Пример HTML-страницы

Асилбек 20 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

…. Асилбек… 20-бөлүм.

Асилбек ошол күнү чогулушка бармак. Башкаларга окшобой Асилбек өзүнүн мерс 500 унаасын өзү эле айдап жүрөт болчу. Самарадан кабар алганы барып, чогулушка кечигип жаткан. Кийимин которуп алууга батирине кирип кеткен. Ошол убакта бир аял келип, машинанын бир зымын кесип, анан бомба коюп койду. Асилбек он мүнөттө эле чыга калды. Машинасын жүргүзүп, чоң ылдамдыкта баратты эле, бир жерден токтоюн десе тормозу иштебей калыптыр. Эптеп жол таап шаардан чыгып кетти. Бак-дарака жакындап калганда, эшигин ачып секирип жиберди. Машина барып, бакты сүзүп, жарылып кетти. Ушул жыйырма мүнөт ичинде Асилбектин көзүнө эмнелер гана көрүнбөдү. Жандай көргөн жары Самара, үч баласы ойноп-күлүп жаткандары көз алдына келип туруп алды. Ыйлап жиберди. Өлүп калат экенине эмес, балдарынын өзүнө окшоп атасыз, кор болуп чоңойооруна. Ошол жерге машина чакырып, үйдөн кийим алдырып, эчнерсе болбогондой чогулушка кечигип кирип барды. Нурбек Асилбекти келбейт!-деп олтурган. Асилбек кирип келгенде көзү чыгып кете жаздады. Ошончо адамдын арасында жалгыз Нурбектин тыбырчылап, жүзү өзгөргөнүн көрүп ошол экенин билип калды. Эми Асилбек катуу согуш баштады, бул согуштан өзү жок болот же Нурбекти жок кылат. Асилбек баштаган согушта эчкачан тең болуп калышы мүмкүн эмес. Баштаган ишин аягына чыгып көнгөн, ак менен караны өз ордуна коюп көнгөн.

 

—Ээх, эмнеге ушундай экен э? Ушундай арам ой паракорлор жок болсо экен. Бирөө эми иштейм!-деп чыкса эле өлтүрүп тынышат. Сен азыр жаңы адамсың, баары сени аңдып турушат. Кичине эле туура эмес иш кылсаң жок кылышат. Түрмөгө жалган жалаа менен тыкса жакшы, кээ бири өлтүрүп салышы дагы мүмкүн. Ошол үчүн азыр анчалык адыраңдабай эле турчу.

—Ээ байке мен бул кызматка келгенимдин биринчи себеби, агамды коргош керек болуп жатат. Экинчиден болсо өзүмдүн дагы эсептешчү ишим бар. Нурбек мага кол салды, машинамдын тормозу иштебей калыптыр, бомба дагы коюптур. Чогулуш болгон жерге кирип кетсем баардыгы жарылып кетмек, шаар ичинде жарылса далай адам жабыр тартмак. Нурбек Кайыпов менен тең тайлашыш үчүн бир даражада болуш керек экен. Үчүнчү максатым элиме жардамымды тийгизүү. Жанымды аябайм мекен үчүн. Мен Кыргызмын, Кыргыз экениме сыймыктанам. Бир карын майды бир томук чиритип жатпайбы бул жерде.

—Асилбек сен али эчнерсени түшүнгөн жок турбайсыңбы. Бул жерде «балык башанан сасыйт» болуп жатат. Бул нерсе менен күрөшүүгө эчкимдин күчү жетпейт, жеткен дагы эмес. Убара болбо.

—Адашасыз, эсиңерден чыгарбагыла. Эл силерге эмес, силер элге иштейсиңер. Бул нерсе менен күрөшүүгө менин күчүм жетпесе, сенин, анын күчү жетпесе элдики жетет. Эл кимдин ким экенин билет. Ошондо чыккынчылардын тээрисин тескери сыйрып, туз себет.

—Азыр эл дагы бузулган. Жарымы калыстык үчүн күрөшүп жүрсө, жарымы тоноп-талоо менен жүрбөйбү. Анан кантип оңолобуз.

—Сиз мен жакты жактасаңыз эле эртеби-кечпи биз жеңип чыгабыз.

