Таяммумдун фарзы үч деген аалымдар да бар, ошондо бардыгы отуз үч фарз болот.
Ыймандын шарттары (6)
1. Аллаху Тааланын бар жана бир экенине ишенүү.
2. Аллаху Тпаланын периштелерине ишенүү.
3. Аллаху Таала жиберген китептерге ишенүү.
4. Аллаху Тааланын пайгамбарларына ишенүү.
5. Акырет күнүнө ишенүү.
6. Тагдырга, б.а., жамандык жана жакшылыктын Аллаху Тааладан экендигине ишенүү.
🌙★Исламдын шарттары (5)
7. Келиме-и шахадат келтирүү.
8. Күн сайын беш жолу маалы киргенде намаз окуу.
9. Мал-мүлкүнүн зекетин берүү.
10. Рамазан айында күн сайын орозо кармоо.
11. Колунда бар, күчү жеткен адамдын өмүрүндө бир жолу ажыга баруусу.
🌙★Намаздын фарздары (12)
♥А. Намаздын жети тышкы фарзы бар. Булар шарттары да деп аталат.
12. Хадастан тахарат (тазалануу) .
13. Нажестен тахарат (тазалануу).
14. Сатр-и аврат (Аврат жерлерди жабуу).
15. Истикбал-и Кыбла (Кыбыланы кароо).
16. Убакыт.
17. Ниет.
18. Ифтитах же тахрима такбири.
♥Б. Намаздын беш ички фарзы бар. Алар рукун деп аталат.
19. Кыйам.
20. Кыраат.
21. Руку.
22. Сажда.
23. Када-и ахира (соңку отуруу).
🌙★Даараттын фарздары (4)
24. Даарат алып жатканда бетти жуу.
25. Колдорду чыканак менен бирге жуу.
26. Баштын төрттөн бирине масх тартуу.
27. Бутту кызыл ашыктары менен бирге жуу.
🌙★Гусулдун фарздары (3)
28. Оозду жуу. (мазмаза)
29. Мурунду жуу. (истиншак)
30. Денени толугу менен жуу.
🌙★Таяммумдун фарздары (3)
31. Жунуптуктан же дааратсыздыктан тазалануу үчүн ниет кылуу.
32. Эки колду таза топуракка уруп, бетке масх тартуу.
33. Эки колду таза топуракка уруп, сол кол менен оң колду, оң кол менен сол колду чыканактан алаканга чейин сылоо.

















































