КУРАН ОКУУ АДЕБИ

https://kyrgyzcha.site/?p=102313&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

КУРАН ОКУУ АДЕБИ📖🌹

🌹 Даараты бар болсо да атайылап Куран окуу үчүн жаңыдан даарат алуу мустахаб♥

⬇ Жунуб жана этек кирлүү абалда кыраат кылып окуу харам. Мындай адамдар Куранга колун тийгизбестен карап окуса, же ички ой-кыялында окуса дурус. Оозун жакшы тазалабай жыттанып калган абалда кыраат кылуу макрух⬇

🌹 Куран окуунун алдында тазалык жана урмат-сый үчүн мисвак колдонуу сүннөт♥

🌹 Таза орунда Куран окулуусу мустахаб. Куран окуу үчүн эң абзел жай — мечиттер болуп саналат♥

🌹 Кыбылага беттенип Куран окуу жакшы♥

🌹 Алла Таала айтат🌹

«Куран окууга киришкен кезиңерде, кубаланган шайтандан Алла Таалага сыйынгыла». (Нахл сүрөсү, 98-аят). Ошондуктан Куран окуй баштаганда: «Ауузу» айтылат. Бул жарыя айтылганы жакшы. Окуп жаткан адам көпчүлүккө туш келсе салам берүүсү дурус да, саламдан соң келген жеринен улап окуй берет, «Ауузу»ну кайталап айтуусу керек эмес, бирок айтса боло берет. Бирөөлөр менен сүйлөшүү үчүн кыратты үзгүлтүккө учуратуу — макрух.

🌹 «Тооба» сүрөсүнөн башка ар бир сүрөнүн башында «Бисмиллах»айтылат♥

🌹   Окулуп жаткан Куран аяттарын ыкылас менен бериле угуу, түшүнө алса мазмунуна ой жүгүртүү зарыл. Алла Таала жөн жерден айтып турган жок: «Алар Куранды барктап ойлонбойбу? Же жүрөктөрү кулпулуубу?» (Мухаммад сүрөсү, 24-аят).

🌹 Куранды терең ой-санаа менен, кайгы ичинде окуу, окуп жатып жаш төгүү же ыйламсыроо да мустахаб. Себеби, терең ой-санаадан ый туулат♥

🌹 Көркөмдүү үн менен, дааналап, сөздөрүн так жана анык чыгарып окуу талап кылынат. (Караңыз: Муззаммил сүрөсү, 4-аят).

🌹 Куран окуганда шашмалыктан сактануу керек.

🌹 «Тартил» менен кыраат кылуу, башкача айтканда, Куран окуунун тажвид эрежелерин сактоо сүннөт♥

🌹 Куранды мүмкүн болушунча көркөм, жагымдуу үн менен кыраат кылып окуу сүннөт.

🌹 Ыңгайсыздар бар жерде купуя үн менен, андай болбосо жарыя кыраат кылып окуу абзел.

🌹 Курандын беттеринен окуу, жаттаганы боюнча окуудан абзел. Арабча билсин же билбесин, башка тилдер менен кыраат кылуу дурус эмес.

🌹 Куран окуунун эрежесинде кеңири колдонулбаган айрым кыраат эрежеси боюнча окуу жакшы эмес деп айтылган. Бирок негизинен намаздын сыртында андай кыраат менен окуу дурус.

🌹 Сүрөлөрдү Курандагы ирет тартиби боюнча окуу абзел♥

🌹 Бир сүрөнү аягынан башын көздөй окуу жалпысынан харам болуп саналат.

🌹 Ар бир сүрөдөн бирден аят окуп аттап кете берүү дурус эмес.

🌹 Куран окулуп жаткан учурда үндөбөстөн, керексиз жумуштар менен алектенбестен, кулак төшөп угуу сүннөт♥

🌹 Сажда аяты окулганда тилават саждасын аткаруу керек.

Куран аяттарын кыраат кылуунун эң жакшы жана сооптуу учурлары🌹♥

1. Намазда🌹

2. Түн ичинде🌹

3. Түндүн экинчи жарымында🌹

4. Шам, Куптан аралыгы🌹

5. Таң саарларда🌹

Кантсе да кыраат үчүн макрух убакыттар жок⬇⬆⬆⬆

🌹 Хатым окулган күнү орозо кармоо сүннөт. Хатым бүткөн соң дуба кылуу мустахаб.

🌹 Хатым бүтөрдө «Духа» сүрөсүнөн «Наас» сүрөсүнө чейин ар бир сүрөнүн акырында такбир айтылат.

🌹 Хатым бүткөндө «Фатиха» жана «Бакара» сүрөсүнүн алгачкы беш аятын окуп өтүү сүннөт.

🌹 Куран окулуп жаткан учурда тасбих аяттары өткөн кезде, окуп жаткан адам «Субханаллах», «Аллоху Акбар» дейт.

🌹 Дуба, кечирим тилөө (истигфар) аяттары өтсө Алла Тааладан жакшылык тилейт♥

Азап аяттары өтсө, мындан Алла Таалага сыйынат🌙

Буларды тил менен айтса да же жүрөгүнөн өткөрүп ичинде айтса да болот.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️