Нурбектин жанында эле жүргөн досу Асилбек тарап болуп кетти. Ачык эле Нурбеке чабуул койо баштады. Нурбек мындайды жөн койбойт эле. Ар бир эле адамдын шкафында скелети бар эмеспи, Нурбек дагы досуна компрамант топтоп, сотко өткөрүп жиберем!-деп коркутту. «Кыңыр иш кырк жылда билинет»-деген чын окшойт. Жаш кезинде жегендеринин баарын чукуп чыгыптыр. Айла жок Асилбекти ара жолдо таштап кетти. Асилбектин артында бир дагы кыңыр иш болбогондуктан, жер чукуп дагы эчнерсе таба алышкан жок. Айла жок кесиптештеринин көзүнчө жалган жалаа жабуу, Асилбекти көчөдөгү артистке теңеп басынтуу менен болуп калды. Бул убакта Асилбек Нурбектин бекиткен сандыктарын издеп, чукуп жүрдү. Асилбек жалаң кесиптештерин чукуп жүрүп, жарытып деле иш кылган жок. Бирок, ошол паракорлорду тазаласа, Кыргызстанга кылган эң жакшы иши болбойт беле. Он беш жылдан бери олтура берип, жамбашы ушул креслого цементтелип калгандар мындайды көтөрө албай калышты. Асилбекти ары жагынан бирөө, бери жагынан бирөө кысып жатып кыйнап салышты. Акыры барып Нурбеке темир торго жолдомо алып берди. Нурбектин артынан үч-төрт адам кетти. Кызматтан кеткендер канча болду. Көп адамдын жүрөгүн алып, коркунучтуу түштөрүнө кирчү болду. Бирок, белинен баткан баткактан баардыгын тазалай алган жок. Нурбек түрмөгө кеткен соң Асилбек дагы өз каалосу менен, тынч жашоону каалап, мандатын тапшырып берди. Кайра мурунку жумушуна кирип алды. Мандаттан кеткени менен баарыбир элди тоногондорду соттоп жүрдү. Бул дагы мекенге салым кошуп жатканы.

 

Самараны жаңы салган үйүнө көчүрүп келди. Самара кыз төрөдү. Эки кыз эки баланы тарбиялап, бактылуу өмүр сүрүп жатышты.

Азаматка болсо жаңы алган аялы уул төрөп берди. Аида балдары менен жарышып дагы бир кыз төрөдү.

 

Асилбектин тайкеси Эрнис болсо жакшы күн көргөн жок. Бир жолу ууру кылганда Асилбек сактап калган баласы, кийин дагы уурулук менен кармалып камалып кетти. Мунусунда Эрнис жазасын алсын дедиби же чыгарып алууга күчү жетпедиби унчукпай калып кетти.

 

Уланбек болсо өз катасын сезди окшойт, Самара кыз төрөгөндө жылкы ээнчиледи. Уланбектин баласы болсо оңолуп, уурулукту таштап, шаарга окууга тапшырды. Самаранын апасы Нагима кызынын бактысына жетине албай сүйүнөт. Самаранын атасы болсо дайым мактанып алат.

—Мен жакшы адамды дароо көрүп эле билем. Күйөө балама баары каршы болгондо, жалгыз мен берем дегем!-деп.

 

Асилбек эки баласын мусулман кылды, жаңы төрөлгөн кызына жээнтекти кошуп, чакан той өткөрдү. Тойго эң жакын адамдары гана келди. Асилбектин ата-журту дегенде Жуман, Аида, Азамат аялы менен чыгып каало-тилек айтып турушту. Тойду болсо Жуман ачып берди.

 

—Мен ушул Асилбек баламдын атасынын инисимин. Азамат менен Асилбекти өз балдарымдай тарбиялоого болгон күчүмдү салдым. Экөөнө бирдей эле тарбия бердик бирок, Асилбек өзгөчө бала болуп чыкты. Азамат акылдуу, тың бала, бирок көп жерден жеке башын ойлоп кетет.

Асилбек болсо биринчи орунда үй-бүлөсүн ойлойт. Андан кийин ар бир патриот сыяктуу эле мекенин ойлойт. Баардыгыңар угуп жүргөндөй эле Асилбек балам мамлекетке канча салым кошту. Өз жанын аяп жашынган жок. Бул балам баатыр. Чындыкты көп адам биле бербейт, бүгүн мен бар чындыкты айткым келет. Чындыкты айтып кээ бир адамдын күнөөсүн силердин алдыңарда жоготсом дейм.

