Шапаат

https://kyrgyzcha.site/?p=102560&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Шапаат🌹♥

🌴🌹Махшар күнүндө шапааттын боло тургандыгы чындык.

Тообо кылбай кайтыш болгон мусулмандардын чоң-кичине күнөөлөрүнүн кечирилүүсү үчүн пайгамбарлар, олуялар, такыбаалуу кишилер, периштелер, Курани карим, Аллаху Таала тарабындан уруксат берилген башка кулдары да шапаат кылышат жана шапааттары кабыл кылынат♥

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи вассаллам) бир хадисинде🌹

«Үммөтүмдүн ичинен чоң күнөө кылгандарга шапаат кыламын”, -деп айткан. Беш түрдүү шапаат бар🌹

Биринчиси🌹 Кыямат күнү махшарда адамдын көптүгүнөн, көп күтүүдөн чарчаган күнөөлүлөр ызы-чуу салышып, тезирээк эсептин башталуусун каалашат. Эсептин тезирээк башталуусу үчүн шапаат кылынат♥

Экинчиси🌹 Сурактын, эсепке тартуунун оңой жана тез болуусу үчүн шапаат кылынат♥

Үчүнчүсү🌹Күнөөсү бар мусулмандардын Сыраттан Тозокко кулабоосу, Жаханнам азабынан коргонуулары үчүн шапаат кылынат♥

Төртүнчүсү🌹Күнөөсү көп мусулмандардын Жаханнамдан чыгарылуулары үчүн шапаат кылынат♥

Бешинчиси🌹Бейиште🌴чексиз ниматтар берилип, түбөлүк кала турган жер болсо да, ал жердеги лаззаттар бөлөк-бөлөк сегиз даражада болот. Ар бир кишинин даражасы, орду, ыйманы жана амалдарынын санына байланыштуу болот. Бейиштегилердин даражаларынын көтөрүлүүсү үчүн дагы шапаат кылынат🌹♥

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️