Хатим (рахматуллохи алайхи) айтты

Хатим (рахматуллохи алайхи) айтты Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Ъисам (рахматуллохи алайхи) Хатим Захид Альбалхи (рахматуллохи алайхи)ден намазды кандайча окугандыгын сурады.

Хатим (рахматуллохи алайхи) айтты♥

«Намаздын уагы келгенде, биринчи шашпастан жакшылап даарат алам, андан кийин НАМАЗ окуй турган жерге барам♥

Качан НАМАЗГА турганымда КАЪБА алдымда🌹бутум кыл көпүрөнүн үстүндө🌹оң жагымда БЕЙИШ🌴🌹сол жагымда тозок⬇жан алгыч периште үстүмдө⬆бул менин акыркы намазым🌹♥мындан кийин башка намаз окуганга мүмкүнчүлүгүм болбойт жана жүрөгүмдүн абалын اللّٰه🌹Алла Таала гана билет деген абалда турам♥

Соң алсыз, корккон түрдө🌙«Аллаху Акбар» — деймин да Курандын маанилерине ой жүгүртүп окуп баштайм, анан алсыз түрдө руку кылам, ошондой эле алсыз болуп сажда кылам, ошентип шашылбай НАМАЗДЫ бүтүрөм да, Алла Тааладан кабыл кылуусун үмүт кылам🌹ошону менен катар кабыл болбой калуусунан да корком. Ъисам (рахматуллохи алайхи) сурады:

«Ушинтип канча убактан бери окуйсуз?»

Ал:

«Отуз жылдан бери», — деди.

Ъисам (рахматуллохи алайхи) ыйлап жиберди да айтты:

«Мага бир жолу да минтип намаз окуганга мүмкүнчулүк болбоду».

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️