сүйлөп, түз жүрүүнү үйрөн! Анын изгилигинен ибарат ал! Арам ойдон жана кызганычтан арыл. Сен бул жаман жоругуң менен белине таш байлаган байкушсуң, муну менен сүзүүгө да, учууга да мүмкүн эмес! деди падыша🌹

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️