Мына бул жерде Уланбек жердешим, кудам олтурат. Сенин жүрөгүңдү эзген чындыкты угуп алчы.

Тээ бир жылдары мен Москвага окуумду улантууга кеткем. Кетип жатып бир кызга убадамды берип, убадасын алып кеткен элем. Ошондо ал кыз мени жөнөткүсү келген эмес. Мен болбой агам үйлөнсүн!-деп басып кеткенмин. Ушул эки баланын атасы менин агам Өмүр деген болоор эле. Уланбек куда жакшы тааныйт. Өмүр агам менин сүйгөн кызымды, ушул эки баланын апасын кордоп коюптур. Эл кеңешип эки жашты үйлөндүрүп коюшуптур мен келсем. Жеңемди көрүүгө ашыгып келсем Айжамалым экен. Өзүмдү кармай албай үйдөн чыгып кетип, баарын сүрүштүрүп билип алдым. Өмүр агама Уларбек ага дагы жардамдашкан экен, Уларбек ага болсо Самара келинимдин тайкеси. Мен экөөнү алып барып кышында тоого таштап келе бергем. Айжамал аруузат эле, күйөөм!-деп Өмүр тарапты алып туруп алды. Таап келбесең өлүп берем!-деди. Айласыз барып Өмүрдү тирүү, Уларбек аганы өлүк таап келдик. Тоңуп калыптыр, эчким урбаптыр, жан бергенден кийин карышкыр кол салыптыр. Өмүр агам бизден кечирим сурап, Уларбек агамдын күнөөсүн мойнуна алып өзүн түрмөгө салып берди. Бул убакта Азамат төрөлдү. Мен баардыгына жинденип айдай болгон келинчегим Аидага үйлөнүп, Москвага кетип калдым. Көп жыл келгеним жок. Айжамалга ушунчалык ыраазымын, кийин түрмөдөн чыгып келген Өмүр агам каза болуптур. Агамды жерге өзү жалгыз бериптир. Жыл айланбай эле Асилбек балам төрөлгөн. Боюнда барда көп кыйналгангабы Асилбек жүрөк дарты менен туулду. Айжамал ошондо гана менден жардам сурады. Донор издеп таппай койдук, Айжамал өз жүрөгүн баласына берди. Жеңемди ошол эле убакта сүйгөнүмдүн жүрөгүн ушул балага ыраа көрбөй эмне гана болгон жокмун. Айла жок экен, эне жүрөгүн жеңе алганым жок. Апам көп өтпөй көз жумду, Асилбекти болсо таейнеси чоңойтуп анан мага берди. Мен экөөнү өз баламдай көрдүм. Кудайга шүгүр мыкты адам болуп чоңоюшту. Өз күчтөрү менен ушул даражага жетишти. Асилбек өзгөчө. Асилбекти өзүм дагы башкача көрөм. Анткени төшүндө мен сүйгөн жүрөк, эне жүрөгү согуп турат. Баардык жакшы сапат аял кишиде экен көрсө. Асилбекти карап олтуруп Айжамалды көргөндөй болом. Айжамалдын жүрөгү согуп жаткан болсо мен бактылуумун. Балдарым бактылуу. !-деп көзүнүн жашын сүртүп сыртка чыгып кетти. Тойго келген жүз чакты адамдын бири калбай ыйлап жатыптыр. Ошончо жылдан бери биринчи жолу Айжамалды эскерүү өттү окшойт. Асилбек дагы сыртка чыгып ыйлап алды. Жүрөгүн аста кармап » Апа мен сизди жакшы көрөм, сизге рахмат»-деди.

…АЯГЫ….

 

Бул чыгарма ойдон чыгарылган, дал келиштиктер болуп калса бул жөн гана капыстык. Жана менин үй-бүлөмө дагы эч кандай тийешеси жок.

 

Бул чыгармада мен эненин балага болгон чексиз мээримин, аялдын акылдуулугун, чыдамкайлыгын көрсөткүм келди. Эне бул жашоодон өтүп кетсе да баарыбир балдарынын жүрөгүндө периште сымал жашайт. Дайым колдоп турат.

Ошондой эле чыныгы эркектин баатырлыгын айткым келди. Шымын аласына түшүрүп кийген, кашын терип, боёп алган, коркок эркектерди чыныгы эркек болуусуна чакырып кеттим. Чыныгы патриот, чыныгы эркекти көрсөтө алдым!-деп ишенем.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE